, 20.03.09 - 14-бет:
  социалдык колдоо

Ааракетибиз - калкка кам көрүү
Назгүл Ташпаева 1973-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн. Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчисинин 3-класстык чинине ээ. Министрлик кызматка дайындалганга чейин Өкмөттүн аппаратында
социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Кедейликте жашагандарга министрлик жардамга келет
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрүндө жүрүп жаткан каржы кризиси республикабыздын элине да терс таасирин тийгизе баштады, биринчи кезекте, албетте бул кризис калктын аялуу катмарынын жашоо акыбалына оордук келтирип жаткандыгы шексиз. Анткени, биздин өлкөбүздө калктын 35 пайызы кедейликтин деңгээлинен төмөн абалда жашашат, башкача айтканда алардын ай сайын алчу кирешеси жан башына 1000 сомго да жетпейт.
Өкмөтүбүз аларды колдоого алып, социалдык жактан коргоого шарт түзүп жатат. Статистикалык маалыматтарга кайрылсак, бүгүнкү күндө калкыбыздын 18 пайызы бюджеттик каражаттан социалдык колдоого ээ болууда, анын ичинде биринчи кезекте көңүл бурулуп жаткан адамдар, албетте, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, пенсионерлер, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар.
Азыркы шартта Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин негизги милдеттеринин бири - бул социалдык колдоолордун даректүүлүгүн камсыз кылуу жана ал жарандар кийин өз алдынча чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүүнүн аркасында киреше таап, үй-бүлөсүн багып кетиши үчүн активдүү саясат алып баруу.
Кыргыз Республикасынын экономикалык, саясый, социалдык, маданий жана укуктук маанидеги маселелерин чечүү жана калктын социалдык жактан өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн өлкөбүздө 2007-2010-жылдарды камтыган мамлекеттик программа кабыл алынган.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча социалдык коргоонун натыйжалуу системасын түзүүнү улантууда. Буга байланышкан социалдык саясатты ишке ашырууда төмөнкү иш-чаралар уюштурулмакчы: жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоо усулун иштеп чыгуу (бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөк пулду дайындоонун жаңы сын ченемдерин апробациялоо), монетизациялык жеңилдиктерди берүүнү улантуу үчүн реформа жүргүзүү, жөлөк пулдун өлчөмүн көтөрүү, социалдык шарттарды жакшыртууда КРнын "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөгү" мыйзамын жана башка мыйзамдык актыларды ишке ашыруу. Бүгүнкү күндө бул багытта тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.
Социалдык долбоорлорго бюджеттен 2 млрд. сом каралган
Мындан тышкары "Жаңы
муун" мамлекеттик программасын ишке ашырууда жана Кыргыз Республикасынын " Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөгү" мыйзамына ылайык министрлик тарабынан социалдык долбоорлорду өнүктүрүү максатында "Балдардын эмгегин эң оор жумуштарга пайдаланууну жоюу жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун социалдык ык алдыруу" деген темада быйыл үчүнчү ирет конкурс жарыяланды. Мунун максаты социалдык маанилүү маселелерди чечүүгө өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу болуп эсептелет.
Өлкөбүздө калктын 10 пайызын (530 миң адам) пенсионерлер түзөт. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 111,4 миң адамга жетти, б.а. республикадагы калктын миллионго жакын адамына социалдык жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле Эмгек жана социалдык өнугүү министрлигинин курамындагы жатак-үйлөргө жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга 2009-жылга республикалык бюджеттен 2 млрд. сом каражат каралган.
Ошондой эле тиешелүү категориядагы жарандарга электр кубаттуулугуна жеңилдиктерди берилүү улантылууда, өлкөбүздө бүгүнкү күндө 284,6 миң киши мыйзамдын негизинде тиешелүү жеңилдиктерди алуу укугуна ээ. Мисалы, акыркы убакта кабыл алынган чечимге ылайык электр кубаттуулугуна баалар өсүп жаткан шартта 1500 сомго чейин пенсия алгандарды, колдоо үчүн 2009-жылы мамлекеттик казынадан 598, 2 млн. сом каражат каралды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 4-мартында кол койгон " Пенсиянын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө" жарлыгынын негизинде 2009-жылдын 1-апрелинен пенсиянын базалык бөлүгү 630 сомго чейин жогорулатылды. Ошондой эле, бир эле учурда пенсиянын камсыздоо бөлүгү 2009-жылдын 1-апрелинен тартып 12 пайызга жогорулады.
Биздин министрлик көрсөтүп жаткан социалдык колдоонун негизги түрлөрүнүн бири - мамлекеттик жөлөк пулдарды муктаж үй-бүлөлөргө берүү болуп эсептелет. Ал эми республикабызда 439,9 миң адам мамлекеттик жөлөк пул алууда. Анын ичинде 379,7 миң адам аз камсыздык боюнча ай сайын төлөнүүчү жөлөк пул алууда, ал эми бала кезинен майып болгон 60,2 миң адам ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пул алышууда.
Жыл сайын биз социалдык жактан коргоо үчүн жарандарга жеңилдик болсун деп мыйзамга өзгөртүү киргизгенге аракет кылып жатабыз. Мисалы, өткөн жылы биздин министрлик тарабынан, мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилип, багаары жок, жалгыз калгандарга, социалдык жөлөк пул төлөө мөөнөтү 21 жаштан 23 жашка чейин узартылды.
321 миң
үй-бүлөгө арзан баада ун сатылды
2008-жылдын 1-октябрынан тартып азык - түлүккө баанын кескин өскөнүнө байланыштуу биз ар бир жөлөк пул алуучу жаранга ай сайын жан башына кошумча 35 сомдон жөлөк пул төлөп жатабыз. Үстүбүздөгү жылы жөлөк пул алуучу жарандарга бул ай сайын төлөнүүчү кошумча колдоолор улантылат. Эске сала кетчү нерсе өткөн жылдын 1-январынан тартып керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли 175 сомдон 200 сомго чейин көтөрүлгөн эле, бул кадам жөлөк пулдун көлөмүн жогорулатканга түздөн-түз таасирин тийгизди деп айтсак болот.
Азыркы учурда азык - түлүккө баалар кескин жогорулап жаткан шартта Өкмөттүн атайын көрсөтмөсү менен 2008-жылы мамлекеттик резервден 8 миң тонна ун 321 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө арзандатылган баада 25 килограммдан сатылды.
Үстүбүздөгү жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргызстан профсоюздар федерациясынын, республикалык ишкерлер уюмдарынын ортосунда 2009-2011-жылдарга Генералдык макулдашуунун долбоорун даярдаган учурда калктын аз камсыз болгон муктаж катмарына колдоо көрсөтүү боюнча атайын пункттар киргизилди. Мында биринчиден, Кыргызстандагы азиздердин жана дүлөйлөрдүн ишканаларына күч министрликтери жана билим берүү тармагындагы уюмдар керектеген буюмдарга мамлекеттик заказдарды кеңейтүүнү практикалоо болуп саналат. Экинчиден, аракеттеги жумуш орундарын натыйжалуу пайдалануу жана жаңы жумуш орундарын түзүү. Үчүнчүдөн, социалдык жактан аялуу катмарга кирген жарандарга жана майып адамдарга атайын жумушчу орундарын түзүүгө көмөктөшүү. Төртүнчүдөн, жумуш орундары кыскарууга учураган мезгилде биринчи кезекте, пенсияга чыгуу мөөнөтү жакын калган жарандарга, жалгыз бой энелерге жана башка социалдык аялуу катмардагы жарандарга жумуш ордун сактап калууга көмөк көрсөтүү камтылган.
Учурда министрликте Президенттин "Социалдык коргоо тармагынын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу жөнүндөгү" жарлыгынын дол-боору даярдалууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевдин демилгесин колдоп 20-февралды "Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүктүн күнү" деп жарыялаган эле. Бул багытта Кыргыз Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы №55 буйругу чыккан. Ага ылайык үстүбүздөгү жылдын 20-февралынан 20-мартына чейин социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгы өткөрүлүп жатат.
Жаңы экономикалык, социалдык саясаттын негизги багыты катары калктын реалдуу кирешесин жогорулатуу аркылуу иштегендердин айлык акысы (63,7%) көтөрүлдү. Биринчи жолу мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармагында иштеген кызматкерлердин айлык акысы 60 пайызга көбөйтүлдү.
Муну менен бирге жыл сайын билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы орточо 30 пайызга көбөйтүлүүдө.
Сынамык райондор аныкталууда
2008-жылы мамлекеттик башкаруу тармагынын кызматкерлеринин айлык маянасы орточо 60%, укук коргоо жана аскердик коргоо тармагынын кызматкерлериники орточо 50% га өстү.
Мамлекеттик эмгек саясатын калыптандыруу эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин дагы бир негизги багыттарынын биринен болуп саналат.
Мамлекет башчысы алдыга койгон тапшырмалардын бири катары эмгек мыйзамын ишке киргизүү, инвестициялык жагымдуу шарттарды түзүү менен иштегендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болчу. Бул багытта КРнын Эмгек Кодексине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынды. Айлык акынын өлчөмүн көбөйтүү максатында минималдык айлык акы боюнча мыйзам кабыл алынды.
Министрликтин негизги милдети жарандардын эмгек коопсуздугун сактоодогу мыйзамдуулукту көзөмөлдөйт. Айыл чарбасында эмгек коопсуздугун сактоо боюнча 2007-2009-жылдарга программа кабыл алынган. "КРнын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандары жөнүндө"мыйзам кабыл алынып, активдүү ишке ашырылууда. БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын проблемаларын чечүү боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн уюму менен тыгыз кызматташуу иштери жолго коюлган. Анын аркасында 2008-жылы Борбордук Азия аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын 1-эл аралык конференциясы Бишкекте өткөрүлүп, макулдашууларга жетишилди.
Учурда министрлик ай
сайын берилүүчү бирдиктүү жөлөк пулду дайындоодо муктаж үй-бүлөлөрдү карап көрүп, сынамык райондорду аныктоодо. Аныктоодон соң келечекте "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пул жөнүндөгү" мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуу каралууда.
Жыл сайын мамлекеттен жөлөк пул алуучулардын, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, майыптыкка кабылган балдардын саны өсүүдө. Ушуга байланышкан маселелерди чечүүгө мамлекеттик органдар, жергиликтүү социалдык башкармалыктар жана жарандык коом жардам берүүсү керек. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн, карылардын жатак үйлөрүндөгү шарттарды жакшыртуу курч маселелерден болуп турат. Ушул тапта 11,0 миң адам стационардык жатак үйлөрдө, карылардын, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, балдардын жана психоневрологиялык жатак үйлөрүндө жашап жатышат. Жатак үйлөрүндөгү социалдык-маданий, күнүмдүк кызмат көрсөтүүлөр канааттандыралык деңгээлде эмес. 2008-жылы инновациялык "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөгү" КРнын мыйзамы кабыл алынып, социалдык кызматтарды активдештирүү менен бюджеттик каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугуна жетишүүдөбүз. Андан тышкары приоритеттүү тапшырмалардын бири катары аныкталган "КРнын мамлекеттик минималдык социалдык стандарт жөнүндөгү" мыйзам долбоору КРнын Өкмөтүнүн кароосунда турат.
Биздин максат - калкыбыздын жашоо-турмушун жакшыртуу, социалдык коргоонун натыйжалуу системасын түзүү жаатындагы аракеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу.
Назгүл ТАШПАЕВА,
КРнын Эмгек жана
социалдык өнүгүү
министри