Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын курултайына карата
Ынтымак бар жерде ырыс бар
Гезитибиздин өткөн санында маалымдалгандай, Ж.Баласагын атындагы КУУда республикалык деңгээлде "Азыркы шарттагы этникалар аралык байланыштар" аттуу илимий-практикалык конференция өткөн эле.
Азыркы учурда улуттар аралык байланыштарда негизинен кандай проблемалар бар экенин аныктап чыгуу жана 17- апрелде өтө турган Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын VI курултайына карата атайын сунуштамаларды иштеп чыгуу-конференциянын негизги максаты болду.
Конференцияда "Улуттар аралык байланыштардагы социалдык-саясый процесстер" деген теманын тегерегинде 40тан ашык, "Этникалар аралык байланыштардагы философиялык, психологиялык жана маданий-рухий проблемалар" деген тема боюнча 20дан ашык, ошондой эле "Этникалар аралык байланыштардагы укуктук негиздер" деген теманын айланасында 16 окумуштуу, илимпоздор доклад жасашты. Философия илимдерини доктору Кусеин Исаев Кыргызстандагы этникалар аралык байланыштардагы кыргыз элинин орду жана маани-маңызы жөнүндө статистикалык маалыматтарга таянуу менен бир топ кызыктуу билдирүүлөрдү жасады. Акыркы 20 жылдын аралыгында орустар- 916,6 миңден 456,4 миңге, татарлар- 70,1 миңден-35,1 миңге азайгандыгын белгилеп, ошону менен катар эле өзбектер-550,1 миңден 754,5 миңге, казактар 33,5 миңден 47,9 миңге көбөйүп, жалпы калктын -0,7% ын түзүп келе жаткандыгын белгиледи. Ал эми түрктөр болсо докладда айтылгандай бизде биринчи жолу 1926-жылы эл каттоодо катталган экен.
"Дүйнөдөгү кыргыздардын 89,7%ы Кыргызстанда жашайт. Бул бир чети зор бакыт, куну жок дөөлөт. Ошондой эле, тагдырдын буйругу менен чогулган ар кандай этностордун рухий, маданий, тилдик өзгөчөлүктөрүн сактап, бакубат турмушта жашашына чоң жоопкерчилик. Демек, кыргыз өзү үчүн гана эмес, шартка байланыштуу жашап калган өзбектердин, уйгурлардын, казактардын, тажиктердин, түрктөрдүн, орустардын ж.б. улуттардын укуктарынын сакталышына, маданиятын, кесипчилигин өнүктүрүүгө шарт түзүп берүүгө жооптуу",- деди өз сөзүндө К.Исаев.
КРнын Президентине караштуу стратегиялык талдоо жана баалоо институтунун тараткан маалыматына таянсак, биз БУУга мүчө болгон 192 мамлекеттин ичинен кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүү боюнча 191-орунда экенбиз. Мындай маалыматтардын баары - кыргыз мамлекеттүүлүгү коркунучта деген жыйынтыкка барып такалат. К.Исаевдин айтымында мындай опурталдуу, кооптуу абалдан чыгуу үчүн кыргыздар өздөрүнүн жана ошондой эле аймагында жашаган бардык этностордун биримдигин бекемдөө мамлекеттин тагдыры үчүн өтө зарыл. Себеби, бирикпеген, ынтымагы жок өлкө өнүгө албайт эмеспи. Бирок, биз чындыгына келгенде кыргыз мамлекетин бардык эле этностор Ата Мекенибиз деп сүйүп, коргоп, аны ар тараптан бекемдөөгө аракеттенгенге кыргыз улуту да бирдей мамиле жасаганга жете элекпиз. Келечекте ошого жетишишибиз керек.
Алдыда болуучу Курултайда ушул жана башка маселелер кеңири талкууга алынаары КУУда болуп өткөн конференцияда айтылды.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"





Ата Журт айылдан Башталат
Жакшы адамдын баркы бар, баалай турган калкы бар дегендей, жакында Жогорку Кеңештин депутаттарынын "Ак Жол" фракциясынын лидери У.Ормонов жана Өзгөн районунун акими Б.Жуманазаров катышкан Чангет айыл округунун жыйынында 5 жыл иштеп, өз ыктыяры менен айыл округунун төрагалыгынан кетип, жаштарга орун бошоткон Кадырбек Курманбековду калың эл ат тартуулап мингизип, суусар тебетей кийгизип, кымкап чепкен жаап, ак батасын беришип ардактуу эс алууга узатышты.
1960-жылдын деңгээлинде калып кеткен, 2005-жылга чейин бир дагы стандарттуу социалдык объект курулбаган Чангет айылдарына Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев жетектеп турган учурда 40 млн. сомго жакын инвестиция тартып, 12 млн. сомдон ашык объект, анын ичинде 3 мектеп, 2 ФАП, спорт зал, 4 көпүрө, 2 ТП, 3 км ЛЭП курууга жетишкен Чангет айыл өкмөтүнүн башчысы Кадырбек Курманбековдун үзүрлүү эмгегин эли эч унутпайт. Элдин сый урматын окурмандары көп, эл сүйгөн "Кыргыз Туусу" гезити аркылуу калайык калкка жеткизип коюуну суранабыз.
Элдин атынан К. ЖОЛДОШОВ





Бильярд билгенге кызык оюн
Өткөн жума күнү Кыргыз Республикасынын бильярд спорту федерациясынын тарыхында бараандуу окуя болду.
Борбор калаанын Медеров көчөсүндө федерациянын офиси салтанаттуу ачылды. Бильярд спортунун күйөрмандарынын катышуусунда бул жаңы конуштун эшигин сөз сүйлөп, кызыл тасманы кесүү менен Кыргыз Республикасынын бильярд спорту федерациясынын президенти Курманбек Темирбаев ачты.
- Бул күн Кыргызстандын бильярдчылары үчүн тарыхый күн, чоң окуя, - деди Кыргыз Республикасынын бильярд спортунун федерациясынын генералдык секретары, федерациянын биринчи вице-президенти Шейшенбек Байзаков. - Көп жылдан берки мүдөөбүз бүгүн ишке ашты. Жаңы конуштуу болдук. Эми мындан ары бардык иш чараларды ушул жайда өткөрөбүз. Өлкөбүздү дүйнөгө таанытып жаткан бильярдчы-чеберлерибиз ушул жерден машыгышат. Таланттуу чеберлерибиз чынында эле көп. Эл аралык даражадагы спорт чебери, дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаевди эле алалы. Ал эл аралык рейтингде бешинчи орунда турат. Каныбекке республиканын Президенти Курманбек Бакиев үч бөлмөлүү үйдү бекер жеринен белекке берген жок. Бул - мамлекет башчысынын бильярд спортуна жасаган камкордугу.

Б.АЛЫКУЛОВ, "Кыргыз Туусу"




  Семинар

Аялдар Конгресси дүйнөгө үлгү болот
Ушул мезгилде Кыргызстан Аялдар Конгресси инкубациялык бизнес боюнча эл аралык деңгээлдеги семинар өткөрүүдө. Бул семинар үстүбүздөгү жылдын 16-апрелине чейин улантылмакчы.
Ал эми жекшемби күнкү өткөн жолугушууда Латын Америкасынан, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан, Европадан келген меймандар менен бирге биздин кыргызстандык ишкер айымдар, 2009-жылдын октябрь айында Бразилияда өтө турган 3-Глобалдык Форумга карата даярдык көрүп, өз сунуштарын, пикирлерин билдиришти. Бул форумда Кыргызстан Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышева инкубациялык бизнес боюнча аялдар сессиясын жетектемекчи. Дүйнөлүк банктын InfoDev программасынын негизинде өтүп жаткан семинардын башкы максаты- аялзатын жекече иш баштоого кандай жол менен тартып, кандай жол менен ийгиликке жетүүгө болот мына ушуларды үйрөтүү. Белгилей кетсек, Кыргызстан Аялдар Конгресси эгемендүүлүктү алгандан тартып, тактап айтканда 16 жылдан бери 11200 кишиге бизнестин негиздерин окутуп, үйрөткөн. Ал эми 1500 кишиге компьютер менен иштөөнү үйрөтүп, ошондой эле 720 адамды англис жана түрк тилдерине окутушкан. Бир баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, Дүйнөлүк банк жарыялаган конкурста Кыргызстан Аялдар Конгрессинин инкубациялык бизнес боюнча долбоору биринчиликте турган, үлгүлүү Конгресс аталды.
Семинардын башында чет элдик конокторубуз үчүн атайын кыргыздын улуттук кийимдерин, буюмдарын тааныштырган көргөзмө уюштурулду. Анда улутубуздун символикасы болгон буюмдардын аземделип, түркүн саймалар түшүрүлүп жасалганы бардыгын тең кызыктырды.

Анара
АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу",
Сүрөттөрү автордуку




Фонд "Спасите Детей"
объявляет конкурс на замещение вакантной должности Регионального Консультанта по работе
с гражданским обществом для новой Центрально Азиатской программы по укреплению здоровья.
Фонд "Спасите Детей" - международный неправительственный общественный фонд -доставляющая незамедлительные и устойчивые улучшения в жизни детей в Кыргызстане и во всем мире.

Региональный Консультант по работе с гражданским обществом будет ответственен за успешную реализацию деятельности Фонда "Спасите Детей" по результату №4 (развитие потенциала гражданского общества), которая является неотъемлемой частью Центрально Азиатской программы по укреплению здоровья, под общим руководством организации "Джон Сноу Интернешнл". Региональный Консультант будет курировать работу Фонда "Спасите Детей" по работе с гражданским обществом в сфере здравоохранения, руководить и мониторить работу партнерских организаций, отвечать за достижение поставленных целей программы согласно суб-контракту Фонда "Спасите Детей", предоставлять отчеты лидирующей организации, управлять бюджетом программы по суб-контракту.
Требования к кандидатам:
Степень магистра или выше в сфере здравоохранения или социальных наук
Минимум 8 лет прогрессивно ответственной работы в менеджменте или в должности старшего технического сотрудника в организациях развития.
Опыт работы за пределами страны происхождения
Опыт работы в сфере укрепления услуг здравоохранения, развития профессиональных организаций, и\или организаций общинного типа
Опыт менеджирования контактов и\или кооперативных договоров USAID, знание соответствующих регуляций и правил.
Отличное умение вовлекать ключевых партнеров, включая государственных руководителей, доноров, партнеров по реализации, в дизайн, реализацию, мониторинг и оценку комплексных программ.
Отличные навыки по оказанию технической поддержки и мониторингу
Мотивированный инициативный человек, умеющий работать самостоятельно и брать на себя ответственность в сложных ситуациях
Гибкость и открытость к новым подходам
Навыки разработки бюджетов, менеджирования и мониторинга
Сильные межличностные и межкультурные навыки, умение эффективно работать в разных страновых контекстах в регионе
Сильные письменные и устные навыки коммуникации на английском и русском языках
Отличные навыки проведения тренингов и фасилитации
Знание подходов по качественному улучшению лечения, и трендов в успешных подходов общинного типа по улучшению результатов здравоохранения

Заработная плата
Заработная плата устанавливается в соответствии с опытом кандидата.

Заинтересованные кандидаты
должны направить свои резюме и сопроводительные письма
по электронному адресу: hr@savechildren.tj до 16:00 часов
16 апреля 2009 года.
В строке "Тема", пожалуйста,
укажите только:
Regional Civil Society Advisor




Государственное агентство
по туризму при Правительстве Кыргызской Республики

объявляет тендер
на закупку услуг:
- лот №1 - гостиничные услуги, проживание, питание в г.Бишкек;
- лот №2 - гостиничные услуги, проживание, питание в г.Чолпон-Ата;
- лот №3 - гостиничные услуги, проживание, питание в г.Ош;
- лот №4 - полиграфические услуги - изготовление рекламной продукции;
- лот №5 - транспортные услуги.

6. Метод закупок: ограниченные торги;

7. Окончательный срок подачи тендерных заявок: 04.05.2009 г. 10.00 часов;

8. Вскрытие тендерных заявок: 04.05.2009 г. 10 часов 00 минут по адресу: г.Бишкек, пр. Чуй, 106, каб. №405. т: 62-62-49, Батаев Б.Т.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!