, 13.03.09 - 23-бет:
  КОНКУРСКА

"Кыргызстан менен Казакстан
түбөлүк достугу" конкурсуна
"Көпүрө…"
(аңгеме)
Күтүүсүз коңгуроо…
Эртең мененки:
- Алло, бул - мен, Алма-Атадан чалып жатам! Тез арада келе калчы, мен сага иш таап койдум! - деген күтүүсүз коңгуроо, капыл-тапыл айтылган сунуш менин жандүйнөмө эле эмес, турмушума да чакчалекей түшүрүп, тополоң салып жиберди.
- Кандай иш?.. - дедим таң калып.
- Албетте, министрдин иши эмес! Базарда контейнер иштетесиң, макулсуңбу?
- Койсоңчу… - каткырып күлөм мен.
- Кызыксың, эй! Качанга чейин эле кагаз-калемиңди тиктеп, итке минип жүрө бересиң? Элдей акча таап, бардар жашагың келеби?!
Келет да! Бирок унчукпайм.
- Эртеңден калбай келип кал! - дейт менин деле "элдей болуп жашагым келерин" билген курбум. - Жакшы мүмкүнчүлүк болуп атат. Эгерде келбесең ачыгыңды айт. Башка бирөөнү чакырам.
"Жок, жок! Коё турчу, ойлоноюн" - дейм оюмда. Бирок унчукпай, трубканы коём. Башка ишке кетип калсам эле калемсабымдан, кагазымдан айрылчудай туюлуп, андайда жандүйнөм куурулуп, жүрөгүм ачышат. Айлыгы аз болсо да эртең менен ашыгып келип, кечинде кубанып кеткен ишимди кыйбайм… А бирок "элдей жашоону" ойлогондо азыр эле Алма-Атага учуп жетким келет.
Акыры мени бул туңгуюк абалдан чогуу иштешкендерим менен курбу-курдаштарым чыгарып кетишти:
- Эмнеси бар экен? Барыш керек! Мындай шанс дайыма эле келе бербейт! Андай эле жазгың келип баратса, Алма-Атадан туруп алып деле жаза бер! Бирөө сенин калемиңди алып коюп атабы?!
"Чын эле… - дейм бир ойлоп. - Эмне экен, элдин баары эле чет жактарга барып, соода кылып жүрүшпөйбү! Алардын менден же менин алардан эмнем кем?..Кеттим!"
А бирок ичимде түтөйм. Анткени соода кылуу, болгондо да (коңшу болсо дагы) чет өлкөгө барып иштөө - менин оюма түгүл, түшүмө да кирген эмес. Анын үстүнө өзүмдөн соодагер чыкпасын билчүмүн...
- Кандай жансың, өзүң?! - деди түшкө маал дагы коңгуроо каккан курбум. - "Чайнап берген даяр ашты да жута албайсыңбы?!"
Бул сөз мага аябагандай катуу тийип кетти. Акыры отпуска сурап, башкы редакторго арыз жаздым.
- Сен базарга барган сайын акчаңды алдатып же алдырып келесиң, кантип анан соода жасайсың?! - кечинде менин жаңылыгымды уккан жолдошум "чалкасынан кетти".
- "Башка түшсө - байтал жорго", кишинин жасаганын - киши жасайт. Акыры аң-сезимдүү адаммын го, аракет кылам да! - баятан өзүмдү-өзүм алдап, жубаткан жообума ал да ынангансып калды. Ошол түнү ошентип, соодадан тапкан акчаларыбызды кантип, каякка жумшаарыбыз жөнүндө кыялданып жаттык. "Дароо эле үй алалы"… - дедим мен. "Жок, андан көрө ошол контейнерди арендага берип коюп, кесибиңди уланта бербейсиңби", - деди күйөөм.
Айтор, "соодагер санаасы менен байыйт болуп", бир түндүн ичинде байып эле жатып калдык.
Узатуу…
Эртеси автовокзалга уулум
узатып келди. Үйдөн чы-гаарда кичинелери бетимден өөп, көздөрү жашылданып, кол булгалап калганы кыйла жерге чейин элестеп, тамагым жашка муунуп, карегиме ысык жаш кылгырып келатты. А бирок уулума көрсөтпөш үчүн көзүмдү ирмебей чо-оң ачып, ары карап алып жашымды ичке жутам...
Автовокзалдын алдындагы жол жээгинде кыркаар тарткан таксилердин жанынан түшүп калдык. Таксисттер бизди көрүп эле:
- Алма-Ата! Алма-Ата!
- Алма-Атага барасыңарбы?
- Дароо кетем! Келгиле, отургула?! - деп колубуздан сумкабызды талашып, бири ары тартып, бири бери тартып, дүрбөп калышты.
- Барчу жерине чейин жеткиресизби? - деп уулум айдоочулардын ырай-бешенесине карап, ыманы ысыгыраагын издейт.
Акыры мени алгачкы сапарыма алып баруучу автоунаа да тандалып, жолго чыктым. Машине жуп жөнөй береринде терезеден карасам, кечээтен бери: "Ал жакта же үйүңүз болбосо, кыйналасыз го? Же мурда-кийин соода кылып көбөсөңүз? Барбай эле коюңузчу?.." - деп аткан уулумдун карегиндеги каканактаган жаш "тып!" этип кулап баратыптыр! Андан ары кармана албай кеттим. Балам көрбөсүн деп, баятан бери карегиме каткан ысык тамчыларым тыпылдап төгүлүп кетти…
Жолдо…
Мен жолду узак чы-
гаар дептирмин. Бир аз жүргөндөй эле болгонбуз, бир убакта машинелер кыркаар тизилип, "пробка" болгон жерге келип токтодук. Жолдун ары жагынан, бери жагынан чубап, жөө-жалаңдаган эле адамдар. "Булар эмне жөө кетип атышат?" - деп таң калып үлгүргүчө, менин жанымдагылар да бир убакта дугдуңдап түшүп алышып, ошолордун арасына кирип, көрүнбөй кетип атышты.
- Булар кайда баратышат? - десем айдоочу мени таң кала карап:
- Сиз Алма-Атага биринчи жолу баратасызбы? - дейт.
- Ооба.
- Анда түшүп, тигилерди ээрчиңиз. Таможнядан өтүшүңүз керек.
"Билбеген иштин кордугу күч" дечү апам. Элдин артынан кирип алып, эмне кыларымды билбей туруп калдым да, жанымдагылардын кыймыл-аракетин акмалап, байкоо салдым. Арытадан алган алакандай кагаздарды толтура коюп, айнек терезелерге барып кол койдуруп, андан ары чыгып кетип жатышыптыр. Кыргызстандан түшүп келген машинелер ошол чыга бериштен күтөт экен. Мен да бланка алдым. Таксиге түшөөрүмдө курбум чалып: "Конокко барам" деп жаз, - дегенин эстедим. Айткандай эле анда: "Эмне максат менен баратасыз?" - деген пункт бар экен. "Конокко" деп жаздым. Кагазымды көтөрүп алып анан терезеге келсем, формачан жигит кайра-кайра окуп, паспортумду бир, мени бир карап атып:
- Алматыга неге барасыз? - деди. Оюмда: "Конокко" дегенди булар башкача айтабы, түшүнбөй атат окшойт" деп:
- Мм… в гости, - дедим да, калпымды каректеримден окуп алчудай кайпактап, көздөрүмдү ала качып кеттим. Жигит мага ишенген жокпу, дагы эле бүшүркөй карады:
- Канша күнде кери өтесиз?
- Мм… Билбейм.
- Неге билмейсиз?
- Отпускам бүткөнчө жүрөм го…
- Кай жакта истейсиз?
- Бишкекте.
- Ким болып?
- Журналистмин, - күбөлүгүмдү көрсөттүм. Аны да алып ары жак, бери жагын аңтарып, көпкө карады. Ушу азыр кайра артка жөнөтүп жиберчүдөй, анан калса таксим кетип калчудай чый-пыйым чыгып кетти. Анын үстүнө менден кийин кезекте тургандар да тыбырчылашып: "Бир балакети бар неме го?" - дегендей мени бутумдан башыма чейин сыдыра, шектене карашып, күбүң-шыбың болуп, жүдөтүп жиберишти. Кудай жалгап бирөөсү аңгыча:
- Бизди өткөрүп ийиңизчи, балам ыйлап атат? - деди. Бирок, аны укпай калды окшойт:
- Мейманга кимдикине барасыз? - деди формачан.
- Курбумдукуна, - дедим.
- Кайсы деректе турады?
- Билбейм, тосуп алат.
- Мм… Жарайды енди, - деп ыргылжың болгон окшоп туруп анан документимди сунду да:
- Жолыңыз болсын! - деди жылмайып.
Мен эле эмес, артымда тургандар да: "Өх-х!" - деп жиберишти окшойт. Бирок баары эле мурда-кийин келип-кетип, көнүп калышкан окшобойбу, бир тобу мен чай кайнам турган жерден бир нече көз ирмемдерде эле өтүп, атүгүл машинелерине менден мурда отуруп кетишти.
Таксимди араң таптым. Айдоочу эле эмес, жүргүнчүлөр кошо чыдамы түгөнүп, мени уруша башташкан экен:
- Кечириңиздер? - дедим күнөөмдү сезип.
Жаңы конуш
Бир учу суналып, өз мекеним-
де калган жол аркылуу келатканым үчүнбү, чек арадан өткөндөн кийин деле өзүмдү тек гана коңшу айылга, аталаш агамдыкына бараткандай бейкам сезип, канаттуу кыялдарым менен сабалап учуп келе бердим. Качан гана эки-үч жерден формачандар токтотуп документтерибизди кылдат карап, сүрөттөрүбүздү бешенебизге салыштырып, баштык-үштүгүбүздү текшере баштаганда гана башка эл, башка жерде экенимди билип, коруна түштүм…
Мени Алма-Атанын "Барахолка" деп аталчу базарынан тосуп алышты. Курбумду көрүп, энемди көргөндөй сүйүнүп кеттим. Жанындагы арыкчырай, орто бойлуу келинди: "Бул - Жанна!" - деп тааныштырды курбум. Бат эле анан такси кармап, алардын квартирасын көздөй жөнөп кеттик.
Шаардын кыйла четиндеги "Орус мүрзөлөр" деп аталган күмбөздөрдүн жанынан түшүп алып, бейиттерди аралап жүрүп отуруп, чыга бериштеги дарбазаны сүзүп токтодук.
- Шаардын борборунда квартиралар кымбат. Бирди - эки кылып акча табууга келген соң, үнөм керек, досум, - деген курбум алдыга баштап кирди. Короонун ичи тар болгону менен үй эки кабат, асты кандайдыр цех, үстү жатаканалар экен. Экинчи кабатка чыгып, көп эшиктүү узун коридор менен жүрүп отуруп, бардык шарты бар чакан бөлмөгө кирдик.
- Бул квартира үчүн айына 60 миң теңге төлөйбүз, - деди курбум. - Биздин акча менен 20 миң сомдой болот…
- Ой-ий! - деп оозум ачыла түштү. - Анча акчаны кантип табабыз?!
- Бул - Бишкек эмес да! - деди ал. - Бул жакта иштегендердин эң төмөнкү эмгек акысы сом менен 25-30 миңге жакын!
Жанагы Жанна деген келин - ушул квартираларда үй кызматкери болуп иштейт экен. Өзү чымкенттик экенин айтты. Түнү бою сырдашып отурдук. Бир тууган эжелүү-сиңдидей божурашып, сырдашып, тамашалашып отуруп бир керебетке жатып алдык. Эртең менен: " Ушул боюнча чыксаң үшүп каласың, Алма-Ата суук," - деп өзүнүн тонун, өтүгүн чечип берди.
"Көпүрө…"
Эртеси Жанна берген калың
кийимди кийип алып, курбум менен базарга бет алдым. Базарга жуп кире берерибизде курбум токтото калып:
- Мүмкүн болсо эки жагыңды элеңдебей, эркин бас. Анан да сүйлөөчү болбогун! - деди шыбырап.
- Эмнеге?! - мен да ага өзүндөй акырын, шыбырап сурадым. Эмнегедир жүрөгүм дүпүйүп, жагымсыз абалга келе түштүм.
- Жөн эле! Кыргыз экениңди билсе эле полицейлер кармап, текшере беришет. Кээде камап да салышат. Камактан чыгарыш үчүн миңдеген теңге бериш керек!
Өз өлкөмдү эстеп, ыйлагым келип кетти. "Кереги жок, акчаңдын! Кеттим!" - деп качып жөнөгүм келди. Бирок намыстандым. Мекенинен кетип, үй-бүлөсүн багып жүргөн миңдеген мигранттарды эстедим. Курбумдун "баатырдыгына" суктанып көзүнө суктана да, аяй да, таң кала да карадым.
Соода катарларын аралап, унчукпай келебиз. Сатуучулардын да, сатып алуучулардын да жүздөрүнө карап коём. Тамчыдай болуп, деги эле кимиси казак, кимиси кыргыз экени билинбейт. "Булардын көбү кыргыздар", - деп шыбыраган курбум бир убакта: "Келатат! Келатат!" - деп, эмнегедир алаамат келаткандай каруумдан аткый-аткый кармап койду. Ан сайын: "Ким келатат?!" - деп үрпөйүп, айлана-тегерегиме аңкаям. Айткандай эле эки-үч формачан жигит соода катарларын кыдырып, документ текшерип келатыптыр. Айрым сатуучулар орундарын таштай салып, туш келди качып, айрымдары үстөлдүн астына, товардын арасына жашынып, айрымдары формачандардын артынан салпактап ээрчип, жалдырап ыйлап алышкан… Айтор, эми эле тынч иштеп аткан базардын ичине заматта кыйсыпыр түшүп, алаамат жүрүп кеткенсиди.
Биздин базарларды эстеп, мындай көрүнүштү такыр эстей албай койдум. Тескерисинче бизде кытай, уйгур, орус, казак өңдүү улуттар контейнер кармашат… Ал эми башка жактардагы кыргыз мигранттарынын жашоо-турмушу, милдет-укуктары тууралуу кызыкпаптырмын.
Ушинтип ойлоп, эс-мас туруп калсам керек, бир убакта формачандардын бири менен көз учкундарым урунуша түшүп, ал эми түз эле мени утурлай келатты…
- Кужатыңызды көрсетиңизши?! - деди анан өктөм. Курбумду карасам, ал жанымда жок! Эчак "бызып" кетиптир! Заманам куурула түштү! Документимди, ага кошуп журналисттик күбөлүгүмдү сундум. Күбөлүктүн ары жак, бери жагын карап:
- Дурыс, бирак базарда не истеп жүресиз?! - деди ишенбегендей карап.
- Болбойбу?! - жаным түтөп кетти. - Кыргыз менен казак деген кыз алышып, кыз беришкен, комуз менен домбрадай бир тууган, эгиз эл! Анан да, билесизби, отузунчу жылдары казактар жардам сурап, Кыргызстанга ооп барышканда боордоштору кучагын жайып, жылуу-жумшак тосуп алышкан!..
- Бирак Казакстандын азаматы болмаган соң, бизде сауда кылуга, немесе баска истерде истеуге рухсат жок. Елимизге келген ар бир мейман биздиң заңдарды сыйлауга миндетти.
Ынанып калдым. Мен ага анан Бишкектен ала барган, жаңы эле чыккан китебиме кол тамга жазып берсем, жүзү нурданып, кубанып кетти да:
- Мен казак адебиети сиякты кыргыз адебиетинде сүйүп окимын. - деди. - "Манастарың" керемет гой! Шыңгыс агайдың бардык шыгармаларын окыганмын. Жане сиз айткан достыкка эки элдин адебиети, маданиети көпүре болып келген да. Илгери суырып салма акындар өлең айтып, ал кейин жазба түринде… Айтмакшы, сиз биздин жазушыларды билесизбе?
- Билбегендечи! - кубанып кеттим. Жана курбумдун: "Кыргызча сүйлөбө! Камап коюшат!" - дегенин унутуп салып, эми кыргыз экеним менен сыймыктанып, казак полицейи экөөбүз эки элдин адабияты, маданияты, орток баалуулуктары тууралуу, ал - казакча, мен - кыргызча кызуу сөзгө кирдик. Атүгүл айрым макал-лакаптарды ал: "Казактыкы!" - десе, мен: "Жок, кыргыздыкы!" - деп талашып-тартышып, соңунда ыр окуп, өлең да айтышып жибердик… Акырында:
- Кыргыз менен казак бир атадан эле тараса керек, анткени бардык жагынан окшош болуп жатпайбы! - деп талашыбызга чоң илеп белгисин койдук. Бир убакта ал:
- Кыргыздарда күшти жас акын-жазушылар жок деп ойлаганмын. Акындары Алыкулмен таңсылган, жазушылары Шыңгызпен битсе керек дегемин, - дейт.
- Эмнеге?! - дейм мен түтөп. Көрсө, ал азыркы кыргыз адабияты менен таптакыр кабары жок экен. Муну ал моюнга алды.
- Тилекке каршы, мен да азыркы казак адабияты менен таанышкым келет, - деп буга суусап турганымды айттым.
Эртеси Ербол таң эрте шашкалактап, бир таңгак гезит-журналдарды көтөрүп алып келиптир…
Жыпар ИСАБАЕВА,
Бишкек - Алма-Ата - Бишкек