, 20.03.09 - 20-бет: Жыпар ИСАБАЕВА:
"Бүгүн менин туулган күнүм,
Сиздин дагы майрамыңыз, Энекебай!.."
Поэзия
Жашынмак ойногондой,
Эсиме түшө калып,
Кайыптай кайра эле бат,
Карааның үзө калып,

Көртирлик, санаалардан,
Жазгырып, азгырасың!
Кытылдап күлөсүң да,
Көөнүмдү жаз кыласың!

Унутуп баарын анан,
Жылмаям, алданам да,
Артыңдан ээрчий чуркап,
Балага айланам да?!.

Бакытка балкып кетем,
Сезем да алда нени:
Мен сени кандай сүйсөм,
Сүйөсүң сен да мени!

Жаштыгым
Эх, сенин наздыгың, шаттыгың!
Мен сени сагындым, жаштыгым!
Бактылуу, ишенчээк, баёо элең,
А бирок билбепмин аздыгың!

Булуттай үлбүрөк, наз элең,
Кычыроон кышта да жаз элең.
Кыя албай кыр ашып баратам,
Кылчактап кыркынчы жазда мен!..

Алыкулга кошуна жашаш үчүн!
Мен сыйлыкка кызыкпайм атак үчүн,
Ким бирөөлөр: "Кыйын!" - деп аташ үчүн.
Керекпи деп ойлончу болдум бирок,
О дүйнөгө "визитка" жасаш үчүн!
Анан дагы качандыр Алыкулга,
Ала-Арчада кошуна жашаш үчүн...
Мен сени карыз
элем ырларыма
Билбеймин,
Мени кантип таап келдиң?..
Капыстан жамгыр болуп жаап келдиң!
Ыр гана сыйган менин жүрөгүмө,
Батынып, жакынымдай даап келдиң!
Дүйнөмө
Ыр апкелдиң белек кылып!
Ырыма нур апкелдиң, седеп кылып!
Карагат каректериң жүрөгүмдү,
Элиртет эмнеге элеп-желеп кылып?..
Мен сени
Карыз элем ырларыма!
Бакыттан өзүмө-өзүм сыйбадым да!
Кыйкырып кол булгадым, кырда туруп -
Өзүңсүз өтүп кеткен жылдарыма

Жоготуп алдым сени
Жоготуп алдым сени,
Мен сени жүрөгүмдөн таппай жатам!
Канатың жайган менен баягыдан,
башкасың!
Батына албай, батпай жатам!

Добушуң чоочун мага,
Көздөрүң сеники эмес сыяктанат!
Түгөнүп сага деген сагынычым,
Сүйүүнүн мунарасы кулап барат!

Түшүнбөй турам сени,
Чыныгы сүйүү мындай болбош керек!
Адашып жатсак керек же экөөбүз,
Жүрөктү адашуудан коргош керек!

Кыш болуп кетти неге,
Жаңы эле жаркыраган жазыбыз жок!
А бирок антсе дагы бирибизди,
Бирибиз таарынтууга акыбыз жок!..
Телефондор!
Телефондор! Бүгүн дүлөй, кереңдей,
Тунжурашат - укпай, сезбей, кебебей!
Ал ансайын күнүм түшүп аларга,
Күйпөлөктөйм - мага эмне деп теңелбей.

Көз каранды болуп сага кайран жан,
Кадимкидей башымды ийип, байлангам.
Кожойкеңер болсом дагы силердин,
Бөйпөңдөгөн кулуңарга айлангам.

Анткени издеп жүрсөм жалган дүйнөдөн,
Жүрөгүмө салып ийип дүрбөлөң.
Эстен кеткис ошол бир күн өзүңдөн,
Жүрөгүмдүн падышасы сүйлөгөн.

Ошол үндү угуш үчүн кайталап,
Күтүү менен жашап өтөм дүйнөдөн!


Чоң энем
Бүктүшүп,
Ыйлап жатып сени эстедим...
Күз түшүп,
Көңүлүм жаз эмес менин!
Ансайын эреркеймин Энекебай,
Айланып, чебеленсе элестериң!

Санаалар
Тынч уйкумду бузат дагын,
Талаалар,
Тоолорду ашып учат жаным:
Мынакей бала чагым, биздин айыл,
Анан да мени шаарга узатканың!

Ошондо,
Апакемдин көздөрү ай!
Ишеним, үмүт, мээрим толуп турган!
Күлүмүш болгон менен жүрөгүнүн,
Учунда бир убайым конуп турган!

Анткени,
"Кыз жаманы кыроо" болуп,
Мага эми башка тагдыр ыроолонуп,
Өзүңдөн, балалыктан, айылымдан,
Узагам - окуу алгачкы сыноо болуп!

Колдору!..
Апакемдин колдору ай!
Нан жапкан,
Мал да баккан, очок жаккан!
Шуудурап туруучу эле алаканы,
Тынымсыз тарткан түйшүк, ысык сууктан!

Уядан
Учуп чыгып ошол күнү,
Карааным
Карегиңден үзүлдү эле!
Жашоонун жалгандыгын апакебай,
Ал кезде кызың кайдан түшүндү эле?!.

Жарышып,
Мезгил деген күлүк менен,
Күлүк бол! Дечү элең күйүкпөгөн!
Кусалуу карачусуң эртеңиме,
Каректе мелт-калт толгон үмүт менен!

Жашоо - жол!
Жашоо - турмуш, түмөндөгөн!
Кубаныч,
Кайгысы да түгөнбөгөн!
Бүгүн сен жоксуң апа!
А мен сендей -
Энемин, жөжөлөрүн түгөлдөгөн!..






А өмүрлөр...
Көздөрүмө тик бага албай сүрдөгөн,
Мени сүйгөн, а бирок мен сүйбөгөн,
Адамдарды, ай, жылдарды аралап,
Өзүңдү издеп жүрөм жалган дүйнөдөн!

Жылуу, сулуу каректерге үңүлөм,
О, Кудайым ошолбу дейм, түңүлөм.
Жакшы ыр уксам, көрсөм жакшы бирөөнү,
Эмнегедир сага окшотуп сүйүнөм.

Бирок билбейм, ысымың ким? Кандайсың?
Балким ачуу, балким шекер, балдайсың?
Байкашымча бакытка окшош кандайдыр,
Башкалардан башкачараак жандайсың.

Каяктадыр сен да мени сагынып,
Башка тагдыр, башка адамга кабылып,
Жүргөнүңдү сезем менин бакытым,
А өмүрлөр барат тынбай агылып.

Бешөөбүз
Кубанычтан толкуп-ташып кечээ биз,
Бир башкача бактылуу элек десеңиз!
"Бир алакан, бир билекте жашаган,
Беш манжадай бирбиз!" - дедик бешөөбүз.

Улуу жолдо баратып күлүп алдым,
Эске түшүп алпейим жоругуңар.
Жүрөгүмө "жылт" этип жатты сиңип,
Тамашаңар, күлкүңөр, оюнуңар.

Өзүңөрдү элестеп, ичим жылып,
Башкача бир бактылуу баратамын.
Силер менен чын эле дүйнөм түгөл,
Силер менен жашоого жарашамын.

Ар бириңер тоолордой бийик болуп,
Үлпүлдөгөн жакшы ойго билик болуп.
Ата Журттун ысыгы-суугунда,
Жандүйнөңөр чимирик - ийик болуп!

Мейкиндиктей мелмилдеп тегизсиңер,
Бактысына кыргыздын келипсиңер!
Кандай ыйык, асылдык болсо жерде,
Баардыгына өзүңөр эгизсиңер!


Бүгүн менин
туулган күнүм...
Бүгүн менин туулган күнүм,
Сиздин дагы майрамыңыз, Энекебай!
Ушул күнү белиң сыздап,
Көл-шал түшүп чабалактап,
"Аялдын бир ажалы төрөт" дейт го,
Жамандык да, жакшылык да жабалактап!..

Саамга анан тынчый калып,
Белиңиздин сыздаганы,
Толгооңуздун кыстаганы,
Эстен чыгып баары-баары,
"Наристем" - деп элжиреп
кеткендирсиз?..
Төрөлө элек тунгучуңа,
Энелик мээримиңизди сепкендирсиз?
Өзүңүз да алгачкы ирээт,
Эненин ким экенин сезгендирсиз!

Ой, Кудай, ай!
Кайрадан толгоо күчөп,
Сөөктөрүңдүн,
Жүлүнүңдүн сыздаганы жанга бүтөт!
Жаз, жарык...
Болбурап тиктеп турат,
Келе элек ымыркайдын,
Ууз жытын искеп турат.

Аңгыча:
- Баа-а! - деген үн,
Жаңыртып айлананы,
Ымыркай ыйлап келди,
Таалайы жандап аны!
Мен анда ыйладымбы,
Же балким эң алгачкы
Ырымды ырдадымбы?..

Ошондо Энеке сен,
Жараткан, Теңирге тең,
Ыр да айтып жеткире алгыс,
Даражаң сездиң бекен?
Жомокто периштедей,
Бакытка денең балкып,
Магдырап кеттиң бекен?
О, Эне, Энекебай,
Бүгүн Сиз төрөгөн күн!

Дүбүрт
Бирге жүрүп тээ бала кезден эле,
Көптөн бери дайынсыз кеткен эле!
Жалгызсырап турмуштун ачуу-таттуу,
Күндөрүндө ындыным өчкөн эле!

Бүгүн анан... Бир дүбүрт кайталанып,
Келатканын "солк!" ээтим байкап алып!
Аксарбашыл, о Кудай! Жолдо турам -
Куса менен кирпикти жаштап алып!

Келатат, ов, ыр жыттуу караан келет!
Алды-артында акындык араан келет!
Калемсабым, кагазым ойгонгула,
Бул бакытты качантан самаар элек!

Кара терди маңдайдан чыпылдатып,
Калемсапты шилтейин тыпылдатып!
Кана ыр саптар, канымда ойногула,
Каалгасын жүрөктүн "тыкылдатып!.."

Келип турат
Күн өпкүм
Сезем дагы -
Келатканың мени издеп,
Сүйүү төшөп,
Келер жолуң тегиздеп,
Арнап койгом өзүңө эчак өзүмдү,
Жүрөгүңө - жүрөгүмдү эгиздеп.

Кимсиң, билбейм,
Бирок сени сагындым,
Жарымындай жандүйнөмдүн,
Жанымдын.
Кимсиң, айтчы? Каяктасың, кандайсың,
Мен да эртелеп келет сага табылгым.

Келер болсоң
бүгүн келчи жүрөктүн
Падышасы.
Келип турат Күн өпкүм...
Эмне үчүн?
"Жалкоосуңар, жоошсуңар" - деп жемелеп,
Жерибизди чоочун буттар тебелеп!
Анткен менен алигиче бири да ,
Жалкоо эмес кыргыз төрөп бере элек!

Өзгө, жатка бирдей колтук ачабыз,
Эртеңи жок элге окшоп шашабыз!
Эмнеге биз урпактардын эртеңки,
Ырыскысын, шыбагасын чачабыз?!

Кыргыз жери - ташы кымбат, суусу бал,
Жакындын да, жаттын көөнүн бурчу ал!
Пейил берип, ынсап берип, ыр берип,
Эзелтеден элге кубат болчу ал!

А бүгүнчү? Өздү-жатты өңөрүп,
Жата конок, баса конок көбөйүп!
Балдар эртең болбосо экен батпаадай,
Чоочундардан - чоочун балдар төрөлүп!..

Түшүмдө
Күндү көрдүм түшүмдө! Демек менин,
Күнүм тийет экен деп сени эстедим.
Күмүш күлкү тагынып добушуңа,
Күлүп келген кезиңди элестедим.

Айды көрдүм түшүмдө! Демек менин,
Айлап күткөн адамым келет дедим!
Азаптарды арт жакка таштап эми,
Алдың тосуп чуркашым керек менин!..
Мен жөнүндө ыр жазчы...
"Мен жөнүндө ыр жазчы? Мен жөнүндө..."
Деген бир сөз ар дайым көөдөнүмдө,
Тегеренип, айланып жүрөт дагы,
"Селт" дей түшөт көзүңдү көргөнүмдө.

Ырларымдын бардыгы сен жөнүндө,
Экендигин айта албай жүргөнүмдө,
Көздөрүмө суроолуу тигилесиң:
"Ушул ырың жакшы экен. Ким жөнүндө?.."

Чынымды айтсам ырымдын көбүндө - сен,
Жүрөгүмдүн, сырымдын төрүндө - сен!
Ырдан дагы баш тартуум керек, анда
Эгер сендик сүйүүмдү төгүн десем!