, 20.03.09 - 15-бет:
  Улуулардын нускоосу

Чыңгыз АЙТМАТОВ
НАСЫЯТ
РЕДАКЦИЯДАН: Өткөндө Кыргыз эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун осуят-накылдарынан гезитке жарыялаган элек. Жазуучунун чыгармаларынан иргелген акыл, ойлорду редакциянын окурмандары кунт коюп, кызыгып окушканын байкадык. Алар биздин редакцияга оозеки да, телефон жана кат аркылуу ыраазычылыгын билдиришти. Жазуучунун нускоолору анын басмадан мурда жарык көргөн китептеринен, окурман менен болгон маектеринен, макалаларынан жана публицистикалык ой жүгүртүүлөрүнөн ылгап алынган.
Жакында республикабызда улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата анын чыгармаларынын 8 томдук жыйнагы басмадан жарык көрдү.
Биз редакциялык салтыбызды улап Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Эл Баатыры Ч.Айтматовдун чыгармаларынан тандалып алынган, окурманга, кыргыз элине керектүү куттуу ой, насыяттарын жамы журтка сунуш этип отурабыз. Улуу жазуучунун акыл-нускоолорун жазуучу Кеңеш Жусупов тескеп берди.

Балалыгымдын башталыш курагын чоң энем Айымкандын жаркын элеси менен энчилеш эстейм. Ал киши башкача бир инсандык касиеттерге ээ болуу менен айылдагы зоболосу зор, акыл-парасаты тунук, Кудай өзү ыроологон тубаса билимдүү адам эле. Атам да андан көп нерсени үйрөнүптүр жана дайыма ошондой энеси бар үчүн сыймыктанып турчу. Чоң энемдин башынан ак элечеги түшчү эмес. Биздин калк каадасына караганда, мындай элечекти бир үйдүн нарктуу-салттуу байбичеси гана кие алат эмеспи. Элечек аны кийген чоң энеме ушундай сонун отуруп, чырай-турпатына жагымдуу жарашып калчу да, ал кишини андан бетер сүйкүмдүү, андан бетер сүрдүү көрсөтүп турар эле.

Бир жолу мезгил жай эле. Мен анда беш, же алты жаштамын. Чоң энем мени өзү менен кошо жайлоого алып жөнөдү. Чубалжыган көч менен биз жайлоо таманга улам бийиктеп багыт алып баратабыз. Бул көч Шекердеги байыркы салтты улаган эң соңку көчтөрдүн бири болуп калды шекилдүү. Анда ал мезгилдеги колхоздоштуруу деген саясат көчүп-конуп күн өткөрүп келаткан калкты отурукташтырып бүтүп калган. Жай айлары башталып, ал аз болсо да малын, бала-чакасын алып, жапырт жакадан жайлоого көчкөн убак. Мына ушундай учурлар мен үчүн, айрыкча, менин балалык дүйнөм үчүн кайталангыс элестерди калтырды. Бизди, кичине балдарды, жайлоо өзүнүн не бир ажайып, не бир керемет дүйнөсүнө башбактырып, көч башталганда ар кимибизге ар кандай сонун ойлор, сезимдер келе баштачу. Боз үйлөр болсо төөлөргө, аттар менен өгүздөргө артыла жүктөлүп, күтүрөгөн жылкы үйүрлөрү менен, кой короолору менен талаа-түздөрдү басып өтүп, анан чокусу асман тиреп, жайы-кышы кары кетпеген ак тоого карай жөнөчүбүз. Көч жүрө-жүрө бийик ашууларды ашып, акыры салкын жайыттарга жетип, ошол жерди жайлоолоп жай алчубуз. Ошон үчүн да адамдар өтө ылдам карылык алып келчү өмүр-тагдырынын шаан-шөкөт, таң-тамаша менен бир ирмемде байкалып-байкалбай өткөргөн жаштык кезин бир жыл ичиндеги тез эле тамам болчу ушул жайлоо убактысы менен салыштырып алышкан. Жайлоо бул - бейиштин төрүндөй ажайып чөлкөм. Бийик тоолордогу көкмөк шиберлер, түркүн түстүү гүлдөрдүн кооздугу бул эми өзүнчө бир кайталангыс керемет көрүнүштөр. Түбөлүк жаткан мөңгүлөр тараптан жортуп келген салкын, таза аба... Таштан-ташка урунуп шаркырап аккан мөлтүр кашка тоо суусу... Ар кыл айбанаттар менен куштардын керемет үнү, очокко жага турган отунуңдун ушунчалык көптүгү... Булардын эми кайсыл бирин айта аласың... Кыскасы, жайлоо деген адамга жашоосунда не бир эстен кеткис, айтып түгөткүс эң сонун күндөрдү тартуулайт.
ЁЁЁ
Ушинтип, алгачкы мертебе орус тилден кыргызчага, кыргызчадан орусчага которуп, тилмеч болгом...
Ошондон бери бүгүнкүгө чейин ушул эки маданиятка кызмат кылып келем. Жанагы окуя менин эң алгачкы тажрыйбам эле. Ошентсе да, ошол тажрыйбага балалык жан дүйнөмдү козгоп, менде өз изин өмүр бою өчпөс кылып калтырып, ошондон ушул күн жашоомдун бир бөлүгүнө айланды. Тагдыр мага эки тилди билүү насибин буюрган экен. Бирөө - эне тилим, экинчиси - он сегизинчи кылымдан бери, эки жүз жылга жакын убакыт биз менен кошо жашаган, тагдыр-таалайыбызга кошо жазылган орус тили. Орус тили биздин, Түркстандын, тарыхый, маданий өнүгүүсүнө үлкөн үлүш кошту. Орус тилин билүү жашоодо негизги нерселердин бири болуп калды.
ЁЁЁ
Москвага барып, аердин ар кыл шарттарына да көнгөндөй болдук. 1-2-классты Москвадан окудум. Мен каттаган мектебибиздин кайсы жерде экени эсимде негедир калбаптыр. 1935-жылдын март же апрелинде бул борбор калаага келдик да, 1937-жылдын августуна чейин ушул жакта жашадык. Атам менин жакшы окуум үчүн болгон аракетин жумшачу.
ЁЁЁ
1937-жылдын август айынын акыркы күндөрүндө буюмдарыбыздын көбүн сатып, керектүүлөрүн жыйнап, апам, алты айлык карындашым Роза болуп, төрт бир тууган кайра жолго чыктык. Атам бизди Казань вокзалынан узатты. Поезд жүрүп баратканда да эшиктери ачык болучу. Вагондордун бирөө этияты-шартка деп кошумча турганы экен. Купелериндеги керебеттер эки кабаттуу. Атам бизди ошондой жайлардын бирине жайгарды. Коштошту. Апамдын ошондогу көз жашын, атамдын өзүн-өзү чымырканып кармап турган олбурлуу кебетесин ошол-ошол али да көз алдымдан өчүрбөй келем...
ЁЁЁ
1937-жылдын 1-сентябрын өмүр бою унутпаймын...
Беш күндөн кийин түнкү саат экилер чамасында көздөгөн Маймак станциясына келип жеттик. Туугандарыбыз бизди күтүп жатышыптыр. Алар даярдаган арабаларына салды да, биз Шекерди көздөй жөнөдүк. Ата-журтубузга - Шекерибизге.
Ошентип Шекерде жашап калдык...
ЁЁЁ
Шекер көк тиреген Манас тоолорунун этегиндеги жайыктан жай алган. Айылды түбөлүк ак кар, көк муз баскан тоолор алкагы курчаган.
Атамдын туугандарынын баары ушул Шекерде туулуп, ушул Шекерде өмүр-жашоосун улашкан. Агаин-туугандарыбыз көп болучу. Алар менен бирге биз да чогуу жакшы-жаманга ырыскылаш, энчилеш болдук.
ЁЁЁ
Колхоздун катчысы жана салык топтоочу болуп иштеген күндөрүм менин жашоомо көп тажрыйба жыйнап берди. Ушул көргөн-билгендерден таасир алып алгачкы повесттеримди жаздым. "Жамийла", "Бетме-бет", "Саманчынын жолу", "Эрте жаздагы турналар", "Гүлсарат" деген чыгармаларым ошол жылдардын сабактарынан улам жарык дүйнөгө келген. Булардын баары менин балалыгымда өз башымдан өткөргөн оор күндөрүмдүн элестери. Ошолордун көркөм чагылдырылышы.
Согуш кезинин окуялары ушунчалык бир жанды ачыткан жана үрөйдү учурган окуялар эле. Балалык баёо жан дүйнөм менен мен ошо кайнаган окуялардын - үрөй учурган коркунучтардын, адам чыдагыс азаптын, кишини эзген кайгынын чок ортосунда болгом.
(Уландысы бар)




  Окуя өтөт, ой калат

"Өзүңдү өзүң таанып-бил"
Айтылуу Антон Чехов бир курдай кейип-кепчип: "Байыркы акылмандар өзүңдү өзүң таанып-бил деп аябай эле на-саат айтышкан экен,бирок буга кантип жетишсе болот, муну кантип ишке ашырыш керек, ушуну айтпай кетишиптир", - деп жазган тура.

Чынында эле ошол "кантип" дегени бир жагы маанилүү, бир жагы татаал маселе экенин далайыбыз жакшы билебиз.
Негизи тышы ыр, ичи сыр бул кепти көптөр айткан шекилде.
Конфуцийдин осуяттарында кeзигет. Батышта адегенде дельфилик көзү ачык айткан имиш, бирок аны кадимки Сократка энчилешет, анткени бул кептин терең маанисин, бийик шаанисин ушул акылгөй жеткире ачкан экен. Ага чейин байыркы гректер көктөн көзүн албай, ай-ааламды, жаратылышты изилдешсе, бу акылман асмандан жерге түшөлү, адам өзүн таанып-билиши абзел, анан калган дүйнөнү туура аңдап-түшүнүшкө жол ачылат, деген ойдон жазбаптыр.
Адам өзүн билем деп ойлойт.Анан турмуш сынагы, жашоо түйшүгү мындай пикирдин тайыз экенин, үстүрт экенин кашкайтып айгинелеп коёт. Көрсө, "мен эр жүрөкмүн", же "ачуум мурдумун учунда", же "бирөөгө ойлогонум эле жакшылык" өңдүү өзүн мүнөздөмөлөр өтө эле жөнөкөй, өтө эле жука келет тура. "Өзүңдү өзүң таанып бил" дегени: адамдык сапат-касиетиңди ойло, кудай буйруган шык-жөндөмүңдү аңдап-баалап, жүзөгө ашыр, колуңан эмне келет, эмне келбейт - жакшылап баамда, айланаңды акмалай карап, ак-караны туура ажырата бил, дос-душманды айрып көн, өзүңдү тарбияла-бышыр, айтор, чексиз милдет, сансыз парз. Декарт, Кант өңдүү философтор "өзүңдү билсең, дүйнөнү билесиң" дешчү экен. Ал эми Чыңгыз Айтматов (философияны мыкты түшүнгөн калемгер) "кыяматтын кыл көпүрөсүндө" турган Бостондун оозуна улуу чындыкты-"мен эми билдим, дүйнө деген көрсө мен турбаймынбы" деген эбегейсиз маанилүү тыянакты сала берип, дүйнө канчалык кең, канчалык чексиз болсо, адам да ошончолук мейкинге чыгарын, улуу экенин, татаал экенин баса көрсөтүп отурат.
Бул талап, жобо жеке пендеге гана эмес, бүтүндөй элге, жалпы коомго да тиешелүү. Башканы коёлу, өзүбүздү алсак, азыр "биз кимбиз, ким боло алабыз" деп, улуу-кичүү дебей ойго түшүп, санаа чегип отурганыбыз ошондон.
Өзүн өзү таанып-билиш бир жолу жасап, анан өмүр бою пайдалана берчү сыйкырлуу курал эмес, ал такай аткарылчу, дайыма көңүлдө турчу татаал иш-мээнет. Адам өзүн курат, түзөт, жыйнайт, бирөөнөн үйрөнөт, экинчисин жээрийт, ар кыл кырдаал-жагдайга туш келет, үч уктаса түшүнө кирбеген окуяга дуушар болот, не бир ачуу-таттууну көрөт -ушу агымда өзүнүн ким экенин баамдап-баалап биле баштайт.
Өзү билбесе өзгөлөр айтат, өзү көрбөсө турмуш-тагдыр көзгө саят, убакыт уйкудан ойготот.
Өзүңдү өзүң жакшылап таанып-билсең-ошого ылайыктап иш жасайсың, максат-ниет көздөйсүң,айлана-чөйрө менен ошого жараша мамиле күтөсүң, өзүңдүн кемтигиңди бүтөп, кыйшыгыңды түзөйсүң, дүйнөнү
байытып, турмушту оңдойсуң.
Эң кыйын нерсе - өзүңдү алдабай, сооротпой, өзүң өзүңө болгонун болгондой "бетке айтып", чындыкка тике караганга жетиш. Ой кадырын билген далай даанышмандар "ойлонуш-бул адамдын өзү менен өзү сүйлөшүшү" деп мүнөздөшкөн. Демек, бери болгондо "мен" үч роль аткарышым керек тура: ойлонуп жаткан "мен", ага өнөк болуп, "сүйлөшүп" (кошо талкуулап, жиреп, сын коюп) турган түгөй "мен", анан тиги экөө ортого алып, алдына тургузуп коюп, чын-төгүнү башка кеп, аябай сындап жаткан "мен". "Турмуш -театр, адам - актер" деген учкул сөз бекер тарабаса керек. Көрсө, адамдын ой-санаасы, таанып-билиши да өзүнчө эле театр экен. Ал эми чындай келсек,адамдын "мени" миң кырлуу да, миң сырлуу.
Атактуу орус акыны Андрей Вознесен-скийдин мындай саптары бар: Мен чыны-жети менмин. Мен-үй-бүлөгө теңмин.
А анан жаз келсинчи, Мен чыгат сегизинчи.
(Олдоксон котормом үчүн окурмандан ырайым сурайм).
Өзүн издеп жүргөн , "менин" таба албай убайым чеккен канча жан бар.
Өзүнө өзү жакпай, өзүнөн өзү кайда жашынарын билбей качып жүргөн азбы?
Адам баласы ар кыл, ошонусу менен адам, ошонусу менен кызык. Алмустактан бери өзүн таанып-билиш үчүн ал далай-далай айла-амал тапты, нечен-нечен жол-жобо күттү: маданиятты түзүп турган дөөлөт, каада-салт,кылым карыткан чыгармалар, мезгил элегинен өткөн ой-түшүнүктөр-ушулардын баары адамдын адамдыгын тааныткан, анын ким экенин айгинелеген,өзүнө өзүн күзгү сымал көргөзүп турган баа жеткис нерселер.Цивилизациянын өзү-эксперимент деген пикир тегин жерден чыкпагандыр...
Кеп эмнеде? "Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төрүмө илем" болбой, өзүн таанып-билишке, таамай-таасын түшүнүшкө бел байлап, эрк коюп, ушул улуу парздын артынан түшүп, анын ылайыктуу жолун таап, бу турмушта өз ордун ээлеп, өз энчисин алыш туурасында.
Өзүн өзү билбеген кандай болот? Адашат-алданат, кайда барарын билбейт, күч-дарамети куруйт, айла-амалы качат, түз эле жерден чалынып-мүдүрүлөт, ээрчиме-белимчи болот...Айтор, азап-тозокту көп тартат.
Мына, эгемен болгонубузга он сегиз жылдын жүзү-бул адам баласы эр жетип, эрезеге толчу мөөнөт.Эмдигиче нары урунуп, бери урунуп, өткөөл коомдун ачуу-таттуусун кана жутуп жаткан кезибиз.Эгер башынан эл-улут катары өзүбүздү жакшылап таанып-билсек, ал-акыбалыбызды терең талдап түшүнө алсак,чама-чаркыбызды туура баалап, ошого жараша максат-ниет койсок-бүгүн башкача болмок.
Илимий термин менен демейки сөз-эки башка нерсе.
"Билим", "билиш" дегенде биз кайсы бир предмет туурасындагы ой-түшүнүк, анын элесин (образын) түшүнөбүз. Ал эми кыргыз тилинде бу сөз чечим кабыл алыш, аракет этиш, башкарыш, баш-көз болуш деген мааниге да ээ: "өзү билсин" дейбиз (өзү чечсин), "аны аялы билет"(башкарат) дейбиз. Демек, өзүн өзү таанып-билиш өз сын-сыпатын, сыр-касиетин баамдап, аңдап түшүнүш гана эмес,өзүнө таянып, өз ыктыяры менен чечим кабыл этип, жоопкерчиликти өзүнө жүктөп (бирөөгө түртө салбай), ыйман-абийир, кадыр-барк камын көрүш дегенди да ырастайт.
Дегинкиси, "өзүңдү өзүң таанып-бил" - бу осуяттын, жобонун, ураандын төркүнү кайда? Көрсө, Адам (коом) өзүн билбейт экен, өзү жөнүндө эң башкысын, эң маанилүүсүн аңдабайт экен, жалган элес, жармач ойго азгырылат экен.Ойлош-бул эрдик дешет.Эмне үчүн? Ал эми чындап өзүңдү өзүң таанып-билиш үчүн канчалык эрдик керек?
Жамгырбек Бөкөшов,
Профессор