, 20.03.09 - 18-бет:
  Күнбаян

19-март - улуттун улуу инсаны Исхак Раззаковдун каза болгон күнү
И.Раззаков тууралуу айтылгандар кайталанса да ашыкча болбойт
Исхак Раззаковдун жашап өткөн жолу жөнүндө айтып бериш мага сыймык. Анткени, И.Раззаковичтин өмүрү, ишкердүүлүгү өсүп келе жаткан жаш муундар үчүн аябагандай баалуу чоң өрнөк. Алар ушул кишиге карап, мекенге ак кызмат өтөгөнгө үйрөнүшү керек. Кыргызстандын кайсы аймагында болбосун И.Раззаков жөнүндө жакшы пикирлер айтылып келет. Калк айтса калп айтпайт деген сөз бар кыргызда. Ошондой эле акыркы кездерде ал киши тууралуу көптөгөн китептер жазылып, кинотасмалар тартылып жүрөт.

Кыргыз ССР Министрлер Кеңешине кантип келген
Исхак Раззаков Өзбекстандан Кыргызстанга келиши жөнүндө сөз кылсак, экинчи дүйнөлүк согуш аяктап жеңиш күндөр жакындап калганда Москвада Иосиф Сталин менен Өзбекстандын биринчи катчысы Осмон Юсупов жолугушуп аңгеме курушат. Ошондо И.Сталин Кыргызстан жөнүндө Юсуповдон сурап, СССРдеги ар бир союздук республикалардын биринчи партиялык катчылары өз улутунан болсун деген чечим ишке ашып жатат. Бирок, Кыргызстан менен Казакстанга ылайыктуу кадр табылбай жатат дейт. Андан О.Юсупов: "Бизде улуту кыргыз бир жаш кадр бар. Ал жаш болсо дагы Өзбекстанда Госпландын төрагасы, министр, ошондой эле Өзбекстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин идеология боюнча катчысы болуп иштейт. Мына ушул жарайт", - дейт. Сталин ага ынанып, көп узабай 1945-жылы 35 жаштагы Исхак Раззаков Кыргыз ССР Министрлер Кеңешине төрага болуп келет.

И.Раззаковду депутат кылган эл
1946-жылы жазында СССР Жогорку Кеңешине депутаттык шайлоо болуп, Панфилов районунун шайлоо борборунан Исхак Раззаков депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлөт. Ошондо И.Раззаков шайлоочулар менен өткөргөн жолугушуу иштерине катышкан менин атам Токторкожоев Кылычбек: "Исхак Раззаков өтө кичипейил, уяттуу жигит экен. Аны байкаган эл өзү эле И.Раззаковду алкап, ак батасын беришкен", - дегени эсимде.

Ал эч качан даяр докладга ишенген эмес
Исхак Раззаков 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин төрагасы болуп иштеп жүргөндө табият берген акылы, зор эстутуму, ораторлук жөндөмдүүлүгү менен глобалдык масштабдагы аналитикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүп, чыныгы саясый жетекчиликтин туу чокусун багындырган. Ошол кезде Исхак Раззаков менен көп жылдар бою бирге иштеген жардамчысы Василий Ивановичтин айтканы эсимде: "Ал эч качан бирөө жазып, белендеп берген доклад менен чыкчу эмес. Кайрадан бардыгын баштан-аяк карап оңдоп-түзөп отуруп анан сүйлөп чыккан." Анын сүйлөгөнү элди ойготуп, толкундатып, келечекке шыктандырчу. Улуттун чыныгы лидери экени анын сүйлөгөн сөзүнөн да, жасаган ишинен да, жүрүм-турумунан да көрүнүп турчу.

1 жумалык макаланы 1 күндө жазган
"Бир күнү "Правда" гезитинин кабарчысы келип И.Раззаковго макала жазып берүүсүн өтүнүп, бир жуманын тегерегинде келээрин айтып кетти. Кабарчы кетери менен эле И.Раззакович суранган макаланы даяр кылып эки нускада бастырып, бирин Москвага, бирин кабарчы келсе берип кой деп мага тапшырды. Макала гезитке басылып чыкты. Баягы кабарчы айткан күнү келгенде мен анын экинчи нускасын берсем, гезитке чыккан макала менен үтүр, чекитине чейин салыштырып көрүп абдан таң калды. Көрсө, ал И.Раззаков макаланы менсиз жаза албайт деген ойдо болгон экен". Муну мен Наговицин айтып жүргөндөрүнөн улам билем.
Соңунда айтарым кыргыз жетекчилеринин арасында ар убак Исхак Раззаковдой анын жолун жолдогон инсандарыбыз арбын болсо элибиздин эртеңкиси ишенимдүү болоор эле.
Бекташ КЫЛЫЧБЕКОВ




 "Бакдөөлөттүн кабары"

ИИМдин кеңсесинде - "курсакта сүйлөгөн бала"
Мындан 10 жыл мурун Бишкекте "курсакта сүйлөгөн бала" тууралуу бир укмуш кабар тараган. Бул маалыматка ишенгендер да, ишенбегендер да болгон. Атүгүл ага кызыккан айрым басма сөз кызматтары "кайыптан кош бойлуу болгон" кызды издеп барып, курсактагы баланын ыр түрүндөгү ыргактуу сөздөрүн энесинин оозунан, баланын ичке үнү менен угуп, гезит беттерине жазып да жүрүшкөн. Кийин курсакта сүйлөгөн баланын туулгандыгы тууралуу кеп жүргөн. Бул "уу-дуу" бара-бара басылып, тынчып калгандай болгон. Бирок өткөн жумада курсакта сүйлөгөн Бакдөөлөттүн ичте жатып алып айткандары "Бакдөөлөттүн кабары" аттуу аталыш менен китеп болуп чыгып жаткандыгы жөнүндө ИИМдин кеңешме кеңсесинде таанытым (бетачаар) жыйыны болду. Жыйынга негизинен интеллигенциянын - илимдин, адабият менен маданияттын өкүлдөрү чогулушкан.

Айтмакчы, Бакдөөлөт азыр тогуз жашка толуп, башка балдардай эле мектепте окуп жаткандыгын айтышты. Ал эми анын энеси - Гүлнура Берикбай кызы кесиби боюнча экономист жана орус мектепте окугандыктан, өзүнүн эми деле Бакдөөлөттөн алып жазган жазуулары тууралуу түшүнүгү жок. Муну доклад жасагандардын бир тобу: "Анткен себеби, Гүлнура буларды өзү оюнан чыгарып жазган жок. Антүүгө анын таланты да жок. Болгону, ал бул жерде "өткөргүчтүк" - Алладан Бакдөөлөт аркылуу келген баянды айтуу, жазуу гана милдетин аткарган", - деп түшүндүрүштү.
Жыйындын жүрүшүндө эне тилибиздин кудурети - "Тамырлуу сөз" жана "Бакдөөлөттүн кабары" тууралуу Кадыраалы Коңкобаев, Карыбек Байбосунов, Абдыкерим Чолпонкулов, Жедигер Саалаев сыяктуу окумуштуулар, илимпоздор доклад жасашты. Айтмакчы, Ж.Саалаевдин "Бакдөөлөттүн кабары" аттуу китепке карата аналитикалык доклады бир саатка жакын убакытка созулуп, алып баруучулук милдетти аркалаган Жылдызбектин (акын): "Регламенттен ашыкча болуп кетти, токтотсоңуз жакшы болот эле", - деген өтүнүчүн залда отурган көпчүлүк четке кагып, докладчыдан андан ары улантуусун суранышты.
Ошондой эле кечеде "Ак марал" бий ансамблинин керилген кыздары бий тартуулап, манасчы Улан Исмаилов "Манастын бала чагын" айтып, азыркы доордун чоң комузчуларынын бири Намазбек Уралиев "Кыргыз көчүн" чертип, Нурак Абдракманов "Улуу тоолор" аттуу өзүнүн күүсүн тартуулап, министрликтин кеңсеси шаңга бөлөндү. Ошондой эле кыргыз элинин чечен айтышын улантып жүргөн "Калемгер" чыгармачыл жаштар бирикмесинин жигиттери Мирлан Самыйкожо менен Рыспай Исаков: "Муштум болуп түйүлсө, музду жарган балбан сөздөн" алым сабак айтышып, отургандардын кулак кумарын кандырды.
Андан сырткары бул таанытым кечеде төкмө акындар Азамат менен казак кызы Майраны да эл чечекейи чеч болуп угушту.
Айтор, эртең менен башталган кече түш ооп, күн кечтеп барып сапарын карытты.
"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев бизге берген маалыматында:
- "Бакдөөлөттүн кабарындагы" кылымдын кырында турган жаңы нук, жаңы башат, жаңылануу, аруулануу, адеп, тууралык жөнүндө негизги түшүнүктү камтыган аян сөздөр элибиздин жүрөгүнөн түнөк таап, келечекте бакубат жашоого жетүүдөгү негизги жолдомо болот деп үмүттөнөбүз, - деген оюн билдирди.
Ал эми профессор Кадыраалы Коңкобаев сөзүндө "Бакдөөлөттүн кабары" тууралуу укканда адегенде ишенбегендигин, бирок факт - Бакдөөлөттүн кабары түшүрүлгөн кол жазма колунда турганын, ага ишенбей коюуга мүмкүн эмес экенин жана мунун өзү эл үчүн жакшы жөрөлгө экенин белгиледи. Айрыкча мындай кечени өткөрүүгө кеңсесин бошотуп бергендиги үчүн Ички иштер министрлигине таң калып да, ыраазы болуп да: "Рухдөөлөттөрүбүзгө милициялар да кайрыла баштаса, демек эл оңолот экен!" - деп кубанып тургандыгын жашырган жок.
Айтмакчы, министрлик кенен кеңсесин бошотуп берип эле тим болбостон, өздөрү да кечеге катышып, министрдин биринчи орун басары, полковник С.Курманалиев жана полковник Б.Калыев сөз сүйлөп, элге тынчтык жана жакшылык кааларын билдирди.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"




  Көргөзмө

Кыргыз турмушун калеминде ырдаткан
Шейшембиде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук сүрөт музейинде белгилүү график Белек Кошоевдин (1944- 1979) 65 жылдык юбилейине карата чыгармаларынан турган көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө маркум сүрөткердин жакын туугандары, КР сүрөтчүлөр кошуну, Кыргыз Улуттук сүрөт музейи тарабынан уюштурулган.
Көргөзмөнүн ачылыш аземинде аталган сүрөт музейинин директору Ю.Шыгаев, Маданият Министри С.Раев, КР сүрөтчүлөр кошунунун төрагасы Т.Курманов, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы жооптуу катчысы Ж.Жекшеев сүрөткер Б.Кошоевдин чыгармачылык бейнесин, инсандык касиеттерин айтышып, эскеришти.
Кырчындай жаш кезинде, чыгармачылыгы жаңы эле өрүштөп келе жаткан 35 жаш курагында шум ажал бизден айрып кеткен Белек Кошоев өз өмүрүндө кыргыз эли үчүн омоктуу эмгектерин калтырып кеткенине мезгил күбө. Ар бир кыргыздын үйүндөгү анын улуттук маанайдагы графикалары телевизор жапкычтар али да эсибизден чыга элек.
Б.Кошоевдин сүйүктүү техникасы- перо жана күмүш өңдүү карандаш менен тартуу болгон, ошондой эле гравюра жана офортто да ийгиликтүү эмгектенген. Анын стилистикасында орто кылымдардагы Чыгыш элдеринин графикасынын таасири байкалат. Өзгөчө чыгармачылык жүзү бар сүрөткердин миниатюралык чыгармалары кыргыз турмушун лирикалуу баяндаган эпикалык маанайга ээ экендиги баамдалат. Көргөзмөгө сүрөткердин иллюстрациялар сериясынан "Көк асаба" (Т.Сыдыкбеков), "Кыргыздын улуттук оюндары" жана көптөгөн офорттору коюлган.
Алтынай АТТОКУРОВА,
КР сүрөтчүлөр кошунунун мүчөсү, көркөм өнөр таануучу
Шекербек САРТОВ (сүрөттөрү),
"Кыргыз Туусу"