, 17.04.09 - 24-бет: Күлкүкана
Байкабапмын да...
Аялы наалып жатат дейт:
- Байкабастыгым-ай, ушу сени кыйраткан эр болот деп тийген менде мээ жок!
- Ошону айтпайсыңбы, асылым. Мен да сени сүйүп калып, эсимди жоготуп,
мээңдин бар экенин, же жок экенин байкабай алганымды карачы,-деп алаканын шак койгон экен үнүн армандуу чыгарып күйөөсү.

Мен уялам
Сөзгө конок бербей ойду-тоону сүйлөп олтурган жигиттен иренжишкен коноктор агасына:
- Иниңдин өпкөсү жок окшойт, мактанып жатып сөзүн кайра башынан айтып, эми тантып кирди го, уялбайбы?
- Сүйлөгөнүн иним сүйлөйт, уялганын мен уялам, анын эмнеси бар экен,-деп коюптур кайра тигилерди айран-таң калтырып.


Сочинениедеги Боронун атасы менен маршал Жуков
Мектепте окуп жүргөндө бир күнү адабияттан эркин темада сочинение жазып калдык. Ар кимибиз өзүбүз оюбузга келген окуялардан жазып тапшырдык. Кудай бетин салбасын, агай кандай баа коёт деп, күтүп калдык. Кызык да.
Эртеси агай келип эле мени доскага чыгарып, Боро деген баланын жазган сочинениесин жарыя оку деп калды. Мен шыр окуп кирдим: "Атам Сталинграддын алдында согушка кириптир. Айылда жүргөндө мергенчи болчу. Согушка кирип эле, Кудай мындай бербеспи деп Сары-Камыштын тоосунан эчки, текелерди кырып аткандай, пилоткасын тетири каратып туруп немистерди ит аткандай татыратып ата баштаптыр. Бир маалда бирөө далысын таптап "Молодес, Тянь-Шанский орел" дейт экен. Мишайт кылды деп кайрылып сөкмөк болот. Караса эле ал маршал Жуков! Ого бетер эрдемсип атып кирсе "Сага баатырдык наамды токтоосуз бериш керек" дептир. Согушта командирлер бүт кырылып, Жуков да унутуп калып, Баатырлыкты алалбай жүрөм деп атам наалып жүрөт. Тамам".
Борону эстеген сайын мына ушундай сочинениеси эске түшөт. Андан бери арадан элүү жылдай убакыт өттү. Боронун ошондогу жазганына баёо сезим менен кабыл алып укканыма күлкүм келип, атасы жөнүндө дагы эмнелерди жазып жүрөт болду экен деп ойлоп коём.

Норка
Базардын четинде бирөө бир терини булгалап кыйкырып жатат дейт:
- Норка, норка сатам, алгыла, норка сатам, алгыла...
- Ой, мунуң норка эмес эле иттин териси го?
- Итимдин аты Норка болчу да!

Айланайын дедиңби?
Илгери бир айылда сулуу кыздарды тандап жүргөн байдын көпкөн уулу кербезденип басып бир кыздуу үйгө кирет экен. Ал үйдүн кызы зирек акылдуу, айлакер, келбети да келишкен сулуу кыз болот. Бирок байдын дардаңпоз, акылы тайкы уулун жанына жолоткусу келбей, бир айласын таап кутулууну ойлойт. Суусундук сунуп жатып кыз атайылап "тарс" эттирип осуруп коёт. Анда жигит:
- А, баракелде, кыз мерген, атканыңыз өрдөк бекен, же каз бекен?,-шылдыңдагысы келет. Жообун даярдап турган кыз:
- Өрдөк болсо, каз болсо, байланайын дедиңби? Кош мылтыктын оозунан айланайын дедиңби?-дейт.Сөзгө жыгылган жигит үйдөн чыгып кеткен экен.

Ар кимдин өзүнүн иши бар
Участкалык милиция көчөдө келе жатса көмкөрөсүнөн бирөө жол жээгинде чөптү сүзүп жатат дейт.
- Ой, буга эмне болгон, соо болбой калган го, чак түштө көмкөрөсүнөн түшүп,-деп жанына келип карап туруп калат экен. Анда тиги жаткан неме:
- Ал биздин иш,-деп нары оодарылып карап жатып калат экен.
- Ой, бу мас болгон неме турбайбы, тур өйдө, коомдук жерде коңурук тартып мас болуп жатканын кара, сени камаш керек!, - деп кыйкырып калат. Анда тиги:
- Ал сиздин иш,-деп бери оодарылып, - анан да, ар ким өз ишин так аткаруу керек да,-деп кошумчалап коёт дейт.

Куудулдар
Рахман мененмененАбдылданын айтышы

Абдылда:
Айланайын береним,
Сенин,
Ташка бир тийсин керегиң.
Токтогул болуп кеткенсип.
Аңтарып тоону келгенсип,
Алымкул болуп кеткенсип.
Ашыраалы абамдын,
Батасын жалгыз алгансып.
Астанага баргансып,
Алдыдан ооруп калгансып.
Аалы акын болуп кеткенсип,
Акындын көбүн жеңгенсип.
Жеңишбек болуп кеткенсип.
Турганы мунун күйгүзөт,
Төкмөлүк өнөр жагынан,
Тууганбай болуп кеткенсип.
Өпкөңдү басып ырдай бер.
Ачыгын айтсам жакпайсың.
Акындын пири болсоң да,
Абдылдадан ашпайсың,
Жанымда турсаң ополдой,
Тим эле,
Жарылбаган таштайсың.
Эл алдында айтсам чын,
Сен мага баягы эле,
Эптүү эмес эттүү,
Чоң баш Рахмансың!

Рахман:
Аттуусу баштайт акындын,
Ошо,
Баштуусу баштайт акындын.
Абыке сенде,
баш жок болгон соң,
Өзүм баштап жатырмын.
Эттүүсү баштайт акындын,
Тектүүсү баштайт акындын.
Сенде тек жок болгон соң,
Термени баштап жатырмын.
Жаш жамакчы Абдылда,
Жанымда туруп калдың да.
Акын болсоң ыр башта.
Андай өнөр жок болсо,
Сен менин,
"Аллергиямды" ырбатпа.
Же ары жакка барып ыржакта.

Айтышам деп сен менен,
Акылыма келбеген.
Самолёт менен жаңы эле,
Оштон учуп келди элем.
Айтышып бир аз кеткенче,
Ашыкем, Замирбектерге,
Эстебес, Түкөмдөр менен,
Эзишкенбиз көп жерде.
Аттиң ай анын баарысын,
Койбопмун жазып дептерге.
Кезегиңди берейин,
Кана эмесе, кеп сенде.
Абдылда:
Баштагын десе сөз башын,
Бажактайсың төкмө акын.
Айткын десе сөз башын,
Тим эле,
Адыраңдайсың төкмө акын.
Сен болбой эле төкмө акын,
Болуптурсуң өпкө акын.
Пайда таппай тияктан,
Пайда таппай бияктан,
Кылбаган ишиң калган жок.
Өлсөң боло уяттан.
Эми сен,
Бапылдап төкмө болдуңбу,
Банкрот болуп пияздан?

Рахман:
Коммерсант болуп мен кетсем,
Артымдан сен да барыпсың.
Акча жоктун айынан,
Ошто үйүңдү сатыпсың.
Кыйратып ийе тургансып,
Бапылдап барып Толукка,
Дыйкан бир чарба ачыпсың.
Кредит алып өкмөттөн,
Аябай төгүп-чачыпсың.
Акырында төлөбөй,
Шаарды көздөй качыпсың.
Сенден кийин дыйканга,
Берилбей калды кредит.
Уятың болсо төлөп кой,
Карызың сенин дагы эле,
Мойнуңда жүрөт илинип.
Дос катары айтамын,
Калбасын элге билинип.

Абдылда:
Туура айтасың Рахман,
Айылда дыйкан чарбаны,
Ачканы, чыны ачкамын.
Кредит алып өкмөттөн,
Сага окшогон досторго,
Чачканы, чыны чачкамын.
Бирок,
Концерттен акча чогултуп,
Кайра эле ордун жапкамын.
Чукушуп жатып экөөбүз,
Чатакташып жүрбөйлү.
Буларга эмне болгон деп,
Отурган элдер күлбөйбү.

Рахман:
Жеп үйрөнгөн немелер,
Алат экен акчаны.
Жин тийгендей жок кылып,
Салат экен акчаны.
Анан чыгып уялбай,
Сага окшоп,
Акынмын деп айтышып,
Булгайт экен сахнаны.

Көзүңө такыр илбейсиң,
Сахнага сени чыгарып,
Ырдатып койгон ким дейсиң?
Ал-ардактуу менин аяшым,
Ырыстын баркын билбейсиң.
Туфлиңди сүр дейсиң.
Машинаңды жуу дейсиң,
Башкасын койгун Абдылда,
Болбосо үйдө аяшым,
Башыңды таппай издейсиң.
Багелегиң аңтарып,
Шымыңды жөндөп кийбейсиң.
Шылтоону издеп аяштан,
Шыпырып сөгүп тилдейсиң.
Кантсең да сени ызааттап,
Мактап жүрөт аяшым.
Балдарыңдын так санын,
Тактап жүрөт аяшым.
Иттигиңди жашырып,
Жактап жүрөт аяшым.
Башка аялга жолуксаң,
Кайрылып калмак канатың.
Анткенимдин себеби,
Абдылда,
Мектепти араң бүтүргөн,
Сен бир,
Мадыра баш баласың.
Аяшым менин Ырыс го,
Ырыстуу жерде төрөлгөн.
Ат коюлуп Ырыс деп,
Ак бешикке бөлөнгөн.
Мына.
Мен да ырыстуу жерде төрөлгөм.
Жеңалбайсың өлсөң да,
Жемиштүү менин көрөңгөм.
Бакылдап жаткан Абдылда,
Кудай ургур төбөңдөн.
Басса-турса Ырыс деп,
Менин, Ырыс аяшыма,
Качан болсо,
Жөлөнгөнүң жөлөнгөн.

Абдылда:
Мас болгондо сакта деп,
Анча-мынча кокуйдан.
Машина айдап рулга,
Мен деги эле отурбайм.
Аяшыңды алганда,
"Илибой" ишке жарайт деп,
Мактап берген кайнатам.
Ичкен кезде чалкалап,
Каалаган жакты көрсөтүп,
Аяшыңа айдатам.
Туура айтасың Рахман,
Туфлийимди Ырыска,
Тазала деп карматам.
Анткенимдин себеби, мен,
Аялды сенчилеп бекер албагам.
Ала жипти мен аттап,
Тескери жолго барбагам.
Булар кандай киши деп,
Мен силерге таң калам.
Канча катын калды экен,
Жаныбек экөөң албаган.
Кинконгдун кызы калды окшойт,
Киркоров экөөң барбаган.

Рахман:
Айтпайын десем Абдылда,
Чукулап өзүң баштадың.
Эсиңден чыгып кеттиби,
Күмөндөр экөөң ээрчишип,
Башка "бир жакка" барганың.
Эртеси күнү кайтканда,
Кийип жүргөн ич киймиң,
Тескери болуп калганын.
Ал ишиң,
Аяшка чейин угулуп,
Чоң чатакты салганын.
Аттайм деп ала жипти өзүң,
Үйүңдөн,
Айдалып кете жаздадың.
Элдешкиле, уят, деп,
Арачы болуп баргамын.
Чоңойсо издеп жүргөндүр,
Ошондон калган балдарың.
Абийириң калган жабылып,
Акылдуу чыгып алганың.
Түшүнүп өзүң турасың,
Айтпасам деле калганын.
Даярдаган
Бактыгүл ЧОТУРОВА ,
"Кыргыз Туусу"