, 07.04.09 - 5-бет:
  Ала-Тоо аймагында

10 миңге жакын кароосуз балдар бар
КРнын вице-премьер-министри Өктөмхан Абдуллаеванын кечээ Жогорку Кеңештин жаштар, гендердик саясат, денетарбия жана спорт комитетинин жыйынында билдиргенине караганда республикабыз боюнча 10 миңге жакын кароосуз калган балдар бар. Мындан тышкары 23 миң мектеп жашындагы балдар кара жумуш жасап өз жанын багаарын билдирди. Ө.Абдуллаеванын пикири боюнча үй-бүлөнү чыңдоого көбүрөөк көңүл буруу керек.

Жумушсуздук кулчулукка түртөт
Миграция боюнча эл аралык уюмдун билдирүүсүнө караганда Ош облусунда жылына үч миңден ашык киши адам сатуунун курмандыгына кабылат. Мындай маалыматты Оштогу "Голден Гоал" коомдук уюмунун президенти Алишер Мамажанов билдирди. Анын айтымында адам сатуунун эң кеңири тараган түрү - бул эмгек эскплуатациясы. Ошондой эле акыркы жылдары жаш балдарды сатуу өнөкөтү күч алган. Өткөн жылы укук коргоо кызматкерлери тарабынан адам сатууга байланышкан 10 кылмыш иши козголгон. "Эмгек эксплуатациясы боюнча негизинен Россия, Казакстан өлкөлөрүнө сатылса, аялдарды жана кыздарды сексуалдык экспулатация боюнча Түркия, Араб Эмиратына сатылат", - дейт А.Мамажанов.

Ашкере чыгымга 10 миң сом айып
Айылдын жашоочулары билдиришкендей, жакында бул аймактын аксакалдары менен эли маркумдуу акыркы сапарга узатууда, анын кыркылыгын, бир жылдыгын өткөрүүдө, Орозо жана Курман айттарда ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө чечимин кабыл алышты. Мисалы, маркумду акыркы сапарга узатууда мурдагыдай уй же жылкынын ордуна экиден ашык кой союлбайт. Эгер ким бул тартипти бузса, анда 10 миң сом айып төлөйт. "Кыргыз Туусунун" ысырапкорчулукка каршы демилгеси ошентип ноокендиктерден да колдоо тапты.

Быйыл кант кызылчасы көп айдалабы?
Быйыл Чүйдөгү 14 миң гектар аянтка кант кызылчасы айдалышы керек. Бул туурасында Чүй облусунун губернатору Болоткан Кумаров билдирди. Быйыл "Кайыңды- Кант" жана "Кошой" ишканасы чийки затты башка өлкөлөрдөн эмес, жергиликтүү дыйкандардан кабыл алышат. Келишимге ылайык эми аймактагы 14 миң гектар аянтка кызылчанын үрөнү себилиш керек. Бирок быйыл чүйлүк дыйкандар талаага көбүн эсе буудайдын уругун себүүдө, себеби алар бир нече жыл өстүргөн кызылчасынан өтө чоң чыгымга учурашкан. Ага карабай облустук бийлик айыл өкмөт башчыларына күчөтүлгөн тапшырма берип, кант кызылчасынын аянтын жок дегенде 10 миң гектарга жеткирүүнү көздөөдө. Былтыр кант кызылчасы 830 гана гектарга себилген.

Кытай алмасын жесең ууланасың
Таласта Кытай Эл Республикасынан ташылып келинген ар кандай жашылча-жемиштердин, мөмөлөрдүн, кургатылган ар түрдүү кактардын сатылышына тыюу салынып жатат. Анткени Талас районунун Көк-Ой айлынан 30-31-мартта бир үй-бүлө "превосходный" сорттундагы кытай алмасын жеп ууланган. 29 жаштагы апасы, 8 жаштагы кызы жана 4 жашар бала жабыр тартып, ооруканага жеткирилген. Кытайдан ташылып келген мөмө жемиштер, буудай дан азыктары "Гептохлор" уулуу химикаты менен дарылангандыктан жакшы сакталып, сакталуу мөөнөтү узарган сайын уулуулугу артылат.

Президенттикке алгачкы талапкер БШКга арыз берди
БШКга өзүн президенттикке талапкер катары каттоо арызын мурдагы Кыргызстан патриоттук партиясынын түзүүчүсү Назарбек Нышанов берди. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун билдирүүсү боюнча, арыз берген талапкер эми комиссияга өзүнүн 50 адамдан турган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн документтерин алып келип, кол топтоого уруксаат алышы керек. Шайлоо Кодексинин 27-28-беренелерине ылайык БШК талапкердин тиешелүү документтеринин негизинде ыйгарым өкүлдөрү боюнча чечим кабыл алгандан кийин кол чогултуу ишине кирише алат.

Газын кымбаттаткан Өзбекстан сууга зарыгууда
Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министрлиги тараткан маалыматка караганда 10-апрелге чейин Өзбекстандын суу жана энергетика боюнча уюм жетекчилери келишип, ушул жайда суу сатуу жана энергетика боюнча протоколго кол коюшат. Мындай чечим Арал деңизин сактоо боюнча эл аралык кордун түзүүчүлөрү болгон Борбор Азиядагы мамлекеттердин башчыларынын жакында Алматы шаарында боло турган саммитинин күн тартиби талкууланган жыйында кабыл алынды.

Кыргызстан инсульттан көз жумгандардын саны боюнча биринчи орунда турат
Евразия аймагы боюнча Кыргызстан инсульттун айынан көз жумгандардын саны боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу Бишкекте жүрөк оорулары боюнча өтүп жаткан эки күндүк илимий жыйында айтылды. Жыл сайын өлкөдө көз жумгандардын 48 % жүрөк ооруларына дал келет. Жүрөк ооруларынын диагностикасы үчүн заманбап технологияларга арналган жыйынга Орусиядан окумуштуулар чакырылып, ага өлкө аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер катышты.




Аалам алкагында
Бүгүн кыргыз-кытай чек арасы кайрадан ачылат
7-апрелде эртең менен кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы кайрадан ачылат. Бул туурасында Кыргызстандын Чегара кызматынан билдиришти. Кыргыз-кытай чек арасы Кытайда Сичуандагы жер титирөөнүн курмандыктарына аза күтүү күнү өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу 4-апрелден 6-апрелге чейин жабылган.

Обаманын китеби Британиянын сыйлыгын алды
АКШнын президенти Барак Обаманын "Атамдын тилеги" деген китеби "Мыкты өмүр баян" категориясында британиялык Galaxy British Book Awards сыйлыгы менен сыйланды. Обама өмүр баянында 1964-жылы келечектеги президент эки жарым жашында үй-бүлөсүн таштап кеткен атасы Барак Хусейн Обамага өзүнүн сезимдери жөнүндө баяндайт. 1982-жылы автомобиль апаатынан курман болгонуна чейин Барак Хусейн Обама уулун бир жолу гана, ал онго чыкканда көргөн. "Атамдын тилеги" биринчи жолу 1995-жылы жарыяланган жана кийинчерээк 2004-жылы кайрадан басылып чыккан.

Талаш мыйзам такталат
Ооганстанда аялдар боюнча талаштуу мыйзам кайра каралат. Ооган президенти Хамид Карзайдын билдиргенине караганда, мыйзамды акыйкаттык министри кайра карап чыгып, балким парламентке кайтарат. Бириккен Улуттар уюмунун Аялдар кору бул мыйзам күйөөлөрү аялдарын зордукташын мыйзамдаштырат деп сынга алган.

Маркес китеп жазууну улантууда
Колумбия жазуучусу Габриэль Гарсиа Маркес окурмандар анын бир да жаңы китебин мындан ары көрүшпөй тургандыгы жөнүндөгү каңшаарларды төгүндүккө чыгарды. Бул туурасында жекшембиде жергиликтүү El Tiempo басылмасы билдирген. 80 жаштагы Нобель лауреаты басылманын журналисттери менен телефондук сүйлөшүүдө өзүнүн жазууну улантууга ниеттенгендигин айтып берген. Басылманын журналистине Маркестин телефон номерин эки жолу терүүгө туура келген, анткени биринчи коңгуроого атактуу прозаик азыр сүйлөшө албаймын, анткени "жазып жатамын" деп жооп кайтарган.

А.Яценюк Украинанын президенттигине ат салышат
Раданын мурдагы спикери, "Өзгөрүүлөр фронту" бирикмесинин башчысы Арсений Яценюк Украинанын президентинин кызматына добушка коюлууга ниеттенет. Яценюк мындай билдирүүнү жекшембиде "Интер" телеканалына интервьюсунда жасаган, деп билдирген Корреспондент. Net. Украинанын президентинин кызматына талапкер 35тен жаш эмес болууга тийиш. Яценко 2009-жылдын 22-майында 35 жашка чыгат.

Грузия чөктүрүлгөн кемелерин сатты
Грузиянын бийликтери 2008-жылы россиялык куралдуу күчтөр Поти портунун жанында чөктүрүп жиберишкен үч кемени сатышкан. "Новости-Грузия" Грузиянын Экономикалык өнүгүү министрлигине таянуу менен билдиргендей, азыркы убакта суу астында жаткан аскер-деңиз кемелери аукциондон 61 миң АКШ долларына кеткен. Алардын старттык баасы 10 долларды түзгөндүгү белгиленүүдө. Агенттиктин маалыматтары боюнча, Грузиянын Аскер-Деңиз Күчтөрүнүн "Тбилиси", "Диоскурия" жана "Цкалтубо" кемелерин Түркиянын жараны Жем Аидемир сатып алган.

Обама ядролук куралдарды жок кылууга чакырды
Прагада сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти улуттук коопсуздук стратегиясында анын өлкөсү ядролук куралдын маанисин төмөндөтүү ниетинде экендигин бышыктады. Обама Европа сапарында бир гана Чех жумуриятында эл алдында сүйлөдү. Анын сөзүн Прага чебиндеги аянтта кылкылдап толгон 30 миңдей киши укту.

Италияда зилзала
Италияда дүйшөмбүдө эртең менен эрте болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен Аквила шаарында бир нече үй кыйрады деп билдирген АФП Италиянын АНСА маалымат агенттигине таянуу менен. Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар урандылардын астында калышы мүмкүн. Италиянын борбордук бөлүгүндөгү жер титирөө дүйшөмбүдө жергиликтүү убакыт боюнча саат 03.32де катталган. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматтары боюнча, жер титирөөнүн магнитудасы 6,3 болгон.

Багдаддагы жарылуулардан 18 адам мерт болду
Полициянын айтымында, Ирак башкааласынын ар кайсыл жеринде кечээ төрт автоунаа жарылды. Андан 18 адам өлүп, бир тобу жаракат алды. Эң көп жоготуу Багдаддын чыгышындагы Садр шаар районунун эл көп келген базарында болду. Ал жерде автоунаанын жарылуусунан кеминде он адам каза таап, 28и жаракат алган.