, 10.04.09 - 23-бет: Cыдыков Жеңишбек
Кадыралиевич
Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент - мүчөсү, Россия Федерациясынын педагогикалык жана коомдук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Лингвистика жана жаңы маалымат технологиялары кафедрасынын башчысы, көрүнүктүү коомдук ишмер, таланттуу тилчи - окумуштуу Сыдыков Жеңишбек Кадыралиевич 2009-жылдын 3-апрелинде 64 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
Сыдыков Жеңишбек Кадыралиевич 1945-жылы 15-сентябрда Нарын облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулган. 1962-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетине кирип, аны 1967-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун Ак-Талаа районундагы М. Ломоносов атындагы орто мектепте англис тили мугалими болуп баштаган. 1969-1972-жылдары СССР Илимдер академиясынын Тил илими институтунда аспирантурада окуган. Илимий жолун 1973-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун эксперименталдык лингвистика лабораториясында кенже илимий кызматкерликтен баштаган. 1975-жылдан баштап КРнын УИАнын Тил жана адабият институтунун Чет тилдер кафедрасында кафедра башчысы болуп иштеп, аталган институттун илимий иштери боюнча директорунун орун басары, кийин институттун директору болуп иштеген.
Ж.К.Сыдыков 40 жылдай талыкпаган эмгегин илим-изилдөө багытына арнаган. Ал 1973-жылы кыргыз тилиндеги үндүүлөргө эксперименталдык фонетикалык изилдөө боюнча кандидаттык, 1991-жылы азыркы кыргыз адабий тилинин жана диалектилеринин фонетикалык түзүлүшү боюнча докторлук диссертациясын жактаган. Ж.К.Сыдыков илимий адистерди даярдоодо да активдүү иш алып барган. Анын жетекчилиги менен бир нече докторлук жана кандидаттык диссертациялар жакталган.
Ж.К.Сыдыков өмүрүнүн акыркы жылдары Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде эмгектенип, тил илимин изилдөөдө жаңы маалыматтык жана заманбап компьютердик технологияларын колдонуу менен Колдонмо тил илимин өнүктүрүү максатында Кыргызстанда алгачкылардан болуп Лингвистика жана жаңы маалымат технологиялары кафедрасын ачып, ушул багытта адистерди даярдап чыгара баштаган. Ошондой эле Ж.К. Сыдыковдун жетекчилигинде Н.Исанов атындагы КМКТАУ менен КРнын УИАнын Тил илимдер институтунун ортосундагы келишимдин негизинде "Лингвистика жана жаңы маалымат технологиялары" окутуу жана изилдөө борборун түздү.
Ж.К.Сыдыковдун демилгеси менен ушул борбордо жаңы "Тил илими институтунун маалымат фондусунун электрондук базасын түзүү" долбоорунун үстүндө иштеп башташкан.
Ж.К.Сыдыков кафедрадагы илимий иштерди активдештирүүдө өзүнүн зор салымын кошту. Ушул кыска мөөнөттө бир нече тил илимдеринин кандидаттарын жана магистранттарын даярдап чыгарды.
Жеңишбек Кадыралиевич Сыдыковдун жаркын элеси кесиптештеринин, окуучуларынын эсинде түбөлүк сакталат.

Н.Исанов атындагы
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректораты,
профсоюз комитети жана жалпы жамаат




Ситчихин Петр Ефимович
Шум ажал күтүүсүздөн биздин арабыздан эмгектин ардагери, кадырлуу аксакалыбыз, Түп районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Ситчихин Петр Ефимовичти алып кетти. Маркум ардактуу эс алууга чыкса да, иш десе алдындагы ашын жерге коюп, эли үчүн бардык күч аракетин жумшап келген.
Ситчихин Петр Ефимович 1941-жылы РСФСРдин Омут районунун Ворон айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1963-жылы Советтик Армиянын жолдомосу менен К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун агроном факультетине тапшырып, аны 1968-жылы ийгиликтүү аяктаган. Жогорку окуу жайынан кийин, өзүнүн эмгек жолун Түп районунун аткаруу комитетинин айыл чарба башкармасында ага агроном болуп иштөө менен баштаган.
1971-1975-жылдары Түп районунун "Маяк" совхозунун башкы агроному, 1975-1976-жылдары Түп районунун СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхозунун парткомунун катчысы, 1976-1979-жылдары Кыргыз ССРинин Түп райондук коммунисттик партия комитетинин 2-катчысы, 1979-1982-жылдары Түп райондук аткаруу комитетинин төрагасы, 1982-1985-жылдары Кыргыз ССРинин Түп райондук коммунисттик партия комитетинин 1-катчысы, 1985-1991-жылдары Түп районунун СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхозунун төрагасы болуп үзүрлүү эмгектенип келген.
Кыргыз мамлекети өз эгемендүүлүгүн жарыялагандан баштап, Ситчихин Петр Ефимович өзүнүн бай тажрыйбасын, кесиптик жогорку билимдүүлүгүн, уюштургуч касиеттерин жаш өлкөбүздүн келечеги үчүн талыкпастан жумшап келген. 1994-жылдан баштап, 2008-жылга чейин Түп райондук мамлекеттик администрациясынын экономика бөлүмүнүн башчысы, райондук каржы башкармасынын жана Ысык-Көл облусунун экономиканы өнүктүрүү, өнөр жай жана соода башкармасынын алдыңкы адиси кызматтарында иштеген. 2008-жылдан баштап, өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Түп райондук ардагерлер кеңешин жетектеп келген.
Мамлекет алдында жигердүү эмгеги үчүн "Ардак белгиси" ордени, "В.И.Лениндин 100 жылдык" юбилейлик медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин ардак грамотасы менен сыйланган.
Ситчихин Петр Ефимович кайсы убакта, кандай кызматта иштебесин, иштин көзүн билгендигин, маселени өз учурунда чечүүгө жөндөмдүү жетекчи катары өзүн көрсөтө алган. Ал чоң үй-бүлөнүн мээримдүү, сүйүктүү атасы эле.
Ал өзүнүн токтоо мүнөзү, адамдарга жасаган жаркын мамилеси менен биздин эсибизде түбөлүккө кала бермекчи.
Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун.
К.Исаев, К.Алышбаев, С.Мамедова, М.Мукамбетов, У.Айтбаев, Э.Эсеналиев, Б.Исабеков, Г.Жүзүмалиева, Н.Алиев, К.Молдоев, С.Керимкулов, Т.Өмүркулов, Т.Султаналиев, Т.Чекиев, Т.Мансуров, Б.Купешов, Ж.Жээналиев, А.Асакеев, Ш.Кожобекова, Т.Субанов.