, 03.04.09 - 2-бет:
  Президент болом деген талапкерлер мамлекеттик
тил боюнча үч багытта сыноодон өтүшөт

"Ала-Тоо" аянтындагы
флагшток жаңыланат
Өкмөт Үйүндө КРнын мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулунун төрагалыгы менен өткөн жумушчу кеңешмеде Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтындагы флагштокту кайрадан жасап, орнотуу маселеси каралды.
Кеңешмеде жаңыланган, узундугу 45 м.
флагштокту жана көлөмү 150 кв.м желекти жасап, орнотуу чечими кабыл алынып, Бишкек шаарынын мэриясына тиешелүү тапшырмалар берилди.
Мамлекеттик катчынын айтымында, бир аз мезгил өткөндөн кийин флагшток эркиндиктин символун көрсөтүп турган азыркы эстеликтин ордуна орнотулушу мүмкүн.
Кеңешмеге КРнын вице-премьер-министри Ө.Абдуллаева, КРнын маданият жана маалымат министри С.Раев, Бишкек шаарынын мэри Н.Тү-леев жана башкалар катышты.
Өз маалыматыбыз




Биргелешкен ишкананы түзүү жактырылды
"ИНТЕР РАО ЕЭСтин" директорлор кеңеши Кыргызстан менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча биргелешкен ишкананы түзүүнү жактырды.
Эки өлкө тарабынан станцияны куруу үчүн аны бекитүү жолу менен "Камбар-Ата гидроэлектрстанциясы-1" жабык акционердик коому түзүлөт. Акционердик коомдун Кыргызстанда катталуучу уставдык капиталы 80 млн. сомду түзөт. Түзүлүүчү компаниянын уставдык капиталындагы "ИНТЕР РАО ЕЭС" ААКсынын үлүшү 50%ды түзөт. Кыргызстан "Электр станциялары" ААКсын сунуштайт.
Россия менен Кыргызстандын ортосунда 2009-жылдын февралында бекитилген келишимге ылайык, "Камбар-Ата-1 ГЭСи" ЖАКсы Нарын дайрасындагы Карабаш агымында жайгашкан ГЭСтин курулушу үчүн биргелешкен ишкана катары түзүлөт. Станциянын долбоорлуу кубаттуулугу - 1900 МВт, электр энергиясын жыл сайын болжолдуу иштеп чыгуусу - 5,1 млрд. кВт/саат.
Дал ушул долбоорго Россия Кыргызстанга 1,7 млрд. $ инвестиция берүүгө убада берген. ГЭСтин курулушуна Өзбекстан каршы чыгууда. Себеби, ал станциянын курулушу ре-гиондогу суу балансын бузуп, экологияга кайтарылгыс зыян келтирет деп эсептөөдө.
Т.ЖУСУПОВ




Алгач өзүбүздү, эми өңүбүздү өзгөрттүк
Мындан 10 ай илгери сиздер менен ой бөлүшүп, биз өзгөрөбүз дегенбиз. Бул аралыкта багытыбызды тактап, аздыр-көптүр өзгөрдүк. Аны сиздерден келген каттардан, телефон аркылуу айткан пикирлериңизден, жолугушуу учурунда угуп кубандык, эмгек жамаатына шык жаратты. Кыргыз элинин сыймыктуу уулу, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов агайыбыз баш болуп "мурда силердин гезитти окубай калган элем, мына жакындан бери окуй баштадым" деген жылуу сөздөр биздин жамаатка канча дем бергенин балким айтып жеткире албаспыз. Ушундай мазмундагы каттарды өлкөнүн туш тарабынан карапайым окурмандарыбыз да жазып жатканы бизге дем берип жатат. Өзгөрүү учурунда бизди колдоп, жылуу сөзүн айткан бардык окурмандарыбызга чын жүрөктөн ыраазыбыз жана ырахматыбызды айтабыз!
Сиздердин ишенимиңиздер, жылуу пикириңиздер гезитибиздин нускасынын өсүшүнө да өбөлгө болду. Мындан ары да сиздердин колдооңуздарды актоо үчүн болгон аракетибизди жумшай бермекчибиз. Мына бүгүн да сиздер менен кубанычыбызды тең бөлүшкүбүз келди. Анткени гезитибиздин 85 жылдыгынын алдында биз өңүбүздү өзгөртүп, түстүү чыгып отурабыз. Сиздердин колуңуздарда улуттун тунгуч гезитинин алгачкы түстүү саны! Биз бүгүнтөн баштап, тактап айтканда 23314-санынан тарта такай түстүү чыгабыз. Ошентип биз алгач өзүбүз өзгөрсөк, эми өңүбүздү өзгөрттүк. Бул өзгөрүүлөр башталышы гана. Алдыда дагы ары түйшүктүү, ары олуттуу көп максаттарыбыз бар. Өлкө жаңыланып, мамлекет башчыбыз "Жаңылануу Багытын" жарыялап жаткан учурда ар бир мекеме, ар бир тармак жаңыланууга тийиш. Алардын арасында биз да жаңыланып жатабыз. Бизди кубандырган нерсе 10 айдан бери жаңыланууга жасаган аракетибиздин бардыгы ошол "Жаңылануу Багытында" камтылгандыгында. Мамлекеттин, улуттун ар тараптан өсүп-өнүгүшүнө салым кошолу деген максатта алгачкы зыялычылар 85 жыл мурда тунгуч гезитти чыгарышса, мына ошондогу максат али күнгө мааниси эскирбей, эселентип аткарууну талап кылып жаткан учур. Алгачкы "Эркин Тоонун", азыркы "Кыргыз Туусунун" вазийпасын аткаруу бизге жүктөлүп отурат. Демек, биз өзүбүздү өзгөртпөсөк, анан гезитибизди өзгөртө албасак, анда бизге болгон окурмандын ишенимин өзгөртө албасыбыз анык. Ошондуктан биз өзгөргүбүз келет, өзгөрүп жатабыз. Биз сөзсүз өзгөрөбүз!
Кыяс Молдокасымов


Бошотуу, дайындоо
Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Даникеев Улан Өскөнович берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын кызматынан бошотулду.Мамлекет башчысынын башка буйругу менен Айдаров Салайдин Абдираевич Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.




  Жыйын

Президенттикке талапкер кадимкидей сынактан өтүшөт
Шейшембиде КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйындар залында 2009-жылдын 23-июлунда өтө турган шайлоого карата даярдыктар боюнча жыйын болуп өттү. КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский башында турган бул жыйында БШКнын мүчөлөрү негиздүү жана орчундуу делген 10 маселени талкуулашты. Ошондой эле, БШК Шайлоо кодексинин 61-беренесинде белгиленгендей, Президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоочу "Тил боюнча комиссия" жөнүндө токтом кабыл алды.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенттигине ат салыша турган талапкерлердин мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билерин аныктоочу
атайын тогуз кишиден турган комиссия бекитилип, анын курамында Тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Т.Жумагулов, УИАнын алдындагы Тил жана адабият институтунун директору А.Акматалиев, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору И.Абдувалиев, Ош шаарындагы педагогикалык институттун ректору К.Исаков ж.б. кирди. Белгилеп кетүүчү нерсе, комиссияга республикабыздын бардык аймактарынан бирден өкүл киргизилди. Президенттикке талапкер эне тилде мыкты сүйлөп, мыкты жаза аларын аныкташ үчүн төмөндөгүлөрдү аткарышат:
Биринчи, өзүнүн шайлоо алдындагы программасынын көлөмүн 3 беттен ашырбастан жазуу жүзүндө баяндоого;
Экинчи, өзүнүн шайлоо алдындагы программасынын негизги жоболорун кеминде 15 мүнөт оозеки эркин сүйлөп берүүгө;
Үчүнчү, 3 беттен турган басылма текстти окуп берүүгө тийиш.
Комиссия мүчөлөрү мына ушул тапшырмадан улам Президенттикке талапкер мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билерин аныкташмакчы. Эгерде, жактаган же каршы добуштардын саны бирдей болуп калса, БШКнын төрагасынын добушу чечүүчү добуш болуп саналат. Ал эми талапкерлердин мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билишин аныктоо учурун мамлекеттик биринчи канал түз алып көрсөтүүгө милдеттүү. Демек, Кыргызстандын ар бир жараны бул иш-чаранын жүрүшүнө күбө болууга мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер, ошондой эле КРнын Президентин шайлоочулар үчүн шайлоодон бир ай мурун атайын машыкма- семинарлар өткөрүлүп, орус жана кыргыз тилиндеги түшүндүрмө китепчелер таратылып берилет.
Андан тышкары шайлоо участкаларын түзүү боюнча жумушчу топтун түзүлгөндүгү жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү учурунда Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 7 кишиден турган көзөмөлдөөчү-ревизиялык топтун аткара турган иштери жөнүндө айтылды. Алар талапкерлердин эсептик фондундагы чыгаша, кирешелерди көзөмөлдөшмөкчү. Бул топко Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын ж.б. мекемелердин өкүлдөрүнөн мүчөлөр шайланышты. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөткөн атуулдарыбыз өздөрүнүн эсептик фондун жер-жерлердеги "Азия универсал" банкынын филиалдарынан гана ача алышат. БШКнын мүчөлөрү аталган банктын Кыргызстандын бардык аймактарында чоң-чоң түйүндөрү жайгашкандыгын, тактап айтканда, бүгүнкү күндө республика боюнча 90дон ашык филиалдары бар экендигин белгилешип, мындай шарт абдан ыңгайлуу экенин айтышты.
Жыйында шайлоого карата атайын чыгарылчу күбөлүктөрдүн өң-түсүн өзгөртүп чыгаруу керектиги жөнүндө да ой-пикирлер сунушталды. Ал боюнча кийинки кеңеште бир чечимге келишмекчи.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"