, 20.03.09 - 16-бет:
  аруулукка, улуулукка жол издөө

Асманга көтөрүлгөн алгачкы кыргыз учкучу
Кыргызстандагы эң алгачкы жана №1 учкуч Ишембай Аб-драимов быйыл 95 жашка чыкмак. И.Абдраимов өзүнүн абдан тырышчаактыгы, көздөгөн максатына жетүү үчүн жанын аябаган аракетчилдиги менен, ошондой эле апасынын жардамы, колдоосу менен номур биринчи учкуч аталган. Ал киши абдан жупуну, жөнөкөй жашаган үй-бүлөдө өсүп, чоңоюп ушундай даражага жеткенине азыр анын бардык жакындары, замандаштары сыймыктанышат. Албетте, канча бир жылдар мурда аэропорту жок аймактарга учуп барып конуп, аэропорт салдырганга жетишкен, мындай патриот уулдары менен Кыргызстандын бардык эли сыймыктанып, сүйүнсө болот.

Ушул улуу инсандын урматына арналган кече 18-мартта, эл аралык "Манас" аэропортунда болуп өтүп, ага кыргыз авиаишканасынын ардагерлери, эң биринчи учкуч Ишембай Абдраимовду көргөндөр, чогуу иштешкендер жана жакындары келишти. Андан сырткары жалпыга белгилүү болгондой, Ишембай Абдраимовдун ысымы 1973-жылы уюшулуп, андан бери көптөгөн ийгиликтерге жетишип, иш алып барып жаткан кыргыз авиациялык колледжине ыйгарылган. "Өзүңүздөр билгендей аталган колледж жакында эле өзүнүн 35 жылдыгын белгиледи. Мына ошол колледждин директору Даиров Рахимбек, СССРдин эмгек сиңирген учкучу Салих Шимов баш болгон адамдар биринчи учкуч менен эң эсте калган көз ирмемдерин эстешип, анын бир эле убакта боорукер, бир эле убакта абдан каардуу катуу киши болгонун белгилешти. "Ал кишиге башкарма деп, же болбосо И.Абдраимов деп кайрылышчу. Ишембай агай иш учурунда кесиптештери менен кыргыз тилинде сүйлөшкөндү жактырып, дайыма эне тилибизде пикир алышчу", -дейт окуучусу Алик Аскаров.
Айта кетүүчү дагы бир нерсе, эл аралык "Манас" аэропортунун жайгашкан азыркы орду, бир канча жылдар мурун, тактап айтканда 1970-жылдары Ишембай Абдраимовдун демилгеси менен тандалган аянт экен. Аэропорт курулуп ишке берилгенден бери көп убакыт өттү. Бирок, канча мезгил өтпөсүн Ишембай аганын ысымы унутулбайт.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"




  Кыргызстандыктар - Голливудда

"Манас" эпосу кинотасмага тартылмакчы
6-10-марттын аралыгында Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри баштаган кыргыз кино искусствосуна таандык расмий топ "Laureate Fijms" кинокомпаниясынын президенти Габриэла Гринфельддин чакыруусу менен кино өнөрүнүн Меккеси делген дүйнөгө даңазалуу Голливудда болуп келди. Мына ушул расмий сапардын максаты тууралуу Маданият жана маалымат министри Султан Раев, СССРдин эл артисти, кинорежиссер Болот Шамшиев кечээ "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде журналисттер менен жолугушту. Анда Султан Раев улуттук кино искусствобуздун келечегин бийикке сүрөөчү төмөндөгүдөй жаңылыктарды билдирди:
- Бул биздин улуттук киноискусствобуз үчүн тарыхый чоң кадам болду. Голливуд жетекчилери расмий түрдө кыргыз киносунун өкүлдөрүн чакырган бул жолугушууда келечектүү бир катар маселелерди сүйлөштүк. Биринчи кезекте биргелешкен кино тасмаларды, долбоорлорду даярдоо, айрыкча аларды кызыктырган биздин элдик эпостор тууралуу сөз болду. Анткени дүйнөдөгү көп элдердин эпостору киного тартылган, биздин кенже эпостор менен "Манас" эпосу бузулбаган дың боюнча турат. Сюжеттерин окуп алып, абдан кызыгып жатышат. Голливуддагылар башынан тематикалык адабий ресурсту издешет, изилдешет эмеспи. Мисалы, "Манас" эпосу кыргыздыкы болгону менен ушул чөлкөмдө Кытай, Афганистан, Иран, Индия, Борбордук Азия, Россия ж. б. өлкөлөргө абдан белгилүү. Ошого басым жасап жатышат. Фильмди тартардан мурда кинопрокат менен иштеген дүйнөлүк түйүн менен келишим түзүлөт. Анткени бир фильм даяр болгондон кийин анын кирешеси дагы эсепке алынат. Ошон үчүн андай келишим түзүлбөсө фильм тартылбайт. Демек, тартылган фильмдердин бардыгы өзүн өзү акташ керек. Азыркы биздин турмуштун тематикасын камтыган Болот Шамшиевдин "Сүйүү тангосу" аттуу киносценарийи дагы кызыгууну жаратты.
Экинчиден, Голливуд биздин киноадистерди даярдап берүү маселесин дагы колдоду. Алардын Кыргызстанга келип кино тартышынын негизги маселеси биздин тоолуу жаратылышыбыз гана эмес, биздин адистерди даярдоо керектигин билдиришти. Негизгиси алар биздин белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевге ишеним артып жатышат. Себеби, эпикалык чыгармаларды тартууда анын талантын, эмгегин мурунтан билишет. Менин оюмча бизге дүйнөлүк киночулардан көпүрө салынды, эми ошону турмушка ашыруу керек.
Бул сапарда биз "Фокс-Интернешнл" кинокомпаниясынын президенти Стенфорд жана Андом Жошуа, сценаристтер агенттигинин кызматкерлери ж.б. менен жолугуштук. Бардыгы кыргыз киночулары менен иштегенге кызыкдар.
Америкада Голливудда жүргөндө Стивен Сигал менен жолугушуу болуу керек эле, ал киного тартылып жүргөндүктөн жолуга албай калдык. Бирок, бизди Москвага чакырды, балким апрелдин аягында барышыбыз мүмкүн.
Дагы бир айта кетүүчү нерсе, Габриэл Гринфельд, Стенфорд, Жошуаны быйыл жай айында Кыргызстанга келүүгө чакырдык. Биздин киностудияны көрүп, өздөрүнүн бир чечимин чыгарышат. Эгерде биз "Манасты" киного тарта турган болсок, улуттук долбоор катары алып чыгышыбыз керек. Каражат өтө көп жумшалары белгилүү. Бир жакшы жери, биздин мамлекет гана кызыкдар болбостон Голливуд дагы каражаттын теңинен көбүн чыгарышы мүмкүн. Бул "Манасты" дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуунун чоң кадамы болору чындык.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"




Балдарга арналган мыкты чыгармаларга - Өкмөттүк байгелер
Балдардын адабиятын өнүктүрүү маселесине мамлекетибиз олуттуу көңүл бөлүп, ар кандай камкордуктарды көрүп келет. Анын бири - Кыргыз Өкмөтүнүн кезектеги Токтому. Ушул маанилүү иш чарага байланыштуу республикабыздын Маданият жана маалымат министрлигинин алдында түзүлгөн Комиссиянын төрагасы, акын Токтосун Самудиновго бир нече суроолор менен кайрылдык:
- Кыргыз Өкмөтүнүн балдар адабиятынын мыкты чыгармаларына ыйгарылчу бул сыйлыгынын максаты жана номинациялары кандай?
- Бул чынында эле балдар адабиятын сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө жасалган өтө маанилүү иш чара. Токтомдо белгиленгендей, сыйлык системалуу, ар бир эки жылда берилмекчи. Сыйлык, албетте, чыгармачыл адамга жаңы дем, жаңы шык кошот. Номинациялары тууралуу айтсам, алар үчөө: поэзия, проза жана кыргыз тилине которулган чыгармалар.
- Китептер кандай курактагы балдарга арналышы керек жана качан чыккан болушу керек?
- Бала бакча, башталгыч класс, тестиер жана өспүрүм курактагы балдарга арналган. Конкурска 2007-2008-жылдары басылган китептер катыша алат.
- Сунуш этүүнүн тартиби кандай жана кайда жөнөтүлүшү керек?
- Чыгармалар төрт нускада, мекеме-уюмдардын жетекчилеринин колу коюлуп, мөөрү басылган аргументтүү сунуш-каты коштолуп, Маданият жана маалымат министрлигинин башкы адиси, Комиссиянын катчысы М.Апышевге үстүбүздөгү жылдын 10-апрелине чейин тапшырылууга тийиш. Сунуш-катка коллективдин жалпы жыйналышынын протоколу, автордук анкеталар маалыматы, өмүр баяны, чыгармачылык баяндамасы, сыйлыктарынын көчүрмөлөрү, чыгармасына берилген кыскача аннотация, 4х6 өлчөмүндөгү эки сүрөтү коштолушу зарыл. Эгер автордун көзү өтүп кетсе, датасы, иштеген жери нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүп, ошондой эле мураскорунун анкеталык маалыматы да тиркелиши керек.
- Байгелер кандай формада? Жыйынтыгы качан чыгарылып, сыйлыктар кандай шартта тапшырылат?
- Сыйлыктар үчөө: прозага - 50 миң, поэзияга - 50 миң жана котормого 50 миң. Байгелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими аркылуу жеңгендерге лауреаттык диплом, ардык белги күбөлүгү менен балдарды коргоонун Эл аралык күнү - 1-июнда салтанаттуу түрдө тапшырылат.
Жанара КАЛДЫБАЕВА,
КММУнун студенти




  Нооруз - 2009

Кесиптик лицей кесипкөйлөрдү тарбиялайт
Бишкектеги №20 кесиптик лицейде Нооруз майрамына карата чакан көргөзмө болуп өттү.
Лицейдин эмгек жамааты жана анда билим алып жаткан окуучулар кыргыздын унутта калып бара жаткан улуттук тамактарынын бардык түрүн даярдашкан экен. Көргөзмөгө Ички иштер министрлигинен да атайын өкүлдөр келишип, кесиптик лицейдин окуучулары жасаган улуттук тамактардан даам ооз тийишип, керек болсо мындай көргөзмөнү шаардын тургундары көрсүн үчүн жогорку деңгээлде уюштуруш керектигин айтышып, алардын аракетине, мээнетине ыраазычылыктарын билдиришти.
Аталган кесиптик лицейде жалпысынан 32 бала окуйт. Алар өздөрүнүн мугалимдеринин жардамы менен 21-март Нооруз майрамынын урматына атайын жупка, куймак, каттама, токоч, боорсок, калама ж.б. азыктардан башка кыргыз элинин өзүнө гана тиешелүү жарма, максым, куурма чай, айран ж.б. суусундуктары менен ак дасторконду көркүнө чыгарышыптыр. Андан сырткары өздөрүнүн кесиптери боюнча дары чөптөрдөн жасалган пайдалуу чөп чайлардын топтому менен тааныштырышты. Окуучулар кеч күздө дары чөптөрдү жыйнаш үчүн, ботаникалык бактарга барышат экен.
Уюшулганына быйыл туура 30 жылдын жүзү болгон бул лицей окуучуларды негизинен экологиялык багытта тарбиялайт. "Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча иштер жандангандан бери биз даярдап чыгарган адистерге иш дагы тез табылып, суроо-талаптар да көбөйө баштады", -дейт өз сөзүндө директордун орун басары Наталья Станева.
Жолугушуу учурунда №20 лицей Япониянын элчилиги аркылуу грант алып, аны окуу имаратынын чатырын ремонттон өткөрүүгө жумшаарын айтышты.
Анара
АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"




"Мээрим булагы" мээримин төгөбү?
Он жылдан бери Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан "Мээрим булагы" жеке менчик балдар үйү 99 баланы багып алып, алардын ичинен 55 баланы ата-энелерине же жакын туугандарына кошкон, 9у студент болуп, 2 кыз турмушка чыгып, 1 улан үйлөнгөн, 4ү учурда иштеп жатышат. Бүгүнкү күндө мында 33 бала тарбияланууда.
Вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева бул балдар үйүнүн ишмерчилиги менен таанышып, анын тарбиялануучулары жана жетекчиси Гүлнара Дегенбаева менен маектешип, балдардын жашоо-шарттарын карап чыкты. "Баланы багып алуу маселеси мыйзамдын чегинде чечилүүгө тийиш. Биринчи кезекте ар бир баланын кайдан келгенин так жазып белгилеп, жергиликтүү мамлекеттик органдар менен биргелешип иштөө зарыл. Демек, бул жердеги ар бир бала үчүн жооп бересиздер", - деди Өктөмхан Абдуллаева жолугушуунун жүрүшүндө.
Жолугушуунун акырында вице-премьер-министр бул жакка адистердин жибериле тургандыгын, балдар үйүнүн жетекчилиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирге нормативдик-укуктук актыларга ылайык балдар үйүнүн документтештирүүсү
боюнча иш жүргүзүшү керектигин билдирди.
М.АЛАГУШЕВ