, 13.03.09 - 6-бет:
 "Айыл Банк" ААКсы өлкө дыйкандарына
150 млн. сом ссуда бөлмөкчү болду

Дайындоолор, бошотуулар
Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Керимкулов Айдарбек Темирбекович Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин директору болуп дайындалды.
Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Исаков Эрнист Абдыкасыевич Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Шерешкова Любовь Геннадьевна Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп дайындалды.
Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Саккараев Марс Намарбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысынын кызматынан бошотулду.
Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Жороев Каныбек Таирович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругу менен Камчыбеков Равшанбек Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин Суу чарба департаментинин башкы директору болуп дайындалды.

Токтоп турган ишканаларды калыбына келтирүүгө тапшырма берилди
10-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев мамлекеттик катчы Досбол Нур уулунун, Президенттин администрация башчысы Данияр Үсөновдун, Президенттин катчылыгынын башчысы Оксана Малеванаянын, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровдун, Президенттин администрациясынын бөлүм башчыларынын катышуусу менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйын маалында мамлекет баш-
чысы Президенттин жарлыктары менен буйруктарынын жана тапшырмаларынын аткарылышы тууралуу бөлүм башчыларынын маалыматтарын укту. Атап айтканда, жыл башынан берки экономикадагы абал, жазгы-талаа иштерине даярдыктар тууралуу сөз жүрдү. Мамлекет башчысы токтоп турган ишканаларды калыбына келтирүүнү жана ишке киргизүүнү Өкмөт менен биргеликте иштеп чыгуу зарылдыгына Администрация башчысы Данияр Үсөновдун көңүлүн бурду.
Жыйында уюштуруу жаатындагы айрым маселелер да каралды.
С.ОРОЗОБЕКОВ,
С.ДОСАЛИЕВ (фото)

"Коммерциялык эмес
уюмдар жөнүндө" мыйзам долбооруна Президенттин катчылыгынын сунушу
Кыргыз Республика Президентинин Катчылыгы республика аймагында бардык коммерциялык эмес уюмдардын ишмердиги мыйзам тарабынан сөзсүз жөнгө салынууга тийиш деп эсептейт. Коммерциялык эмес уюмдар эмне иш менен алектенип, акчаларын эмнеге коротуп жатканын коомчулук билүүгө акылуу. Алардын ишмердиги, анын ичинде каржылык жагы ачык жана айкын болууга тийиш.
Бирок, ошол эле кезде сунуш кылынып жаткан мый-
зам долбоору дагы тыкыр иштелүүгө жана так-тоолорго муктаж.
Жогорку Кеңешке киргизилген мыйзам долбоору азыркы турушунда Кыргызстандын эл аралык дең-
гээлдеги демократиялык стандарттарды урматтаган өлкө катары кадыр-баркына олуттуу доо кетириши мүмкүн.
Сунушталган оңдоолор кабыл алынса, өлкөдө ача пикирлерди жана араздашууларды жаратышы ыктымал. Бул болсо Өлкө Президентинин 27-январдагы улутка кайрылуусунда камтылган бийлик менен жарандык коом ортосунда диалог жана конструктивдүү кызматташтык принцибине кайчы келет.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Президенттин катчылыгы "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун кароону артка жылдырып, жарандык коом өкүлдөрүнүн, эксперттик жамааттын жана ар кыл саясый күчтөрдүн сын пикирлерин жана каалоо-тилектерин эске алуу менен жеткире иштеп чыгып, анан Жогорку Кеңешке киргизүүнү сунуш кылат.
Кыргыз Республикаcынын
Президентинин катчылыгы.
2009-жылдын 11-марты.





Жаз жарышы башталды, даярдыктар такталды
Дан эгиндер андан кийин жер-жемиштер
Азыркы мезгилде өлкөнүн түштүк чөлкөмүнүн жана Чүй облусунун дыйкандары жазгы-талаа жумуштарын башташты. Азыркы күнгө чейин 10,2 миң гектар жер айдалды. Бул өткөн жылдын деңгээлинен 3,6 миң гектарга көптүк кылат.
Учурда 65,7 миң гектар аянттагы күздүк буудай азот минералдык жер семирткичтери менен азыктандырылды, же бул өткөн жылдагыдан 24,4 миң гектарга арбын. Баткен жана Ош облустарынын чарбалары бардык күздүк буудай аянттарынын 62%ын азыктандырып коюшту. Баткен облусунун чарбаларында эрте жаздагы кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү башталып, буга чейин 601 гектар айдоо аянтына эгин себилди. Ош облусунда эрте жаздагы картошканын үрөнүн отургузуу башталып, 300 гектар аянтка картошканын үрөнү отургузулду.
Быйылкы жылы Өкмөттүн токтому менен өлкөбүздүн дыйкандары менен фермерлерине мамматрезервдин фондусунан чекене баада 15 миң кубометр дизелдик күйүүчү майды базар баасынан арзан сатуу каралган. Насыялык кошундарды өнүктүрүү боюнча финансы компаниясына ата мекендик өнөр жай ишканаларынан айыл чарба техникасын сатып алууга тапшырма берилген. Ошондой эле бюджеттик каражаттан 75 млн. сом суммасында жабдууларды сатып алып, аны айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө лизинг катары өткөрүп берүү тапшырылган. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн, күйүүчү-майлоочу майларды, айыл чарба техникасы үчүн запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө 150 млн. сом суммасында "Айыл Банк" ачык акционердик коомунан акчалай насыя берүү каралган.
Ошондой эле Өкмөттүн токтому менен өлкөбүздүн Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине күздүк буудай менен арпанын жогорку сорттогу үрөндөрүн тикелей сатып алуу үчүн бюджеттик каражаттан 21,9 млн. сом бөлүп берүү каралган.
Республикабыздын аймактарына бардыгы болуп 267,85 тонна жаздык буудай менен арпанын сапаттуу үрөнү бөлүштүрүлмөкчү. Чүй облусуна - 32 тонна, Жалал-Абад облусуна - 2,5 тонна, Ош облусуна - 43 тонна, Нарын облусуна - 90 тонна, Ысык-Көл облусуна - 98 тонна жана Баткен облусуна - 2,35 тонна үрөн бөлүнмөкчү.
Айдоо аянттары
арбыды
Үстүбүздөгү жылда жалпы ай-
доо аянты 1166,47 миң гектарды түзмөкчү. Бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 6,5 миң гектарга арбын. Эгин аянттары 658,84 миң гектар аянтты ээлеп, өткөн жылдагыдан 3,8 миң гектарга көптүк кылат. Негизги көңүл өлкөнүн дан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу эгин аянттарын кеңейтүүгө бурулмакчы. Мисалга алсак, буудай аянты 411,8 миң гектар аянтты ээлейт, же бул 2008-жылга салыштырганда 19,3 миң гектарга арбын. 121,4 миң гектар айдоо аянтына арпа, 76,3 миң гектарга дандык жүгөрү айдалмакчы. Өткөн жылдагыдай эле быйылкы жылда да тоют өсүмдүктөрүнүн аянты кеңейтилип, ал 274,6 миң гектарды ээлемекчи. Бул өткөн жылдын деңгээлинен 11 миң гектарга көптүк кылат. Малдын башы жылдан-жылга көбөйүп жаткандыктан, тоют өсүмдүктөрүнүн аянтынын арбыгандыгы да ушундан. Калган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттары рыноктук керектөөлөргө жана калктын суроо-талаптарына жараша болмокчу.
Мындайча айтканда, 28,5 миң гектарга пахта, 4,12 миң гектарга тамеки, 84,9 миң гектарга картошка, 42 миң гектарга жашылча, 5,61 миң гектарга бакча жана 67,1 миң гектарга май өсүмдүктөрү өстүрүлмөкчү.
Техникалар
"чабуулга" даяр
Бүгүнкү күнгө чейин 6,7 миң
даана трактор жазгы-талаа жумуштарына чыгууга даяр. Бул жалпы тракторлордун 78%ын түзөт. Жазгы-талаа жумуштарына соколордун 74%ы, жумшарткычтардын 69%ы, сепкичтердин 76%ы, малалардын 79%ы, трактордун чиркегичтеринин 77%ы даярдалды.
Мамлекеттик материалдык резерв фондусунан брондон чыгарылган 15 миң кубометр дизелдик күйүүчү майды бөлүштүрүүнү 15-18-марттан баштоо пландаштырылды. Азыркы мезгилде республикада 3,5 миң тонна дизелдик күйүүчү май дыйкандар менен фермерлерге бөлүштүрүүгө даярдалып коюлду.
"Айыл Банк" -
айылдыктарга
Өкмөттүн буйругуна ылайык
"Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан дыйкандар менен фермерлерге 150 млн. сом бюджеттик ссуда бөлүнүп берилмекчи. Чүй облусуна - 39,9, Жалал-Абад облусуна - 32,4, Ош облусуна - 22,4, Нарын облусуна - 18,9, Ысык-Көл облусуна - 18,5, Талас облусуна - 11,9, Баткен облусуна - 6 млн. сом бөлүнмөкчү. "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун маалыматы боюнча дыйкандар менен фермерлерден 46,4 млн. сом алууга 347 өтүнүч түшкөн. Анын 224ү жакынкы күндөрдө каралат, 121 өтүнүч канааттандырылган, ал эми 41 чарба субъектилери 6,3 млн. сом өлчөмүндө акчалай ссуда алышты.
Д.ӨМҮРЖАНОВ




Коромжулук мол, абал оор, андан арылуу аракети зор
Күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүү жана Токтогул суу сактагычында суунун тийиштүү көлөмүн камсыз кылуу максатында бардык аймактарда электр энергиясын керектөөгө лимит киргизилгендиктен, өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 2008-жылдын мартынан баштап электр энергиясын керектөөнү 1,6 млрд. кВт/саатка төмөндөтүүгө шарт түзүлдү.
Премьер-министр Игорь Чу-
динов кол койгон электр, жылуулук энергияларынын жана жаратылыш газынын коромжулугун кыскартуу боюнча чаралар жөнүндө буйрукта мына ушуларга өзгөчө басым жасалган. 2008-жылы 11,6 млрд. кВт/саат электр энергиясы иштелип чыккан, же бул 2007-жылдын деңгээлине карата 79,25%ды түзөт. Өткөн жылга салыштырганда электр энергиясын иштеп чыгаруу гидростанцияларда 23,5%га төмөндөсө, жылуулук станцияларында 26%га көбөйгөн.
Энергия компанияларынын ишинде жылыштардын байкалгандыгы менен түп-тамырынан берки чоң өзгөрүүлөр сезилбейт. Өзгөчө акча каражаттарын чогултууда, коммерциялык коромжулуктар менен дебитордук карызды төмөндөтүүдө оң жагына болгон өзгөрүүлөр байкалбайт. Өткөн жылда бөлүштүрүүчү компаниялардагы электр энергиясынын жалпы коромжулугу 2,9 млрд. кВт/саатты же 31,6%ды, мунун ичинде техникалык коромжулуктар 18%ды, коммерциялык коромжулуктар 13,6ды түздү.
Нарын дарыясынын бассейниндеги суулардын аз болушунун натыйжасында өлкөнүн отун-энергетикалык комплексинин абалы оор бойдон калууда. Электр энергия тармагындагы абалды турукташтыруу максатында электр, жылуулук энергиясынын жана жаратылыш газынын коромжулугун, ошондой эле дебитордук карызды азайтуу боюнча чукул чараларды көрүү зарыл. Мына ошондуктан Өкмөттүн буйругуна ылайык, кырдаалды жакшыртуу боюнча тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго, облустук, райондук администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмалар берилди.

Ташылып кетчү товарлар дайын болду, төлөм баасы аныкталды
Премьер-министр Игорь Чудинов өлкөбүздүн бажы аймагынан ташылып кетүүчү товарларга экспорттук сезондук бажы пошлинасынын ставкасын бекитүү жөнүндө токтомго кол койду.
Көрсөтүлгөн токтомго ылайык, экспорттоо багытында өлкөбүздүн ички рыногу үчүн өтө маанилүү болуп саналган күрүч, кант, кагаз, картон, бензин, дизелдик күйүүчү май, мазут, арпа, жүгөрү, сулуу жана малдын тоюту өңдүү товарлардын тизмеси бекитилип, аларга алты айлык мөөнөткө эксперттик сезондук пошлиналарды киргизүү болжолдонууда.
Товарлардын бул тизмеси ички жана дүйнөлүк рыноктордо өндүрүштүн, экспорттун, импорттун жана баа кырдаалынын өткөрүлгөн мониторингинин натыйжасында аныкталган.
Бул чараларды киргизүү бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине карама-каршы келбей тургандыгын белгилеп кетүүбүз керек. Бул чечимди даярдоодо эркин соода аймагы жөнүндө келишим жетекчиликке алынган.
Өкмөттүн жогорудагы чечимин аткаруу боюнча Тышкы иштер министрлигине, мамлекеттик бажы комитетине, Ички иштер министрлигине, улуттук коопсуздук комитетине, чегара кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди.
М.АЛАГУШЕВ