, 17.04.09 - 11-бет:
  тарых

Амангелди БЕКБАЛАЕВ, профессор, КУУнун ректору
Аттила -гунндардын ханы
(Тарыхый романдан)
Алар сенин тапшырмаңды аткарышып, жыгач крестке жана адам сымал Иса Кудайга сыйынышкан аландардын сазайын беришип, алардан алтын сандыктарын тартып алышмакчы. О, улуу Теңир хан, алар сенин тапшырмаңды аткарышты, каракчы аландардан сандыктарды тартып алышты жана сенин тапшырмаң боюнча терең тоо көлүнө алтынды чөктүрүп жиберишти...
... Эки миң душманга болгону сенин жүз каарман уулдарың каршы турмак, о, улуу Теңир хан! Сенин уулдарың жасаган эрдик муундан-муунга сыймык менен айтылып калмакчы.
... Жүз биттогур-гунндардын үстүнөн болгон жеңиш Масхад хан менен Дзауцух ханга оңой турган жок. Аландар менен сарматтар беш жүздөн ашуун адамынан ажырашты. Ар бир гунн бештен душманды ала жатышты.
Кабактары салыңкы, оор жоготуу менен келген жеңишке анчалык ыраазы болушпаган боордош элдердин эки ханы жаңы эле согуш токтогон тектирдин ортосунда жолугушушту. Экөө тең хандардын баалуу кийимдерин кийинишип, колдоруна кымбат баалуу курал-жарактарды кармашып, манжаларына шакек, оң кулактарына сөйкө тагынып алышкан.
Аландардын ханы Масхад аттан түшүп, сармат Дзауцухту утурлай басып, эки колун сунуп, аны үч жолу бооруна кысты.
- О менин бир тууганым Дзауцух хан, сени ушундай кырдаалда тосуп алам деп ойлодум беле? Бул оңбогон гунндар! Алар Ак-Сай менен Кара-Сакалдын ортосундагы менин жайытымды талап-тоношууда. Мага боордошторчо жардамга келгениңе ыракмат! Анын үстүнө бул акмак гунндар түн ичинде менин алтын сакталган сандыктарымды уурдап алышып, береги көлгө ыргытып жиберишиптир.
- Ооба, менин бир тууганым, Масхад хан, - деп Дзауцух ага жооп берди. - Мен дагы биздин жерибизди бөлүп турган Сакал-Мана тоосунун арасынан сага жолугам деп ойлогон эмесмин. Баламбердин гунндары сенин журтуңа чабуул койгондугу тууралуу кайгылуу кабарды угаар замат сенин катарыңда болуп, сага жардам берүүгө шашылдым.
Ошол учурда алан жана сармат жоокерлер гунндардын ээсиз калган жарат албаган аттарын кармоого аракеттенишип, каза болгон гунн нөөкөрлөрүнөн курал-жарактарын жана баалуу буюмдарын сыйрып алышып, өздөрүнүн өлгөндөрүн жана жарадар болгондорун аттарга жүктөп жатышты. Өрөөнгө түшүп, өлгөндөрүн көмүшмөк, жарадарларды дарылашмак. Жарадар болушкан аландар менен сарматтардын кокуйлашкандары угулуп турду, ал эми гунндардын бирөө да тирүү эмес эле. Жаны чыга электерди болсо аландар менен сарматтар ийри кылычтары менен шылый чаап жатышты.
- Менин үч жүздөй тандамал жоокерлерим каза болушту, - деп арызданды Масхад.
- Менин да андан кем эмес элим курман болду, - деди Дзауцух.
Өлгөндөр менен жарадарларды жүктөп жатышкан аландар менен сарматтар курман болгон гунндардын денелерине көз жүгүртүшүп, өз ара пикирлешип жатышты.
- Ооба, бул гунндар согушта эң коркунучтуу. Алар болгону жүз эле жоокер болушса да бизден коркушкан жок. Эгерде, бул жакка жүз эмес, миң гунн келсе эмне болот? Биз аларга баш ийишибиз керек, алар деле биз өңдүү көчмөн малчылар. Ал эми жайыттар менен шалбаалар көп эмеспи, эгерде гунндар биздикин тартып алгылары келишсе, башкасына өтүп кетүүгө болот да...
Ушул учурда жүздөгөн аландар алтын салынган сандыктарды көлдүн түбүнөн тартып алып жатышты. Албетте, муздак сууга чөмүп кирүү жагымсыз эле, бирок Масхад хан жүздүккө мыкты сыйлык берүүгө убада бербедиби. Бүгүн колго түшкөн бир аттуу болууга мүмкүн, гунндардын аттары өтө чымыр келишип, төө сыяктуу бардыгын жей беришет эмеспи. Мүмкүн Масхад хан марттыгын карматып, өлгөн гунндун зоот кийимдерин берип коёр...
Кеч күүгүмдө гана алан нөкөрлөрү алтын сакталган бардык сегиз сандыкты суудан алып чыгышып, кургасын деп жолго кыдырата тизип коюшту.
Сандыктардын ачкычы алтын сактоочу чал Кечене-тамгачыда болгондуктан, ал болсо ушул түнү гунндар менен бирге жоголуп кеткендиктен, Масхад хан темир кулпуларды балталап чабууга уруксат берди. Биринчи сандыкты ачышса, ичинде толо таш экен! Экинчисинде... үчүнчүдө... төртүнчүдө... бардык сандыктардын ичи жалаң гана таштар. Күрөң, тегерек, оор, балчык... таштар...
Ошол маалда бүткүл алан урууларынын жана тукумдарынын улуу даражалуу ханы Масхад хандарга ылайык келбеген ачуу айкырык менен ботодой боздоп жиберди:
- Оо-о!.. Шүмшүктөр! Менин алтыным кайда?! Алтыным!!!





  Көз караш

Иимий тактык болбосо тарых тактыгы жомокко айланат
Мударистин макаласынын мазмуну эмнеде эле?
Кыргыздардын тарыхынын академиялык 15 томдугу даярдалып, басылганы жатыптыр деген кабар таркагандан тартып, улуттук тарыхтын маселелери жана айрым тарыхый инсандар боюнча талаш-тартыштар күчөөдө. Ага көп жагынан өткөн жылдын 20-декабрында "Улуттук тарыхтын учурдагы проблемалары" деген темада өткөрүлгөн илимий-практикалык конференция жана мударис Кусейин Исаевдин андан мурдараакта 2008-жылдын 11-ноябрында "Кыргыз Туусу" гезитине жарыяланган "Ата Мекендин келечегине, руханий кайра жаңылануусуна кайдыгер эмес инсандарга ачык кат" деген полемикалык макаласы түрткү болду окшойт. Дайыма маселени ачык, курч койгондугу менен айырмаланган мударис өз макаласында кыргыздардын тарыхынын 15 томдугун басып чыгаруу жөнүндөгү идеяны кош колдоп колдой тургандыгын билдирип, академиялык басылмада айрым азыркы тарыхчылар жазып жатышкандай бурмалоолорго, кокту-колоттук, аймактык деңгээлдеги инсандарды улуттук баатырларга, мамлекеттик ишмерлерге айландырып жиберүү сыяктуу илимге эмес, элдик оозеки чыгармачылыкка мүнөздүү апыртмаларга жол бербөөнүн зарылчылыгын айтып, бул максатта өзүнүн 7 пункттан турган конкреттүү сунуштарын да киргизген. Резюмелегенде мударистин "Ачык катынын" негизги мазмуну - "ушул убакка чейин ойго урундук, тоого урундук, коомдук турмушубуздун башка чөйрөлөрүндөй эле тарыхыбызды жазууда көп кемчиликтерди кетирип, баш аламандыктарга жол берип, санжыралардын деңгээлинен да төмөн түшүрүп жибердик. Айрым тарыхчылар, жазуучулар эч ким билбеген ата-бабаларын деле бир да тарыхый булактын жоктугуна карабастан, улуттук баатырлар, мамлекеттик ишмерлер катарында мактап жазышып, атүгүл сүрөттөрүнө чейин чийдиришип,окуу куралдарына чейин киргизип жатышат. Илимге илимий мамиле жасайлы, академиялык жаңы 15 томдукта андай өздүк көркөм чыгармачылыктарга жол бербейли" деген чакырык болчу. Бирок, ага үн кошуу жана талкуулоо боюнча жарыяланган макалаларда мударистин мындай туура чакырыгы унутта калды да, маселе Шабдан баатыр менен Манапка жана манапчылыкка байланышкан маселелерди талкуулап, күнөөлөөлөргө, атүгүл оттотом-соттотом деген сыяктуу Ормон опузаларга айланып кетти. Эмне үчүн?
Чыр эмнеден келип чыкты?
"Көкөтөйдүн ашы - көп чырдын башы" дегендей мударистин тарых илимине карата мамилелерди өзгөртүү жөнүндөгү конструктивдүү сунуштары четте калып, маселенин Шабдан баатырдын тегерегиндеги эле "сам дурак" дегендей мүнөздөгү талаш-тартыштарга, опузалоолорго айланып кетүүсүнө анын дүйнөлүк ысмы бар тарыхчы жана археолог А.Н.Бернштамдын "Из истории международных и военных отношений киргизского народа" деген эмгегиндеги кыргыздардын урууларынын башчыларына, анын ичинде Шабдан баатырга берген мүнөздөмөсүнөн шилтеме келтирип, ошол багытта өз ойлорун да кошумчалагандыгы себеп болду.
Ал айрымдарга контексттен жулунуп алынып, эркин интерпретация катарында көрүнбөшү, окурмандар окумуштуунун кыргыздын калган уруу башчылары тууралуу айткандары менен да кабардар болуулары үчүн бул жерде ал абзацты толугу менен келтирген туура болот го деп ойлойбуз. Окумуштуу кыргыз урууларынын башчыларына, падышалык Россияга карата мамилелерине, алардын этностун келечеги үчүн болгон маанисине токтолуп келип, төмөндөгүлөрдү айткан:
"На этом фоне заслуживают оправдания, а не порицания, централизаторские тенденции Ормон хана, его попытки объединить киргизские племена, не считаясь с преградами и не смущаясь средствами, как бы повторявшие в миниатюре век Ивана Грозного в России. Это не значит, что Ормон хан, Курманджан Датха, Боромбай перестали быть эксплуататорами, феодалами и манапами. Но надо различать феодалов, заботящихся только о личной наживе, и тех, которые, нося в себе отрицательные качества, все же не утрачивали чувство ответственности перед народом, пусть даже проявляемое с личными целями и тенденциями. Естественно, что в условиях феодально-родового и буржуазного строя тенденция народа к объединению, в какой-то мере осуществляемая их вождями, не могла привести к желаемым результатом. Совершенно понятно, что сказанное справедливо в разной мере для разных лиц. Боромбай, шедший на союз с русскими, пытался видеть в последних союзников для продолжения межродовой борьбы в личных интересах. Когда колонизация стала фактом и киргизский народ ощутил тягости ее, политика Шабдана была несомненно предательская. Сопротивление же завоевателям Умбета Али (сын Ормон хана) или Балбая, который отрешился от межродовой борьбы и откочевал в горы, было явлением прогрессивным, направленным на усиление борьбы киргизского народа за свою независимость". (А.Н.Бернштам, Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана, т. 1. Б. 1997., с.445).
Мындай шилтеме, ага мударистин бир аз комментариясы эмнегедир айрым тарыхка тиешеси бар инсандарда ар кандай реакцияларды пайда кылып, полярдык карама-каршылыктагы пикирлердин айтылуусуна алып келди. Жапаркул Токтоналиев деген агайыбыз гезитибиздин 2008-жылдын 28-декабрындагы "Тарых жана "Кедей токмок" же мударис Кусейин Исаевдин ачык катына жооп" деген кызыктуу макаласында
А.Н.Бернштам Шабдандын орус бийликтери менен мамилесине үстүртөн бир жактуу карап, туура эмес жыйынтык чыгарган, ал эми чындыгында ал орус падышачылыгына кызмат кылымыш болуп, кыргыздардын кызыкчылыгын коргогон. Жети-Суунун губернатору Колпаковский ага Ферганада орус аскерлери менен согушуп жаткан Полот хандын кошуунуна жашыруун өз киши болуп кирип, аны туткундоону буйруганда "мен элге чыккынчы боло албаймын" деп баш тарткан. "Скобелевдин аскерлери менен согушуп турган, айтылуу кыпчак Мусулманкулдун уулу Абдрахман Аптабачы менен сүйлөшүп, анын орус аскер башчысы Скобелевге жолугуп, тынчтык келишимге кол коюусуна жетишип, Фергана өрөөнүндөгүлөрдү кыргындан сактап калган" деген ойлорун айтты. Бирок, мындай ойлорун бекемдөө үчүн тарыхый булактардан же башка материалдардан эч кандай шилтеме келтирбептир.
Андан кийин универсалдуу илимпоз Омор Соорон Сопу гезиттин ушул жылдагы № 3-6 сандарына "Он беш томдук тарыхты жазуунун критерийи - тактык, идеологиясы - кыргыз элинин биримдиги болуш керек" деген макаласында мударис К.Исаев козгогон маселелерди андан ары тереңдетип, жазма булактарга таянуу аркылуу манап жана манапчылык, Шабдан баатыр жөнүндө аябагандай ачуу сөздөрдү айтты.
Омор Сооронов өз макаласында тарых илиминде божомолдорго, каңырыштарга, "Шабдан тирүү болсо, 1916-жылкы үркүн болбой калышы да мүмкүн эле" деген сыяктуу гипотезаларга эмес, жазма булактарга жана тастыкталган фактыларга таянуу аркылуу гана иш жүргүзүүнүн зарылчылыгын айтып келип, "Дагы эле такталбаган тарыхты, таалим-тарбия берүүгө арзый албаган "баатырларды", үнү бир колоттон чыкпаган "билермандарды" үлгү катары окутуп келатабыз. Жаштарыбыздын мекенчил (патриот) болбой, кара курсакты шылтоо кылып ар жакка тарап, барган жерлеринде оокаттанып калышса деле кайра келбей, барган жеринин жараны болуп кетип жатышканы ошондон улам болушу да мүмкүн. Демек, кандай болгондо да он беш томдук кыргыз тарыхын жазуунун критерийи - тактык, идеологиясы - кыргыз элинин биримдиги болушу шарт" деген жыйынтык чыгарат. Мындай пикирге кошулбай коюуга болбойт.
Буга удаалаш тарыхчы жана акын Байас Турал "Ачык саясат" гезитинин № 12-14-сандарына (17, 20. 24-февраль) "Тарыхты ким бурмалап жатат?" деген көлөмдүү макаласын жарыялады. Анда Жантай, Ормон хан менен кошо Шабдан баатыр жөнүндө да бир катар маалыматтар берилген. Тарыхчы өз макаласында "... анын падышалык Россия тарабынан алган "наам", "ордендери" Шабдан Россия империясынын басып алуучулук саясатына өтө көп жана ак кызмат кылганын көрсөтүүдө.
Кыргыздын бир да адамы ак падышанын алкоосуна анчалык ээ болгон эмес" деп келип, анын орус колонизаторлорунан алган сыйлыктарын санап чыгат. Алардын баары 11 экен. Мында баса белгилей кетчү нерсе, ал сыйлыктардын арасында "Кокон хандыгын караткандыгынын эстелиги", "1853-1895-жылдары Орто Азияга жасалган бардык жүрүштөрдүн жана экспедициялардын эстелиги" деген медалдар, анан падышалык Россияда жалаң согушта эрдик көрсөткөндөргө гана ыйгарылып келген 4-даражадагы Георгиев ордени да бар.
(Уландысы бар)