, 20.03.09 - 25-бет:
  Бар бол,
Нооруз!

Өрүшүбүз малга толсун, Кырманыбыз данга толсун!
(Башталышы 1-бетте)
Үмүттөн жаралган сый тамак
Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө эл ичинде ар кандай уламалар айтылат. Алсак, алардын биринде: "Илгерки өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында калкты ачарчылык каптайт. Эл ичин өлүм-житим аралайт. Жумурай-журттун айласы куруп, самандай сапырылат. Эл тентийт. Тамак сурап чыркыраган балдардын үндөрү басылбайт. Энелеринин айлалары кетип, аргалары түгөнөт. Алар ары ойлонушат, бери ойлонушат. Мындай учурда адамдан амал качып кутулбайт тура. Мээрман энелер бир ойго келишип, ар кимиси колдорунда болгон тамак-аштарын ортого чыгарышат. Бирөөсү бир чымчым унун, экинчиси бир кашык майын, үчүнчүсү бир ууч талканын, дагы бирөөлөрү үч-төрт өрүктүн кагын ж.б. чогултушат.
"Көп түкүрсө көл болот" дегендей көпчүлүктөн жыйналган тамак-аш чоң аш казандын жарымынан болот. Ага толтура суу куюлуп, от жагылып, казан асылат. Ал кайнайын деп калган маалда кызыл чиедей жаш тогуз баласын ээрчиткен жесир аял келет. Ал от жагып отурган аялдарга көзүнүн жашын көлдөтө төгүп: "Айланайын журтум, казаныңарга кошоор эчтемем жок, мына бул тогуз жумалак таштан башка эч нерсе таппадым, жок дегенде алар тогуз балама ырыскы болуп кошо бышсын" - деп жүз аарчысына ороп келген таштарын таптаза жууп, "Биссимиллахир рахмани рахим, жараткан Алла таалам калайык калкыма токчулук менен бейпилчиликти алып келсин", - деп казанга салат. Казан бороктоп кайнай баштайт. Ак элечектүү байбичелер казанды аралаштырган сайын "Айланайын кудай, ушул көктөм элибизге токчулук менен бак-таалай алып келсин, журтубуз ачкачылыктан кыйналып кетти, мол түшүмдүн,берекенин, ден соолуктун жылы болсун!" - дешип Алла Тааладан суранышат.
Табы менен от жагылып, казан бүлкүлдөп кайнай берет. Курсактары ачып, чаалыккан балдардын алды кыңылдап ыйлап жатып уйкуга кетет. Казан таң аппак атканча кайнатылат. Ага салынган ар түркүн нерселердин буруксуган жыты каңылжаарды жарат. Алар эң бир таттуу, эң бир жегиликтүү, токчулук даамданып бышат. Ал жакшылап демделип, суугандан кийин идиштерге салынат. Аны жаш-кары дебей сөөмөйлөрү менен илип жешет. Ал бир айга жетет. Калк ачкачылыктан аман калат. Андай ширелүү, күлазыктуу, касиеттүү тамакты эл сүмөлөк деп аташат. Ошол жылы элдин тилеги кабыл болуп, жаз жакшы болот. Эгин өмүрүндө чыкпагандай чыгат. Мол түшүм алынат. Калк токчулукка белчесинен батат. Ошол күндөн ушул күнгө
чейин ата-бабаларыбызды ачарчылыктын апаатынан аман сактап калган касиеттүү сүмөлөк ыйык тамак аталат. Кийин ал бара-бара жаңы жылды тосуудагы салттуу тамакка айланат.

Жаздын куту сүмөлөк
СҮМӨЛӨКТҮ даярдоого кам көрүү иши жаңы жылга он-он беш күн калганда башталат. Алгач белгилүү өлчөмдөгү беш, же жети кадак (кг) жакшы сапаттагы буудай тандалып алынгандан кийин таш-пашы терилип, ыпыр-сыпырлары тазаланат. Андан соң буудай сыныгы жок, таза жуулган чарага, табакка жана башка идиштерге салынып, аябай жуулат да, туура бир күн сууда кармалат. Эртеси көбө түшкөн буудай кайрадан таза жуулуп, таза супаранын, чыптанын, чыктандын, тактайдын ж.б. бетине
жайылат да, үстү даки (марли) менен жабылат. Буудай кургап кетпес үчүн суу чачылып турат. Ал жылуу жерде кармалат. Качан буудай өнүп, көк майсасы колдун сөөмөйлөрүнүн бир муунундай бийиктик өлчөмүндө өскөндө сокуга салынып жанчылат. Майдаланган буудай чарага салынат да кол менен дагы бир жолу мыжылат. Абдан эзилген буудай чараларга бөлүнөт да, аларга суу куюлат. Эртең жаңы жыл деген түнү айылдын сыйлуу адамдары атайын сүмөлөк даярдалып жаткан үйгө чакырылат. Алар колдорунда болгон тамактарын - ун, мейиз, өрүк ж.б. алып келишип, майдалашат да (жанчышат) от жагышып, кадыр түн күтүшүп, сүмөлөктү бышыра башташат. Аны ар кандай убакта: түн бою, күндүзү да кайнатышкан. Маселен, кечки саат алтыдан эртең мененки алтыга чейин. Эгерде өндүрүлгөн, уютулган буудай беш кадак болсо, чоң казанга асылат. Ага он кадак акталган ак май куюлат. Алгач майга жети токоч бышырылат. Аны аксакалдар куран окушкандан кийин жешкен. Казандагы май муздагандан кийин беш кадактайы идишке куюлуп алынат да, даярдалып коюлган буудайдын ширелүү суусун дакиден өткөзүп (таза сүзүп) казандын кулагынан бир карыштай кем кылып куюлат. Анан ага таза эленген ун бөлтөгү жоголгонго чейин аябай чалынат. Кээ бир жерде ун куурулуп да чалынат. Эгерде, казанга бир кадактай уютулган, өндүрүлгөн буудай керектелсе, ага төрт-беш кадак ун чалынат. Унду көп, же аз кошуу буудайдын сарпталышына жараша болот.
Казанга от жагыла баштаганда, ал түбүнө тартып күйүп кетпес үчүн сайдын майда өрүктөй болгон кара таштарынан жети, же жыйырма бир даанасын аябай таза жууп салышкан. Казан дайыма сузгу, чөмүч, депкир менен аралаштырылып, сүмөлөк коюуланган сайын өндүрүлгөн буудайдын шире суусунан куюлуп турат. Ал эми сүмөлөк коюлуп быша баштаганда майы үстүнө калкып чыгат. Сүмөлөктүн өңү-түсү да кара-күрөң тартып, кайнаган сайын майы калкып туна баштайт. Сүмөлөк бышканда от тартылып, казандын капкагы жабылып, үстү жылуу нерсе менен оролот. Ал баш-аягы төрт-беш саатча демделет.
Белгиленген убакыт өткөндөн кийин айыл аксакалдары, байбичелер чакырылат. Алар о дүйнөгө кеткендердин арбактарына арнашып куран окушуп, бата беришет. Ошондон кийин гана казан ачылат. Үстүндөгү майлар таптаза калпынып алынат. Андан кийин сүмөлөк идиштерге куюлуп, меймандарга берилет. Абалкы салт боюнча сүмөлөк сөөмөй менен илинип желинет. Сүмөлөктү бышыруунун эң негизги максаты - аны элге ооз тийгизүү алардын ыраазычылыгын, сообун алуу.
Сүмөлөк бышырылып жаткан үйдө ырлар ырдалып, шаңдуу оюн-зоок да өткөрүлгөн. Аларда элдин бейпилчилиги, токчулугу, ыймандуулугу, ынтымак-ырашкерлүүлүгү айтылган. Калк арасында болсо төмөнкүдөй "Сүмөлөк" аттуу элдик ыр тарайт.
Сүмөлөк бүгүн кайнатып,
Бешене терим сүртөмүн.
Ыйманды бүгүн күтөмүн,
Бактыбыз бүгүн
ачылсын.
Ырыскы-кешик
чачылсын!

Ар дасторкон түрлөнөт,
Аштын куту сүмөлөк.
Жашыл майса жараткан
Жаздын куту сүмөлөк.
Кайырма:
Кайнап борк-борк
сүмөлөк,
Казан тынбай көөлөнөт.
Кырк эки таш шыгырайт,
Кыйырга нур үбөлөп.

Берекени үймөлөп,
Бардык киши күүлөнөт.
Бапыраган токчулук
Баштын куту сүмөлөк.
Кайырма:
"Ак терекпи?" "Көк терекпи?"
"Ак чөлмөк" ойнош төп келет.
"Өлөң айтыш", "Селкинчек"
Өңгөлөргө көп керек.
Кайырма:
Кыз куумай, эңиш, көкбөрү,
Кыргыз салты сүмөлөк.
Кыз көчүрмөй, эр сайыш,
Кызык "жар-жар" козголот.
Кайырма:
Ырыска сооп үймөлөп,
Ыйык оокат сүмөлөк.
Ар бир үйдө дасторкон,
Ажайып көп түрлөнөт.
Кайырма:
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас
Жаңы жылды тосуудагы
сыйлуу тамактын дагы бирөө - Чоң көжө болгон. Ал акталган буудайдан жасалган. Аны жети түтүн биригишип бышырышкан. Бир эле мезгилде алар көжө менен узун сарыга сакташкан сүрлөрүн да, таттуу тамактарын да бышырышкан. Буларды айыл адамдары топ-топ болушуп, үймө-үй кыдырышып жешкен. Ак дасторкондун үстүндө келген жаңы жыл калкка жаңы бак-таалайды, ырыс-кешикти, токчулукту, бейпилчилдикти, ынтымак-ыймандуулукту кошо ала келген кутмандуу жылдан болуусун тилеген каалоолор айтылган.
Нооруз күнү ар бир үйдө кургатылган арча, адырашман түтөтүлүп, көзү өткөн адамдар эскерилип, куран окутулган. Келгендерге сүмөлөк тартылган. Андан бардыгы ооз тийишкен. Нооруздун күнүндө, түнүндө абалкы түрк элдердин ичинен кыргыз, казак, алтай, хакас, өзбек калктарына кеңири тараган аластоо, эмдөө айтымы айтылган. Алас деген сөздүн тегин териштирсек, ал кыргыз тилине фарс тилинен кириптир. Алас - кыргызча "жыгачтын көмүрү" деген маанини түшүндүрөт. Аласты негизинен эмчи-домчу, ырымчы, дарымчы, бакшы, бүбү жана нускалуу көп жашаган, көптү көргөн касиеттүү ак элечектүү байбичелер жаңы жылды тосуп жатканда:
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Айдан аман бололу,
Жылдан эсен бололу,
Түндөн түгөл бололу.
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.
Жер жарылып көк чыксын,
Желин айрылып сүт чыксын,
Таш айрылып чөп чыксын.
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.
Өрүшүбүз малга толсун,
Кырманыбыз данга толсун,
Дасторконубуз нанга толсун.
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.
Чарбагыбыз бакка толсун,
Чарабыз акка толсун.
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас
- дешип куюлушмалуу ыр менен сабатмалуу обондо ак тилектерин айта аякка, чыныга кичинекей табакка арчанын, адырашмандын бүчүрлөрүн түтөтүп, алардын түтүнү менен үйдүн ичин, адамдарды кыдырып аласташкан. Байыркы кыргыздар аласты жеке эле Нооруз майрамында эле эмес, үй-бүлөдө, оору-сыркоо көбөйгөндө, жашаган заманында элдин башына мүшкүл түшкөндө, жашоо начарлаганда, калк башчысы чабал болгондо жаңы аластар да айтылган. Маселен:
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.
Башаламандык кетсин,
Барчылык келсин,
Башчыларыбыз элди
иштетсин,
Базарга балдарыбыз
башын салбасын,
Жерге иштешсин,
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.
Улугубуз калыс болсун,
Уул, кыздарыбыз,
Эл-журтубуз,
Жамандыктан алыс болсун,
Орошондуу пейилибиз
ак болсун,
Оорубасын денебиз дайым
сак болсун,
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.
Жаңы жылда балдарым,
Ырыс-кешик талаш деп,
Көжө жарма, сүр салат,
Койдун этин күрсалат
- деген шекилдүү жаңы аластоолор жаралды. Аластын эң башкы максаты - үй-бүлөгө илешкен ар кандай ооруларды кууп чыгууга, жин шайтандарды жолотпоого, жакшы жашоого багышталган.
Улус күн
бакты алып келсин!
Нооруз күнү колунда барлар
бей-бечараларга кайыр-садага беришкен. Ушул күнү айыл-ападагылар жаңы жыл бизге оттой ысык жашоону алып келсин дешип алоолонто от жагышып, андан секирип, тегеренишип бий бийлешкен. Ушул күнү Баба дыйкандан мол түшүмдү сурашып, үрөндү жакшылыкка жумшалсын деп себишкен.
Эл жаздын алгачкы жамгырын да, күндүн күркүрөгөнүн да кубануу менен тосушкан. Балдар болсо чакаларга таш салып алышып, чөмүч менен чаканы ургулашып боз үйдү айлана: "Жер айрылып чөп чык, желин айрылып сүт чык" - дешип ырдашкан. Ушул күнү ага-туугандар, достор, коңшу-колоңдор бири-бири менен таарынышып жүрүшсө элдешишкен жана кечирим сурашкан. Ошентип, алардын биринин да көкүрөгүндө кири калбаган. Мына ушунусу менен жаңы жыл барктуу да, нарктуу да болгон.
Нооруз күнү улуттук: "Балбан күрөш", "Эр оодарыш", "Көз таңмай", "Эр сайыш", "Аркан тартмай", "Төө чечмей" ж.б. оюндары ойнолуп, күлүк аттар, кунан чабылып, жорго салдырылган. Ошентип жаңы жыл бүтүндөй журттун салтанаттуу, салттуу майрамына айланган.
"Арыба, Нооруз! Келе бер, Нооруз! Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун! Талаабызга ак дан берсин. Алдыбыздан ак дасторкон, башыбыздан бак-дөөлөт, ырыс-кешик, узун өмүр, ынтымак-ырашкерчилик кетпесин!" - деген бата айтылган. Ал эми кыргыздар Нооруздун күнүн - Улустун күнү дешип:
Улусуң оң болсун,
Ак мол болсун.
Улус күн бакты апкелсин,
Төрт түлүк акты апкелсин,
Улус күн береке берсин,
Балаа-жалаа жерге кирсин.
Күлүгүң миништүү болсун,
Көңүлүң улустуу болсун.
Пейилиң жугуштуу болсун,
Ар бир нерсең азир болсун.
Кеткениңди келтирсин,
Кемтигиңди толтурсун.
Бак-дөөлөттү Кудайым
Насип этип болтурсун,
Оомийин - деген ак батаны айтышкан.
Балбай АЛАГУШЕВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер,
музыка изилдөөчү