, 27.03.09 - 9-бет:
  Кылымдарга айтылчу кыргыз ыңкылабынын даңазасы

Эгемендүүлүктү улаган элдик революция

Эл эңсеген эркиндик
СССР таркап, анын курамындагы республикалар эч кимге көз карандысыз эркин мамлекет катары жарыяланды. Эгемендүү мамлекет катары Конституциябыз кабыл алынганда кылым кыйырларынан жок болуп кетпей элдүүлүгүбүздү сактап келген Манас айкөлүбүз баш болгон ата-бабаларыбыздын эркиндикке, эгемендүүлүккө жетсек деген тилектери ишке ашканда өзгөчө кубанганыбыз эсибизде. Ошол мезгилдеги сыймыктанганыбызды, элдин кубанычын, ишеничин алгачкы бийлик актабады. Алгачкы президентибиз А. Акаев калкка "Швейцариянын бейишин" убада берип, топтолгон элдик байлыкты "жоо чапкандай" тонотуп, ага үй-бүлөсү менен аралашып, журтун жан багууга чет өлкөлөргө чачыратып жакыр өлкөгө айлантты.

Эсирген бийлик
элди кантип унутту ?
Албетте, мамлекеттүүлүгүбүздүн алгачкы учурларында өзүбүздүн улуттук символикабыз болгон Туубузду, Гимнибизди тактап, эне тилибиз болгон кыргыз тилине мамлекеттик статус берилип, улуттук акчабыз - сомду чыгардык. Бирок, 70 жыл союздун жетегинде жүргөн Кыргызстанды өзүнө таандык өнүгүү, калыптануу жолуна сала алдыкпы? Акыркы үч жылдагы өзгөрүүлөргө салыштырып жок деп айтууга туура келет.
Анткени адегенде эле "Базар экономикасынын шартында менчиктештиришибиз керек" деген алабарман, чарбасыздык саясатты туу туттук. Союздагы айыл чарбасы, өнөр жайы өнүккөн республиканы 15 жылдын ичинде "итке минген" жарды, карызга баткан келечексиз мамлекетке айландырдык. 10 млн. койду, алар багылган короолор, күүлдөп иштеп турган завод, фабрикалар, ишканалар илимий, маданий, соода түйүндөрү бийлик башындагылардын жакындары тарабынан таланды. Бир кезде бирдей деңгээлдеги адамдардын бай-кедейге кескин бөлүнүшү калктын кыжырдануусуна негиз болду. Эл байлыгын жоо талагандай атка минерлер өз ара бөлүп алышты. Оштогу жибек токуучу комбинатын ичиндеги миллион сомдон ашык продукциясын кошуп 250 миң сом, баш калаабыздагы "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүн баш кылып, 1724 турмуш- тиричиликти тейлөөчү объектилердин ар бирин орто эсеп менен 216 сомдон баалап сатуу реформабы? Рухубуздун булагы болгон кыргыз китеп дүкөндөрүн да калтырбай алып алышкандыктары чынында душман да жасабаган иш эмеспи.
Эгерде элдик байлык өз наркында туура сатылганда, андан түшкөн акчага чынында эле базар шартына өткөнүбүздөн кийин казынага акча түшө турган өндүрүштүн өнүгүшүнө шарт түзгөндө менчиктештирүү реформасы өзүн-өзү актамак. Андай болбой арзан сатылганы аз келгенсип, кагаз жүзүндө гана берилип, канча элдик мүлк бекер, кунсуз кеткенин эсепке алган бийлик болбоду. Билсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн болгону жалганбы?

Эл жасаган Элдик революция
Демократиянын шары менен көп партиялуулук кирип, адам укугун коргогон, элдин таламын талашкан коомдук уюмдар пайда болду. Сөз эркиндигинин желаргысы кыргыз маалымат каражаттарына да таасирин тийгизип, эркин гезиттер эсирген бийлик элди унутканын, демократиянын атын жамынып элдин шайлоо укуктарын административдик мүмкүнчүлүгүн пайдаланып бурмалоо, "жайлоо" жолдорун куп өздөштүргөнү, мыйзамдарды бурмалап кара өзгөйлүк менен бут тоскону калың элди толкутту.
Жалал-Абаддан Бакиевдерди депутаттыка өткөрбөө, жалган жалааны жабыштырып каралоо, бут тосуулары болду. Курманбек Бакиевге Тогуз-Тородон Жалал- Абадга келе албасы үчүн атайын жолдорду жардырышып, көчкү түшүрүшүп тостурушту. Жусупбек Бакиевди жасалма доллар чыгарды деп жок жерден жалаа жабышып, КТРден тынбай каралап калың элге жалган маалымат таркатып турду.
Ар бир аймактын белгилүү уул, кыздарына каршы үй-бүлө тандаган талапкерлер коюлуп, бийлик алардын депутат болуп өтүшүнө көз көрүнө шарт түзүп, бюллетендерди ачык да, жашыруун да салдырып, чындыкты бурмалаган жыйынтыктары шылтоо болуп, адилетсиздикке, эл менен эсептешпеген бийликке каршы ачык чыгуулар башталды. Жалал-Абаддан тутанып уланган элдик нааразычылык Ошту, Таласты, Нарынды, Ысык- Көлдү, Чүйдү каптап, козголбогон, кошулбаган айыл кыштак калбады. Райондук, облустук, мамлекеттик, администрациялардын имараттарын ээлешкен эл Бишкекти көздөй агылып, Ала-Тоо аянтына калк батпай кылкылдады.
Курманбек Бакиев башында турган 9 партиядан түзүлгөн Кыргызстан Элдик Кыймылы (КЭК) жалпы элдик нааразычылыктарда карапайым калктын талабын талашып, эл башында болушту.
Натыйжада А.Акаев бийлигин таштай качууга аргасыз болду.

Эл элдик лидерди тандады
Жалпы көтөрүлгөн эл райондук, облустук администрация имараттарын басып алышкан. Калың эл Курманбек Бакиевди тандап алышканы - Ала Тоо аянтынан айыл жерине чейин "Акаев кетсин, Бакиев келсин" деп кыйкырып турушканы, Ак үй алынганда Курманбек Бакиевди Премьер-министр шайлап, президенттин убактылуу милдети кошо тапшырылганы, кийин президенттик шайлоодо кыргыз тарыхында болуп көрбөгөн 90% элдин добушун алгандыгы - эч кандай үгүт жүргүзүлбөсө да жалпы журт эл башчысын жүрөктөрү менен өздөрү шайлашкандыгы кыргыз турмушунда болгон тарых чындыгы.

Мамлекеттик башкаруу
механизми жаңыланды
Жаңы бийлик экономикалык өнүгүү механизми жок, бюджетти толтурган рычагы ишенимсиз, донор мамлекеттердин "кол кесери" менен жан баккан жарды өлкөнү колго алды. Президент К.Бакиев: "Биздин экономикалык саясаттын башкы максаты - бул элдин жыргалчылыгын, айыл-кыштактардын жашоо деңгээлин көтөрүү" деп аны аткаруу иштерин өндүрүштү колго алуудан баштады. Менчиктештирилбей калган, мурда иштеп токтогон завод, фабрикаларды, ишканаларды ишке киргизип, жаңыларын эл турмушунун муктаждыгына жараша ачып пайдаланууга берди. Мисалы, "жалпы Кыргызстандын" күйөө баласы Адил Тойгонбаев Канттагы цемент заводун менчиктештирип алып, цемент, шифер ж.б курулуш материалдары тартыш болуп эл кыйналса, азыр алты цемент заводунун курулуп жатышы, алгачкылары ишке киргизилгени турганы ийгилик эмей эмне. Санай келсек мындай саамалыктар арбын. Беларусь мамлекети менен биргеликте өзүбүздө МТЗ-82 тракторун чыгарып, дыйкандарыбызга берилип жатышы айыл чарбасын көтөрүүдөгү алгылыктуу аракет. Үч жылда дыйкандарыбызды 1300дөн ашык трактор менен камсыздоо мамлекеттин агрардык тармакка баса көңүл бөлгөндүгүнүн далили.
Ыңкылап болгонго чейин жолду оңдоого жылына 200 миллион сом бөлүнсө, 2008-жылы 1миллиард 200 млн. сом бөлүнүп, эл аралык деңгээлдеги ички жолдордун, көпүрөлөрдүн курулушун жолго койду. Үстүбүздөгү жылы да бул чектен ашыруу пландаштырылууда. Кайсы тармакты албайлы көзөмөлгө, камкордукка алынып, өсүү жолуна түштү. Өндүрүш жолго коюлгандыктан бюджет эки эсе жогорулап, пенсия, пособие, социалдык жөлөк пулдар, эмгек акылар өстү.
Шаар болобу, айыл болобу социалдык-маданий объектилер курулуп, элдин жакшы жашоосуна шарттар түзүлүүдө. Канча мектептер, ФАПтар, спорт аянтчалары жана башкалар салынды. Таза суулар чыгарылды. Баш калаабыздагы муниципиалдык 200 автобустун эл ташыганга сатылып келиши жашоонун жакшыра баштаганынан бир мисал. Өз каражатыбыз менен Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулуп жатышы кыргыз тарыхында болду беле. Эми Камбар-Ата-1 Россия мамлекети менен тең шерикте курулмакчы болуп турат. Өзүбүздө каражат болбогондон кийин кызганып жол тосо бербей элге кызмат жасай турган курулушту баштаганы турганыбыз туура. Экономикабыз эле жолго коюлбай саясатыбыз да жакшы жагына өзгөрдү. Депутаттыкка шайлоону уруу-урууга, кокту-колотко бөлбөй, ынтымакты кетирбей партиялык тизме менен шайлоого өтүшүбүз өз натыйжасын бергенин көрдүк. Кудай буюрса быйыл 23-июлда да Президенттик шайлоону бул тартипте өткөрөбүз.
Тышкы саясатыбызда да чоң жетишкендиктер болду. Кыргызстанда эки жолу Кыргыз Президенти Курманбек Бакиевдин төрагалыгында саммит өттү. Өзгөчө өткөн жылкы июль айындагы саммитте Кыргыз Президентинин, Кыргыз мамлекетинин уюштуруучулугу, демилгеси зор болду деп бааланышы, кимди болбосун кубандырбай койбойт.
Бүгүн айтпай кетпесек болбос, 1500дөн ашык митинг болуп, ар тараптан иштетпей коюуга аракеттер көрүлүп жатса да жаңы бийлик бул кыска убакыттын ичинде өзүнүн кеменгерлигин, көсөмдүгүн, сабырдуулугун далилдей алды. Жыйынтыктап айтканда мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин ушул 4 жылда жүргүзгөн саясатынын жемиши жыл өткөн сайын артыла берерине ишенем. Эң негизгиси Элдик бийлик келечек муунга күчтүү, ынтымак-ырашкерчиликтүү, бай-бакубат өлкөнү түзүп берери шексиз.
Анаш КАДЫРОВА,
коомдук ишмер,
УТРКнын директорунун
экс-орун басары.




Акылбек ЖАПАРОВ, Экономиканы өнүктүрүү жана соода министри:
"Банкрот өлкөнү кабыл алганбыз"
(Башталышы 8-бетте)
Бул мамлекетибиздин экономикасын көтөрүп, байгер жашообузга негиз түзмөк. Биз электр энергиясын туруктуу чет мамлекеттерге сатсак, аны чоң баада өткөрө алабыз. Демек, өзүбүздүн дагы республикага алып келген кирешебиз дагы чоң болот. Ошол экспортко чыгаруунун эсебинен биз ички саткан тарифтерибизди да азайтууга мүмкүнчүлүк алабыз. Анан жанагы экономика өскөн сайын көбүрөөк электр энергияны керектейт эмеспи. Энергетика менен айыл чарбасындагы проблемаларды чечип, шарттын баарын түзө турган болсок, буюрса Кыргызстан мындан ары жакшы эле астыга жылып кетет.

Элдик революциянын орду, сабактары
- Элдик революциянын тарыхый ролуна,саясый маанисине кандай баа бересиз?
- Биз саясый чоң сабак алышыбыз керек. Бул демократия эмне дегенди кыргыз эли өз көз карашын, позициясын көрсөтүп аныктады. Мен муну өз башыман өткөрдүм. Бийлик сот аркылуу депутаттыкка талапкерлигимди күчкө салып алганда Кочкор элинин 16769 көпчүлүк шайлоочусу бардыгына каршы добуш берип, өз пикирлерин билдиришкен. Ошого карабай 16769 атуулдун укуктарын тепсеп, силер тирүүлөй арбаксыңар деген зөөкүр бийлик шайлоонун экинчи турун өткөрмөк болгондо 2005-жылдын февраль айында адилетсиздикке каршы биринчи толкуган Кочкор эли болгон. Жалпы Кыргызстан боюнча жайылган нааразычылык эмнеден чыкты? Жогоруда айтылгандай экономикасы очорулган, элин карабаган, адам укуктарын одоно бузган, эки мөөнөт президенттикке ыраазы болбой, Конституцияны бузуп үчүнчү жолу да бийлик башына келем деген А.Акаевдин саясатына нааразылык билдирген эл революция жасоого мажбур болду. Биздин Конституцияда бийликтин булагы, башаты эл деп жазылган. Бул эстен чыгып, бийлик элди көзгө илбей, эсептешпей калган. Элди ойлобосоң эл бир күнү баары бир бийлигиңе карабай туруп Кыргызстандан айдап чыгат деген сабак болоор жыйынтыгын чыгарды.

Митинг, мыйзам,
шайлоо
- 27-мартта оппозициядагылар жалпы Кыргызстан боюнча митингге чыгабыз дешүүдө. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
- Конституция боюнча ар бир атуулдун митингге чыгабы, оозеки же кат жүзүндө болобу ой-пикирин билдирүүгө укугу бар. Бирок, бүт бардыгы мыйзамдын чегинде болуш керек. Мен революция мезгилинде митингдерге катышкан, уюштурган адам катары "эмне үчүн, кимди колдоп, кандай максатта баратабыз, койгон талаптарыбыз жүйөөлүбү?" - деген суроолорго негиздүү жооп беришсе, анан чыгышса туура болор эле деп айтар элем. Айрымдар муну бизнес катары көрүп алышты. Кээ бирлер 10 киши, башкасы 100, 500, аша чаап 1000 адамды чыгарам, мынча акча бергиле деп соодалашкандар да бар.
- Аздыр-көптүр экономикалык өсүүлөр байкалып, алыбызга жараша өндүрүш жолго коюлуп элдин социалдык муктаждыктарын мүмкүнчүлүктүн болушунча чечүү, жарандарыбыздын жашоо деңгээлдерин көтөрүүгө аракеттер болуп жатканда элди көтөрүп, көчөгө чыгара турган кырдаал бүгүнкү күндө барбы?
- Жакшыбы, жаманбы азыркы бийлик төрт жыл иштеди. Өлкөдө мурда, кийин кандай жумуштар аткарылганын жогоруда айттым. Бир жума боло элек Конституциялык сот быйыл Президенттик шайлоо болорун чечип, Жогорку Кеңеш карап, 23-июлда шайлоо өтөрү такталды. Президент деле талапкер болчу татыктуулар бар деп айтпадыбы. Эми ким президент болгусу келсе мыйзам жолунда программаларын элге жеткирип, жарышка чыксын. Эл калыс, ким татыктуу экендигин тандап алат.
- Революциянын лидерлеринин бири катары ыңкылаптын төрт жылдык майрамында жалпы калкка кандай каалоолорду айтасыз?
- Элге майрамыңыздар кут болсун демекчимин. Биз берген убадалардын айрымдарын орундата албай жатабыз. Буга жүйөөлүү себептер да болууда. Өзүбүздөн да кетип жатса керек. Мындан ары дагы бийликте жүргөндөр революцияны эмне үчүн жасагандыгыбызды унутпайбыз деп революционер катары айтам. Максаттарыбызды аягына чыгарганга чейин болгон күч аракеттерибизди жумшайбыз деп жеке өзүм да ишендирип кетем.

Маектешкен
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу" гезитинин экономика жана маалыматтар
бөлүмүнүн башчысы