, 10.04.09 - 18-бет:
  Токойдо түмөн түйшүк бар

Көчөттөн байыган Фрунзе токой чарбасы
"Кыргыз Туусу" гезити жаратылышка, айлана-чөйрөнү коргоого, экологияга, токой чарбаларын өнүктүрүүгө байланышкан көйгөйлүү материалдарды дайыма үзбөй берип келет. Адамзаттын жашоо-турмушу менен тыгыз байланышкан жаратылышты коргоо маселеси мурдатан эле курч коюлуп келген жана бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жогото элек. Гезитибиздин жакынкы сандарында республиканын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттиктин деректири Арстанбек Давлеткелдиевдин өзү жетектеген агенттиктин бүгүнкү күндө жүргүзүп жаткан жана алдыда аткарыла турган иш-аракеттери, Талас облусундагы Кара-Буура токой чарбасынын деректири Жаныбек Кушубаковдун токой чарбасына байланышкан көйгөйлүү маселелерди камтыган макаласын окурмандар таразасына коймокчубуз.
Ал эми бүгүн Бишкектин айланасын токой массивдери менен көрктөндүрүүдө эбегейсиз салым кошкон Фрунзе механизациялашкан токой чарбасы жана анын кечээгиси, келечеги тууралуу деректири Исабек Абдыгазиевдин ой толгоолорун кеңири баяндамакчыбыз.


Атына заты төп келген шаар
Борбор калаабыз Бишкек атына которулганга чейин Фрунзе деп аталып келгени көпчүлүккө маалым. Белгилүү аскер кол башчысы Михаил Фрунзенин фамилиясы молдаван тилинен которгондо "жашыл жалбырак" деген түшүнүктү билдирет экен. Фрунзе шаары, анын көркөмдүгү, сулуулугу, ажайып көрк берген гүлбактары, парктары тууралуу эчендеген ырлар, поэмалар жаралган. Эми ошол бирин-серин тал-терек, кара бактар өскөн кагыраган калаа жашыл шаарга айланып, келген туристтерди суктанткан.
1870-жылдары орус көчмөндөрүнүн бири Фетисов аттуу багбан өз короосуна, кийинчерээк азыркы Кара жыгач паркына тал-теректердин, кара жыгачтардын, кайыңдын, алма, өрүктүн көчөттөрүн олтургузган. Мына ушул парктын базасында Пишпек токойчулугу түзүлүп, кийин 1927-жылы Фрунзе токой чарбасы болуп уюшулган.

Токой чарбасы, калыптануу мезгили
Эгерде 1927-жылы биздин токой чарбабыз бардыгы 7 миң гектар (анын ичинен токой баскан аянты 0,7 пайызды түзгөн) аянтты иштетсе, бүгүнкү күндө жалпы токой баскан аянтыбыз 1706,9 гектарды түзөт. Башкача айтканда токойлуу аянттарыбыз беш эсеге жакын өскөн. Азыр биздин токой чарбабыз төрт: Фрунзе,Төмөнкү Ала-Арча, Манас жана Сокулук токойчулуктарынан турат.
Республикабыздын көпчүлүк тургундары "Манас" аэропортун жакшы билишет. Ага бараткан жолдун жээктери, аэропорттун тегереги-бойлору асман керген ар түрдүү теректер, карагайлар менен курчалган. Мына ушул жашыл аллеяларды жараткандар биздин токой чарбабыздын күжүрмөндөрү: Людмила Блэк, Ольга Барсукова, Күлдарика Асылбекова жана башка кызматкерлерибиз. Кагырап ээн жаткан көрксүз, уюлгуп чаңы сапырылган талаа жашыл оазиске айланды. 1963-жылга чейин жылына жүз гектарга жакын мурда каралбаган аянттарга жаңы өсүмдүктөрдүн көчөттөрү олтургузулуп, токой чарба ээлеген аянттардын саны көбөйүп турган.
Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын тегереги шаар тургундарынын сүйүктүү эс алуучу жайына айланып, бүгүнкү күндө да токойдун билинбеген сыйкырдуу күчү адамдарды өзүнө тартып турат.
1980-жылдары сугат суусу тартыш Манас токойчулугунда үч скважина бургуланып, жер астына суу түтүктөрү орнотулган. Бул скважиналар менен 60 гектарга жакын аянттын бак-дарактары сугарылат. Белогорка капчы-гайындагы Сокулук токойчулугуна да бир скважина орнотулуп, суу жетпеген өр жерлердеги жаңы көчөттөрдү сугарууга мүмкүнчүлүк болду.
Биздин токой чарба көчөттөрдү көбөйтүп, токой тилкелерине олтургузуу менен гана чектелбестен, мурда борбор калаабыздын тургундарын жемиш бактары, роза гүлү менен да камсыз кылуучу эле. Азыр чарбага пайда келтирүүнүн бир булагы болгон бул иш-чара убактылуу токтоп калды.

Кубанычбек Сыйдановго ыраазыбыз
Кыргыз Өкмөтүнүн атайын токтому менен айдоого жараксыз, айыл өкмөттөрү толук пайдаланбаган жайыт жерлерин токой чарбага өткөрүп берүү тууралуу токтому чыккан. Биз токой чарба ээлеген аянттарга туташ жайыт, токой баскан аянттарды өзүбүзгө алып, токой чарбасын өнүктүрүү аракети менен Чүй облусунун ошол кездеги губернатору Кубанычбек Сыйдановго кайрылганыбызда ал биздин суроо-өтүнүчүбүзгө түшүнүү менен мамиле кылып, Сокулук жана Аламүдүн райондорунан жерлерди бөлүп берүү тууралуу чечим чыгарган. Эми Сокулук районунун аймагынан 24700 гектар, Аламүдүн районунан 33 миң гектар жерлер райондук кеңештердин сессияларында каралып, атайын чечим менен бизге өткөрүлүп берилди. Биздин милдет ээлеген аянттардын санын арттыруу эмес - анын кайтарымдуулугун, элге тийгизген пайдасын арттыруу. Албетте, бул иш-чаралар кошумча адам күчүн, каражат талап кылат. Бирок, ал чыгымдарды пайда көрүү менен кайрып алуунун жолдорун табышыбыз керек.

Калыс-Ордодогулар калыс болушса...
Бишкектин айлана-тегерегиндеги айдоо жерлердин жеке турак-жай салуучуларга участок катары берилгени мурда олтургузулуп, табигатка көрк берген бак-дарактардын кескин кыскарышына алып келгени өкүнүчтүү. Калыс-Ордо жаңы конушундагы тургундар Манас токойчулугуна караган токой массивдерин жырткычтык менен кыйып, отунга пайдалана башташкандары жаратылышка кайдыгер мамилеси деп түшүнөм. Мында иштеген үч-төрт токойчу каккан казыктай болуп күнү-түнү токой четинде туруп дайыма көз сала албайт. Эми бизге тиешелүү мындагы токой аянттары үй салуу үчүн участокторго айланып кетпесе деп камтама болом. Дегеле Бишкектин тегерегинен жер участокторун берүүгө мораторий жарыялап, чектөө коюлбаса, бара-бара Бишкек шаарыбыз өзүнүн статусуна жооп бере албаган ахыбалга келет.

Көчөт өстүрүү - токойду сактап калуу
Токойдо, көчө боюндагы, гүлбактардагы, парктардагы азыр өсүп турган өсүмдүктөр да мезгилге жараша картаят, чирийт. Аларды алмаштырып, улам жаңыларын олтургузбаса бул аянттардын кескин кыскарышына алып келээри белгилүү. Биздин токой чарбада көчөт өстүрүүчү питомниктер жоюлуп, айрым чарбага тиешелүү курулуштар, имараттар менчиктештирилип кеткен экен. Дегеле токой чарбасын питомниксиз элестетүү мүмкүн эмес. Токойчу жаңы токой тилкесин өздөштүрүп, көчөт олтургузбаса анын жасаган иши да көзгө көрүнбөй, элге айтылбай калат.
Буга чейин өзүнүн питомниги жок биздин токой чарба Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнөн 2 гектар, Көк-Жар айылынын тургуну Бейшекеев Дүйшөндүн 3 гектар жер үлүшүн ижарага алып жүрүшкөн экен. Эми жоопкерсиз мамилени ушундан бил, ал акы төлөп ижарага алган жерлери кунарсыз, таштак, сугат суусу тартыш болгондуктан анда өстүрүлгөн көчөттөрдүн өнүмдүүлүгү, сапаты тууралуу сөз кылуунун деле кажети жоктой. Өзүбүзгө тиешелүү түз, топурагы кара,химиялык заттарга бай аянттар тандалып, 2008-жылы Фрунзе токойчулугунда 1,8 га, Төмөнкү Ала-Арча токойчулугунда 2,5 га, Манас токойчулугунда 7 га, Сокулук токойчулугунда 0,5 га тоңдурмага айдалып көчөттөрдүн үрөндөрү себилген. Үрөндөн өскөн көчөттөр жаңы уюштурулган питомниктерге көчүрүлдү.
Ал эми өстүрүлгөн көчөттөрдү ишкана-уюмдарга, жеке адамдарга сатуудан 2007-жылы 231 миң сом түшсө, 2008-жылы бул көрсөткүч 1,86 млн. сомго жетти. Быйылкы жылы да жалаң көчөт өстүрүүдөн 1,5 млн. сомго жакын таза киреше алабыз деген оюбуз бар.
Буга дагы кошумчалай кетерим, эгер буга чейин карагай, башка өсүмдүктөрдүн уруктарын республикадагы башка токой чарбалардан, жеке адамдардан сатылып алынып келген болсо, эми бизде иштеген токойчуларга атайын план берилип жалпы токой чарбасы боюнча 37 кг. карагайдын тазаланган жана жалпы 1 тоннага жакын ийне жалбырактуу, жалбырактуу жана бадалдардын уруктары чогултулган.
2008-жылы жеке биздин токойчулардын күчү менен 30 гектар токой фондунун жерине, токой фондунан тышкары айыл өкмөттөрүнүн, жеке адамдардын 15 гектар жерлерине көчөттөр олтургузулган. Бул кийинки жылдары токой чарбабыз көчөт олтургузуунун жана сатуунун көлөмүн көбөйтөт дегендикке жатат.

Токойчуларга көрүлгөн камкордук
Жана башында эскертип кеткендей, колдо болгон техника таланып-тонолуп, колдо бары пайдаланууга жараксыз абалга жеткен экен. Өзүбүз топтогон каражатты жумшап 1 дөңгөлөктүү, 2 каз тамандуу тракторду, бир ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автомашинаны ишке киргизгени чарба жумуштарын жүргүзүү кыйла илгериледи. Буга кошумча дагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 2 жүк ташуучу жол тандабаган, 1 суу ташуучу
КамАЗ автомашиналарын алып колубуз дагы узарды. Эми бул техникаларды сарамжалдуу, чарбанын ишин илгерилетүү үчүн пайдалансак киреше гана алып келет.
Өзүбүздүн токойчуларды ат менен камсыз кылуу үчүн аракеттер да көрүлүп, колдогу 11 баш жылкыны көбөйтүүгө далалат кылуудабыз.
Манас токойчулугунда токойчулар үчүн кеңсе, үй катары пайдаланууга өз күчүбүз менен турак-жай курулду. Ал жерде жашаган үй-бүлө электр, кургак отун менен камсыз кылынды.
Бизде иштеген токойчунун орточо айлыгы 1,6 миң сомду түзөт. Бул албетте, аз, азыркы учурга, мезгил талабына жооп бере алат дегенден алысмын. Токой чарбасы боюнча атайын каражаттардан түшкөн кирешелер 2007-жылы 2,8 млн. сомду түзсө, 2008-жылы 327 миңге өсүш болду. Демек, биздин адистер, токойчулар иштин көзүн таап, изденсе, аракеттенсе, эмгек кылса өзүлөрү үчүн материалдык базаларын түзүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар, дагы өрчүтсө болот.

Эл эмгектен баалайт...
Адам баласы өз өмүрүндө үй салып, бала тарбиялап, анан бак өстүрүшү керек, бул адамдын аткара турган милдети деп көп мезгилдерден бери айтылып келет. Мына ушул акыл-насаатты, улуулардан калган акылман сөздү токойчулар даана аткарып жатышат дээр элем. Биздин тармакта эмгектенгендер олтургузган көчөттөрдүн так эсебин деле билишпесе керек.
Бирок, кадимки бой керип, асман тиреген теректердин, карагайлардын мына ушундай деңгээлге жетиши үчүн бир нече ондогон жылдар талап кылынат. Демек, алардын өсүп өнүгүү процесси абдан жай. Токойчу деле адам, маңдайына жазылган тагдыры менен буйруган жашты жашайт. Анан бир мезгилде "тээ кайсы бир жылдары мен олтургузган токой тилкеси экен", - деп көйкөлгөн, жалбырактары шуулдаган карагайды карап небере-чөбөрөлөрүнө кеп салып берет. Мусулманчылыкта соопчулукка тете бул кесипти аркалагандардын арасында болгонума сүйүнөм, сыймыктанам.
Аймагыбыз кичине болгону менен мурдагы Советтер Союзунун бардык жаңгак токойлорунун аянтынын жарымы, бадам токойлорунун үчтөн бири, жапайы алма токойлорунун 60 пайызы биздин аймакта өсөөрү биз үчүн сыймык, жоопкерчиликтүү.
Жалпы токой кызматкерлеринин, жалпы Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын милдети - бул элибиздин жалпы байлыгыбызды сактап, урпактарга бүлүндүрбөй жеткизүү.
Жазып алган
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"