, 10.04.09 - 8-бет:
  Жаңылануу Багытына ойлор, пикирлер, сунуштар

Билим берүү -мамлекеттин ишенимдүү таянычы
Өзгөрүүлөр өйдөлөөгө өбөлгө болот
Биздин турмушубуздагы эң туруктуу көрүнүш - бул өзгөрүүлөр экендиги анык. Адамдар өзгөрүүлөрдү зор үмүт жана чыдамсыздык менен күтүшөт эмеспи.
Албетте, алардын күткөнү - жакшы жагына болгон өзгөрүүлөр, ишенимдүү келечек экендиги айныксыз. Тескерисинче, коркунуч туудурган жана турмушка кедерги болгон терс көрүнүштөрдү эч кимдин каалабай тургандыгы айгине. Аң-сезимдүү адам баласы өзүнүн өрнөктүү өмүрүндө мына ушундай терс көрүнүштөр менен туруктуу күрөш жүргүзүп келери бышык.
Өлкөбүздүн саясый турмушу иш жүзүндө анын экономикасынан, духовный чөйрөсүнөн, билим берүү тармагынан, өлкөбүздүн жарандарынын ой-пикирлеринен жана таасын баа берүүсүнөн ажырагыс. Мунун бардыгын тең саясый программалар аркылуу таасындап, конкреттүү саясый иш-аракеттер аркылуу жүзөгө ашырууга мүмкүн. Мында, биринчи кезекте өлкөбүздүн потенциалыбызга, адам ресурстарына таянуу зарылчылыгы келип чыгат эмеспи.
Билим берүү баштатан бери эле мамлекеттин, бийликтин, экономиканын демократиялык системасынын, социалдык өнүгүүнүн, элдин духовный жана нравалык баюусунун эң фундаменталдуу жана ишенимдүү таянычы, болуп келгендиги ырас жана боло бермекчи. Бир тарабынан алганда мунун бардыгы тең муундан-муунга өтүп келаткан белгилүү көрүнүш. Улуу жазуучу Лев Толстой белгилегендей, "... турмуш чындыгын терең өздөштүрүү баарынан кыйын". Адам баласы көпчүлүк убактарда байкабастан тырмоону басып алышы мүмкүн. Мунун натыйжасында сабы чекеге тийип, денеси көгөрүп, жагымсыз таасирге туш келет эмеспи. Бул адам баласы үчүн эскертүүчү окуялардан болуп калышы керек. Муундардан муунга турмуштун баалуулуктары тууралуу ой жүгүртүп, илим-билим аркылуу мурас кылып калтыруу маанилүү.
Жогоруда биз мисал кылып кеткен байкоосуздан тырмоону басып алуу окуясынан алыс болууга тийишпиз. Терең акыл-эс жана омоктуу ой жүгүртүү менен турмуштун чындыгын аныктап, бактылуу жана бай жашоого аракет кылып, мамлекетибизди өнүктүрүү баарыбыздын айныксыз милдетибиз.

Жаңылануу багыты - жагымдуу жаңылык
Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде жарыяланган Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин өлкөнүн Жаңылануу багыты программасы мына ушундай мүмкүнчүлүктү сунуш кылат.
Анда өлкөбүздүн азыркы учурда саясый туруктуулукка ээ болуп, оң өзгөрүүлөрдү баштан өткөрүүгө даяр экендиги баса белгиленген. Анда айтылгандай, чыгармачыл жана жоопкер иш өлкөбүздүн социалдык жактан жооптуу ар бир адамын, жаранын жаңы иштерге шыктандырып, өнүктүрүүнүн жаңы мейкиндиктерин ачаары шексиз. Өнүктүрүүнүн башкы приоритеттеринин ичинен биз илим жана билим берүү кызматкерлерине түздөн-түз кайрылууну көрүп турабыз. Демек, интеллекти өнүктүрүүгө, улуттун ден соолугун жана билим алуусун бекемдөөгө аракет жасап, болгон аң-сезимдүү күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз. Туруктуулукту сактап, ийгиликтүү өнүгүү үчүн колдо болгон байлыгыбызды арттырып, өзүбүздүн жолубуздагы бардык кыйынчылыктарды четтетүү менен ийгиликтерге жетише тургандыгыбыз түшүнүктүү. Чындыгында эле Курманбек Салиевич бир эле кол шилтөө менен кырдаалды өзгөртүүгө болбой тургандыгын калыс белгилеген. Бул узак жана та-таал процесс экендиги анык. Ал эми эң башкысы - бул бийликтин гана эмес, ошондой эле бүтүндөй коомдун маанилүү милдети.
Жаңыланууга, өнүгүүнү тездетүүгө, гүлдөтүп өстүрүүгө болгон чакырыктар биздин тарыхыбыздагы жаңылык деле эмес. Мурда деле мындай көрүнүштөр орун алып келген. Негизгиси бардык ишти таасын жүзөгө ашыруу үчүн демилгелүү аракеттин зарыл экендиги белгилүү. Бүгүнкү документ - бул 2011-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына таянган жакшылап иштелип чыккан өнүгүүнүн узак мөөнөттүү компетенттүү программасы. Бул өлкөнү жаңы сапаттык деңгээлге алып чыгуунун ар тараптан негизделген жана масштабдуу долбоору. Бул - демократиялык принциптер, жарандардын укуктары менен эркиндиги, бул - өлкөнүн социалдык-экономикалык хартиясы, бул - финансылык жана жарандык институттар, өлкөнүн
коопсуздугу, бул - акырында, глобалдуу экономикалык жана финансылык кризистин чакырыктары.

Тарбия тайкы болбошу керек
Бизди, илимий жана педагогикалык коомчулукту, биринчи кезекте келечектин картинасын куруу үчүн эң башкы нерсе болуп саналган билим берүү жана тарбиялоо жөнүндөгү маселе толкундандырат жана кызыгуубузду арттырат.
Билим берүү системасын бекитүү жөнүндөгү тезис жалпы элдик жана толук колдоого ээ. Таасындап айтканда, ал коомдо ийгиликтүү өмүр сүрүү үчүн адамга жакшы жактарды түзүп берүүнүн эрежеси. Билим берүү жана тарбиялоо тармагындагы приоритеттер бизди билим берүүнү диверсификациялоонун жаңы деңгээлине, билим берүүнүн ар түрдүү түрлөрүн өнүктүрүүгө түрткү берет. Демек, бул максаттар таасындык менен ишке ашса, ар бир жаран өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алары бышык. Ал турмак ага үйдөн чыкпай туруп сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Дипломдун өзү да мындай кырдаалда башкача түшүнүк берет эмеспи. Ал билим берүү тармагынын башкы продуктусунан бол-бостон, кесипчилик чеберчиликти жана лич-ностту өнүктүрүүгө ар тараптан көмөк көрсөтөт.
Бул үчүн биздин коомдо бир катар максаттуу идеялар жүзөгө ашырылууда. Жогорку билим берүү системасы мезгилдин сыноосунан өтүп, бир катар, кээде кыйратуучу чакырыктардан да сыноодон ийгиликтүү өттү. Өлкөнү өйдө көтөрүүдө жана келечектеги муундун гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылууда реалдуу күч болуп калды. Бизде коомдун бардык катмарынан таланттуу жаштар арбын. Алар өздөрүнүн чыгармачыл күчтөрүн кайсы багытка жумшоону билишет. Алардын кызматына башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, илим менен техникалык прогрессти өнүктүрүү системасы муктаж. Биздин өлкөбүз үчүн тарбия берүү эң зор жана актуалдуу милдеттердин катарына айлангандыгы ар бирибизди кубандырбай койбойт. Тарбиялоо билим берүү системасынын гана эмес, ошондой эле жалпы мамлекеттин, биздин бардыгыбыздын жалпы милдетибиз экендиги ар бир аң-сезимдүү адамга жакшы тааныш. Үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин биргелешкен аракети менен гана биз кайрадан коомубузга жогорку баалуулуктарды жана бараандуу багыттарды кайрып берип, жаштарга жашоонун духовный-нравалык принциптеринин даамын таткызып, патриоттуулуктун, жарандуулуктун, активдүүлүктүн жана чыгармачылыктын жаркын сезимин кайтарып бере алабыз. Мунун бардыгын биз азыртан жүзөгө ашырууга тийишпиз. Алма быш, оозума түш деп күтүп жатуунун зарылчылыгы жок. Аракетке - берекет экендиги бул саясый документте таасын белгиленген.

Аракеттенсек эле кризистен чыгабыз
Дүйнөлүк кризис көбүнчө глобалдуу багыт алган мамлекеттерге түйшүк арттырып, андан Кыргызстан да четте калган жок.
Кризистин деми күн сайын арбыныраак сезилүүдө. Бирок, биздин коомубуз менен мамлекеттин бул оор тарыхый мезгилден эч жоготуусуз жана алдастоосуз чыгып кетүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Мында бир гана таасын эрежени колдонуубуз керек. Ал - каражатыбызга жараша жашап, ресурстарды сарамжалдуу чыгымдоо, коомдун жана өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга иштөө. Өзүнүн жеке кызыкчылыктарын коомдун кызыкчылыктарынан жогору койгондорго арабыздан орун бербөөгө тийишпиз. Билим берүү жана тарбиялоо үчүн да мындан өткөн милдет жоктур. Кыргызстандын чыныгы жарандары мына ушул маанилүү милдетти аркалаганда гана ишибиздин алга жылаары таасын.
Начар адамдар бизге башка планетадан учуп келишпейт. Алар өзүбүздүн кыртышыбыздан эле өнүп чыгып, арабыздан эле пайда болот. Мына ошондуктан коомчулук бүтүндөй коом үчүн жана ар бир адам үчүн моралдык жоопкерчиликти алып барат. Учурда бардыгы жакшылык менен акыйкатчылыктын, тынчтык менен
коопсуздуктун социалдык мамилелери менен тыгыз байланышкан жана чырмалышкан.
Биз толугу менен макул болгон дагы бир актуалдуу милдет турат. Этникалык жана конфессиялык тилектештик, Кыргызстандын бардык жарандарынын өлкөнүн келечегин аныктоого катышуусу аркылуу жаш муундарды тарбиялоо учурдун угуттуу милдеттеринен. Коомубузда жашап туруп бир дагы жаран көңүл кош жана байкоочу болуп турууга тийиш эмес. Биз, бардыгыбыз Кыргызстандын элинин бирдиктүү үй-бүлөсүнүн мүчөсүбүз.

Маданий мурастар аркылуу билим берүүнүн артык-чылыгы арбын
Маданияттын жана маданий мурастардын проблемалары тарыхтын өткөөл учурунда бардыгынан курч болоору белгилүү.
Кубаттуу билим берүүсүз, биринчи кезекте университеттик билим берүүсүз маданий багыттагы татаал проблемаларды чечүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан, маданият жана маданий мурастардын каражаты аркылуу агартуучулук ишти жүргүзүү университеттин классикалык тибинин негизги миссияларынын биринен болуп калары талашсыз. Мына ошондуктан документте кыргыз элинин маданий мурасы жана анын тарыхый-маданий потенциалы боюнча позициясы негиздүү жана так аныкталган деп ойлойм.
Билим берүү уюмдарын жана бүтүндөй эле билим берүү системасын башкарууну оптимизациялоо маселеси да биздин көз карашыбызча актуалдуу болуп саналат. Жогорку билим берүү системасын өнүктүрүү билим берүү процессинин катышуучуларын каржылоо аркылуу атаандаштык мамилелерди ыңгайлуу жөнгө салууну талап кылат.
Документте белгиленген мына ушул жана башка көптөгөн милдеттер бүтүндөй илимий-педагогикалык
коомчулуктун жана өлкөнүн башкы жогорку окуу жайынын алдына бир катар төмөндөгүдөй жаңы жана актуалдуу милдеттерди коёт. Аларга катуу атаандашуучулук рыноктук мамилелердин шарттарында билим берүүнүн долбоорлору менен программаларын иштеп чыгуу, өлкөнүн конкреттүү рыноктук керектөөлөрүнө багытталган жаңы технологияларды өнүктүрүү, экономиканын, өндүрүштүн, саясаттын, социалдык жана башка ар түрдүү чөйрөлөрдө бүтүрүүчүлөрдүн ишке болгон талабын камсыз кылуу, илимий-изилдөө ишмерчилигинде фундаменталдык жана прикладдык багыттарды өнүктүрүү, профессордук-окутуучулук курамдын сапаттуу өсүшү, студенттерди окутуунун сапатын туруктуу жогорулатуу, окуу процессине жаңы билим берүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, медиабилим берүүнү киргизүү, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин реалдуу автономияга жана өз алдынчалыкка өтүүсү өңдүү милдеттер кирет.

Сапаттуу билим берүү үчүн бардык шарттар бар
Улуттук университет өлкөнүн жогорку билим берүүсүнүн флагманы жана расмий лидери катары Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Жаңылануу багытында белгиленген негизги жана кечиктирилгис милдеттерди чечүүгө даяр.
Бизде толук баалуу жана сапат-
туу билим берүү, илимди, билим берүүнү өнүктүрүү үчүн бардык тиешелүү шарттар бар. Адам ресурстарынын туруктуу өсүп туруучу потенциалы, кесипкөй кадрлар бар, күч-кубат менен мүмкүнчүлүктөр бар, эң башкысы - өлкөнүн коомчулугу менен жогорку саясый жетекчилигинин ишеними бар.
Биз жакшы жагына болгон өзгөрүүлөргө, өлкөнү жаңылоого, анын гүлдөп-өнүгүшүнө болгон күч-аракетибизди жумшай беребиз.