, 14.04.09 - 15-бет:
  Аза-баян

Медет Чаканович Садыркулов
2009-жылдын 13-мартында Бишкек шаарынын четинде жол-унаа кырсыгынан үч адамдын өмүрү кыйылган эле. 10-апрелде жарыяланган ДНК экспертизасынын жыйынтыгы каза тапкандар Садыркулов М.Ч., Слепченко С.С. жана Сулайманов К. Ж. экенин тастыктады.

Кыргыз коомчулугу чоң жоготууга учурады. Белгилүү мамлекеттик, саясый жана коомдук ишмер Медет Чаканович Садыркулов күтүлбөгөн кырсыктан көз жумду.
Медет Садыркулов 1953-жылы 13-декабрда Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Ильич айылында көп балалуу үй-бүлөдө туулган. Ал эмгек ишмердигин 1971-жылы Ильич атындагы мамлекеттик асыл-тукум заводунда жумушчу болуп эмгектенип баштаган. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган соң 1977 - 1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда сабак берген.
1991-жылдан мамлекеттик кызматка кирип, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында төрт жыл ичинде уюштуруу иштер бөлүмүнүн референтинен анын башчысына чейинки кызмат жолун басып өткөн.
1995-жылы Бишкек шаардык Биринчи Май районунун акими болуп дайындалган. 1997 - 1999-жылдары финансы министринин 1-орунбасары - мамлекеттик салык инспекциясынын директорунун милдетин аткарган. 1999-жылы кайрадан Президенттик администрациянын жетекчисинин кызматына чакырылган. 1999 - 2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасын жетектеп, 2000 - 2005-жылдары өлкөнүн Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.
2006-жылы Медет Садыркулов Кыргыз Республикасынын Президентинин администрация башчысынын биринчи орунбасарлыгынын - уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясат бөлүмүнүн башчысынын кызматына алынган. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратын жетектеп, апрелден тарта 2009-жылдын январына чейин Президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин өтөгөн.
Медет Садыркулов саясый илимдеринин кандидаты. Орусия Федерациясынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу Академиясынын мүчө-корреспонденти. Ага салык кызматынын 2-даражадагы мамлекеттик кеңешчисинин наамы, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин чини жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин дипломаттык даражасы ыйгарылган.
Жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалаган кезде Медет Чаканович Садыркулов өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, мамлекекеттик кызматка устат кадрларды даярдоо ишине зор салымын кошкон. Анын Мекен жана эл алдында сиңирген эмгеги Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан жогору бааланган.
Медет Чаканович Садыркуловдун бүт эмгек ишмердиги Ата Журтуна жана элине жан дилинен кызмат кылууга жумшалган. Ал сейрек кездешчү уюштуруучулугу, адамдар менен иштешүү жөндөмү, жогорку кесипкөйлүгү, табият тартуулаган акылы, терең билими, калыстыгы, өзүнө жана башкаларга талапчыл мамилеси менен айырмаланчу.
Медет Чаканович Садыркуловдун үй-бүлөсүнүн, жакындарынын азасын тең бөлүшөбүз жана кайрат айтабыз. Бул инсандын жаркын элеси аны менен бирге иштегендердин жана замандаштарынын жүрөгүндө түбөлүк сакталмакчы.

Бакиев К.С., Тагаев А.С., Чудинов И.В., Сыдыкова С.К., Алие-
ва Ж.С., Нур уулу Досбол, Үсөнов Д.Т., Мадумаров А.К., Баеко-ва Ч. Т., Исабеков К.С., Турсунбаев А.А., Ормонов У.З. Маса-
лиев И.А., Бешимов Б.Ж., Арабаев А.А., Акун Т. А., Бабанов О.Т., Абдуллаева У.А., Айтмурзаев Н.Т, Малеваная О.А., Жороев К.Т., Сатыбалдиев Э. Р., Гайпкулов И.Т., Алапаев М.О., Темирбаев К.Т., Эсеналиев Д.А., Мамытов Т.Б., Конгантиев К.Т., Узакбаев Э.У., Айжигитов С.А., Орозбаева Л.Дж., Молдогазиев А.Б., Сулайма-нов Т.А., Зулпиев Б.Р., Федоров Д.И., Сарбаев К.Т., Калыев Б.Т., Суталинов М.А., Конгантиев М.Т., Султанов М.А., Жапаров А.У., Турсункулов Н.Ж., Ташиев К.К., Мамбетов М.А., Сулайманов Н.Ч., Мусаев А.И., Айдаралиев И.Р., Ташпаева Н.А., Давыдов И.А.,
Раев С.А., Рыскулова А.М., Турдумамбетов Т.О., Келдибеков А.К., Акматов Н.О., Сатыбеков М.С., Түлеев Н.Т., Кумаров Б. С., Айт-баев К. С.



Гүлбара Болотбековна
Исабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2009-жылдын 9-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси Гүлбара Болотбековна Исабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгын терең кайгыруу менен билдирет.
Кыргызстандын шайлоо системасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон мыкты адамды, тажрыйбалуу кесипкөй адисти шум ажал арабыздан алып кетти. Анын жеке адамдык жана иштиктүү сапаты, айланасындагы адамдар менен өз ара мамилелерде ак ниеттүүлүгү жана өз ишин мыкты билген касиети бирге иштеген кесиптештеринин арасында аны урмат-сыйга жана чоң кадыр-баркка жеткирген.
Г.Б. Исабекова 1951-жылы 4-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн.
1977-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтту "Курулуштун экономикасы жана уюштурулушу" адистиги боюнча аяктаган.
1977-жылдан 1987-жылга чейин Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин Капиталдык курулуш башкармалыгынын улук инженери болуп иштеген.
1989-жылдан 1992-жылдардын аралыгында Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин нускоочусу болгон.
1992-1994 жылдары - Ысык-Көл облкеңешинин жетектөөчү адиси болуп эмгектенген.
1994-1995 жылдары - "Макмал Алтын" кен комбинатында канцелярия башчысы катары кызмат өтөгөн.
1995-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратында адис болуп иштеген.
2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Канцеляриясынын кызматкери болгон.
2007-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп дайындалган.
2008-жылы февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган.
Гүлбара Болотбековна Исабекова Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине активдүү жана демилгелүү катышууга аракеттенүү менен тапшырылган ар бир милдетти жогорку жоопкерчиликте жана принципиалдуулукта аткарууга ак дил, чын ыкластан мамиле жасай билген адам эле.
Асыл аялзаты, мээримдүү жар, эки кыздын энеси жана ак ниет кызматкер Гүлбара Болотбековна Исабекованын жаркын элеси анын кесиптештеринин жана досторунун жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы





ГП "Кыргызжилкоммунсоюз"
объявляет тендер 12.05.09. в 14-00 на закупку:
Лот № 1. Уголь для Кара-Балтинского ПО ЭТВ - 5,0 тыс.тн.
Лот № 2. Мазут для Кара-Балтинского ПО ЭТВ - 0,5 тыс.тн.
методом неограниченных торгов
в г. Кара-Балта, Южная Промзона, ПО "ЭТВ"
Стоимость тендерной документации-1500сом
Справки по т: 66-53-24, 66-46-03 или по адресу:
г. Бишкек, ул. Боконбаева 88, Сабиров М.Э.


ГП "Кыргызжилкоммунсоюз"
объявляет тендер 14.05.09. в 11-00 на закупку:
Лот № 1. Мазут для Беловодского МПО ТВСиВ - 1,0 тыс.тн.
Лот № 2. Мазут для Кантского ХРУ ТКЭ - 1,0 тыс.тн.
Лот № 3. Уголь для Каракольского Жылуулук - 5,0 тыс.тн.
методом неограниченных торгов
в г.Бишкек, ул. Боконбаева 88,
Стоимость тендерной документации-1500сом
Справки по т: 66-53-24, 66-46-03 или по адресу:
г. Бишкек, ул. Боконбаева 88, Сабиров М.Э.


ГП "Кыргызжилкоммунсоюз"
объявляет тендер
14.05.09. в 14.00 на закупку:
Расходные материалы,
изделия и оборудование:
Лот № 1. Соль техническая - 1000 тонн
Лот № 2. Сульфа уголь - 20 тонн
Лот № 3. Насосы консольные - 35 шт
Лот № 4. Пускатели 4, 5, 6 величины - 100 шт
Лот № 5. Автоматы - 15 шт
Лот № 6. Кабельная продукция - 2 км
Лот № 7. Тяга дутьевое оборудование - 12 шт
Лот № 8. Узел учета - 8 шт
Лот № 9.Чугунное литье - 100 тн.
Лот № 10. Секции для котлов
Лот № 11. Кирпич огнеупорный
методом неограниченных торгов
в г.Бишкек, ул. Боконбаева 88,
Стоимость тендерной документации-
1500 сом
Справки по т: 66-53-24, 66-46-03 или по адресу: г. Бишкек, ул. Боконбаева 88, Сабиров М.Э.


ГП "Кыргызжилкоммунсоюз"
объявляет тендер 19.05.09. в 10-00 на закупку:
Лот № 1. Уголь для Нарынского ТКЭ - 1,0 тыс.тн.
Лот № 2. Уголь для Ат-Башинского ТКЭ - 0,5 тыс.тн.
Лот № 3. Уголь для Джумгальского ТКЭ - 0,4 тыс.тн.
методом неограниченных торгов
в г. Нарын ул. Чаначева 22, Нарын "ТКЭ"
Стоимость тендерной документации-1500сом
Справки по т: 66-53-24, 66-46-03 или по адресу: г. Бишкек, ул. Боконбаева 88, Сабиров М.Э.


ГП "Кыргызжилкоммунсоюз"
объявляет тендер 19.05.09. в 10-00 на закупку:
Лот № 1. Уголь для Ошоблкоммунсоюз - 1,0 тыс.тн.
Лот № 2. Мазут для Майлуусуйского МПО ТС - 1,0 тыс.тн. методом неограниченных торгов
в г. Ош, ул.Голубева, 3 "Ошоблкоммунсоюз"
Стоимость тендерной документации-1500сом
Справки по т: 66-53-24, 66-46-03 или по адресу:
г. Бишкек, ул. Боконбаева 88, Сабиров М.Э.


Услуги
Хасидачы молдолор дем салышат
0777 71 39 93, 0550 72 09 40
Изгот. пласт. окон 43 23 92, 0700 48 10 48
Требуется
Пост. раб. 550$ 0550 33 55 94
Сетевики Только для ВАС 0773 12 14 17
Продаю
Спал. гарн. Италия отл. сост 0555 03 51 62
Дом 6к. 2к. вр. газ. 3ф 242950, 65 93 28
Дом, удоб,уч. 8с Тунгуч 150$ 0555 790 234
Генератор б/у 15квт 0555 03 51 62
Энерг. пенс. и кому за 20л. 57 11 67
Ксерокс Canon 7161, 543826836, 545138

Утерянную жёлтую карточку ИНН №21610196000364 на Беленко Геннадия Петровича считать недействительным.

Утерянную регистрационную карточку налогоплательщика 12707195500294 на имя Амуралиевой Риммы считать недействительным.

Утерянную регистрационную карточку налогоплательщика 21807196400044 на имя Кожобаева Керимбека Макенбаевича считать не действительным.

Бабырахимов Жоробайдын жеке менчик жер участогуна укуктуу экендигин тастыктаган мамлекеттик акттын (№0019296) жоголгондугуна байланыштуу ал жараксыз деп эсептелсин.


ОсОО "Аламон"
объявляет о своем закрытии. Претензии принимаются в течение 2-х месяцев со дня публикации по адресу г. Бишкек, ул.Шопокова, 89.

Утерянное удостоверение на имя
Исаева Замир
Долотшаевича
считать недействительным.

Кыргыз Республикасынын Президентинин катчылыгы оор кырсыктын кырдаалында каза болушкан
көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер
Медет Чаканович САДЫРКУЛОВдун,
белгилүү политолог Сергей СЛЕПЧЕНКОнун жана
айдоочу Кубат СУЛАЙМАНОВдун
тууган-туушкандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат, орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөт. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болуп, жандары жаннаттан жай алсын.

Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясы оор кырсыктын кырдаалында каза болушкан
көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер
Медет Чаканович САДЫРКУЛОВдун,
белгилүү политолог Сергей СЛЕПЧЕНКОнун жана
айдоочу К убат СУЛАЙМАНОВдун
тууган-туушкандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат, орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөт. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун.

Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
Гүлбара Болотбековна Исабекованын
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөт.

"Ак Жол" Элдик партиясынын Саясый кеңеши, Координациялык кеңеши жана Аткаруу комитети партиянын Саясый кеңешинин мүчөсү
САДЫРКУЛОВ Медет Чакановичтин
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.
Көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмердин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын жетекчилиги жана жамааты Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мурдагы жетекчиси, Кыргызстандагы JICA программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясынын Президенти
Медет Чаканович Садыркуловдун
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги
көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер
САДЫРКУЛОВ Медет Шокан уулунун
мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Медет Шокан уулунун жаркын элеси аны жакшы билген казакстандык замандаштарынын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Бир тууган кыргыз менен казак элине бирдей уул болгон азаматтын топурагы торко, жаны бейиште болсун!