, 24.04.09 - 10-бет:
  Улуулардын нускоосу

Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят
Өзүмдүн адабий практикама таянып, адам инсаны азыркы художниктердин чыгармачылыгынын негизги объектиси бойдон кала берерин бекемдемекмин. Ал эми инсанга кайрылып жана ал аркылуу сүрөткер бардык адамдар менен
баарлашууга умтулаары - бул башка кеп. Эгер, ал чыныгы сүрөткер экени чын болсо, өзү маданий жана этникалык жактан байланышып турган белгилүү гана регионалдык чөйрөнүн турмушуна эмес, бүткүл адамзаттын турмушуна кийлигишет. Коом турмушу - бул тарыхый, нравалык жана көркөмдүк факторлордун татаал тутумдашуусу. Ошон үчүн биздин аң-сезимдин орбитасына эмне таандык болсо, ошонун баары жөнүндө адамдарга айтуу зарыл.
ЁЁЁ
Жүрөгү, бүткүл руханы адамга жана адам даргөйүндөгү асыл ойлорго, күйүткө жана сүйүүгө толуп-ташып турганда гана художник адамзатка кызмат кыла алат. Биз бүгүн классик деп атагандар тарабынан иштелип чыккан, өздөрүндө искусствонун милдетин жана маңызын камтып турган түшүнүктөрдү өздөрүнүн чыныгы маанилерине ээ кылуу зарыл.
Бизден мурдагылар бүгүнкү адабият менен искусстводогу замандаш-калемдештерибизге караганда кыйла жигердүү жана масштабдуу ой жүгүртүшкөнүн моюнга алууга тийишпиз. Бирок моюнга алуу бизди өз милдетибизди аткаруудан кутултпайт.
Дагы кайталайм: биз өз милдетибизди өзүбүз аткарууга тийишпиз, биз үчүн эч ким жасабайт. Бүгүнкү дүйнө кайдан экендигин, биз өзүбүз кимдер экенибизди аңдап, түшүнө билүү - демек, ошол сонун дүйнөнүн байкоочулары эле болбостон, анын жаратуучулары да болуу дегендикти билдирет. Бул - демек, адам рухуна катышы бар деген эч нерсе менен салыштырылгыс сезимди өз жүрөгүнөн өткөрүү дегендик. Себеби, түзүү, жаратуу процессине өз үлүшүн кошуу - ошол процесстен өзүнүн ордун ээлөө менен барабар.
ЁЁЁ
Кандай болгондо да сүрөткер реалдуу турмушта жашайт. Биздин ар бирибиз сүрөткер катары абийирибизди канчалык таза сактай алдык, бүгүн өз мезгилибиз менен гармониядабызбы, деги ушундай гармония мүмкүнбү деп өзүбүздөн сурап, жооп берүүгө аракеттенсек - ошол эң башкысы. Кээ бир ойчулдар сүрөткер сөзсүз азапка, шорго жаралган пенде, бөтөн дүйнөнүн адамы, куугунтукта жашоого, бери болгондо асан кайгычылыкка туулган жан дүйнөсү назик, жаралуу жан дешет. Мени бул ынандырбайт. Канаты кайрылган жарадар куш бийик көкөлөп уча алабы? Искусство адамы да ушундай. Тагдыр анын башына эмнени гана салбасын, көп нерсе талант эрдигине да байланыштуу.
ЁЁЁ
Жалпы менен жекенин бүткүл жалпылык менен өзгөчөлүктүн, улуттук жана жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн, көрүнүштөрдүн өз ара байланышы академиялык зериктирме талаш-тартыштардын гана маселеси эмес. Бул маданий өнүгүү багытындагы аныктоочу чечүүчү ролду ойной турган фактор. Маданиятка анын табиятына жат функцияларды таңуулоо же адабияттан ага мүнөздүү болбогон нерселерди талап кылуу канчалык зыяндуу экени бизге өз өлкөбүздүн тажрыйбасынан белгилүү. Андыктан адабият проблемаларынын же анын функцияларынын унификацияланышы жөнүндөгү кеп-сөздөр эч бир орунсуз. Мындан тышкары адабияттын социалдык орду, кызматы да бар экени талашсыз жана маселени түшүнүү үчүн бул өтө зор мааниге ээ.
Көрүнүп тургандай эле биз биринчи орунга дүйнөнү анын ар кайсы кырынан таанып-билүүнү коюп жатабыз. Дүйнөтааным болсо улуттук өзгөчөлүк менен шартталбай койбойт, анткени тилсиз адабият жок, а тил өз кезегинде бир элди башка бардык элдерден айырмалап турган белгилерди алып жүрөт. Бирок, эгерде жалпы максат идеясы ушул өзгөчөлүк аркылуу чагылдырылса, анда биз "чоң адабият" деп атаган нерсе жаралаар эле. Мындай зор адабият элдерди бириктирүүнүн, жакындатуунун кандай алп күчүнө ээ экенин айтып отуруунун кажети жок - муну ар бирибиз өз тажрыйбабыздан билебиз. Себеби, рух эркиндигине умтулуу дайыма чоң адабияттын борбордук идеясы болуп келген жана боло бермекчи.
Биз коомдук аң-сезимдеги тарыхта болуп көрбөгөндөй глобалдуу өзгөрүүлөргө, идеологиялашкан тоталитардык структуранын ичтен жарылуусуна, Европа элдеринин жана мамлекеттеринин негизинде жалпы жыргалчылыкка жана ынтымакка жетишүүнүн өзгөчө идеологиясы жактан өтө ар түрдүү структураларга (курамдарга) өз ыктыярлары менен биригип жатканына күбө болуп, катышып жатабыз...
ЁЁЁ
Күн Чыгыш ойлому искусствону чындыкты бийик реалдуулукка, бийик гармонияга жакындатып сүрөттөөнүн, бул гармонияны өзүнөн өзү курчап турган дүйнөдөн издөөгө адамдарды шыктандыруучу курал катары түшүнөт. Кайра жаралуу доорунда Батыштын ойлому кудайды аалам тактысынан түшүрүп, анын ордуна адамды отургузган эле. Бүгүнкү күндө адам өзү татыксыз болгон ошол тактыдан шыпырылып түшүп, ыңгайсыз абалда калды. Күн Чыгыш ойлому болсо адамды бул дүйнөдө гармониялуу жашоо үчүн өз ордун табууга, анын закондоруна өзү баш ийдирүүгө тийиш болгон космостук, ааламдык жак катары көрөт.
Бизге Батыштын жана Күн Чыгыштын жалпы адамзаттык деңгээлдеги ойломдору бири-бирин кабыл алып сиңире тургандай көрүнөт. Мындай жакындоо, жуурулушуу жемиштүү болорунда шек жок. Бирок, бул келечектин иши.
ЁЁЁ
Адабият улуттук кыртышта гана өнүгүп чыга алат; анын көп маданияттуу тамырлары да болушу мүмкүн. Мындай терең тамырлуу адабият дүркүрөп өсүүнүн зор кубатына ээ болоору шексиз. Бирок, кеп бул жөнүндө эмес. Пикассор бир жолу искусстводо изденүүнүн предмети эмес, анын натыйжасы маанилүү деген экен. Адабият эч качан пландаштырылууга же программалаштырылууга тийиш эмес, болбосо ал "көркөм" формасына карабай үгүт-пропаганданын эле бир түрүнө айланат. Ошентсе да, жазуучу ал эмне үчүн жазып жатканы жөнүндөгү суроого жооп бериши керек. Албетте, буга ар кимдин өз жообу бар, бирок, көөнөргүс дөөлөттөрдү алып жүрүүчү искусство адам жан дүйнөсүндөгү дисгармонияны чагылдырып, аны дайыма гармонияга үндөй турганын дүйнөлүк адабияттын бүткүл тарыхы, тажрыйбасы тастыктап турат.
ЁЁЁ
Биз билген улуу акындардын баары ар кайсы мезгилде төрөлүп, ар кайсы өлкөдө жашап, ырларын да ар башка тилдерде жазган, коомдун ар кандай катмарынан чыккан. Бирок, аларды мезгил менен мейкиндиктин ааламында үркөр жылдыздай бир үйүргө чогултуп, бирдиктүү поэтикалык ойго бириктирип, адамзаттын көйкашка уулдары атантып турган бир жалпылык бар.




  Айгүл тоо

Аңгеме
Бирпастан кийин тоо артынан ай көрүндү. Адегенде анын нурлары кырка тоолордун жонунда жаткан ак мөңгүгө чагылышып, анан тоолордун бетиндеги кара чүмбөтүн сыйрып, аларды кашкайта көрсөтүп, улам ылдыйлай баштады. Кокусунан, Исанын маңдай жагынан алиги Айгүл тоонун караңгы сөлөкөтү чыга келди. Ой, келип калган турбаймынбы деп сүйүнүп кетти Иса.
Ал жеткенче Айгүл тоого да ай тийди. Өз учурунда келдим деди Иса. Эми ай нурунун астында Айзаданын айгүлү ачыла баштайт. А мүмкүн анын ачылып аткан учурун өз көзүм менен көрүп жүрбөйүн деп үмүттөндү. Печек гүл күндүн чыгышы менен ачылып, күндүн батышы менен кайра жашынат. Анын ачылып-жумулганын өз турмушунда далай жолу көргөн бул.
Иса тоого чыга баштады. Тоону кыроо басып калыптыр. Кыроого айдын нуру чагылышат. Кыроонун астынан муздак жердин жана жаздын нымдуу жыты келет. Жердин кыртышы жумшак көрүнөт, анын бетинде эрбейген ак чөп өсүп турат, майда-чүйдө бадалдар учурайт...
Иса тоонун так түбүнөн баштап эле жерге үңүлүп, куду козу карын издегендей, гүлдү издеп кирди. Деги ал гүл өзү кандай болду экен деген суроо туулду ушул жерде гана, биринчи жолу. Айгүлдү ал өмүрүндө көргөн эмес да... Кокусунан алдынан коён качты. Иса дирт этип чоочуп, ордунда катып калды. Коёндон корккон коркок деди
кийин эсине келгенде.
Ал тоону өрлөп отуруп, акырында бир бийик, типтик жарга туш келди. Жар - суу жеп кеткен кемер болуп чыкты. Кемердин асты жагында тептегиз ачык аянт бар. Аянттын орто ченинде боз үйдөй болгон боппоз таш турат. Таштын үстүндө түндүктөй жери как экен. Какка жамгырдын суусу толуп, айдын нуруна айдың көлдөй мелтиреп жатат. Иса бала кезинде балдар менен мал кайтарып жүрүп мындай кактардан далай жолу суу ичкенин эстеди. Азыр да ичкиси келип кетти. Ал таштын жапысы-раак жагына жабышты да, какка эңилип, жамгырдын суусун иче баштады. Суу өтө муздак экен, ал жамгыр жана таш даамданат. Кокусунан Иса суунун ичинде көлкүлдөп турган адамдын сөлөкөтүн көрүп калды. Жүрөгү шуу дей түштү. Ичкен суусу алкымына тыгылып, какап кетти. Желкемде бирөө карап турган экен деп чечти бул. Чукул бурулуп, артын карады. Артында эч ким жок. Көргөн көзүнө ишенбей кайрадан какка үңүлдү. Суудагы адам дагы эле муну карап турат. Демек, бул адам эмес, а суу астында жаткан бир нерсе деп ойлоду. Бирок, ошентип ойлогончо, тигил сөлөкөткө жан кирип: акырын ары басып кетти. Иса бакырып жибере жаздады. Жүрөгү дүкүлдөп согуп кирди. Үрөйү учкан түрдө секин төгөрөгүн карап чыкты. Тоонун ай тийген жеринде адам аттуу көрүнбөйт. Ал эми айдын нуру жетпеген ар кайсы жердеги капкара аралдар коркунучтуу сыр сактап, унчукпайт. Иса аргасыздан өзүнүн бейтааныш, ээн тоодо жалгыз турганын сезди...
"Бул ким болуп кетти? - деп сарсанаа болду ал. - Адамбы? Айбанбы? Же албарстыбы?".
Акыры суроосунан өзү уяла түштү. Албарсты жөнүндөгү аңгемелерди бала кезде укчу эле жана андан коркчу. Бирок, ушу жашка чыкканча ага али албарсты жолуккан жок. Демек, жөн эле коркконго кош көрүндү болду жанагы суудагы неме. Ушинтип көңүлүн кичине жубатып алып, кайтадан гүл издеп жөнөдү...
Ал тоону кадуулап жүрүп отурду. Бир маалда бир көлөкө жерге келип такалды. Көлөкө жер чоң үңкүрдүн оозу экен. Үңкүрдүн оозу аңырайып, а анын ичи капкараңгы болуп тунжурап турат. Иса үңкүр менен тиктешип туруп калды. Кокусунан, үңкүрдүн ичинен кыздын кыйкырыгына окшогон бир ачуу кыйкырык угулду да, ошол эле учурда ал жактан бир бейтааныш куш шуу этип учуп чыкты. Анын канатынын шамалы Исанын бетин желпип өттү. Иса үңкүрдүн оозунан кеткенче шашты. Эми ал алдынан караңгы жер көрүнсө эле андан качып өтө турган болду...
Бирпастан кийин ал тоонун тескей бетине өттү. Тескейине ай али тие элек экен. Демек, ал жакты кыдырыштын кажаты жок. Иса эми тескей менен күңгөй беттин ортосундагы жон менен жогорулап отуруп, тоонун үстүнө чыгып барды. Тоонун үстүнө ай жакшы тийип туруптур, анткени үстү түз жана жалаң экен: ар кайсы жерде адам бою келген зор-зор таштар жатат, анда-санда жапыз бадал сербеет, суук желге суйдаң чөптөр ыргалат...
Айгүл табылса, ушул жерден табылат деди Иса. Бирок, тааныбаган гүлдү табыш кыйын болуп атпайбы. Анан кала берсе, бейтааныш тоодон бейтааныш гүлдү издегендин өзү тамаша да. Деги эле, бир гүлдү көрөмүн деп атайы Фрунзеден ушул жерге чейин күндөп-түндөп жол жүрүп келип, эми минтип ээн тоонун башында жалгыз темселеп жүрүш - апендичилик эмеспи? А бул тоого барамын деп, бул гүлдү көрөмүн деп кыш ичи жазды күтүп чыкканын кантесиң мунун! Жок, бул жөнүндө бирөөгө айтсаң ишенбейт, а ишенсе күлөт...
Иса жер тиктеп жүрүп отурду. Бир оокумда ал жакын жерде аял кишинин "А-а-ай!" деген чаңырыгын укту. Угуп, өзү да кыйкырып жибере жаздады. Башын көтөрө берип, маңдайындагы чоң таштын артына бирөөнүн булт этип жашынып калганын көрүп калды. Мунун жүрөгү дагы түшмөк болду.
- Сен кимсиң?! - деп бакырды бул, коркконунан гана.
- Мен... Айзадамын, - деген үн чыкты таштын артынан. Анан таштын артынан акырын Айзаданын өзү башпакты. - А өзүңүзчү? Аскар агайсызбы? - деди ал.
Исанын жүрөгү ордуна түштү.
- Оф... - деп жиберди ал, аргасыздан. - Сен... мени аябай коркутпадыңбы.
Кыз аны тааныды окшойт, алдыга чыга келди. Ал ак жоолукчан, ак пальточон экен. Ипичке, нооча бою менен анын алдында турду. Апаппак жүзү, апаппак тиши ай нуруна чагылышып, ал ушул тапта сулуулуктун жана тазалыктын периштесиндей болуп көрүндү.
- Ой... - деди ал сүйүнүп. - Сизсизби? Атайы келдиңизби?
- Өзүң мактап коюп... - деди Иса, кызды көргөнгө жетине албай, ага эркелеп.- А мен сизди Аскар агай экен дептирмин. Аскар агай дагы жакшы көрөт бул гүлдү. Бирок, ал киши апрелдин башында гана чыгып жүрөт бул жакка. А мен дайыма ушул түнү келем...
- А эмне үчүн... дайыма ушул түнү? Бүгүн?
- Бүгүн жаңы жыл эмеспи? Новруз майрамы да? А менин тайнем бул майрамды өтө ыйык көрөт. Анан ал киши: ушул күндөрү үйүбүздө айгүл турсун дейт. Эмне үчүн экенин жакшы билбейм. Мына ошол... Мурдагылары экөөбүз келчү элек, а анын буту ооругандан бери мен өзүм эле келип жүрөм.
- Мм... Ошондой де...