, 20.03.09 - 21-бет:
  Эл эмгектен эскерет

Эмилбек АБАКИРОВ:
"Ден соолугумдун мыктылыгын, бакты-таалайды мен ак эмгектен таптым..."
"Убакыттын ылдам, учкулдугун карачы! Кечээ эле мотурайган боз бала, андан кийин эл кызматын аркалаган эр көкүрөк жигит элек… Билинбей минтип - нечен ашуу, бел ашып, 80дин кырына келген кезде артыбызга кылчайып, өткөн өмүр, баскан изге баа берип, кеткен менен келерди таразалап турабыз…"
Маектешип отуруп, Эмилбек аганын көптү окуп, көп билген, көптү көргөн, кудум көлдөй (тереңдигин айтам) көздөрүнөн, улуулук мээрими төгүлгөн жүзүнөн ушуну окудум. Окудум да, аганын өмүр чыйырына алдыртан карек таштап, ал жөнүндө угуп, окуп отуруп, улуу адамдын өрнөктүү өмүрүнө суктандым.
Анан да бир нерсени байкадым. Сыртынан караган адамга баскан-турганы, акыл-сезиминин тунуктугу, бешенесинен да Эмилбек ага 80 жаштагыдай эмес, өз курагынан он, он беш жылга жаш көрүнөт. Мунун сырын канчалык сурагым келгени менен, улуу адамдан ыйбаа кылып кетип калып, бирок баары бир кийин телефондон кабарлашканда сурадым… Агай агынан жарыла карсылдап күлүп алып:
- Бул - ата-бабадан калган, тукум кууй турган көрүнүш чыгар… Эң негизгиси, өзүң каалаган кесипте иштеп, ошондон канагат алып жашоо - адамдын көңүлүн өстүрүп, өмүрүн жашартат окшобойбу, - дейт.

"Чыйыр..."
Анткен менен Эмилбек аганын
балалык чагы кыйла эле кыйын шартта өткөндөй. Киндик каны тамган жери - Кочкор районунун Ак-Кудук кыштагы болгон менен, балалыгы Токмоктогу балдар үйүндө өтүптүр.
- Атам билимдүү, көкүрөгү зирек адам болгон. Бирок манаптын тукуму катары кодуланып, кызматынан четтетилип, куугунтук жеп жүрдү. Апам экөө да ажырашып кетип, экинчи эненин колуна түшүп, кийин балдар үйүнө өттүм…
Эмилбек агайдын балалыгы тууралуу кыскача маалыматы ушул. "Аккан арыктан - суу агат", "алтынды дат баспайт" дегендей сезимтал, зирек бала ошол интернаттан эле көзгө көрүнүп, оозго алынып, алдыңкы окуучулардан болгон.
Мектептен кийин алгачкы эмгек чыйырын Чүй өрөөнүндөгү "Шамшы" совхозунда эсепчи болуп ишөө менен баштаган. Согуштан кийинки жылы соода тармагын окуп, андан кийин кооперативдик техникумдан билим алган.
Издегенин табыш үчүн кыраан куш улам бийик, улам бийик учкан сыңары, көкүрөгүндөгү көрөңгөсү тынчтык бербей, көздөгөн максатка жетиш үчүн жаш улан улам
бийикке серпилип, "ийне менен кудук казып", билим менен өйдөлөп жүрүп отурган. Техникумдан кийин (1949-жылы) Кыргыз мамлекеттик университеттин тарых факультетине өтүп, артыкчылык дипломун алгандан кийин Ош пединститутунда окутуучу, ага окутуучу, институттун комсомол комитетинин секретары болуп иштеген.
Эмилбек Абакирович өзү да белгилегендей, анын кызмат жолунда "капысынан секирик жасоо" деген болгон эмес. Ар бир жолу чоң сыноодон өтүп, төмөндөн жогору карай - карапайым жумушчулуктан улам өйдөлөп, ак эмгек, маңдай тердин аркасында гана көтөрүлүп жүрүп отурган.
1958-жылы комсомолдун Ош обкомунун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн секретары, Ош пединститутунда ага окутуучу, 1960-жылдан тарта Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунда кызматтарда жүргөн.
- Ошол убакта Акматбек Сүйүнбаев партиянын Ош обкомунун биринчи катчысы эле, - дейт эскерүүсүндө Эмилбек Абакирович бүгүн, - Бир күнү (1970-жылы, май айы болчу) мени чакыртып: "Жакшы иштеп жатасыз, Эмилбек Абакирович. Сизге ишеним көрсөтүп, партиянын Ош обкомунун бөлүм башчылыгына сунуштадык! - деди.
Бөлүм башчыдан Ош шаарынын биринчи катчылыгына Султан Ибраимов сунуш кылып, Борбордук Комитетке да ушул адамдын ишеними менен келгенин эскерет.
Мына ушул ордолуу Ош калаасында анын жаштыгынын "жылт" эткен жагымдуу, жакшы учурлары калган. Анткени ал ушул жерден коомдук, партиялык кызматтарга калыптанып, телчигип, улам өйдөлөп канат каккан. Баарынан да баса белгилей кетерибиз, Эмилбек ага түштүктө иштеп жүрүп түгөйү - Бердике Тыныстановага жолуккан! Бердике эже репрессиянын курмандыгы болгон көрүнүктүү, коомдук ишмер, кадимки Касым Тыныстановдун кенже кызы.
- Алар - үчөө экен, - дейт эми Эмил ага өмүрлүк жарына адеп жолуккан учурун эстеп, - Апасы, агасы Эркин, анан Бердике… "Эл душманынын" үй-бүлөсү катары куугунтук жеп, жер ооштуруп, түштүктө баш калкалап жүрүшүптүр. Мен пединститутка мугалим болуп иштеп барсам, Бердике ошол жердин студенти экен. Бир карасаң экөөбүздүн тагдырыбыз да окшош, анын үстүнө мүнөзүбүз төп келишип, тил табышып, дил табышып дегендей, бир жылдай сүйлөшүп жүрүп, 1957-жылы баш коштук. Биздин үй-бүлөлүк алгачкы он сегиз жылыбыз ошол Ошто калды. Бир уул, бир кыздуу болуп, бактылуу жашадык. Төрт неберебиз бар. Эң кейиштүүсү, мындан он жыл мурун Бердике бизди калтырып, келбес сапарына кетти…
Мээнет...
Эмилбек ага 1973-жылдан
1995-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Профсоюздар кеңешинин төрагасы болуп иштеген.
Мына ушул жылдардан тарта ал республиканын профсоюздук тармактардын түзүмдөрүн бекемдөө, алардын биримдигин камсыз кылуу, иш ыкмаларын жөндөө, профсоюздук кадрларды даярдап- өстүрүү, профсоюздун материалдык-техникалык базасын чыңдоо өңдүү иштерине опол тоодой салым кошкон.
Э.Абакировдун демилгеси менен азыр өзү иштеп жаткан "Достук" мейманканасы баш болгон (борбордо, облустарда, райондордо) бир канча административдик, профсоюздук мекемелер, эмгекчилер үчүн ден соолук чыңдоочу жана эс алуу жайлары - санаториялар, туристтик базалар, мейманкалар, балдар мекемелери курулган.
Э.Абакировдун профсоюздук ишмердигин баалап, Орто-Азия жана Азербайжан, Түркия мамлекеттеринин Борбордук профсоюздук кеңеши аны генералдык секретарлыкка шайлап, бул кызматта 1995-жылдан 2005-жылга чейин иштеген.
Үзүр...
Ата журтка арнаган, өмүр бою
аркалаган ак эмгеги үчүн агайыбыз Октябрь Революциясы ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы" медалдары, ошондой эле бир канча жолу мамлекеттик деңгээлдеги Ардак грамоталар жана Кыргызстандын профсоюзуна кошкон салымы үчүн күмүш медалы, ж.б. менен сыйланган.
- Мына азыр өзүм демилге көтөрүп салдырган "Достук" мейманканасында иштеп жатып, өмүрүм текке өтпөгөнүнө кубанам… - дейт агайыбыз. А чындыгында эле союз убагында республикада мындай ири мекемелерди куруу - машакат менен ишке ашкан. Ал үчүн Москвадан уруксат алууга, сүйлөшүүлөргө барууга, чуркоого туура келген. Республикабыздагы азыркы чоң-чоң имараттардын бардыгы мына ушундай убарачылыктар менен салынган.
Курулушуна 4-5 млн. рублга жакын каражат жумшалып, 1992-жылы ишке берилген, өз эмгегинин бир үзүрү катары караган "Достук" мейманканасында Э.Абакиров 1998-2007-жылдары гендиректордун орун басары болуп иштеген. Ардактуу эс алууга чыкса дагы, азыр да тынч жатып албай, гендиректордун кеңешчисинин милдетин аткарууда.
- Бакыт деген - өзүңдүн эли-жериңе, өзүңдүн сүйгөн кесибиң менен кызмат кылуу жана элдин тынчтыгы, эл ичинде балдарыңдын бактысы. Демек мен өтө бактылуу адаммын! - дейт биздин "Бакыт деген эмне?" - деген сурообузга Э.Абакиров.
Анткен менен аңгеме арасында учурдагы профсоюздун айрым абалына зээни кейип, кабыргасы кайышаарын да жашырган жок.
- Башта карапайым элди курорттордо эс алдырууга жылына 130 миңдей жолдомо (путевка) бөлүнчү эле, бул азыр 7000ге жетпей калган кез. Ар жайда 400-450 миң баланы лагерге жиберет элек. Эми ал да суюлду. Убагында профсоюздун бир гана уставы боло турган. Бардыгыбыз ошого баш ийип, ошо менен иштейт элек. Тартип, ынтымак жана биримдик бар жерде ийгилик да болот эмеспи. Азыр ар бир тармактын профсоюзунун ар бөлөк уставы бар. Бул - мыйзам ченемдүү көрүнүш эмеспи, бирок мени ынтымактын, биримдиктин жоктугу кейитет, - дейт ал.
Эл - тараза,
эл - сынчы...
Бүт өмүрүн, акыл-сезим, ак
эмгегин Ата журтуна арнап, эми да талыкпай иштеп жаткан асыл агабыздын тарых-таржымалына назар төшөп отуруп, ал тууралуу замандаштарынын айткандарына таназар салбай өтүүгө мүмкүн эместир…
Т.УСУБАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Баатыры:
"Эмилбек эмгеги менен элге жаккан"
Ал кезде жогорку билимдүү
адистерди дароо эле кызматка койбостон, тапшырмаларды берип, мына ошол тапшырмаларды аткарууга кудурети жетсе, жөндөмүн, талантын, партияга берилгендигин көрсөтө алса, андан кийин кызматка коёр элек. Себеби жетекчи турмушту жакшы билүүсү керек. Республиканын экономикасын, маданий-саясый турмушун жакшы түшүнүп билүүгө тийиш. Дагы бир жакшы касиет - элге туура мамиле жасап, иштеше билип, муктаждыгын түшүнө билүү. Мына ушул сапаттар кызматкерлерди тандоодо негизги критерийлер болгон. Мына ушундай кадрлардын бири - Эмилбек Абакиров.
Оштон келгенден кийин БКнын аппаратында иштеди. Болгондо да уюштуруу бөлүмүнүн биринчи орун басары болуп иштеп, өзүн жакшы жагынан көрсөттү. Ишке, элге, кадрларга туура, жоопкерчилик менен мамиле кыла тургандыгын далилдеди. Мына ушундан кийин биз аны республиканын профсоюздар уюмунун төрагалыгына сунуш кылдык. Ал кезде кадрларды жалаң эле Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитети карабастан, кадрлар Москвадан бекитилет эле. Биздин сунушубузду Москва бардык жагынан талдап, карап отуруп, макул болуп, Э.Абакиров иштеп калды.Жыйырма эки жыл иштеди.
Ал учурду айта берсек сөз көп. Сөздүн негизинде Э.Абакиров өз өмүрүнүн жаштык, асыл, кымбат учурларын эл-жери үчүн арнап, таза, талбай иштеди. Учурда да үзүрлүү иштеп жатат.
Туулган күнгө келген куттуктоолордон:
Улуу урматтуу Эмилбек Абакирович!
Профсоюздун жалпы элдик конфедерациясынын атынан Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрө-гүмдөн куттуктайм! Дүйнөлүк профсоюздук коомдо жана өзүңүздүн өлкөдө Сиз мамлекеттин жана эмгекчи элдин кызыкчылыгы үчүн жасаган татыктуу эмгегиңиз менен таанымалсыз! Сиз басып өткөн өрнөктүү жолуңуз, асыл иш, ак ой, адал эмгегиңиз менен замандаштарыңыздын урмат-сыйына ээ болуу менен бирге, улам кийинки урпактарга да сабак болоруңуз талашсыз!
Ошондой эле Сиздин көп жылдык, үзүрлүү эмгегиңиз үчүн, КМШ өлкөлөрүнүн профсоюздардын өсүп-өнүгүшүнө, биримдигине кошкон же-ке зор салымыңыз үчүн Профсоюздардын жалпы конфедерациясынын күмүш төш белгиси менен сыйлайт! Сыйлыгыңызды, сыймыгыңызды чын дилимден куттуктайм!
Сиздин кубанычыңызды, бактыңызды Сиз менен бирге, Сиздин мекендештериңиз менен бирге тең бөлүшүп, чың ден соолук жана жаздай жагымдуу маанай каалайм!
В.П.Шербаков,
Профсоюздардын жалпы конфедерациясынын төрагасы.

Мына ушундай. Өмүрү өрнөк болоор Эмилбек агадай асыл агалар жөнүндө дастан, роман жазса жарашаар...
Биз ушул макаланы даярдап жатып, КРнын Президенти Эмилбек Абакировго "Манас" орденин тапшыруу тууралуу Жарлыкка кол койгонунан маалымат алдык.
Кут болсун! Бар болуңуз, асыл агабыз!
Бетти даярдаган
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"

Эмилбек аганын
турмуштан алган асыл ойлорунан:
Ь Сабыр адегенде жагымсыздай туюлат, бирок соңунан жагымдуу маанай тартуулайт…
Ь Ата-эне, тууган-урук, ага-ини, карындаш биз үчүн бир гана жолу жаралат. Аларды тандоого болбойт…
Ь Напси тизгинин ыпластыктан, жагымсыз иштерден сактай алуу касиети - баатырдыкка барабар. Анткени напси менен күрөшүү - душман менен согушууга караганда бир топ оор.
Ь Аялзатына уялчаактык, энелик мээрим, дилинин тазалыгы көрк берип турат.
Ь Канчалык билимдүү, турмуштук тажрыйбабыз көп болсо да, өзүбүз сезбеген кемчиликтерибиз бар.
Ь Өткөн иш үчүн көп ойлонуп, кайгы чеге берүү - акылдуу кишинин иши эмес.
Кылычтын мизиндей, найзанын учундай ачуу сөздөр менен аткарылбаган жумуштар жумшак сөз, кичи пейил мамиле менен аткарылат.