, 13.03.09 - 16-бет:
  Сессия күндөлүгү

Августтагы авиакырсыктын себеби эмнеге элге айтылбайт?
Депутаттарга "чабуул"
койгон кимдер?
Кечээ Жогорку Кеңештин сессиясы жарым сааттык үзгүлтүк менен башталды.
Депутаттардын компьютер-
лери иштебей, төрага Айтибай Тагаев аргасыз тыныгуу берди. Мындай көрүнүш кезек кезеги менен бир жумадан бери кайталанчу болду. Көрсө Жогорку Кеңештин техникаларына атайын жалданган хаккерлер чабуул жасап жатышыптыр. Парламенттин үч депутатынын өкмөттүк эмес уюмдар боюнча мыйзам долбооруна кошумча киргизгендери, ӨЭУдын өкүлдөрүнө жакпаганы үчүн атайын жүргүзүлгөн акция экендиги маалымдалды. Ушуга байланыштуу электрондук почталар, сайттар ачылбай жаткандыгына депутат Б.Наргозуев тынчсызданып, хаккерлерге каршы чара көрүүнү спикерден талап кылды.
Акча которулбаса
иш бүтпөйт...
Аксы районундагы Иринжит каналын куруп жаткандар эки күн мурда иш таштоо акциясына чыгышканын депутат Бегалы Наргозуев эскерте кетти.
Аксылыктардын
жоон топ делегациясы Жалал Абад облусунун губернаторуна келип, каналдын курулушуна каражат бөлүү кечеңдеп жатканына кабатырлангандарын билдиришкени белгилүү болду. Тынч жаткан элдин аргасын түгөтүп, нааразычылыктын чыгышына КРнын финансы министри Марат Султановдун күнөөлүү экендиги айтылды. Себеби каналдын курулушуна ушул кезге чейин тийиш-түү акча бөлүнө элек. Мамлекет башчысынын колдоосу менен республикадагы ирригациялык коопсуздукту камсыз кылууга артыкчылык берилип келе жатканын министр мырза эсинен чыгарууга тийиш эмес эле. Жогорку Кеңеш болсо бюджетти небак бекитип берген. Жаз келип, жылдын биринчи чейреги ортолоп отурат. Каналдын куруучулары каражаттын жоктугунан тарап кетүүлөрү керекпи же акча которулуп элдин мүдөөсү аткарылабы? Аталган маселе парламентте бардык дең-
гээлде көтөрүлүп келгени келген. Акжолчу депутат Бегалы Нарго-зуевдин аргасы түгөндү окшойт, айтор убадасында тура албаган министр Марат Султановду кызматтан алууну кошо сунуштап жиберди. Былтыркы жылы Иринжит каналына 70 млн. сом бөлүнгөн болсо, анын 35 миң сому гана берилген. Быйыл бир тыйын да которула элек.
Комиссиянын
ишинен жыйынтык
жок
Өткөн жылдын августунда болгон авиакырсыктын жыйынтыгы жети айдан бери чыгарылбай, бир да так маалымат берилбей келе жатат.
Былтыркы жылдын 15 де-
кабрында Мамлекеттик авиакомпаниянын жетекчилиги менен депутаттардын жолугушуусунда 15 январга чейин тергөө иликтөө иштеринин жыйынтыгын чыгарып бүтөбүз деп убада беришкен. Тилекке каршы, эч кабар боло элек. Шейит кеткендердин туугандары ушул күнгө чейин кырсыкка ким күнөлүү экендигин билишпейт. Авиакырсыгы боюнча протоколдук тапшырма берүүдөн тажабаган эл өкүлдөрүнүн бири Ибрагим Жунусов кечээки сессияда: "Болду жетишет, 15 апрелге чейин авиакырсыктын чыгышын иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия анын жыйынтыгы менен бизди тааныштырсын!" - деген талапты кабыргасынан койду.
Кытайлыктардын
Нура айылына "кызыгуусу" күч
Былтыркы күздө жер титирөөдөн 75 адам каза болгон Чоң Алай районунун Нура айылына кытайлык куруучулардын "кызыгуусу" абдан күч экен...
Жапа чеккендерге 150 үй ку-
руу үчүн Өкмөттөн 283 млн. сом бөлүнүүсү күтүлүп жатыптыр. Коммерциялык компаниялардын тендерден утуп алганы курулушту баштамак. Ал эми коммерциялык компаниялардын ичинде кытайлык курулушчулар да бар. Аларды колдоо менен акчага туйтунууну көздөгөн жетекчилер өзүбүздө отурганына Арапбай Төлөнов абдан кабатырланды. Жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендердин эсебинен пайда көрөм дегенди Нура элинин каза болгон туугандарынын арбактары соо койбойт. Жергиликтүү курулуш компаниялары ошол эле 150 үйдү 183 млн. сом менен эле үнөмдүү, сапаттуу куруп бүтүрсө боло турганын айтып жатышат.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Арапбай Төлөнов, Нургазы Айдаров сунуш кылышкан коомдук уюмдар тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүү жана толук-тоолорду киргизүү маселеси учурда республикада чоң талкууну жаратууда. Кечээки парламент сессиясында ушул маселени Гүлнара Дербишева көтөрдү. Депутаттын пикири боюнча бул мыйзамды
коомчулукта кеңири талкуулап, жети өлчөп бир кесмейинче кабыл алууга болбойт.
Насыялар,
гранттар - курулушка
Россиядан келе турган 300 млн. доллар насыяны жана 150 млн. доллар грантты дээрлик бүтүндөй социалдык турак жайларды курууга жумшоо сунушун Бейшенбек Абдыразаков парламенттеги Президенттин жана Өкмөттүн өкүлдөрү аркылуу жолдоду.
Акыркы он беш жылдан бери
кеткен бийлик 2 млрд. долларды карыз алып, анын натыйжасын чыгарбай, кумга сиңген суудай жоготуп жөн болду. Азыркы муундун өкүлдөрүнөн каргыштан башка эч нерсе укпай тургандай жагдайга жетти. Депутаттын эсеби боюнча ошол 2 млрд. долларды жалаң үйлөрдү курууга жумшаганда учурда 322 миң батир салынмак экен. Кыргызстандын жарандарынын отуз пайызы, башкача айтканда 1,5 млн. эли турак жайлуу болмок. Эми Россиядан келе турган жогорудагы 450 млн. доллардын баарын ушул максатка сарптасак 20 миң батир салабыз. Дүйнөлүк кризистин бир эсептен Кыргызстанга белгилүү жагдайда пайдасы деле тийип жатат. Мунай зат, кирпич, жер участоктору эки эсеге арзандады. Депутат курулушту жандандырууга абдан ыңгайлуу шарт түзүлүп турган кез экендигине токтолду.
Оштун Жапалагында
жагдай кыйын
Республиканын экинчи борборуна айланган Ош шаарынын таштандысынын баары Жапалак айылынын үстү жагына барып төгүлөт.
Таштандынын алды жагын-
да чоң канал бар. Жамгыр жааганда, кар ээригенде ошол ташдандыдан аккан суу каналга барып куят. Ал каналдан 15 20 миң киши суу ичет. Андан тышкары гектарлаган бул чоң таштанды аянты Ош, Баткен тарапка өткөн кан жолдун боюнда жайгашканы акылга сыйбайт. Жергиликтүү элдин ошол таштандыны жоготуп берүү өтүнүчү менен он жылдан бери кайрылбаган жерлери калган жок. Бирок абал мурдагы бойдон калууда. Бүгүнкү күндө шаар мэриясы, санитардык, экологиялык кызматтар муну көрбөй эмне иш кылып жатат? Жапалактын эли Жогорку Кеңешке чейин кат менен кайрылып жатканы маселенин чечилүүсүнөн үмүт жоктугунун белгиси экендигин Алтынбек Сулайманов кабарлады. Таштанды үчүн тез арада башка жактан жай табуу кажет. Андай болбогон жагдайда канал суусу аркылуу ар кандай жугуштуу оорулар дүрт этип кетүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу Өкмөттүн тийиштүү органдарына протоколдук тапшырма жөнөтүлдү.
Агрегатка
акча керек
Камбар Ата 2 ГЭСиндеги курулуш монтаждоо иштери абдан жакшы жүргүзүлүүдө. Түнөлдөрүндөгү иш 100 пайызга аткарылууда.
Казакстандан келген атайын
адистер да эмгектенип жатышат. Болгону, биринчи агрегатты ишке киргизүүгө даярдык көрүү үчүн керектүү жабдууларга эмитен Өкмөт акча бөлүүсү кажет. Бул
тууралуу парламенттеги ГЭС куруу боюнча адис депутат, Кыргыз Республикасынын Баатыры Акбаралы Кабаев билдирди.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"




Ысырапкорчулукка каршы мыйзам же кодекс кабыл алынат
Академик Бектемир Мурзубраимовдун "Кыргыз Туусу" гезитинин 2008-жылдын 5-декабрындагы санына жарыяланган
"Каада-салттарыбыздын кай жактарынан арылуубуз керек?" деген аш-тойлордогу, ырым-жырымдардагы ысырапкорчулукту чектөө жөнүндөгү макала-кайрылуусу кеңири резонансты жаратып, андагы сунуштар жалпы эл тарабынан колдоого ээ болуп жаткандыгын жакшы билесиздер.
Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулунун төрагалыгында, вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаеванын катышуусунда жогоруда аталган маселе боюнча парламенттин жана илимий, чыгармачылык коомчулуктун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүлүп, анда академик тарабынан көтөрүлгөн маселенин бышып-жетилгендиги, элдин кеңири массасынын колдоосуна ээ болуп жаткандыгы белгиленип, калктын талаптарын жүзөгө ашыруу максатында мыйзамдын же кодекстин долбоорунун алгачкы вариантын иштеп чыгуу максатында академик Бектемир Мурзубраимов башында турган атайын жумушчу топ түзүлдү. Ошентип улуттук тунгуч гезит көтөрүп чыккан олуттуу маселе элдин эле эмес, бийликтин да көңүлүн бурдуртуп жатат.
Кеңешменин материалдары менен гезитибиздин кийинки санынан кеңири тааныша аласыздар.

Кыргызстан - Россия бажы эрежелери иреттелүүдө
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин ушул жылдын февралынын башталышында Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведев менен болгон жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосунда соода, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыктарды өнүктүрүп, бул багыттагы бажылык эрежелерди жеңилдетип, жөнөкөйлөштүрүү белгиленген. Аны аткаруу боюнча жакында Бишкекте Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси А.Ю.Бельянинов Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Н.О.Акматов менен жолугушуп, мамлекет башчыларынын тапшырмаларын жүзөгө ашыруунун жолдорун, формаларын тал-куулашты.
Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын бажы кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты ургаалдаштыруу боюнча өткөн жылы 12-мартта кабыл алынган Меморандумда көрсөтүлгөндөрдүн аткарылышынын жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле республикабызда өндүрүлүп, Россияга ташылган товарларды маалымат алмашууну пайдалануу менен бажылык тариздөө жана бажы көзөмөлүн жүргүзүү жөнүндө протоколго кол коюлду. Бул документ эки өлкөнүн ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Протоколго ылайык Кыргызстандын товарларын бажылык тариздөөнү жана көзөмөлдөөнү жөнөкөйлөштүрүү боюнча прогрессивдүү ыкмалар киргизилгени жатат. Россияга жөнөтүлүп жаткан товарлардын бажы наркы тууралуу алдын-ала маалымдоо жүргүзүлөт жана аларга ылайык Россиянын бажы органдарында алдын-ала декларациялоо үчүн шарттар түзүлөт.
Булардан сырткары документтерди жөнөкөйлөштүрүп, айыл чарба продукцияларынын баалары жөнүндөгү маалыматтарды алмашып туруу сыяктуу башка маселелер да талкууланды.
Бакай ЧИЛТЕГИН




Өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов "Ишкерлик ишмерчиликтин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" Өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтомго кол койду.
Бул токтом ыктыярдуу патенттөөнүн негизинде ишкерлик ишмерчи-
лик менен алектенишкен жеке жана юридикалык жактардын ишин жеңилдетүүгө багытталган. Баарыга белгилүү болгондой, учурда ишмерчиликтин 71 түрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасы бекитилди. Калктан келип түшкөн суроо-талаптардын негизинде ишмерчиликтин түрлөрүнүн саны 121ден 71ге чейин кыскартылды.
Өлкөбүздүн салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине сезондуулугуна, кирешелүүлүгүнө, ишмерчиликти жүргүзүүнүн түрүнө жана ээлеген ордуна жараша ишмерчиликтин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын суммасын бир айлык мөөнөттө бекитүү тапшырылды.
М.АЛАГУШЕВ