, 21.04.09 - 12-бет: Кытай алмасына ууланган таластык үй-бүлө
же эмне үчүн базардан "Баткен өрүгүн"албас болдум?..
Жакында Таласта бир үй-бүлө Кытайдан келген алмадан ууланып, ооруканага жеткирилди. Жыты буруксуган жергиликтүү алманы чанып, жалтыраган, бузулбаган алмага кызыккандарга бул чоң сабак болду.

Кытай үчүн адаттагы нерсе кыргыз үчүн өлүмбү?
Азыр Кытай ишкерлери дүйнө кезип, дээрлик бардык өлкөлөрдө ийгиликтүү иш алып барышкандан, өз өлкөсүнө миллиарддаган каражаттарды таап жөнөтүп турушкандан (кеп кезеги келгенде айта кетсек - бул жагынан кыргыз мигранттары да мактоого татырлык) тышкары, өз өлкөсүндө дээрлик кустардык шарттарда чыгарылган арзан жана рынокто жогорку суроо-талаптарга жооп берген продукциялар менен дүйнө өлкөлөрүн жабдып, мурдатан дээрлик монополист болуп келишкен адистешкен фирмаларга гана түгүл, бүтүндөй өлкөлөргө да олуттуу атаандаштык түзгөндүгүн белгилей кетели.
Мисалы, СССРдин жардамы менен модернизациялануу аркылуу жана көптөгөн адистердин пикирине ылайык, жаратылыштык-климаттык шарттары боюнча да айыл чарбасы тармагында атаандаштыкта алдырбай тургандай биздин өлкөнүн азыркы абалын алалы (минткеним - өнөр жай тармагы боюнча ооз ача албаганыбызда). Мени жана мага окшогондорду таң калтырганы - 1,3 миллиард калкы бар, айыл чарбасы үчүн жарактуу жерлеринин аянты да киши башына бөлө келгенде биздикинен аздык кылган, айыл чарбасын жүргүзүү үчүн жаратылыштык-климаттык шарттары боюнча да бизге уттурган улуу кошунабыздын азыр бизди айыл чарба продукциялары менен жабдып турганы.
Бизде азыр Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин маалыматы боюнча айыл чарбасына жарактуу жерлердин 75%зы дыйкандарга берилип, 543 миң үй-бүлө жер үлүштөрүнө ээ. Ошол эле учурда өткөн жылы аталган жер үлүштөрүнүн 9%зы иштетилбей калган (бул эми расмий статистиканын маалыматы, ал чындыкка канчалык жакын же жакын эместигин, биздин чиновниктер мындай цифраларды төмөндөтүп бере тургандыгы элге жакшы маалым). Белгилүү аграрчы Жамин Акималиев жакында гезиттердин бирине берген маегинде 1 млн. 300 миң гектар аянттан 120 миң гектары жыл сайын айдалбай калып жатканын билдирген.
Кыргызстанда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча 9388 ири жана кичи ишканалар катталган (а булардын канчасы реалдуу иштеп жатканы башка маселе).
2007-жылы республикада 6,5 миң гектар аянтка пияз эгилген.
Республикабызда 365 миңдей жылкы, 4, 5 миллиондой кой-эчки жана 1 млн. 224 миң ири мүйүздүү мал бар экен.
Муну тизмектеп айтып жатканым, мына ушундай шарттарда биз айыл чарба продукциялары менен өзүбүздү толук камсыздап гана тим болбостон, экспорттоо менен ири кирешелерди алышыбыз керек эле. Иш жүзүндө Ж.Акималиевдин маалыматы боюнча учурда рыногубузда керектелген буудайдын 40%зы, жашылча-жемиштердин да 40%зы, өсүмдүк майынын 86%зы импорттолот. Айрым эксперттердин эсептөөлөрү боюнча Кытайдан бизге жылына 3 миң тоннадан ашуун эт (негизинен чочконун жана уйдун эти) импорттолуп келет экен. Жанагы супермаркеттерибизде сатылып жаткан сырты жалтырак (товардык көрүнүшү жакшы) эттер негизинен улуу кошунабыздан ташылып келингендер.
Бул жерде так статистика болбогондуктан (анын себеби макаланы окуганда белгилүү болот) баалоолор түрүндө гана ой жүгүртүүгө туура келет. Жалпысынан Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Ван Цзяжуй өткөн жылдын сентябрь айында биздин өлкөгө иш сапары менен келгенде Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев менен жолугушууда билдиргендей, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2007-жылы 3 млрд. долларды түзгөн. Мунун ичинен басымдуу бөлүгүн, айрым эксперттик баалоолор боюнча эки жарым миллиардга чейинин эл керектөөчү товарлардын Кытайдан бизге импорттоо түзө тургандыгы да белгилүү. Анын ичинен жарымына жакыны айыл чарба продукциялары экенин да эксперттер айтып жүрүшөт. Баса, кеп кезеги келгенде айта кетерибиз, биздин тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматтары
боюнча товар жүгүртүүнүн көлөмү - 500 млн. доллар. Биздин чиновниктер мындай айырманын себебин товарларды баалоонун методологиясы менен актоого аракеттенишкендерине карабастан, мында биздеги бажы органдарындагы коррупция "өз салымын" кошуп жаткандыгы кара-
пайым адамга де белгилүү. Мына ошондуктан так эсебин алууга мүмкүн болбой турат. Бирок биз темадан четтеп кеттик.
Ошол эле Ван Цзяжуйдун маалыматы боюнча Кытайда жакыр адамдар 20 миллиондон ашуун, жыл
сайын 20 миллиондой адам ишке орноштурууга муктаж, ал эми жакындагы кризистен улам дагы 30 млн. жумушчу оруну кыскарган. Ошентсе да бир караганда бүт дүйнө жүзү биригип тойгуза албай тургандай сандагы калкы бар (дүйнө калкынын бештен бирине жакынын түзөт) Кытайдын өз калкын тойгузмак түгүл кошуна өлкөлөрдүн рыногун азык-түлүк менен толтуруп салчудай болгон биздин Кыргызстанга азык-түлүк товарларын экспорттоосу - парадокс.
Азык-түлүк товарларынын ассортиментин карап көргөн адам андан бетер таң калат. Анткени, бизде өстүрүлбөгөн жашылча-жемиштерди - банан, киви, лимон, апельсин, мандарин, ананасты мындай кой, өзүбүздүн дыйкандарыбыз кээде өстүрөрүн өстүрүп алышып, ансыз да сата алышпай жатышкан пияз, сарымсак, төө буурчак, помидор, бадыраң, сабиз, капуста, алма, абрикос, алмурут, шабдаалы, кара өрүк сыяктууларды кытай дыйкандары өздөрүнүн рыногун толтуруп, ашканын биздин рыноктордо биздин дыйкандарыбыздыкынан арзан бааларда сата башташты. Алар рыногубуздун 50%ына жакынын ээлегендиги тууралуу эксперттердин маалыматтары бар. А кайра иштетилип, ун, кант түрүндө сатылгандарын айтпай эле коёлу.
Чынында, рыноктун мыйзамына ылайык, бизде өндүрүлгөнгө окшош азык-түлүктөр Кытайдан ташылып келингендерге караганда арзаныраак болуп, атаандаштыкта утушка ээ болушу керек эле. Ырас, андай болбой жаткандан кийин анын себептери биздин тиешелүү чиновниктерибиздин "баштарын оорутууга" тийиш.
Мындан тышкары айкын болуп турган бир нерсени моюнга албай коюуга болбойт. Анткени мурдатан соода маданиятына көнбөгөн биздин кыргыздар продукция өндүрүүгө кеткен чыгымдарды мүмкүн болушунча азайтуу менен продукциянын өздүк наркын төмөндөтүп, рынокто атаандаштыкка туруштук бере алгыдай кылуунун ордуна анын баасын кымбаттатуу менен чыгашаларын жаап, үстүнөн пайда алууга аракеттенет. Натыйжада пайда да жок болуп банкрот болот да кол шилтеп коюп эң оңой оокатка - алып сатарлыкка же башка ишке, андан да жаманы уурулукка, талап-тоноочулукка өтүшөт. Ошентип жогоруда белгилегендей, элеттиктерге итабар пайда алып келе турган 120 миң гектар айдоо аянты бош калат, а жер ээлери "жебеген самсыга акча төлөгөндөй" болуп иштетилбеген аянттарга жер салыгын төлөөгө аргасыз. Ал эми кытайлар азыраак "маржа" коюу менен иштеп атаандаштыкта утушка ээ болуп жатышат. А келечекте ушинтип отуруп айыл чарба продукциялары рыногунан кыргыздарды биротоло сүрүп чыгарышы да мүмкүн. Бул эми маселенин материалдык, финансылык жагы.

Арзанына качырабыз деп, ден соолуктан айрылбасак болгону!
Өткөн жылы Кытайдан ташылып келинген, анан кандайдыр-бир сырдуу жолдор менен мамлекеттик материалдык резервдер фондуна салынган ундун арасынан чыгып калган меламин чатагы кийин унутулуп калган. Чынында ал меламин менен жана мурда Казакстандын өндүрүшүнөн чыккан ун гана салынган деп аталган фонддун жетекчилиги тастыктаганына карабастан кытай өндүрүшүнөн чыккан ундун фондуга табышмактуу түшүп калышы боюнча инциденттин аягы кандай бүткөнү коомчулукка белгисиз бойдон калды. Бирок, аны тиешелүү чиновниктердин абийирине коёлу, анын үстүнө ал ун алда качан колдонулуп кетти. Муну эске салып жаткандагы максатыбыз - маселени кайрадан ырбатуу эмес, жалпысынан улуу кошунабыздан бизге ташылып келип жаткан айыл чарба продукцияларынын кесепеттери тууралуу.
Ырас, алгач Кытай менен чегара ачылганда эл кеңири керектөөчү азыктык эмес товарлар - кийим-кече, күндөлүк кеңири керектелүүчү буюмдар биздеги союз тарагандан кийинки товардык таңкыстыкты жабууда баа жеткис роль ойногону чындык. Мына ушул кытайлык кустардык өндүрүштөн чыккан товарлар болбогондо бизде товардык таңкыстык апогейине жетмек.
Бирок, эми өзүбүз рынок шарттарында иштөө тажырыйбасын алгандан кийин мындай импортко тиешелүү структураларыбыз тарабынан көзөмөлдү күчөтүү мезгили келди деп ойлойбуз. Мындай кооптонуу үчүн себептер жетиштүү. Азык-түлүк эмес продукциялардын (кийим-кече, тиричилик техникасы, балдар оюнчуктары, айыл чарбасында жана үй тиричилигинде зыянкечтерге каршы колдонулуучу уу-химикаттар сыяктуулардын) адам ден соолугуна зыяндуулугу жөнүндө буга чейин жетиштүү эле жазылып да, айтылып да жатканы менен натыйжа чыкпай келет. Ал боюнча эл арасында айтылгандарды эске албаганда да жакындагы дагы бир факт бул өңүттө иш жайында эмес экендиги боюнча кооптондурбай койбойт.
Кошуна Казакстандын Айыл чарба министрлиги өсүмдүктөрдүн карантини боюнча инспекторлорго кытай продукцияларынын чегарадан өтүүсүндө карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүүгө көрсөтмө берген, а алынып келинген 25 тонна жемиштер кайра Кытайга кайтарылган. Анткени ал өлкөдөн импорттолгон бул жемиштерден адам саламаттыгы үчүн зыяндуу гептохлор заты табылган. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери менен күрөшүүгө арналган бул зат классификациясы боюнча коркунучтуулуктун төрт классында экинчи орунда турат. Ал туруктуу органикалык кошулма жана эң мизердүү дозада да адам организминде мутагендик таасир тийгизе алат. Ошондуктан гептахлор табылган азык-түлүктөр жок кылынууга тийиш.
А бизде азырынча ташылып келип жаткан азыктарга толук лабораториялык көзөмөл жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө айтуу кыйын.
Дагы бир кызыктуу факт. Биздин Баткен өрүгүнүн адамдын организмине пайдалуулугу жөнүндө азыр көпчүлүккө, атүгүл жергебизге туруктуу келип жүргөн чет элдик жарандарга да маалым болуп калды. Мен да базардан дайыма Баткен өрүгүн сатып алып жүрчүмүн. Жакында базарда өрүк саткан баткендик таанышым менен сүйлөшүп калганда ал биздин базарларда "Баткен өрүгү" деп сатылып жаткандар чынында Кытайдан алынып келинерин, Кыргызстанда дүңүнөн килограммы 70 сомдон сатыларын, андан кийин сатуучулар өздөрү билгендей үстүнө кошуп сата беришерин айтып берди. Мына ошондон кийин "Баткен өрүгүн" албас болдум.
Баса, буга чейин Суусамырда сатылган кымыздардын көпчүлүгү Кытайдан келген порошоктордон жасалып жатканы аныкталбады беле. Мына ошондон кийин кыргыз жергесине анын экологиялык таза азык-түлүгүнө - кыргыз кымызына, тамак-ашын, жашылча-жемишине кызыгып келип жаткан чет элдик туристтердин мындай фактылардын массалык жайылтылышынан улам мындан ары келишине ишенүү кыйын...
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"





  Шефтик жардам

ИИМдин ич жылыткан белеги
Республикабыздын милиция кызматкерлери мектеп-интернатынын жамаатын дагы бир ирет кубанычка бөлөштү. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Коомдук Кеңеши милициянын генерал-лейтенанты, министр Молдомуса Конгантиевдин тапшырмасы менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы көмөкчү мектеп-интернатында шефтик визит менен болушту.
Бул сапар адаттагыдай эле Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев демилгечиси болуп дүйнөнүн 160 өлкөсү колдоого алган калкты социалдык жактан коргоо өнөктүгүнө арналды. Президенттин тапшырмасы менен Ички иштер министрлиги республикабыздагы бардык балдар үйлөрүн камкордукка алган.
Ал күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Эрмек Абдукаримов жана мүчөлөрү Анварбек Калыков, Бактыбай Иманкулов, Койчубек Мамбеталиев тарбиялануучуларга куру кол келишпей музыкалык сабак үчүн пианино, "Самсунг" музыкалык борборун, мектеп-интернатында ар түрдүү иш-чараларды өткөрүү үчүн УП-50 үн күчөткүч аппаратын, суусундуктарды жана шириндиктерди тартуулашты.
Бул мектеп-интернатында 133 бала окуу менен чектелишпестен өздөрүнүн келечек турмушу үчүн ар түрдүү кесиптерди өздөштүрүшөт. Педагогдор айтышкандай, бул жерде окуучуларды жыгач устачылык, слесардык жана кулинардык иштерге жана башка турмушта зарыл болгон нерселерге үйрөтүшөт.
Мектеп-интернатынын директору Замир Конокбаев баяндагандай психикалык жактан жабырланган балдарды тарбиялоочу бул көмөкчү мектеп-интернаты мындан 40 жыл мурда ачылган. Ал жетекчиликти мындан бир жыл мурда кабыл алыптыр. Мына ушул мезгилдин ичинде демөөрчүлөрдүн жардамы жана мектеп-интернатынын персоналынын демилгеси менен жатак бөлмөлөр косметикалык ремонт болуп, тигүү корпусуна терезе пардалар илинди дейт. Таптаза кармалган окуу жана турмуш-тиричилик бөлмөлөрү, тыкан аллеялар балдардын өз интернатын сүйгөндүгүн жана аны мүмкүн болушунча жашоого ыңгайлуу кылууга аракеттенишкендигин далилдеп турду.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Эрмек Абдукаримов бул жолугушууда Ички иштер министрлиги балдарды окутуп-тарбиялоодогу көйгөйлөргө терең түшүнүү менен мамиле жасайт деди. Коомдук кеңештин мүчөлөрү да өздөрү камкордукка алган тарбиялануучуларга ден соолук жана бейкуттук каалоо менен жаш досторунан тез-тез кабар алып турууга убада беришти.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөтү
Сергей СЯЧИНдики