, 10.04.09 - 7-бет:
  Айтибай Тагаев:

"Партиялык парламент жаңыланууга кызмат кылат"
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин узак мөөнөттүү Жаңылануу багыты жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланып, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынууда. Президент кыргызстандыктарга биргелешип жашоо идеологиясын жана келечекке биргелешип жол чабууну, алыскы болочокко сереп таштап, ошого жараша милдеттерди тактап, аларды чечүүгө өбөлгө болчу жолдорду сунуш кылды.

Төмөндө бул документ тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Айтибай Тагаев ой бөлүшөт.
- Мамлекет башчысынын Жаңылануу багыты мааниси өтө терең жана көп тармактуу, өлкө алдында турган бүгүнкү орчундуу маселелерди чечүүгө гана эмес, көбүнесе келечекке багытталган документ. Азыркы шартта ушундай программаны иштеп чыгып, аны аткаруунун ачык-айкын жолдорун сунуш кылуу - бул өлкө башчысынын саясый жетиктиги жана мамлекеттин келечеги менен элдин тагдыры үчүн камкордук.
Документте дүйнөлүк каржы кризиси мурдагы көйгөйлөрдү ого бетер курчутуп, жаңысын пайда кылгандыгы, жалпы ааламды кучагына алган азыркы учурдагы абалды жалпыбыз терең түшүнүүгө чакырык камтылган. Мамлекет башчысынын коомубузда орун алган жакырчылыктан, социалдык теңсиздиктен, коррупциядан, адеп-ахлактык жана рухий жакырдыктан арылуу процесси жайбаракат жүрүп жаткандыгына башка атуулдар сыяктуу өзү да абдан кабатыр экендигин билдирди. Мындай абалга белгилүү даражада бийликтин да тиешеси бар экендиги ачык айтылган. Чындыгында мамлекетибиздин башчысы Курманбек Салиевич Бакиев 2005-жылдын март айындагы элдик ыңкылаптан кийин бийлик башына келген биринчи эле күндөн өлкө калкын, бардык саясый күчтөрдү Кыргызстандагы биримдикти, туруктуулукту камсыз кылып, биринчи кезекте экономиканы өнүктүрүү, адамдардын бакубат турмушуна жетишүү үчүн биргелешип аракет кылууга үндөп, бүт кубатын мына ушул асыл максаттын өтөөсүнө чыгуу үчүн үрөп келет. Ал эми президент элге сунуш кылган Жаңылануу багытында "Жаңылануу иши бийлик менен жарандык коомдун биргелешкен аракетине таянып жүргүзүлүп, көз карандысыз мамлекет менен эркин жана туруктуу коомду түптөөгө жол ачат", деп айтылган. Багытты жүзөгө ашыруунун негизги шарттары катары "узак мөөнөттүү программаларды түзүп жана турмушка ашырууга жөндөмү жетик, туруктуу жана күчтүү бийлик", "программаларды түзүүгө жана ишке ашырууга иштиктүү катышып, улуттук байлыктарды тескөөдө коомдук таламдарды туткан күчтүү жарандык коом" жана " бийлик менен жарандык коомдун өз ара алака-катышынын иштиктүү механизмдери" болушу зарыл экендиги белгиленген. Президент сөз менен гана чектелбестен, бул багытта көп эле кадамдарды жасап келет. Мисалы, анын демилгеси менен Россиядан келүүчү акчалардын жумшалышын көзөмөлдөө боюнча Өнүгүү фондунун Байкоочу кеңеши түзүлүүдө, ага жарандык коом жана оппозиция өкүлдөрүн катыштыруу сунуш кылынды. Фонддогу жетекчи кызматтарды ээлөөгө жаш менеджерлердин ачык конкурсу жарыяланды.
Жаңылануу багытынын эң башкы өзгөчөлүгү анын мурда кабыл алынган стратегиялык документтерге - өлкөнү өнүктүрүүнүн Стратегиясына, өнүгүүнүн социалдык-экономикалык багыттарын ишке ашыруу жолдорун камтыган 2009-2011-жылдарга өнүктүрүү Стратегиясына, Жаңы экономикалык саясаттын концепциясына, Өкмөттүн антикризистик чараларына таянгандыгында, аны иштеп чыгууда Кыргыз Республикасын 2035-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүүгө өтүү Концепциясынын айрым жоболору эске алынгандыгында. Мен аны башынан аягына чейин социалдык документ деп баалаар элем. Анткени Жаңылануу багытынын бардык бөлүмдөрү социалдык мааниге ээ, аны менен таанышкан киши мамлекеттин коом турмушунун бардык чөйрөлөрүн жакшыртууга кызыкдар экендигин сезбей койбойт. Мисалы, экономика бөлүмүндө кризистен чыгуунун негизги жол-жоболору менен бирге эле 2009-жылы иш жүзүндө 50 миңден кем эмес жаңы жумушчу орундарын ачуу, 1 млрд. сом өлчөмүндө бюджеттик каражат тартуу менен социалдык турак-жай куруу каралган. Ал эми социалдык саясат бөлүмүндө жаңылануунун негизги багыттары гана чечмеленбестен, мамлекет өзүнө 2009-2011-жылдары жарандардын өмүрүн 70 жашка чейин узартуу, пенсиялардын орточо өлчөмүн 45 процентке көтөрүү, номиналдык айлык акыны 2,2 эсеге көтөрүү, жалпы жумушсуздук деңгээлин 8 проценттен 7,3 процентке түшүрүү сыяктуу ачык-айкын милдеттенмелерди алгандыгы айтылган. Мындай мисалдарды санап олтурсак, абдан көп. Муну Президент Курманбек Салиевич Бакиевдин бийликке келген алгачкы күндөн баштап, ишке ашырууга далалат кылып келе жаткан карапайым калктын бакубат турмушун камсыз кылууга багытталган ачык, күчтүү социалдык саясатынын айкын далили катары баалоо керек.
Документте келечекте күчтүү өлкө жана эркин, дени сак коом куруу үчүн башка зарыл шарттар менен бирге "парламентинде бир канча партия болуп, конструктивдүү оппозиция иштеп, талкуулардан жана өз ара пикир табышкандан кийин, калк менен бюджетке залакасын салмактап чыккан соң мыйзамдарды кабыл алууга жетишкен өлкө" болушу кажет экендиги тастыкталган. Ошондуктан бийлик системасын реформалоодо, президенттин Жаңылануу багытында так жана таамай аныкталгандай, "парламенттин реформа жүргүзүүгө зарыл мыйзамдар пакетин иштеп чыгуу жөндөмүн арттыруу" парламентте бир канча ири, биринчи кезекте, орто багыттагы партиялардын пайда болушуна өбөлгө түзүү керек. Ушул жерден баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, Кыргызстанда партиялык парламентти түзүү идеясын да мамлекет башчысы Курманбек Салиевич 2005-жылдан баштап, өлкө ичиндеги жана эл аралык деңгээлдеги ар кандай аудиторияларда айтып келген. Анын бул максаты 2007-жылдын октябрь айында ишке ашып, республиканын Негизги мыйзамынын жана Шайлоо кодексинин жаңы редакциялары бүткүл элдик добуш берүү менен кабыл алынып, мамлекетибиздин саясый системасында мурда болуп көрбөгөн чоң өзгөрүүлөр ишке ашты. Андан соң республика Жогорку Кеңеши таркатылып, мөөнөтүнөн мурда партиялык тизме боюнча праламенттик шайлоолор болду.
Дегинкиси, өткөн жылкы парламенттик шайлоолордон кийин өлкөдө туруктуу жана ачык-айкын көп партиялуу саясый системаны түзүү үчүн бардык зарыл болгон шарттар пайда болду, анын алкагында партиялардын маани-маңызы абдан жогорулады. Партиялар калктын кызыкчылыгын коргоо үчүн, коом менен бийликтин конструктивдүү диалогун камсыз кылуу үчүн, адамдардын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө батыл аралашуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту. Ал эми Кыргызстанды мекендеген көптөгөн улуттардын өкүлдөрүн, өлкөбүздүн патриотторун бириктирген, республиканын бардык аймактарын камтыган реалдуу саясый күчкө айланган "Ак Жол" Элдик партиясы Жогорку Кеңештеги көпчүлүк орунду ээлеген партия болуп калды. Андан тышкары парламентте Кыргызстан Коммунисттик партиясынын жана республикалык социал-демократтар партиясынын депутаттык фракциялары үзүрдүү иштеп жатышат.
Парламенттеги көпчүлүк орунду ээлеген "Ак Жол" Элдик партиясынын фракциясы, коммунисттер фракциясы жана бийликке оппозициялык маанайдагы социал-демократтар фракциясы да дискуссияларга ар дайым ачык, парламентте кимдер тарабынан болбосун сунуш кылынган иштиктүү идеялар менен демилгелер тууралуу сөз кылууга даярбыз. Депутаттар көпчүлүк учурда талкууланып жаткан теманын айланасында так, ачык-айкын жана кесипкөйлүк менен сөз болушуна умтулушат. Кандай гана татаал маселе талкууланбасын, депутаттардын партиялуулугу эмес, биз үчүн алардын кесипкөйлүгү, каралып жаткан маселени ийне-жибине чейин чечмелеп, проблемаларды чечүүнүн жолдорун көрө билгендиги мааниге ээ. Комитеттерде, фракциялардын отурумдарында айтылган бардык пикирлер жана сунуштар талданып, парламенттин практикалык ишмердигинде пайдаланылат.
Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы катары парламенттеги бардык депутаттарга бирдей, адилет жана калыс мамиле жасоо - менин милдетим. Бул кызматка киришип жатканда Президент Курманбек Салиевич мага "Депутаттарды фракциялар боюнча, өз жана жат деп бөлүүнүн кереги жок. Сиз, төрага катары, бардык депутаттар жана фракциялар менен иштөөгө жана аларга бирдей мамиле жасоого тийишсиз", - деген. Ошондуктан мен фракциялардын жетекчилери менен тез-тез жолугушуп, алар менен жемиштүү кызматташууга аракеттенип келем. Бул үчүн фракциялардын отурумдарына катышып, депутаттардын ой-пикирлерин жакындан билүүгө, фракциялардын ортосунда данакер болууга умтулам. Белгилеп коюучу нерсе, бул маектешүүлөрдөн улам мен өз ишимде пайдасы тийе турган көп нерселерди табам. Ал эми парламентте талкууланган маселелер боюнча ар кыл көз караштардын болушу, талаш-тартыштар - бул демократиялык өлкөлөрдөгү бардык эле парламенттерге мүнөздүү нерсе. Андан коркпош керек. Бирок ар кыл көз караштардын күрөшү, идеялардын таймашы Кыргызстандын кызыкчылыгына кызмат кыла тургандай маанай, кырдаал түзүү - төраганын парызы. Эң башкысы, парламенттеги фракциялардын депутаттарынын бардыгынын эле тилеги - Кыргызстандын келечеги үчүн кызмат кылуу. Демек, биргелешип эл үчүн, Мекен үчүн иштөөгө бардык шарттар бар.
Тилекке каршы, айрым учурларда парламенттеги ар кандай саясый көз караштагы фракциялар эки жээкте туруп алышып, тигил, же бул маселени ар кимиси өз пайдасына чечүүгө тырышат да, парламент залындагы тирешүү апогейине жетет. Ушундай келишкис кырдаалда парламентте орто багыттагы позицияны ээлеп, улуттук кызыкчылыкты коргоп чыккан саясый күчтүн зарылдыгы сезилип калат. Ошондуктан, келечекте "парламентте бир канча ири, биринчи кезекте, орто багыттагы партиялардын пайда болушуна өбөлгө түзүү" жөнүндөгү мамлекет башчысынын оюнда кадик жок.
Парламентте бир партиянын өкүлдөрү конституциялык көпчүлүктү түзгөнүнө нааразы болгон пикирлер кээде айтыла калып жүрөт. Менин оюмча, мунун тескери жагына караганда, оң натыйжасы көп экендигин эл деле түшүнүп турат. Азыркы катаал мезгилде баш аягы жок талаш-тартыштардан башы чыкпаган мурдагы парламент кала бергенде, парламентте деструктивдүү күчтөр басымдуулук кылса, мамлекет кызыкчылыгына жана коом турмушуна чоң кедергиси тиймек. Анын үстүнө бизде жүздөн ашуун саясый партиялар болгону менен өлкөдөгү кырдаал үчүн, ал эми эң башкысы, азыркы дүйнөлүк кризис шартында мамлекетибиздин эртеңи үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр партиялар алардын арасында жок экендиги жалпы журтка айгине. Президент К. Бакиев туура белгилегендей, бизге дал ушундай бүткүл элдин - Кыргызстан элинин партиясы зарыл болчу. Өлкө башчысы жетектеген "Ак Жол" партиясын башкалардан айырмалап турган башкы сапат - бул кээ бир партиялардын реалдуу турмуштан эчак алыстап калган лидерлери сыяктуу элди "кыялдагы жыргал турмушка" чакырбастан, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чыңдоо, экономиканы өнүктүрүү үчүн, кыргызстандыктардын бакубат турмушун камсыз кылуу үчүн эмне кылып, кандай кадамдарды жасоо керектигин так билгендиги жана өлкө тагдыры үчүн жоопкерчиликти толук моюнга алууга даяр экендиги. Албетте, партиялык парламент турмушу мезгил менен тең адымдап, анда келечекте сапаттык өзгөрүүлөр болору шексиз. Ал эми Кыргызстандын азыркы партиялык парламенти үзүрдүү иштеп жатат жана ал өлкөнү жаңылоого, алдыда турган албан милдеттерди ишке ашырууга жемиштүү кызмат кыла бермекчи.
Төраганын пикирин
кагазга түшүргөн
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"





  Спорт

Ден соолук баарынан кымбат
Өткөн жекшемби күнү чуркоону сүйүүчүлөрдүн борбордук "Алмаз" клубунун мүчөлөрү Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук Күнүнө карата кезектеги спорттук майрамды уюштурушту. Ден соолукту чыңдоого багытталган Эл аралык бул демилгени бир гана "Алмаз" клубунун мүчөлөрү колдошуп ар түрдүү дистанцияларга мелдештерди өткөрдү. Башка тиешелүү мекемелер, бийлик өкүлдөрү көңүл бурушкан да жок.
Алмазчылар ден соолук Күнүн өз күчтөрү менен гана белгилешти.
Ошентсе да майрам көңүлдүү өтүп, клубдун президенти Михаил Дунаев кыймылга болгон муктаждык жаш менен кошо өсөт тура деп айтты. Чынында кыргызстандыктардын ден соолугу үчүн жоопкер чиновниктерибиздин чыркыраган чындыкка жеткиликтүү маани беришпегендиги өкүндүрөт.
Алмазчылар буга дейре Нооруз майрамын да өтө уюшкандыкта өткөрүшкөн болчу. Эсте калчу ал күнү көп чакырымга чуркоочулардын күйөрмандары өздөрүн 3 жана 6 чакырымдык аралыкка гана эмес, жарым марафондук аралыкта да (21 чакырымдан ашык) сынап көрүштү. Жаш күлүктөр менен катар клубдун 60-70 жаштагы ардагер мүчөлөрү - Николай Вязов, Федор Доценко, Юрий Снатков жана Рохман Исмаилханов бул татаал сыноону ийгиликтүү жыйынтыкташты. Ал эми аялдардын арасынан Елена Семенова жана Юлия Пенкина өзгөчөлөнүштү.
Марип Тайчабаров,
"Кыргыз Туусу"




  Директорлор жыйыны

Билим алууну каалагандар арбын, бирок билимдүүлөр өтө аз
Кесиптик орто окуу жайларында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мектеп директорлорунун жыйыны болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Б.Кубаев катышып, өз сөзүндө азыр кесипкөй адистер болбосо иштин алдыга жылбасын баса белгиледи.
Өзүбүз жакшы билгендей, учурда көпчүлүк өспүрүмдөр мектепте 11-класска чейин окууну каалашпайт. Балдарынын мындай оюна макул болгон да, каршы чыккан ата-энелер да бар. Ал эми жаш балдардын максаты - тез эле окууну аяктап, тез эле адистиги боюнча диплом алуу. Билим берүү жана илим министринин орун басары Б.Кубаевдин сөзүнө караганда: "Билим алууга умтулган адамдардын саны 98% ды түзөт. Бирок, тилекке каршы, билимдүү адамдардын саны 12-15 гана пайыз. Ошондуктан, бүгүнкү күндө билим берүүнүн сапатын жакшыртуу биринчи орунда турушу зарыл". Жыйында адистерди даярдоодо мугалимдердин сабак берүү ыкмаларын өзгөртүү керектиги айтылды. Ошондой эле мугалимдерди жаңы ыкмага даярдап, бир сыйра окутуш керек деп белгилешти. Аталган жыйында кесиптик орто окуу жайларынын билим берүү боюнча мамлекеттик стандартынын макети кабыл алынды.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"