, 03.04.09 - 16-бет:
  Өнөр жайын өйдөлөтүүгө
өзгөчө көңүл бурулууда

Кечээ Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов Чүй облусунун Токмок шаарындагы жана Ысык-Ата районундагы өнөр жай ишканаларын кыдырып чыкты.
Токмок шаарына болгон иш сапарын ал кездеме өндүрүүгө адистештирилген "Береке" жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмерчилиги менен таанышуудан баштады. Ишканада эркектердин, аялдардын жана кичине балдардын заманбап кийимдери, токулган кийимдер, футболкалар жана кийизден жасалган ар түрдүү буюм-тайымдар чыгарылат. Бул чакан ишкана өзүнүн продукциясын Россия менен Казакстанга экспорттойт. 2008-жылы ишканада 1,3 млн. сом суммасында продукция чыгарылган.
Андан кийин Өмүрбек Бабанов "Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы" ачык акционердик коомунун ишмерчилиги менен таанышты.
Токмок шаарындагы бул кагаз фабрикасы Кыргызстандын жана Кытайдын Өкмөттөрүнүн кредиттеринин эсебинен курулгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Фабриканын курулушуна жумшалган капиталдык салымдар 151,9 млн. юанды түзгөн.
"ККБФ" ачык акционердик коому өзүнүн өндүрүштүк ишмерчилигин 2002-жылдын сентябрында баштаган. Азыркы учурда фабрикада даараткана кагаздарын жана салфеткаларды чыгаруу боюнча гигиеналык цех иштейт. Офсеттик кагазды чыгаруу каражаттардын жоктугунан учурда токтоп турат. Өткөн жылда 15,88 млн. сом суммасында 426 тонна гигиеналык кагаз өндүрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын январь-февралынын жыйынтыгы боюнча продукция чыгаруу 2,2 млн. сомду түздү.
КЭРдин төрагасы Ху Цзиньтаонун Кыргыз Республикасына 2007-жылы жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча КЭР Өкмөтүнүн 50 млн. юань суммасындагы жеңилдетилген кредитти грантка которуу боюнча документтердин пакетин толтуруу жана кытай тарабына ишкананын акциясынын 72,5% мамлекеттик пакетин өткөрүп берүү боюнча келишимге жетишилген.
"Мэй Ли" кытай корпорациясы бул ишкананын акцияларынын пакетин сатып алууга өзүнүн кызыкдар экенин билдирген. Кытайлык бул корпорацияга акциялардын мамлекеттик пакетин өткөрүп берүү инвестиция тартууга, фабриканын финансылык абалын жакшыртууга жана офсеттик цехтин кубаттуулугун арттырууга ыңгайлуу шарт түзөөрү анык.
Өзүнүн иш сапарынын акырында Өмүрбек Бабанов Ысык-Ата районунун "Абдыш-Ата" жоопкерчилиги чектелген коомунун иши менен кеңири таанышты.
Р.ЖЕТИГЕНОВ




Окусаң, өз бизнесиңди баштай аласың
Жакында Талас облусунда өз бизнесин жаңыдан баштаганы жатышкан жергиликтүү жаш ишкерлер үчүн бир катар окутуучу тренингдер башталмакчы. Эки күндүк бул тренингдер "Өз бизнесиңди башта!" аттуу ураан алдында жүрөт. Президент К. Бакиевдин ишкердикти өнүктүрүү боюнча демилгесине ылайык келген мындай демилгени "Манас - 1000" жергиликтүү коомдук фонду көтөрдү жана "Компаньон" финансылык тобунун колдоосу менен ишке ашырмакчы.
- Талас облусундагы демократиялык жана экономикалык реформалар жаңыдан иштерин баштап жаткан ишкерлердин кичи жана орто бизнести түзүү жана өнүктүрүү боюнча билим деңгээлинин төмөндүгүнөн улам алдыга жылбай жатат,- дейт "Манас - 1000" коомдук фондунун төрагасы жана бул жаңы демилгенин жетекчиси Серен Шейшенов. - Мына ошондуктан биз жаш бизнесмендерге бизнес жүргүзүүнүн негиздерин окутуу максатын көздөгөн долбоорду иштеп чыктык.
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматтары боюнча, Талас облусунда жакырчылыктын деңгээли жогору (калктын 48 пайызы). Ошол эле учурда өлкөдөгү жумушсуздардын 57,1 пайызын 16 жаштан 35 жашка чейинки жаштар түзүүдө.
- Рынок мамилелеринин талаптагыдай калыптанбагандыгы, бизнес-пландоо, менеджмент жана маркетинг боюнча тажрыйбанын жоктугу, ошондой эле рыноктогу абалды анализдей албоо бизнести өнүктүрүүдө чектөөлөргө, атүгүл банкроттуулукка, күрөөгө коюлган мүлктөн ажыроого алып келет, - дейт С. Шейшенов. - А бул болсо өз кезегинде региондогу социалдык чыңалуунун жана жакырчылыктын күчөшүнө, экономикалык өсүштүн кечеңдешине таасирин тийгизмекчи.
Мындай проблеманын ушул облуста келип чыгышынын себеби да бар. Анткени облуста 2700 студент окуган жалгыз ЖОЖ - Талас мамлекеттик университети бар. Бирок, ал окуу жайынын окуу планында менеджмент, экономика, ишкердик жана финансы же ага окшош адистиктер боюнча курстар каралган эмес.
Иш чара жаңыдан ишин баштап жатышкан жаш ишкерлердин потенциалын күчөтүү аркылуу жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган. Тренингдер облустун бардык райондорунда жана Талас шаарында апрель-май айларында болуп өтмөкчү. Ага 18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жаштардан 130 адам катышмакчы.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"




Жырткыч жан коёр эмес
Чынында эле ушундай болду. Мал менен жан баккан тоолук элдин талаадагы бодо малын, короодогу кой-эчкисин четинен кыра баштаган карышкырлар нарындыктардын айласын кетирди. Айрыкча, кыш мезгилинде короого кол салган жырткычтар адам өмүрүнө деле коркунуч алып келүүдөн кайра тартчудай эмес. Муну туура баамдаган коомчулук быйыл кышы бою карышкырларды жок кылуу үчүн күрөшүп, элдин түйшүгүн жеңилдетти.
Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаментинин Нарын өкүлчүлүгү Ат-Башы району боюнча 17, Ак-Талаада 12, Жумгалда 3, Нарында 16, Кочкор району боюнча 3 карышкырды атып жок кылды. Мындан сырткары бөлтүрүктөр, зыяндуу чөө жырткычтарын жок кылуунун саны да арбын болду.
Көзгө атар мергендер жана аңчылык адистери Б.Сатышов, К.Өмүракунов, Б.Абдраимов, А.Мусаев, Б.Алапаев, С.Курманалиевдин кокту-колотту түрө кыдырып, жырткычтын жүргөн жерин аныктаганы ушундай олжо жаратып олтурат. Атылган карышкырлардын, чөөлөрдүн терилери аңчылык чарбасынын кампасына өткөрүлүп, мергенчилердин сыйлык акылары төлөнүп берилди. Мал-жандын тынчын ойлогон эл кыйла түйшүктөн арыла түштү.
Тез көбөйүп, төрт түлүккө бүлүк салган жырткычтарды өлкөнүн башка аймактарында да азайтып жок кылуу чарасын көрбөсө, жырткычтар элдин жанын коёр түрү жок.
Дүйшөнбек АСАНБАЕВ,
(фото автордуку), Нарын облусу