, 07.04.09 - 3-бет:
  Расмий маалыматтар

Президент Курманбек Бакиев:
"Элдин акчасын убагында бербегендерге катаал чара көрүш керек"
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев КРнын мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу, КРнын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Данияр Үсөнов, КРнын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеваная, ошондой эле КРнын Президентинин Администрациясынын бөлүм башчылары катышкан кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчысы республиканын өткөн квартал ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн алгачкы жыйынтыктары туурасында маалымат алды. Аталган мөөнөттө ИДП былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,9% төмөндөгөнү, тышкы соода айлануунун көлөмү 530 млн. АКШ долларын, ал эми инфляциянын деңгээли 0,4% түзгөндүгү белгиленди.
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча план толугу менен аткарылган жана ал 9 млрд. 595 млн.сомду түздү.
Аймактардын бюджеттик кызматкерлеринин айлык акысын төлөө кечиктирилип жаткандыгы туурасында маалыматты угуп, Президент өзүнүн Администрациясынын жетекчиси Данияр Үсөновго мындай абалга ким күнөөлүү экендигин эки күндүн ичинде тактоону тапшырды. "Төлөй турган акча жок болсо бир жөн. Акча казынада бар туруп, элдин акчасын убагында бербегендердин фамилиясынан бери тактап, аларга катаал чара көрүш керек", - деп талап кылды К.Бакиев.
Президент ошондой эле жолдорду курууга жана оңдоого, ирригация системасын калыбына келтирүүгө каралган бюджеттик каражат толугу менен берилиши керектигин баса белгиледи. "Бул максаттарга жумшалуучу каражаттын көлөмү азайтылбашы зарыл. Бюджеттик акча министрлик менен ведомстволордун имараттарын оңдоого, эмерек-машине алуусуна жумшалбашы керек. Курулушу башталган мектептерди, жолдорду аяктоого көңүл бурулушу зарыл", - деди К.Бакиев.
Кеңешме учурунда уюштуруу иштерине байланышкан айрым маселелер да талкууланды.
Өз маалыматыбыз




Жаздын ар бир күнү жылга тете
(Башталышы 1-бетте)
Ошондой эле Президент дүйнөдө азыркыдай татаал абал өкүм сүрүп турган убакта ооруганга да чолоо жок экендигин айтты. "Албетте, эми мен деле адаммын да. Кээде тумоолоп каласың, тамагың ооруп, жөтөлүп калышың мүмкүн. Анткен менен дене тарбиялык көнүгүүлөрдөн эч качан баш тартып көрө элекмин. Жекшемби күндөн тышкаркы ар бир күнү таңкы алтыдан тартып бир саат бою чуркайм, ар кандай дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасайм. Эми адам ооруп жатса, көрүнүп эле турат да. Өзүңөр эле көрүп турбайсыңарбы, менин кандай формада экендигимди", - деди К.Бакиев.
Жакында жарыяланган Президенттик Курс туурасында берилген суроого жооп берип жатып, мамлекет башчысы бул Курс - күнүмдүк доклад же сүйлөнчү сөз эмес экендигин айтты. "Бул - 10-15 жылга эсептелинген программалык документ. Ал өлкөбүздүн келечеги кандай болушу керек деген суроого Президент катары менин жообумду камтыйт. Биз билим берүү, идеология, маданият жана мамлекеттик башкарууда терең өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга белсенип жатабыз. Акыркы мезгилде биз экономикага жетишээрлик көңүл буруп, бир канча алгылыктуу иштердин өтөсүнө чыга алдык. Глобализация доорунда өзүбүздүн өзгөчө улуттук маданиятыбызды сактап калуу парз, болбосо башка улуттардын арасына сиңип кетүү коркунучу бар. Биз ажайып кооз жерде жашайбыз, демек, мында жашаган ар бир адам ушундай эле ажайып шартта жашашына жетишүүбүз керек" - деди К.Бакиев.
Оппозициянын жакында болуп өткөн митингисинин жыйынтыктары туурасындагы суроого жооп берип жатып, Президент мындай ыкмалар эскирип, болуп жаткан окуяларга мамиле билдирүүнүн жаңыча формалары зарыл экендигине токтолду. "Элибиз ушул бийлик тарабынан кандай алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгына өзү күбө болуп келатат. Ошондуктан, оппозицияны колдогон жок. Биз оппозиция менен сүйлөшүүлөрдөн эч качан качкан эмеспиз. Алар менен цивилизациялуу диалог аркылуу иш жүргүзүүдөн башка жол жок деп эсептейм", - деди К.Бакиев.
* * *
Премьер-министр Игорь Чудинов башында турган Өкмөттүн аппарат кызматкерлери Свердлов районунун чыгыш өнөр жай аймагында өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембиликке катышышты.
Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев да катышкан бул ишембиликтин жүрүшүндө 200дөн ашуун түп эмен көчөттөрү отургузулду. Мындан тышкары ишембиликтин катышуучулары арыктарды тазалашып, бак-дарактарды отургузуу үчүн бөлүнгөн аянтты иретке келтиришти.
Ишембиликтин жүрүшүндө Н.Түлеев И.Чудиновго өлкөбүздүн борборунда жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча кандай иштердин жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө айтып берди.
Д.ӨМҮРЖАНОВ,
Өз маалыматыбыз
Сүрөтүн тарткан
С.Досалиев




Дайындоо, Бошотуу
Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Сулайманов Турар Абдырасулович Кыргыз Республикасынын Президентинин канцеляриясынын начальниги болуп дайындалды. Колосова Татьяна Ивановна бул кызматтан бошотулду.
Премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругу менен Еликбаев Талай Маратбекович КРнын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп дайындалды.




  Президенттик шайлоо

Уюштуруу штабын Өкмөт башчысы өзү жетектейт
Премьер-министр Игорь Чудинов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолорду уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.
Документ Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурууга шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана коомдук тартипти сактоо максатында кабыл алынган.
Жогорку Кеңештин 2009-жылдын 20-мартындагы № 1065-IV токтомуна ылайык Өкмөт тиешелүү чечимдерди чыгарды.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолорду уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча штаб түзүлдү. Штабды Премьер-министр жетектейт, штаб төрагасынын орун басарлыгына биринчи вице-премьер-министр бекитилди, мүчөлүгүнө Өкмөттүн аппарат жетекчиси, республиканын бир катар министрлери, миграция жана жумушка орноштуруу боюнча мамкомитеттин төрагасы, Өкмөттүн уюштуруу-инспектордук иштер. аймактык мониторинг бөлүмүнүн башчысы жана инспектору кирди.
Ушул токтом менен облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу - буйрук берүүчү органдарынын башчыларына шайлоо комиссияларына уюштуруу, материалдык-техникалык жардам берүү боюнча облустук, райондук жана шаардык штабдарды түзүүгө тапшырма берилди. Министрликтер, мамкомитеттер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү мамадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссияларына ар тараптуу жардам беришет.
С.ОРОЗОБЕКОВ




Италия достук колун сунду
Жеңил өнөр жай, туризм жана гидроэнергетика тармактарында Кыргызстан менен Италиянын ортосунда кызматташууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бул маселе Премьер-министр Игорь Чудинов менен Италия Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, сенатор Альфредо Мантиканын жолугушуусунда айтылды.
Кыргыз жергесине биринчи жолу келген мейман Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуп, эки тараптуу келишимдерге тезирээк кол коюу маселеси макулдашылганын кабарлады. "Биз Италия Кыргызстандын досу экендигин билдиребиз жана сиздер үчүн Европага карай ачылган терезе болууга даярбыз", - деди сенатор.
Өкмөт башчысы Кыргызстан италиялык инвестицияны тартууга кызыгдар экендигин баса белгилеп, ошондой эле Кыргызстандын эмгек мигранттарына квота берүү маселесин Италия өкмөтүнүн карай тургандыгына ишенерин билдирди.
А.Мантика мырза Италия менен Кыргызстандын Евробиримдик - Борбор Азия стратегиясынын алкагында алаканы күчөтүшү маңыздуу экендигин айтып, италиялык бизнес чөйрөсү Кыргызстан жөнүндө анча деле көп билбешин, ошондуктан быйылкы жайда Италияда кыргыз экономикасынын мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга арналган конференция өткөрүү пландаштырылып жатканын маалымдады.
Жолугушууда Ооганстандагы кырдаал боюнча маселе да талкууланып, мейман Италияда Ооганстан боюнча ири эл аралык конференция уюштурулаарына токтолду. АКШ менен Ирандын өкүлдөрү алгач ирет бир үстөлдө кеңешкени отурган бул иш-чарага Кыргызстан да чакырылат.
Жолугушуунун жүрүшүндө И.Чудинов өткөн жылы Нура айылында болгон жер титирөөдө дароо жардам көрсөткөндүгү үчүн Италия өкмөтүнө ыраазылыгын билдирди.

Н.БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"




Өз ара байланышка өзгөчө көңүл бурулат
Өткөн жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосунда товар жүгүртүү мурдагы жылга салыштырганда 49%га көбөйүп, 1,8 млрд. АКШ долларын түзгөн. Россия менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү өлкөбүздүн тышкы экономикалык ишмерчилигинин маанилүү приоритеттеринин биринен болмокчу.
Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Мезенцев менен жолугушуу учурунда мына ушуларга басым жасады жана кыргыз-россиялык мамилелердин учурдагы абалына оң баа берди.
Өз кезегинде Д.Мезенцев ШКУнун Ишкер кеңешинин алкагында жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө маалымдап, быйылкы жылдын июнунда өтүүчү XIII Петербург эл аралык экономикалык форумдун ишине катышууга расмий түрдө чакырды.
"Биз ШКУнун алкагында эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого, биринчи кезекте кызматташуунун экономикалык компоненттерин кеңири талкуулоого кызыкдарбыз. Бул багытта транспорт байланышын өркүндөтүү жана экономиканын энергетикалык секторун өнүктүрүү Кыргызстан үчүн приоритеттүү мааниге ээ", - деди Өмүрбек Бабанов сөзүнүн акырында.

М.АЛАГУШЕВ




Максат элүү өлкөнүн катарына кирүү
Өлкөбүздүн алдында жыл акырына чейин бизнести жакшы шарттарда жүргүзгөн 50 өлкөнүн катарына кирүү милдети турат. Буга байланыштуу мамлекет башчысы жакынкы күндөрдө тиешелүү 12 мыйзам долбооруна кол койду.
"Өткөн Инвестициялык кеңеште берилген бардык тапшырмаларды жана милдеттерди отчёттук мезгилге карата орундатуу үчүн бардыгын жасоого тийишпиз", - деди жогорудагыларга токтолуу менен Дүйнөлүк банктын "Бизнести жүргүзүү" долбоорунун чегинде республиканын эл аралык рейтингин жакшыртууга багытталган иш чаралар боюнча жыйында биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов.
Жарыш сөздүн жүрүшүндө ал республикалык министрликтер менен ведомстволор кол коюлган жарлыкка ылайык жекече нормативдик-укуктук актыларды аткаруу боюнча ыкчам тартипте иш жүргүзүү керектигин белгиледи. "Ишкерлик ишмерчиликти жүргүзүүнүн шарттарын реалдуу жеңилдетүү - биздин ишибиздин соңку максаты. Бизнес мамлекет ага жүз буруп, өнөктөш болууга даяр экендигин сезгендей болууга тийиш", - деди Өмүрбек Бабанов өз сөзүн жыйынтыктап.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ




70тен ашкандар кошумча акы төлөшпөйт
Өкмөт үйүндө өткөн Саламаттыкты сактоону реформалоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду калк менен иштешүүсүн күчөтүүсү керектигин белгиледи.
"2008-жылдан тарта 70тен ашкан жарандарыбыз ооруканада жатып дарыланганда кошумча акы төлөөдөн бошотулганын республикабыздын улгайган жарандарынын баары эле биле беришпейт. Мындан сырткары калкыбызга медициналык жардам көрсөтүү боюнча Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында 5 жашка чейинки балдар, кош бойлуу жана төрөт учурунда энелер кошумча акы төлөөдөн бошотулушкан", -деди Ө.Абдуллаева.

Б.МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




К.Сарбаевдин
Кытайга иш сапары
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри К.Сарбаев Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министринин чакыруусу боюнча расмий сапар менен Кытайда жүрөт.
Үч күндүк сапар учурунда К.Сарбаев КЭРдин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри жана бир катар министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери менен саясый, соода-экономика, маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-кытай кызматташуусунун маселелерин талкуулаган эки тараптуу жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

С.ОРОЗОБЕКОВ