, 27.03.09 - 13-бет:
 "Казак элинин Баатыры" ардак наамы -
Мукандын күч, акылынын жемиши болгон

Жаз жарышы, үрөн тартышы
Техника жетиштүү
Кылкандуу дан эгиндеринен бөлөк, дээрлик бардык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү бар. Жалпысынан 4520 тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү жетишпейт. Анын ичинен 2382 тонна буудайдын, 2138 тонна арпанын үрөнү жетишсиз. Жетишпеген үрөндүн 564 тоннасы сорт жаңылоонун жана сорт алмаштыруу үчүн супер-элиталык жана элиталык үрөндөрдү алуунун эсебинен, 0,46 миң тонна биринчи, экинчи, үчүнчү репродукциядагы үрөндөрдү мамлекеттик үрөн фондусуна топтоонун эсебинен, "Айыл Банк" аркылуу берилүүчү насыянын эсебинен 2,0 миң тонна, алына турган болсо, Дүйнөлүк банктын ПСИУ долбоору аркылуу 0,44 миң тонна, үрөн сатылып алынды. Калган 1,1 миң тонна үрөн массалык репродукциядагы буудайдын жана арпанын үрөнү менен толукталат.
Учурда бардык региондордо айыл чарба техникаларын ремонттоп, даярдык линейкасына коюу боюнча кызуу иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 16,6 миң даана трактор (78%), 5,2 миң соко (74%), 2,1 миң культиватор (69%), 2 миң сепкич (76%), 16,1 миң комплект жер тырмоочу агрегаттар (79%), 299 даана жер тегиздөөчү агрегаттар (76%), 6,8 миң даана трактордук чиркегич (77%) даяр болду. Бул көрсөткүчтөр өткөн жылдын деңгээлинде экендигин айтып коюш керек. Анткени, көпчүлүк техникалар өтө эскирип, жараксыз абалга келип, аларды оңдоо өтө кыйынчылыкты туудурууда.

Эгин себүү кызыган учур
Кыргыз Өкмөтү бекиткен программа боюнча, быйыл республика боюнча 521,2 миң гектар жерге жаздык айдашыбыз керек эле. Бүгүнкү күнгө карата 22995 гектар жер айдалды, же программанын 4,4 пайызын түзөт. Салыштырмалуу айтсак, өткөн жылдын ушул мезгилинде 16770 гектар жер айдалган, же 2008-жылга караганда быйыл 6225 гектар жер ашыкча айдалды. Негизинен азыр жер айдоо түштүк региондордо кызуу жүрүп жатат.
Программа боюнча 387456 гектар жерге жаздык дан эгиндер себилиш керек болсо, иш жүзүндө 4860 гектар жерге себилип, 2008-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2955 гектарга арбын себилген. Анын ичинен 1559 гектар жерге буудай себилип, өткөн жылга салыштырмалуу буудай эгүү 719 гектарга көп болду. Учурда 3301 гектар жерге арпа эгилип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2126 гектар арбын. Жаздык дан эгиндерди жана буудайды себүү Баткен, Жалал-Абад, жана Чүй облустарында башталып, кызуу жүрүп жатат.
Программа боюнча 2009-жылы 84,9 миң гектар жерге картошка эгиш керек болсо, бүгүнкү күндө 596 гектар жерге картошка эгилди. Картошка эгүү негизинен Баткен, Лейлек, Араван, Кара-Суу райондорунда кызуу башталды.

Дизелдик күйүүчү май арзандады
Оперативдик маалыматтарга караганда, учурда республикага 16,5 миң тонна дизелдик күйүүчү май алынып келинген. Бул жалпы керектөөнүн 42,9 пайызын түзөт. 4,4 тонна автобензин (48,8 %), 708,2 тонна дизелдик май (46,1%), 223,1 тонна автол (45,5%) алынып келинген. Кыргыз Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрындагы токтомуна ылайык, Мамлекеттик матрезервдер фонду 2008-жылдын 22-декабрында "Би-Тек-Ойл" жоопкерчилиги чектелген акционердик коому менен 2009-жылдын жазгы-талаа иштерин жүргүзүү боюнча 15,0 миң куб.м. дизелдик майды алып келип таратуу боюнча келишим түзүлгөн. Анын биринчи партиясы, же 3500 литри, анын ичинен 700,0 литри Балыкчы станциясына, 920 литри Токмок станциясына 1880,0 литри Беловодск станциясына жеткирилди.
Дизелдик майдын кийинки партиясы 3,5 миң куб.м. өлчөмүндө түштүк региондорго жөнөтүлдү. Бул күйүүчү майлар 15-18-мартта
тийиштүү жерлерге жеткирилет. Анын ичинен Ош, Баткен облустарына 2,0 миң куб.м., Жалал-Абад облусуна 1,5 миң куб. м.
Мындан тышкары, быйылкы жаздын эрте келишине байланыштуу, Кыргыз Өкмөтүнө өткөн күздөн калган 1904 миң литр күйүүчү майды "Газпромнефть Азия" жоопкерчилиги чектелген акционердик коомунун автомай куючулары аркылуу түштүк региондордун жана Талас облусунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жеткирип бермекчи. Эгерде Өкмөт ушул сунушту колдоп берсе, анда тийиштүү акча каражаты которулуп берилери менен аталган ишкана литрин 17,7 сомдон талондор аркылуу бере баштайт.

Минералдык жер семирткичтер бар
Жазгы-талаа иштерине бардыгы болуп 209,1 миң тонна минералдык жер семирткичтер керектелсе, бүгүнкү күндө 75,8 миң тоннасы алынып келинди. Бул бардык керектөөнүн 37,7 пайызын түзөт. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 205,6 пайыз болду. Быйыл 97 миң тонна минералдык жер семирткичтерди алып келүү күтүлүүдө. Минералдык жер семирткичтер элдин талабына жараша алынып келинет. Азыркы учурда жер семирткичтерди алып келүү улантылууда. Тийиштүү фирмалар март айында 20,6 миң тонна, апрель айында 13,0 миң тонна минералдык жер семирткичтерди алып келүүнү болжолдошууда.
Түштүктө аммиактык селитранын килограммы 11,0-13,0 сом, карбамид 14-15 сом болууда, түндүктө Өзбекстандан алынып келинген аммиактык селитра 13,5-14 сом, кармабид 15 сомдон жогору болууда. Ал эми Россиядан алынып келинген аммиактык селитра 17 сом турат.
Быйыл өткөн жылга караганда жерди азыктандыруу 1,5-2 жума эрте башталды. Республика боюнча бүгүнкү күндө 89 миң гектар жер минералдык жер семирткичтер менен азыктандырылды. Бул 2008-жылга караганда 24,4 миң гектарга көп. Бүгүнкү күндө талааларга 600,0 миң тонна органикалык жер семирткичтер чачылды.

Сууга байбыз, жайында ага зарбыз
Акыркы эки жылдын аралыгындагы кургакчылык агын суулардын азайышына жана суунун топтолушуна терс таасирин тийгизди. Республикадагы бардык суу сактагычтардын долбоордук кубаттуулугу 1 млрд. 573,5 млн куб. метр болсо, 2009-жылдын 12-мартына карата 1 млрд. 1170,11 млн. куб.метр суу топтолгон. Бул долбоордук кубаттуулуктун 71,6 пайызын түзөт, же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 108,6 млн. куб.метрге аз. Ошол эле учурда, күздүн жаандуу болушу жана кардын бир аз көп түшүшүнө байланыштуу, 2009-жылдын 1-апрелине карата 1 млрд.320,4 млн. куб.метр суу топтолушу күтүлүүдө же бул бардык кубаттуулуктун 84 пайызын түзөт.
Өлкөнүн ирригациялык объектилеринде план боюнча 77,7 млн сомдук ремонт иштери аткарылышы керек болсо, 2009-жылдын 13-мартына карата 59,5 млн. сомдук ремонттук жана калыбына келтирүүчү иштер аткарылып, план 77 пайызга орундалды. Натыйжада 4 млн. 526,7 км. каналдар ремонттолуп даяр болду. Анын ичинен 523,7 км.каналдардан суу бериле баштады.
2009-жылдын 13-мартына карата республика боюнча 5,75 миң гектар жер сугарылып, жазгы сугаруу планы 67 пайызга аткарылган. Негизинен эрте жазгы сугат иштери Баткен облусунда активдүү жүрүүдө.
Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




"Кыргызстан менен Казакстан: түбөлүк достук" конкурсуна
Казак балбаны кыргыз изилдөөчүнүн көзү менен
Далысы жер жыттабаган Кажы-Мукан
Боордош эки элдин айтылуу көөнөрбөс эл акыны Муктар Шахановго арнайм

(Башталышы гезиттин №19-20-сандарында)
Ал алгач контрреволюционер атаман Дутовдун, андан кийин адмирал Колчактын баш кесээр желдеттерине каршы согушта да тайманбас эрдигин көргөзгөн.
Граждандык согуштун ийгиликтүү жеңишинен кийин Мукан өзүнүн сүйгөн кесибине кайра киришет. Ал кезде Мукан мурдагыдай эле кайрат-күчтөн кайта элек алдуу кези болучу. Казак элинин даңазалуу балбан уулу мурда күрөш арасында гана күч сынашып жүргөн болсо, кийин ал өзү туулуп-өскөн республикасында да ири спорттук мелдештерди уюштуруп, анын активдүү катышуучуларынан болот.
Кажы-Мукан күрөш арасында советтик доордо да ири жеңиштерге жетишет. Балбандын өнөрүнө Орто Азиянын - Ташкент, Фрунзе, Ашхабад, Самарканд... шаарларынын элдери да кызуу кол чабат. Ошентип, ал узак убакыт бою күрөш аренасында өз өнөрүн даңазалады. Ал экинчи дүйнөлүк согуш башталганга чейин күрөш аренасынан чыккан жок.
Кылымдын даңазалуу алп балбандарынын бири, боордош казак элинин сыймыктуу уулу Кажы-Мукан Муңайтпасов күрөш аренасында өткөн өмүрүндө дүйнөнүн, Европанын, Россиянын, Орто Азиянын... чемпионаттарында кырк жети - алтын, күмүш жана коло медалдарынын ээси болгон!
Эл баалаган өнөр
Кажы-Мукандын өмүрүнүн
акыркы жылдарындагы күрөш аренасындагы анын беттешүүлөрүнүн ичинен бирөө, балким өмүрүндө эстен чыккыс элес калтырган чыгаар...
1927-жыл. Оренбург шаары. Казак элинин балбан уулу бул жерде атайы өткөрүлгөн балбандардын ири мелдешине чакырылат. Бул чемпионатта да Мукан беттешкендерин "түгөлдөй" жыгып, биринчи байгени жеңип алат. Мелдеш аяктагандан кийин Казакстандын Борбордук Аткаруу Комитетинин атайын чечими менен Кажы-Муканга спорт ишиндеги жана революциялык кыймылга активдүү катышкан баалуу салымдары үчүн "Казак элинин Баатыры" деген ардактуу наам берилет! Бул ардактуу наам Мукан үчүн анын турмушундагы эстен кеткис, бөтөнчө кубанычтуу эмгек жемишинин жыйынтыгы эле! Сыймыктуу наам баатырдын күчүнө-күч, демине-дем кошуп, дагы жаңы жеңиштерге шыктандырат.
Кажы-Мукан ысмы казак элинин маданий турмушу менен да тыгыз байланыштуу. Жыйырманчы жылдын орто ченинде Казакстандын Баатыр уулу эл ичиндеги өнөрпоз жигиттерин топтоп, Казакстандын мурдагы борбору Кызыл-Ордо шаарында Казак элинин тарыхында биринчи жолу профессионалдык театр ачат. Театр эл ичинде бат эле кеңири таркап, Мукан анда ар кандай ченемсиз оордуктарды көтөрүү номерлерин аткарат.
...Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде, согуштан кийинки жылдары Мукан күндүр-түндүр тынымсыз эмгектенип жаткан элдерге, өзүнүн улгайып калгандыгына карабастан, белине кур курчап, концерттик бригадаларды уюштуруп, эл алдына өз өнөрүн мурдагыдай эле тартуулай берет.
1944-жылы ал турмушунда чогулткан маңдай теринин эмгек акысын фронтко - согуштук самолет курууга тартуулайт. Боорунда "Казакстандык учкучтарга Кажы-Мукандан!" - деген жазуусу бар граждандык согуштун баатыры Амангелди Имановдун ысымындагы самолет Советтик Армиянын Аскердик Аба Күчүнүн казакстандык алдыңкы экипажына тапшырылат. Элдик баатырдын мындай эл үчүн кылган эмгегин Совет өкмөтү да учурунда жогору баалап, аны бир канча жолу мамлекеттик баалуу сыйлыктар менен сыйлаган.
Казакстандын борбору Алма-Ата шаарынын негизги көчөлөрүнүн бири Кажы-Мукандын ысмына коюлган. Анын туулуп-өскөн жериндеги музей-үйүнө да алыс-жакындан келип-кеткендердин карааны бул күндөрү да өтө арбын. Ал эми бир катар жылдардан бери республиканын балбандары баатырдын ысымындагы, кызыгы жыл санап артылган, салттуу байге үчүн да чоң мелдешти үзгүлтүксүз өткөрүп келишет.
Бир тууган казак элинин сыймыктуу жана сүймөнчүктүү уулу Кажы-Мукан Муңайтпасов 1948-жылы август айында дүйнөдөн кайткан.
Эл үчүн арнаган өмүр эч качан эстен чыкпайт!

Нуржан КАСЫМБЕКОВ