, 27.03.09 - 3-бет:
  ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООго камылга

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Дамир Лисовский кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.

Дамир
ЛИСОВСКИЙ:
"КРнын Президентин шайлоону ачык-айкын, калыс жана тунук, мыйзамдарына өлкөбүздүн өткөрөлү" ылайык
- Дамир Владимирович, ушул маанилүү мезгилде КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын жүргүзүп жаткан ишинин негизги этаптарын чечмелеп берсеңиз?
- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2009-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону өткөрүүнүн күнүн аныктаган Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Чечимине ылайык, 2009-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" Токтому кабыл алынды жана ал боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2009-жылдын 23-июлуна дайындалды.
Шайлоо жөнүндө Кодекстин 58-беренесине ылайык Президентти шайлоо Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоо күнүнө чейин кеминде төрт ай мурда дайындалат. Ушуга байланыштуу 21-мартта жана 24-мартта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышы болуп өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо процессинин бардык катышуучуларына Кайрылуусунун тексти, негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы жана шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилди. Жалпысынан бул жыйналыштарда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө тиешелүү уюштуруу-техникалык мүнөздөгү 18 маселе каралды.
Дагы бир маанилүү жагдайды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укугун натыйжалуу камсыз кылуу максатында жарандардын кайрылуулары, каалоолору жана даттануулары менен ишти алып барууда оперативдүүлүк болуш үчүн жыйналышта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Коомдук кабылдамасын уюштуруу жөнүндө Токтом кабыл алынды. Документте бул тармактын иш жүргүзүүсүнүн так графиги каралган. Анын ичинде, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Коомдук кабылдамасы күн сайын дем алышсыз иштемекчи. Коомдук кабылдамалар Бишкек шаарында Раззаков көчөсү, 59, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында,1-кабатта, №103 бөлмөдө, ал эми Ош шаарында Ленин көчөсү, 221, Ош облустук мамлекеттик администрациянын имаратында жайгашкан.
Белгилеп койчу нерсе, шайлоого даярдык шайлоо жөнүндө Кодекске жана бекитилген Календардык планга ылайык жүргүзүлүүдө.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге кандай критерийлер каралган?
- Президент болуп курагы 35 жашка толгон жана 65 жаштан ашпаган, мамлекеттик тилди билген, республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган, чет мамлекеттин жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.
Эсиңиздерге сала кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат жана бир эле адам удаасы менен эки мөөнөттөн ашык Президент болуп шайлана албайт.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон колтамгаларды чогултууга ким укуктуу жана муну кайсы мөөнөттө аткаруу керек?
- Бул процедуранын бардык нюанстары шайлоо жөнүндө Кодекстин 62-беренесинде толук баяндалган. Анда шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу укугу Кыргыз Республикасынын эрезеге жеткен, иш-аракетке жөндөмдүү жаранына таандык деп жазылып турат.
Биздин өлкөнүн Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон колтамгалар шайлоо күнүнө чейин 50 күндөн кечиктирилбестен шайлоо комиссияларына берилиши керек, башкача айтканда 2009-жылдын 2-июнунан кечикпестен.
Ошондой эле көңүл бура турган нерсе - талапкер кеминде 50 миң шайлоочунун колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында талап кылынган жалпы сандагы колтамганын кеминде 3 пайызы ар бир облуска, Бишкек жана Ош шаарларына туура келүүгө тийиш.
Талапкерлерди колдогон колтамгалардын ишенимдүүлүгүн текшерүү облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссиялары тарабынан кол коюу баракчаларын берген учурдан тартып 5 күндүк мөөнөттө ишке ашырылат.
- Шайлоо комиссияларына колтамга коюу баракчаларын берүүдө кандай шарттар сакталышы керек?
- Президенттикке талапкерди колдоп колтамга чогултуу боюнча толтурулган кол коюу баракчалары көктөлгөн жана номерленген түрдө ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан шайлоо күнүнө чейин 50 күндөн кечиктирилбестен облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларына берилет. Алардын адистери беш күндүк мөөнөттө каттоо кызматынын кызматкерлерин тартуу менен колтамгалардын аныктыгын текшерет. Белгилей кетүүчү жагдай, кол коюу баракчаларын кабыл алууда жогоруда аталган шайлоо комиссиялары ар бир кол коюу баракчасын шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт жана кол коюу баракчалары кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырас-тоону берет, мында шайлоочулардын колтамгаларынын саны, кабыл алуу күнү жана убактысы көрсөтүлөт. Мында, коюлган бардык колтамгалар, же жөнөкөй иргеп алуу (чүчүкулак) аркылуу текшерүүгө тандап алынган колтамгалардын бир бөлүгү текшерилиши мүмкүн.
Текшерүү процедурасы аяктагандан кийин гана облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссиялары тиешелүү протоколун толтуруп, аны дароо Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүүгө милдеттүү.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кайсы өлчөмдө шайлоо күрөөсүн Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна төгөт?
- Шайлоо жөнүндө Кодекске ылайык Президенттин кызмат ордуна талапкер каттоодон өткөнгө чейин жана берилген документтерин текшергенден кийин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине жеке каражатынан же өзүнүн шайлоо фондунан мыйзамда аныкталган эсептик көрсөткүчтүн миң эсе өлчөмүндө - 100 миң сом шайлоо күрөөсүн коёт. (Эсептик көрсөткүч 100 сомго барабар).
- Бул шайлоо мурунку шайлоолордон эмнеси менен айырмаланат?
- Шайлоо жөнүндө Кодекстин кабыл алынган өзгөртүүлөрүнө ылайык Президент болуп чет өлкөнүн жараны болбогон Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.
Добуш берүү үчүн имарат-жайга кирүүдө атайын аралашма менен (маркирлөө) шайлоочуларды белгилөө алынып салынды.
Ошондой эле шайлоочулар эгер алар шайлоочулардын негизги тизмесине киргизилген болсо, анда айдоочунун күбөлүгү менен добуш бере алышат. Эгер шайлоочу, шайлоочунун негизги тизмесине кирбеген болсо, анда анын сотко кайрылышынын зарылчылыгы жок. Аны шайлоочулардын кошумча тизмесине киргизүү үчүн болгону паспортундагы белгини (катталгандыгын) көрсөтүү жетиштүү болот.
- Сиздин шайлоо процессинин катышуучулары үчүн кошумча маалыматыңыз же каалооңуз барбы?
- Учурдан пайдаланып саясый партияларга, шайлоочуларга
райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү башталгандыгын маалымдап коёр элем. Саясый партиялардын (конференциялардын), шайлоочулардын чогулуштарынын протоколдору, көрсөтүлгөн талапкерлердин райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын мүчөсү болууга макулдугу жөнүндө арызы шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча тиешелүү облустук, Бишкек, Ош шаардык комиссияларына берилиши керек.
Райондук, шаардык комиссиялар шайлоо жөнүндө Кодекске ылайык шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде түзүлүшү керек.
Саясый партиялар жана шайлоочулардын чогулуштары райондук, шаардык шайлоо комиссияларына талапкерди көрсөтүү жөнүндө чогулуштардын (конференциялардын) протоколдорун тариздөө боюнча кеңеш берүүнү
тиешелүү облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынан ала алышат.
Бул даярдык көрүү процессинин маанилүү этабы. Жогоруда аталган шайлоо комиссияларынын курамынан жоопкерчиликтүү эмгек жана алардын мүчөлөрүнөн адамдар менен ак ниет, калыс иштөө талап кылынат. Мына ошондуктан саясый партиялар, шайлоочулардын чогулуштары талапкерди көрсөтүүдө жарандардын ой-пикирлери менен эсептешип, татыктууларды сунуштоону эске алышы зарыл.
Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат катары билдирер элем: Эгерде алар шайлоо алдындагы үгүт иштерин чагылдырууга катышууну каалашса, анда алар "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Токтому расмий жарыялангандан кийин 10 Календардык күндөн кечикпестен, эфирдик убакыт, басма аянтынын акы төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматты жарыялашы керек жана ошол эле мөөнөттө аларды Борбордук шайлоо комиссиясына берет, башкача айтканда, бул иш-чара 2009-жылдын 31-мартына чейин ишке ашырылышы зарыл.
- Алдыда боло турган шайлоого БШКнын даярдыгын кандай баалайсыз?
- Мен жана белгилегендей, шайлоо жөнүндө Кодекске ылайык райондук, шаардык жана участкалык комиссияларды түзүү, саясый партияларды жана шайлоочулардын чогулуштарын түзүүгө катышууга чакыруу менен комиссиялардын курамын түзүү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыя берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Дагы бир жолу белгилеп кетер элем: Кодекске ылайык шайлоонун күнү дайындалгандан кийин, ага даярдык көрүү процедурасы бүтүндөй иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнү карайт. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы башында турган шайлоо комиссияларынын системасы белгиленген программаны толук көлөмдө ишке ашырууга даяр.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону максималдуу ачык-айкын, калыс жана тунук, өлкөбүздүн мыйзамдарына ылайык өткөрүүгө шайлоо процессинин бардык катышуучуларына кайрылар элем.
Д.ИЛБИРСОВ




  Жыйын

Шайлоо таза өтөт
Кечээ Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский журналисттер менен болгон жолугушуусунда: "2009-жылдын 23-июлунда боло турган шайлоодо кыргызстандыктар өз добуштарын беришет. Бул шайлоо так, таза жана эркин өтүшү керек", - деп белгиледи.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө Д.Лисовский, Кыргыз Республикасы-
нын Президентин шайлоо күнүнө карата көрүлүп жаткан иш-аракеттер жөнүндө айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери: Шайлоонун таза өтүшү үчүн кандай чаралар көрүлөт? Маркировканы эмне үчүн жаратпай алып салды? Президенттикке талапкерлер ат салышууга укук алыш үчүн канча шайлоочулардын добушун жыйнап келиши керек? ж.б. суроолорду узатышты. КРнын БШКсынын төрагасынын айтымында, 23-июлда боло турган шайлоодо байкоочулар көп болот. Ал эми ультра фиалеттик нур менен текшерүүнү алып салган себептерин, ашыкча чыгым коротуунун алдын алуу болду деп түшүндүрдү.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"