, 21.04.09 - 10-бет:
  Улуулардын нускоосу

Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят
Ар түрдүү тарыхый кырдаал-
дарга ылайык эпостун көркөмдүк турпатына, кала берсе, идеялык түзүлүшүнө ар түрдүү катмарлануулар болбой коюшу мүмкүн эмес. Бүгүнкү окуучу, дүйнөлүк классика, дүйнөлүк фольклор менен кабары бар окуучу, аны оңой эле сезет. Катмарлануунун өзү да эпостук касиет. Мындагы эң маанилүү башкы маселе - "Манас" эпосунун түпкү нукура идеясы миң жылдар бою ар түрдүү тоскоолдуктарга, кысымдарга учураганына карабастан, өзүнүн наркын коротпой биздин улуу заманга жеткенинде. Бул - эпостун майтарылгыс күчү.
"Манас" эпосу - бийик гуманизмге сугарылган эпос.
ЁЁЁ
Адабиятка киши эптеп-септеп
жазармын деп келбейт. Сөзсүз жаңылык киргизем, мурункулардын традициясын улап, алардын жетишкендиктерине таянып, алардан бийигирээк чыгармачылык тепкичке жетем деп, чоң максатты көздөп келет. Демек, ар ким өз мүмкүнчүлүгүн кем санабай, бардык күчүн искусствонун чокуларына жетүү үчүн жумшоого милдеттүү. Болбосо, адабиятта убара болуунун зарылдыгы жок. Ар бир жаш талант чоң художник болууну көздөбөсө адабият өнүкпөйт.
ЁЁЁ
Чыныгы көркөм чыгарма деген
чек билбей, түрдүү кишилерди, түрдүү улуттарды суктандырыш керек.
ЁЁЁ
Окуган чыгарманын көркөм ис-
кусство, же искусство эмес экенин, китептин начар, же жакшы экенин айрый билмейинче жазуучу болуу өтө кыйын.
ЁЁЁ
Качан гана адабияттын ички ку-
рулуш маселелерин, образдуу көркөм сөздүн жана куру кооз, жугуму жок сөздүн, чыгармада сүрөттөлгөн чыныгы сулуулукту жана жасалма сулуулукту тааный билгенимден тартып, сын көз менен карай баштагандан тартып, өз ишиме да башкача карай баштадым. Адабиятты тааный билүү адамга дароо эле келе койбойт. Аны үчүн адам көп окуп, көп иштеп, дүйнөлүк искусстводон бир катар кабардар болуу зарыл. Мындайча айтканда, жазуучу өзүнө адабий табит иштеп чыгуусу - башкы шарт. Табит дегенибиз - ал адамдын ички маданияты, ички сезими, ички түшүнүгү.
ЁЁЁ
Талант деген - адамдагы кан-
дайдыр бир ички мүмкүнчүлүк. Ал эми мүмкүнчүлүк иш жүзүнө ашуу үчүн ага шарт керек. Жазуучунун ички мүмкүнчүлүгү, таланты дейли, чоң маданияты болбосо, өз заманындагы искусствонун алдыңкы жемиштеринен оозанбаса иш жүзүнө ашпайт. Жаш жазуучунун талантына керектүү шарт кайсы дегенде - маданият жана талыкпаган эмгек, эмгек жана маданиятка талыкпастан кызыгуу. Жазуучуну атайылап окутуу кыйын. Жазуучу өзүнө-өзү мугалим болууга аракеттениш керек. Аны үчүн турмуштан дайым сабак алуу, турмуштан окуу - чыгармачылыктын закону деп түшүнөлү.
Экинчиден, көркөм искусстводон үйрөнүү - ал да ыйык милдет. Ар бир окуган китеп, көргөн фильм, же болбосо пьеса, ар бир чыгарма жазуучунун сын көзүнөн өтүп, ички талкуусуна түшүп, терең анализден чыгып, ага сабак болуш керек. Жакшы жазылган китептен жакшы жазуучу кандайча үйрөнсө, жаман китепти окуп, андайча жазбоону билип коюшу пайдалуу.

ЁЁЁ
Жазуучунун бир күнү текке кет-
кени - чоң жоготуу.
ЁЁЁ
Эгер китеп өзүн окуп жаткан
окуучунун акыл-эсин, уятын, намысын козгоп, анын жүрөгүн турмуштагы эң эле адам жийиркенерлик булганч, ыплас нерселерди көрсөтүү менен, же тескерисинче, тазалыктын, сулуулуктун жана улуулуктун картиналары менен титиретип, аны өзүнө жана өзүн курчап турган айлана-чөйрөгө тереңирээк кароого аргасыздантып, биротоло өзүнүн таасирине багындырып алса, биз муну искусствонун күчү дейбиз.
ЁЁЁ
Жеке адамдын да, коомдун да турмушу ар дайым ар түркүн маанидеги, багыттагы проблемаларды, карама-каршылыктарды, кыйынчылыктарды жеңүү менен байланышкан. Ал эми каршылыктарды жеңүү - тарыхтын алга жылышын түшүндүрөт. Турмуштун закондорун өздөштүрүү, өзүн-өзү жеңүү менен адам тарых дөңгөлөгүн айлантып жана өзүнө-өзү: "Жашоонун мааниси эмнеде?" - деген суроону ар дайым берип келген. Адамдын өзү менен бирге жаралган бул суроого, албетте, так кесе айтылган жооп жок. Ар түрдүү доорлордо ар түрдүү адамдар бул суроого ар түрдүүчө жооп берүүгө аракеттенген. Мүмкүн, алгачкы жомок, миф, анан бүткүл профессионалдык адабият, бүткүл искусство мына ушул аракеттен улам жаралгандыр, анткени, чын-чынына келгенде булардын бардыгы адамдын дүйнөнү таануу, өзүн-өзү өздөштүрүү жолундагы түбөлүктүү аракети болуп эсептелет. Мына ушул процесстин жана жогорудагы суроого жооп издөө далалатынын өзү турмуш сыяктуу эле, түпсүз жана учсуз.
ЁЁЁ
Изденүү - бул улуттук
традицияларды биздин жалпы идеяларыбызга үндөшүп турган рухий байлыктар аркылуу чыгармачылык менен байытуу. Изденүүлөр жекече жүрөт, бирок анын табылгалары жалпыга таандык.
Мына ушул үчүн жашап, ушул үчүн жараткың келет.
ЁЁЁ
Жазуучу - өз доорунун күзгүсү.
Өзүбүздөн мурдагыларды урматтоо менен, биз ар доор өзүнүн эстетикалык талаптарын алдыга коёрун унутпашыбыз зарыл. Мезгилдин духун - адамдын, коомдун абалын сезе билип, жылыштарды туура чагылдыра алган жаңы критерийлер менен өлчөөгө жетишүү маанилүү. Анткени, биз азыр жыйырманчы кылымдын акыркы чейрегинде - бардык революциялык жана прогрессивдүү нерселердин интеграцияланышын, ошону менен эле бирге дүйнөдөгү карама-каршы күчтөрдүн болуп көрбөгөндөй уюлдашуусунун доорунда жашап жатабыз. Ошон үчүн биз чыгармачылыктын проблемаларына кандайдыр башкача деңгээлдерден карашыбыз милдет. Биздин адабияттагы жаңы тенденциялар жөнүндө айтканда, аны жалпы дүйнөлүк процесске байланыштырбай өзүнчө бөлүп кароо ылайыксыз.
ЁЁЁ
Бүгүнкү күндө, менимче, биздин
ар бирибиз интеллектуалдык жактан өскүлөң болушубуз бөтөнчө зарыл. Эгер 20-30-жылдардагы жазуучу ар кандай художникке зарыл керек болгон фундаменталдык билимдерге дайыма эле эгедер боло бербеген болсо, азыркы күндө, менимче, анын билими болуп көрбөгөндөй көп кырдуу эстетикалык жана философиялык жактан сабаттуу болушу милдет. Бул таланттын калыптанышынын зарыл шарты.




Мурза ГАПАРОВ
Айгүл тоо
Аңгеме
(Башталышы гезиттин
№28 санында)
Чырайды чылап ичесиңби деп коёт элде.
А менин көзүм сулуулукка тойбойт деп жемеледи ал өзүн, жолдо келатып. Жашы улгайып баратат, а жаштык сезими дагы эле күчтүү мында. Качан токтолоор экенмин? - деп койду муңканып. Бирок, Петрарка минтип ырдаптыр го:
"Бетимдин качып кан-сөлү,
Кубарды чачым бубактай.
Бирок да сүйүү ышкысы
Жүрөктө, жаштык курактай..."
А монах Рекан алтымыш сегиз жашында жыйырма сегиз жаштагы монах кызга абдан ашык болуп калган имиш. А монах кыз болсо, анын көзү өткөнчө ага айныбас ашык жар болуп бериптир. Буга эмне дейсиз?
Эртеси күнү кыз менен таянеси дагы келишти. Бирок, бул жолу Иса аларды көралган жок. Анткени, алар келген учурда Иса үйдүн ичинде, өз бөлмөсүндө отурган. Жыгач дубалдын артынан экөөнүн күңкүлдөп сүйлөшкөнүн гана угуп калды. Суунун шарында сөздөрүн ажырата албады. Адегенде, ошолорбу же башкаларбы деп да шек санады. Бирок, кийинип эшикке чыкса, кечээги эшек араба туруптур. Боз эшек кызыл беде жеп жатат. Иса кызды көрбөй калганына кичине кыйылган түрдө жолуна түштү.
Бирок, үчүнчү күн дегенде бул үчөө дагы жүз көрүштү. Бул жолу Иса жыгач үйдөн чыгып келатканда келишти тигилер. Үйдөн чыга бергенде эле, эшек араба да дөңдүн бурчунан көрүнүп калды. Арабада аял гана отуруптур, а кыз арабага жанаша басып келатыптыр. Араба күндөгү жерине жетип токтоду. Кемпир бул жолу да озунуп салам айтты.
- Жакшысыңбы, балам, - деди ал, арабадан түшүп жатып.
- Эсенсизби, - деп койду Иса.
Кемпир, мурдагы күнкүдөй эле четин таягын таянып, үйгө кирип кетти. Кыз дагы кармалып калды. Адегенде эшегине беде берди. Анан негедир арабанын арткы дөңгөлөгү менен алек боло баштады. Исага шылтоо табылгансыды. Ал акырын арабага басып келди.
- Жардам керекпи? - деп сурады ал.
Кыз өйдө боло берди.
- Мынабул гылдырек улам-улам огунан чыгып кетип атат, - деди кыз.
- Темири бошоп калган турбайбы, - деди Иса.
Анан эңкейип, дөңгөлөктү бекиткен болтту бурай баштады.
- Тайнеңдин буту ооруйбу? - деп сурады ал, кыз менен сүйлөшкүсү келип.
- Ооба, - деди кыз, кыска гана.
- Көп болдубу?
- Үч жылга айланып баратат.
- Анан үч жылдан бери каттайсыңарбы бул булакка?
- Угу...
Иса кызды карап калды. Кыздын жүзү аппак, тунук эле. Бирок, эки бетинин ортосунда атыр гүлгө түспөлдөш мала-кызыл ыраң жатат. Эриндери дагы мала-кызыл, алар кичине сууланып турат. А кашы-көзү капкара, чачтары карганын канатындай жалтырайт.
Кыз Исанын көздөрүнөн көздөрүн качырып, жыгач үй жакты карап калды.
- А алыстан келесиңерби? - деп сурады Иса.
- Айгүл тоонун астынан, - деди кыз.
- А-а... Айгүл тооң каякта?
- А сиз билбейсизби?
Кыз Исага таңыркай карады.
- Жок, - деди Иса. - Мен бул жердик эмесмин.
- Айгүл тоо деп тээтиги жалгыз тоону атайбыз, - деди анда кыз.
Иса көрдү ал тоону. Туташкан кырка бийик тоолорго жете бербестен, түптүз талаанын бетинде өзүнчө аралга окшоп, бир жапыз тоо турат. Тоо куду куйругун түйүп жаткан итке окшоп кетет экен.
- О-о, алыста турбайбы, айылыңар, - деп койду ал. Анан өйдө болду. - Менимче, эми дөңгөлөгүң огунан чыкпайт.
Эми кыз рахматын айтат да, таянесинин алдына кирип кетет деп ойлоду. Бирок, кыз рахматтын ордуна, кокусунан суроо берип калды.
- Анда сиз айгүлдү да билбейт турбайсызбы?
- Айгүлүң ким?
- Ой, айгүл деген - айгүл да. Ошол тоонун үстүндө өсөт. Ошондуктан ал тоону Айгүл тоо деп коёбуз.
- Токточу... Айгүл - гүлдүн атыбы?
- Ананчы! Укмуштай кооз гүл! Андай гүл биздин Советтер Союзу боюнча бир гана жерде - биздин тоодо өсөт!
- Койчу?
- Ошондой! Бул гүл - кызыл китепке кирген. Муну бизге ботаник мугалим айткан. Аскар агай айткан.
- Биринчи жолу угушум...
- Чын элеби?
- Чын.
- Кызык...
- А кайсы маалда гүлдөйт ал?
- Марттын аяк ченинде... Анан бул гүл ай чыккан кезде гана ачылат. А ай батканда, кайра жумулуп калат.
- Ушундайбы?!
- Ошон үчүн айгүл деп аташат да аны!
- Жок, мен мындай гүлдү көрө элекмин. Ажайып гүл экен.
Ушул учурда кыздын таянеси кыйкырып калды.
- Ой, мени чакырып атат, - деди да, кыз жыгач үйгө карай чуркады.
- Токточу! Атың ким? - деп сурады Иса.
Кыз артына кайрылып туруп калды.
- Айзада, - деди ал.
- Айзада... Жакшы кал. Мен эртең кетип атам. Фрунзеге...
- И-и-и...
Кыз үчүн бул күтүлбөгөн жаңылыкка окшоп көрүндү. Исага анын "И-и-и..." - деп оозун ачып калганы, өкүнүчтөй сезилди.
- Ушундай, - деп койду ал.
- Анда... жакшы барыңыз, - деди кыз.
Кийин жаш маралдай басып, жыгач үйгө кирип кетти.
"Бактылуу бол" -деп койду анын артынан Иса."Кудай, ылайым ошол кызга өз теңин тартуу кыла көр" - деди ал азыр, бир жыл өткөндөн кийин, мына бул таң алдында тунжурап жаткан ээн чөлдү басып баратып.
А таң баягыдан агарып, жер жарышып келаткансыйт. Бирок, бул таңдын атышы эмес, а айдын чыгышына байланыштуу көрүнүш эле. А таң атканга кыйла бар...
"Кудай, ылайым ошол кызга өз теңин тартуу кыла көр" - деди ал азыр, бир жыл өткөндөн кийин, мына бул таң алдында тунжурап жаткан ээн чөлдү басып баратып.
А таң баягыдан агарып, жер жарышып келаткансыйт. Бирок, бул таңдын атышы эмес, а айдын чыгышына байланыштуу көрүнүш эле. А таң атканга кыйла бар...

Жакында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мурза Гапаровдун "Экөө ээн бакта" аттуу китеби жарык көрдү.
Анда тандалган аңгемелери, повесттери, пьесалары топтоштурулган.
Китепти белгилүү жазуучу Мелис Абакиров 10 жыл мурда даярдаганы менен каражат жок окурмандарга жетпей келген. Натыйжада унулуп бара жаткан жыйнак тууралуу Кыяс Молдокасымовдун сунушун "Турар" басмаканасынын директору Тилек Мураталиев ишке ашырып, өз каражатынын эсебинен басып, окурмандарды кубанычка бөлөдү. "Турар" басмасы буга чейин Буудайбек Сабыр уулунун 2 китебин өз каражатына басканы сиздерге маалым. Ишкерлердин арасында адабиятка көңүл бурган Тилек мырзадай инсандар көп болсо кана чиркин!