, 31.03.09 - 15-бет:
  Экология

Чалкыган көлгө айланбай чатаксыз чечилген Чаткал баяны
Катаал чечимге кагылган коңгуроо
Чаткалдын эртеңкиси жөнүндөгү жергиликтүү адамдардын оюна келбеген жагымсыз окуя тууралуу өйдө-төмөн сөздөр 60-жылдардын башында эле пайда болуп, көпчүлүктү санааркатып, тынчын алып, ал күндөн-күнгө өрчүй бергендиги көпчүлүккө белгилүү. Буга байланыштуу Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине Чаткалдан тынымсыз каттар түшө баштаган. Ал жерде өзбек гидроэнергетиктери дол-боорлоо-изилдөө жумуштарын өтө ыкчамдык менен жүргүзүп жаткандыгы, жакынкы жылдарда суу сактагычтарды жана гидроэлек-тростанцияларды куруу баштала тургандыктары жөнүндө тынчсызданышкан. Анын кесепетинен ал жерде жашаган адамдар кылымдар бою ата-бабалары жашап келишкен ата конушунан ажырап, белгисиз тараптарга сүрүлүп калаарын, кайда барып, кантип жан сактап калаарын билбей, баштары маң болуп турганын билдиришкен. Бул жөнүндө Ош облусунун партиялык, советтик жана чарбалык органдарынан да билдирүүлөр түшкөн.
Миң уккандан, бир көргөн
Мындай тынчсызданууларды жеринен көрүп, билиш үчүн 1971-жылдын июль айында Т.У.Усубалиев Чаткалга жөнөйт. Аны менен кошо бу өрөөндү жакшы билген айыл чарба адистери кошо барат. Ал кезде Ала-Бука районунун борборунан жана Талас өрөөнү тараптан каттаган эки жол болгон. Бул жолдор аркылуу Талас облусунан миңдеген баш мал жайлоого көчүрүлүп, күзгө чейин ал жакта багылган.
Эртең менен эрте Ала-Бука айылынан чыгып, жолдо Терек-Сай шаарчасына токтоп, ал жерде иштеген кенчилер, жашоочулар менен жолугушуп, алардын жашоо-турмушу менен таанышып, андан ары жөнөшөт. Чапчыманын белин ашып, көптөгөн баш айланткан өтө коркунучтуу капталдардан, бурулуштардан өтүп өрөөнгө түшүшөт. Мурда бул жол салынганга чейин чаткалдыктар башка райондор, өрөөндөр менен нечен бийик ашууларды, белдерди ашып, жалгыз аяк жолдор менен капчыгайларды басып өтүп, атчан катташкан. Кеч күздөн баштап, жазга чейин жол катнашы токтоп, башка жактар менен телефон аркылуу гана байланышып турушкан.
Барган жетекчилер Чаткалда бир жумага жакын болушат. Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты, Ленин орденинин үч жолку ээси, ошол жерде туулуп-өскөн белгилүү чабан Ташбай Айдаров жана жолугушкан аксакал, пенсионер, жаштардан абалды сурап, дааналап билишет. Өсүп-өнгөн Чаткалын кийинки муундар таштап башка жакка кетип жаткандыгын, ата конуштары эртеңки күнү кароосуз кала тургандыгын же бөлөк-бөтөн бирөөлөрдүн колуна өтүп кете тургандыгын өзгөчө күйүт менен жетекчилерге түшүндүрүшөт.
Тезинен даярдалган токтом
Жетекчилер бир пикирге келишип, Чаткал элине жардам көрсөтүү үчүн, аларды маданий жана турмуш-тиричилик жактан тейлөөнү жакшыртуу үчүн, өрөөндө мал чарбасын көтөрүү үчүн үч ай убакыттын ичинде Борбордук Комитеттин жана Өкмөттүн тиешелүү токтому даярдалып жана кабыл алынат. Бирок, Чаткал маселеси ушуну менен эле чечилип калбайт. Алдыда чече турган, иштей турган, талашып-тартыша турган, көптөгөн мээнетти, убакытты ала турган бир катар көйгөйлүү маселелер бар эле.
Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети жана Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин алдында жогорку чебер кесипкөй адистерди тартуу менен Бүткүл союздук "Гидропроект" институтунун Орто Азия бөлүмү тарабынан даярдалган Чаткал дарыясына суу сактагыч жана гидроэлектростанция куруу жөнүндөгү материалдарды терең изилдеп чыгуу маселеси турган. Анткени, бул долбоор Кыргыз Республикасынын макулдугу жок аткарылган. Республиканын кызыкчылыгы, жай мезгилинде бул жерде эки республикадан (Кыргызстандан 700 миң, Өзбекстандан 300 миң) миллион башка чейин кой (шарттуу кой башын алганда) багылаары эске алынган эмес.
Кыргызстан тарап Нарын дарыясына курулуп жаткан гидроэлектростанцияларды тезирээк бүтүрүп, электр менен камсыз кылууну жакшыртууга, ошондой эле өзбек гидроэнерго куруучуларын бул ишке тартууга болоорун, жыйынтыгында эки республикага тең пайдалуу сунуштарды бергендигине карабастан, Өзбекстан тарабынан четке кагылган. Акырында КПСС БКга, СССР Министрлер Советине кайрылуудан башка арга калган эмес.
Косыгиндин калыс чечими
Турдакун Усубалиев Нарын дарыясына курула турган Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Камбар-Ата ГЭСтеринин долбоорлоо иштерин жана алардын курулуштарын тездетүү жагын СССРдин Минэнергосуна тапшырууну А.Н.Косыгинден өтүнөт. Жогорудагы маселелер боюнча даярдалган Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин жана республиканын Министрлер Советинин катын тапшырат.
Советтик экономиканын мыкты билерманы, чарбачылык иштерди жакшы түшүнгөн, Совет мамлекетинин жана коммунисттик партиянын белгилүү ишмери А.Н.Косыгин Т.У.Усубалиевдин сөзүн кунт коюп угуп, эки республиканын ортосундагы бул чоң талаштуу маселени гидроэнергетика боюнча ири адистерди катыштырып, жыйынтыгын КПСС Борбордук Комитетинин Саясый бюросуна сунушталып калаарын айтат.
Ошондон көп өтпөй Чаткал өрөөнү боюнча маселе өтө жооптуу болгондугуна байланыштуу КПСС Борбордук Комитетинин Саясый бюросу тарабынан А.Н.Косыгин башында турган атайын комиссия түзүлөт. Натыйжада келечекте эки республиканын экономикасына жана бүтүндөй бир өрөөндүн элинин жашоо-турмушуна таасири тие турган бул орчундуу маселе союздук министерстволордо, ведомстволордо көп убакыт бою изилденет.
СССРдин Министрлер Совети 1978-жылдын 3-февралында Союздук Мампланга жана Мамкурулушка Чаткал маселесин Минэнерго, Кыргыз ССРинин, Өзбек ССРинин, Казак ССРинин Министрлер Советинин катышуусу менен карап чыгып, жыйынтыгын билдирүүнү тапшырат.
Ушуга байланыштуу жогоруда аталган органдардын гидроэнергетика боюнча чыгаан адистери, үч республиканын жооптуу өкүлдөрү Чаткал ГЭСинин курулушу боюнча документтерди жеринен барып көрүп, экспертизадан өткөрүшөт. Комиссия бул өрөөндө аталган ГЭСти куруу натыйжасыз экендигин, экономикалык жактан өзүн актабай тургандыгын, бул өрөөндө мал чарбасы үчүн эң зор тоют базасын түзүүгө толук мүмкүнчүлүк бардыгын, мындан сырткары келечекте алтын, күмүш сыяктуу кен байлыктарын изилдөөгө боло тургандыгын белгилешкен.
СССР Министрлер Совети мамлекеттик эксперттик комиссиянын иштеринин жыйынтыгын карап чыгып, Чаткал дарыясына гидроэлектростанция долбоорун токтотуу жөнүндө тыянакка келет. Бул чечим менен Өзбекстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин жана Өзбек ССРинин Министрлер Советинин жетекчилери макул болууга аргасыз болушат.
Калыс чечим калкты кубандырды
Чаткалга гидроэлектростанциянын долбоорлоо жумуштарын токтотуу жөнүндөгү Өкмөттүн чечимин Кыргызстандын эли кубанычтуулук менен кабыл алат. Чаткалдын эмгекчилери, ал жердеги иштеген белгилүү адамдар Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине алкыштарын, ыраазычылыктарын билдирген көптөгөн каттарды жиберишет. Мына ушундан тартып Чаткалда өзгөчө көз караш пайда болот. Көчүүгө бет алгандардын агымы тык токтойт. Ал эми көчүп кеткендер туулуп-өскөн ата конуштарына кайта башташат. 1976-жылы Чаткалда 9 миң жашоочу калса, анын саны 1988-жылдын башында 20 миң кишиге жетет.
1971-жылы өрөөндө бир гана совхоз болсо, "Акташ", "Башкы-Терек", "Беш-Арал" совхоздору, Чаткал мал чарба станциясы, Чаткал механизациялаштырылган токой чарбасы уюштурулуп, нан заводу, кирпич заводу курулат. Көптөгөн каналдар бүткөрүлөт. Натыйжада жүздөгөн гектар жер жаңыдан өздөштүрүлүп, дан эгиндеринин дүң жыйымы көбөйүп, тоюттун мол запасы камсыз болот. Коомдук мал үчүн 200дөн ашык кой сарай курулат. Малдын башы кескин өсүп, кой 120 миң башка, жылкы 2700, топоз 1500 башка жетет.
Өрөөндө турак үйлөрдүн, маданий жана тейлөө мекемелердин курулушу колго алынат. Он орто мектеп иштеп, кесипчилик-техникалык окуу жайы, балдар бакчалары, оорукана курулат. 150 км аралыктагы Ала-Бука-Чаткал-Киров автожолу ишке берилип, элдин башка региондор менен байланышы жакшырат. Бүгүнкү күндө чаткалдыктар табият өзгөчө берешендик менен тартуулаган, ажайып кооз, сөз менен айтып түгөтө алгыс "Бешарал" мамлекеттик коругу менен сыймыктанышат.
"Кум-Төрдөн" сабак алсак боло...
Бирок, Чаткал жөнүндө жагымсыз окуяларды жакындан бери гезиттерден окуп, телевизордон көрүп, радиодон угуп , ата-бабаларыбыз канын төгүп, жанын кыйып келген жерибиз кимдир бирөөлөр тарабынан тебеленип-тепселип жаткандыгына калайык калктын арасында нааразылыктар пайда болууда.
Алтындын кимге кереги бар эле? Башкасын айтпаганда да, алтын адамга чоң кайгы алып келгенден башка, пайдасынан зыяны көп, өзгөчө бир касиетке ээ болгон зат экендигин далай эле укпадык беле."Чубактын кунундай чубалган", ыр-чыры айлап-жылдап бүтпөгөн "Кум-Төр" кенинен сабак алсак деле болбойт беле.
Албетте, өзүбүздүн жерибизден чыгып жаткан алтын өзүбүздүн элибизге кызмат кылып, экономикабыз өсүп, өлкөбүздүн күч-кубаты чыңдалып, жашообуз жакшырып, байпагыбыз манат болуп баратса, Жер-Эненин байлыгын эс-акыл менен пайдаланып, кен байлыктарын эби менен, өз эрежесин бузбай казып, сарамжалдуулук менен керектеп турса, кандай эси жок адам өнүгүп-өсүүгө бут тосуп, алтынды казба деп кан-какшап, кыйкырып чыгат эле? Тилекке каршы, андай болбой жаткандыгын жумурай-журт бүт эле көрүп, акылы менен баамдап, туюп жатпайбы.
Табият өзгөчө берешендик менен тартуулаган ажайып кооздукту, экинчи кайрылып келбес тазалыкты бузуп, токойлорубуздун көркүн, тоолорубуздун кебетесин кетирип, бомба түшкөндөй жер кыртышын талкалап, нечен кылымдар бою агып жаткан дарыялардын нугун керектен чыгарып жаткандан башка эмне алып келди? Ансыз да оңоло албай жаткан жолдордун тарпын кетирип, нечен миллион сомдук зыяндарга дуушар кылып жатпайбы? Экологиянын ташталканын чыгарып, адамдардын алтындан кымбат ден соолугун бузгандан башка элибизге эмне пайда алып келди?!
Ит жеминдей болоор-болбос бирдеме үчүн бүгүн жерин саткандар, эртең андан чоңураак бирдеме берсе элин сатпай коёбу? Мындайларды Ата мекендин кусуру, калайык калктын каргышы уруп кетпес бекен?! Дүнүйө үчүн, байлык үчүн, жеке керт баштын кызыкчылыгы үчүн ушундай деңгээлге түштүкпү? Мынчалык дүнүйөкорлукту кимден, кайдан үйрөндүк? Качан кыргыз ушундай эле? Бир ууч дүнүйөкорлор үчүн бүтүндөй бир өрөөндүн, аймактын эли запкы тартышы керекпи?!
Өзүбүзчө өлкө болдук деп компоюп басып жүрөбүз
"Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" дегендей, өз жериңди бирөөлөргө берип коюп, кайра өзүбүз азабын тартып, аларга күнкор болуп жатканыбыз жакшы жорук эмес го! Эгемендүүлүккө ээбиз, өзүбүзчө өлкө болдук деп компоюп басып жүргөнүбүз менен өзүбүздүн көз алдыбызда жерибиз тебеленип- тепселип, кор болуп жатса, кимдир бирөөлөр ээн жердин бөрүсүндөй жойлоп жүрсө,ошолорду кой деп коюуга укугубуз жок, алсыз, күч-кудуретсиз болуп, өз мекенибизде сөзүбүз келгиндерге өтпөй турса, мындан өткөн кордук барбы?
Алтын табабыз деп элибиздин алтындан кымбат ден соолугун бузуп, орду толгус жоготууга учуратып, улуттун келечегине балта чаап жаткан жокпузбу?
Эгерде жерибизди өзүбүз иштетип, өзүбүз пайдасын көрө албасак, же башка жактардан зыяндан башка пайдасы тийбесе, андан көрө, кийин өлкөбүз өнүгүп-өсүп, келечектеги муундардын мүмкүнчүлүгү болгончо жөн, жайына койгонубуз туура болуп жүрбөсүн.
Өзүн-өзү билип, мыйзамды бузгандарды тартипке чакырып, тиешелүү чара көрө турган уюм, мекемелердин алсыз болуп жатышы да аябай өкүнүчтүү. Алар өздөрүнүн мекен алдындагы, эл-журт алдындагы, мыйзам алдындагы жоопкерчиликтерин сезип, тезинен иш-аракеттерин жасап, ээн баштарды тартипке чакырбаса, бул жосунсуз жоруктар ырбап жүрүп отуруп, башка өрөөндөргө, аймактарга жайылып, аягында ээ боло албай, түркүн кесепеттерге алып барышы айдан-ачык белгилүү.
Келечек муундун алдында жүзүбүз жарык болсо
Ал эми мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жерибизди сактап калуу үчүн, жерди пайдалануу жана кен байлыктарын иштетүүгө байланыштуу мыйзамдарды кайра карап чыгып, алардын аткарылышы боюнча тиешелүү органдардан сурап, талап коюп, милдеттендирип, элибиздин кызыкчылыктарын көздөй турган, иш жүзүнө аткарыла турган керектүү мыйзамдарды чыгарып, иштиктүү аракеттерди жасабаса жерибиз тебеленип, элибиз өз мекенинде бирөөлөргө күнкор боло берээри айныксыз иш.
Азыркы замандагыдай бирөөлөрдүн жерине, байлыгына көз артып, ыңгайы келсе күч колдонуп, басмырлап, зордук же ар кандай амал, түркүн жол менен болсо да ээлеп алууга аракет кылган арам ойлуулар, дүнүйөкорлор, караөзгөйлөр коммунисттер бийлик кылган СССР мезгилинде деле, ага чейинки заман-доорлордо деле болуп келген турбайбы?!
Бул жасаган өзгөчө опурталдуу, кечиримсиз иш-аракетибиз үчүн өткөн ата-бабалардын, келечек муундардын астында күнөөлүү болуп калбас бекенбиз?! Акыры акыл-эсибизге келе турган мезгил жетти го!!
Бактыбек МАКСҮТОВ
"Айкөл Манас баяны"
фондунун төрагасы