, 21.04.09 - 5-бет:
  Күндарек

Чыңгыз менен Бүбүсайранын махабаты
Бүгүн борборубуздагы тарых музейинде аалам алпы Чыңгыз Айтматов менен кыргыз элинин ай жаркын бийчи кызы Бүбүсайра Бейшеналиеванын аруу махабаты жөнүндөгү "Чыңгыз менен Бүбүсайра" аттуу көркөм тасманын бет ачары болот. Сценарийдин автору жана кинонун режиссёру, театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов бул чыгарманы мындан сегиз жыл мурун пьеса катары жазып, театр сахнасына алып чыккан. Ж.Кулмамбетовдун айтымында бир нече жылдар мурун Ч.Айтматов чыгарманы кол жазма түрүндө окуп чыгып, сахнага коюуга ынанымын берген. Чыгарма бүгүн эки сааттык кино тасмага айланып, көрөрмандарын көздөй талпынып турган чагы. Айтмакчы, Чыңгыздын ролунда - Азамат Калман (жаш кези), Темирлан Сманбеков (кийинки курагы), ал эми Бүбүсайранын ролунда актриса Махабат Байгабылова. Булардан сырткары көркөм тасмага Кыргызбай Осмонов, Бактыбек Мамытов, ж.б. тартылышкан.

"Кыргызгаздан" - "Газпромго"
КРнын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамкомитетинде "Кыргызгаз" ААКнын акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү боюнча кыргыз-орус жумушчу тобунун отуруму өттү. Кызматташуунун жалпы принциптери жана негизги шарттары боюнча макулдашуунун акыркы редакциясы Премьер-министр И.Чудиновдун жана "Газпром" ААКнын башкармалыгынын төрагасы А.Миллердин бекитүүсүнө жиберилди. Эске сала кетсек, быйылкы 19-февралда И.Чудинов менен А.Миллердин жолугушуусунда "Кыргызгаздын" акцияларына "Газпромдун" ээлик этүүгө катышуусу жөнүндөгү иш-чаралардын программасы бекитилген болчу.

Жалпы республикалык тест
быйыл да уланат
Бул туурасында Билим берүү министри Абдылда Мусаев билдирди. Анын айтуусунда, азыр окуу жайга тапшыруу сыноосунун формасы, ыкмалары боюнча талаш-тартыштар көп. Учурда жалпы республикалык тестти алмаштырыш үчүн, андан да мыкты билим баалоо формасын иштеп чыгуу керек. "Азыр миңдеген жаштарды эксперименттен өткөрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан быйыл тестти калтырдык. Бүгүнкү күндө окууга тапшыруу сыноосун жакшыртуу маселеси каралып жатат. Жаңы билим баалоо системасынын механизмдерин иштеп чыгуу үчүн кеңири талкууларды жүргүзүп, салмактап көрүшүбүз керек",- дейт министр.

Өлкөнүн билим берүү тармагы иликтенүүдө
Бул күндөрү тутумуна отуздан ашык өнүккөн өлкөлөр кирген Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун миссиясы алкагында Дүйнөлүк банк Кыргызстандын билим берүү тармагынын деңгээли менен келечегин иликтеп жатат. Жогорку Кеңештин билим берүү жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча комитетинин төрагасы Иса Өмүркуловдун берген маалыматына караганда, миссия иликтөөсүнүн жыйынтыгын ушул жыл аягында жарыялап, анда жалпы билим берүүнү жакшыртуу боюнча багыттарын сунуштап, каржылык жактан көмөгүн берет. Депутаттын айтымында, Кыргызстандын билим берүү тармагындагы башкы көйгөй - тажрыйбалуу мугалимдердин жетишсиздиги жана буга маянанын аздыгы. Азыр тармакка үч жарым миң мугалим жетишпейт, ал эми иштеп жаткандардын 40 пайызы пенсионерлер.

А.Атамбаев президенттикке
ат салышат
Бириккен Элдик Кыймыл 20-апрелде маалымат жыйынын өткөрүп, анда оппозициядан президенттикке Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялады. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, БЭК мындай чечимди 15-апрелде кабыл алган. Ал чечим кечээ ачыкталды. Маалымат жыйынына Ө.Текебаев, Б.Бешимов, И. Өмүркулов жана башкалар катышты. Бирок алардын арасында "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев болгон жок.

Ирандын Кыргызстанда банк ачуу ниети бар
Мындай маалыматты Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы Азиз Алиев билдирди. Анын айтымында, азыр ирандык адистер Улуттук банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Иран тарап Кыргызстанга 100-200 миллион доллар, анын ичинде энергетика тармагына инвестиция салууга ниети бар.

Акысыз эмдөө жумалыгы
Кечээ Кыргызстанда эмдөө жана витамин берүү жумалыгы башталды. Республикалык иммуннодефицит борборунун директору Жолдош Калиловдун билдирүүсү боюнча жаңы төрөлгөн наристелерге А витамини акысыз берилет. Андан тышкары 26,36,46, 56 жаш курагындагы атуулдарга кептөөргө каршы эмдөө да акысыз жүргүзүлөт.

ЖОЖдордо Акыйкатчылар түзүлөт
Кечээ Турсунбек Акун Акыйкатчы институтунун алдындагы жаштар жана студенттер кеңеши менен кызматташуу келишимине кол койду. Акыйкатчынын билдирүүсүнө караганда анын максаты - жогорку окуу жайларда студенттик Акыйкатчыларды түзүү жана жаштардын укуктук билимин өркүндөтүү. Кол коюлган келишимдин негизинде Акыйкатчы бардык жогорку окуу жайларда студенттик Акыйкатчыны түзүүгө милдеттенет. Студенттик Акыйкатчылар буга чейин БГУда, Эл аралык университетте, Юридикалык академияда жана Ош мамлекеттик университетинде түзүлгөн.

Тамекини жарнамалоого
тыюу салынат
Ага негиз берген жобону "Реклама жөнүндөгү" жана " Кыргыз жарандарынын ден соолугун тамекинин зыянынан коргоо" жөнүндөгү мыйзамдарга киргизүүнү Өкмөт сунуштап жатат. Мындай жобо Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамеки чегүү менен күрөшүү боюнча алкактык конвенциясы жана Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыянынан коргоо боюнча 2008-2015-жылдарга эсептелген мамлекеттик программасынын талаптарына ылайык киргизилет. Аталган мыйзамдардын талабына ылайык мамлекет өз жарандарынын саламаттыгын тамекиден сактоого милдеттүү.





Аалам алкагында
Орус жарандыгына өткөн кыргыздар көбөйүүдөбү?
Мындай маалыматты Орусиянын маалымат каражаттары Миграция кызматынын жарандык алуу маселелери боюнча башкармалыгынын билдирүүсүнө таянып таратты. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жарандык алуу тартибин жеңилдеткен макулдашуу 1998-жылы кабыл алынгандан бери орус жарандыгын алган кыргыз атуулдарынын саны эки жүз миңден ашкан.Ал эми Кыргыз Өкмөтү Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын жалпы саны 350-500 миңдин тегерегинде деп келет.

Америка мамлекеттеринде да алака жакшы эмес
Эки америка материгиндеги 34 мамлекеттин жогорку деңгээлдеги жолугушуусунда жыйынтыктоочу декларацияга келгенде пикир келишпестиктер орун алып, лидерлер жыйынтыктоочу декларация боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Жыйындын соңунда АКШнын президенти Барак Обама, эгер Куба, Венесуэла жана Америка материгиндеги мамлекеттер алакаларын жакшыртууну каалашса сөздөн ишке өтүүлөрү керектигин билдирди.

Глобалдык валюталарга көзөмөлдү күчөтүү керек
Вэнь Цзябао кечээ Кытайдын Хайнань провинциясында жыл сайын өтүүчү аймактык экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө жогорудагыдай деди. Ал белгилегендей, акчасы дүйнөлүк сооданын кыймылдаткычы катары эсептелген өлкөлөрдүн экономикалык саясатына эл аралык көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Кытай премьер-министринин айтымында, бир өлкөнүн экономикалык көйгөйлөрү дүйнөлүк кризисти жаратпашы үчүн эл аралык валюталык системаны диверсификациялоо да керек.

Иранга кол салууга
бир да өлкө батынбайт
Бул тууралуу президент Махмуд Ахмадинежад кечээ Армия күнүнө арналган аскерий парадда сүйлөгөн учурунда билдирди. Ал Ирандын армиясы аймактагы стабилдүүлүктүн кепили экенин белгиледи. Жакында Израилдин азыркы премьер-министри Беньямин Нетаньяху Ирандын өзөктүк обьектилерин бомбалоого буйрук берүүсү мүмкүн деген жоромолдор айтылган эле. Израилдин президенти Шимон Перес мындай ушак -айыңдарды төгүндөп, Ирандын өзөктүк программасына байланышкан чатакты жөнгө салуунун аскерий жолу жок экендигин билдирген.

Ооган полициясынын саны көбөйөт
Ооганстандын ички иштер министри Мухаммед Ханиф Атмардын айтымында, өлкөдөгү 82 миң полициянын санын дагы 15 миңге көбөйтүү зарылчылыгы келаткан президенттик шайлоого байланыштуу болду. Анын айтымында, мындай план Ооганстандын чет элдик өнөктөштөрү жана эл аралык күчтөр менен бирге такталган. Полиция санын көбөйтүү планы АКШнын президенти Барак Обаманын талип согушчандарына каршы күрөшкөн аскерлердин санын көбөйтүү стратегиясына шайкеш келет.

Обама Буштун кыйноо ыкмаларын ачыкка чыгарды
АКШнын президенти мурдагы Буш администрациясы тушунда ЦРУ шектүү террорчуларга карата колдонгон катаал чаралардын майда-чүйдөсүнө чейин баяндаган документтерди жарыялады. Төрт меморандумда уйкудан калтыруу жана тактага байлап сууга салуу өңдөнгөн 10 ыкманын мыйзамдык негиздери келтирилген. Обама "мындай кыйноого катышы барлар сот жообуна тартылбайт, себеби алар буйрук менен иштеп, өлкөнү коргогон" деди.

Түрмөгө түшкөн кабарчыга
Иран президенти кабатыр
Иран президенти Махмуд Ахмединежаддын билдирүүсүндө, камактагы иран-америкалык журналист Роксана Сабери менен иран-канадалык Блоггер Хуссейн Деракшан өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарынан тоскоолсуз пайдалануулары керек деп айтылган. Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын айтымында, президент Ахмединежаддын мындай маанайдагы каты Тегерандагы башкы укук коргоо органдарына жиберилген. Эскерте кетсек, Роксана Сабериге 18-апрель күнү АКШга тыңчылык кылган деген айып тагылып, 8 жылга соттолгон. Ал эми Блоггер Деракшан 2008-жылдын ноябрынан бери абакта жатат. Ага коюлган айыптар дале белгисиз бойдон калууда.

АКШ дүйнөлүк арышын кеңитүү аракетинде
Кошмо Штаттары Түркмөнстан аркылуу жүк ташуу боюнча келишим түзүүгө аракеттенүүдө. Мамкатчынын жардамчысы Ричард Баучердин айтымында, ал Ооганстанга согуштук эмес керек-жаракты жеткирүүнү Ашхабатта түркмөн президенти Гурбангули Бердымухамедов менен шаршемби күнү талкуулады. Вашингтон буга чейин бул жаатта Орусия, Казакстан, Өзбекстан менен макулдашуу түзгөн.

АКШ Куба менен мамилесин жаңылайт
Кошмо Штаттар Куба менен мамилесинде "жаңы башталышты", ал эми Америка континентинин калган өлкөлөрү менен "тең укуктуу өнөктөштүктү" көздөөрүн президент Барак Обама билдирди. Ал бул тууралуу Латын Америка менен Кариб деңизинин боюндагы өлкөлөрдүн Триниадада жана Тобаго мамлекетинде өтүп жаткан саммити учурунда сүйлөгөн сөзүндө айтты. Обама белгилегендей, анын администрациясы Куба менен адам укуктары, сөз эркиндиги, демократиялык реформа өңдүү маселелер боюнча иштешүүгө даяр.