, 06.03.09 - 9-бет:
Жарнама бөлүмүнүн телефону: 62-20-29 Эл аралык илимий-техникалык борбор (ЭИТБ) - Россияда, Грузияда жана КМШнын башка өлкөлөрүндө эл аралык илимий кызматташтыктын 15 жылдыгын белгилөөдө
"Бүгүн биз Эл аралык илимий-техникалык борбордун (ЭИТБ) негизделишинин 15 жылдыгын белгилеп жатабыз. 1994-жылдын 2-мартында ЭИТБни уюштуруу жөнүндөгү эл аралык келишим өз күчүнө кирди", - деп ЭИТБнин Аткаруучу директору Адриаан ван дер Меер комментарий жасады.
"Он беш жыл мурун Борбор өз ишмердүүлүгүн Москвада өзүнүн штаб-квартирасында баштады. Ушул жылдар аралыгында ЭИТБ илимий институттардын арасында эл аралык кызматташтыктын бириктирүүчү тогосу болуп калды. ЭИТБнин жардамы менен жалпы суммасы АКШнын 800 миллион долларын түзгөн 2600 жогорку технологиялык долбоор турмушка ашырылды. Белгилеп кетчү нерсе - өткөөл мезгилде ЭИТБ Россиядагы жана КМШнын башка өлкөлөрүндөгү окумуштууларга жана техникалык адистерге түздөн-түз колдоо көрсөттү. Физика, биотехнологиялар, айлана-чөйрө, химия жана башка илимий тармактар ЭИТБнин алкагындагы долбоорлор аркылуу каржыланды.
Борбор Бириккен Европа, Россия, АКШ, Жапония өкмөттөрү тарабынан негизделген. Кийинчерээк дагы Канада, Норвегия жана Түштүк Корея кошулду. 15 жыл аралыгында Борбор жаңы милдеттерди чечүү максатында өнүгүп, өз ишмердүүлүгүн кеңейткен. Мисалы, азыркы учурда ЭИТБ инновациялык долбоорлордун баштапкы каржылоосу боюнча колдоо көрсөтөт, интеллектуалдык менчик укугун коргоо, патенттерди тариздетүү боюнча окумуштууларга жана институттарга өз кызматтарын сунуштайт. Борбор Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Тажикстанда өз өкүлчүлүгүн ачкан жана ал жерлерде илимий изилдөөлөрдү колдоодо.
Көп убактан бери Борбор Россияда жана КМШнын башка өлкөлөрүндө жарандык коомго багытталган илимий коомчулукту түзүүдө негизги роль ойноодо. ЭИТБнин ишмердүүлүгү аркылуу тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду турмушка ашыруу, акыркы он жыл аралыгында өзгөчө актуалдуу болгон массалык түрдө жок кылуу куралдарынын таралыш коркунучун кыйла кыскартуу үчүн окумуштуулардын эл аралык байланыштары жана контактылары түзүлдү. Көптөгөн ийгиликтүү долбоорлор турмушка ашырылган. Алардын арасында физика чөйрөсүндө ядролук медицинада колдонулуп жүргөн диагностика жана сенсор системаларын түзүү долбоору, альтернативдик энергетикадагы долбоор, мисалы жаңы отун элементтерин жаратуу, күн батареяларын иштеп чыгуу, ошондой эле шамалдын жана деңиз толкунунун кубаттуулугун пайдалануу технологиялары боюнча долбоорлор.
ЭИТБ өтө уникалдуу уюм. Ал көп тараптуу негизде иштеген, иштөөнүн түшүнүктүү жана өтө так эрежелерин колдонуп, долбоорлорду турмушка ашырган жана каржылаган эл аралык уюм.
ЭИТБнин ишмердүүлүгү негизинен илимий-изилдөө долбоорлорунда алектенген адистерди колдоого багытталган. Ошол эле убакта институттар жарандык багыттагы дүйнөлүк стандарттарга ылайык эл аралык изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн инфраструктураны кеңейтүү боюнча түз жардам алышат. Борбордун ишмердүүлүгү Россиядагы жана башка өлкөлөрдөгү окумуштуулардын жана адистердин ишенимин актап, алардын сый-урматына татыктуу болду.
15 жыл аралыгында ЭИТБ илимий кызматташтык, тынчтык багытындагы илимий-изилдөөлөр долбоорлорун өткөрүү максатында окумуштуулардын башын кошуу бай тажрыйбасына ээ болду. Албетте, 15 жыл аралыгында Россияда да, башка өлкөлөрдө да кырдаал кыйла өзгөрдү. Ошондуктан эл аралык илимий коомчулук, тактап айтканда, ЭИТБ тарабынан жаңы милдеттерди чечүү зарылдыгы аныкталды.
Борбордун тынчтык милдеттерин, алардын арасында - жер шарынын глобалдык түрдө жылып кетиши, энергиянын алтернативалык булактарын түзүү, коопсуз ядролук технологияларды иштеп чыгуу, биотехнологияларды эки багытта колдонууну жоюуга көмөктөшүү сыяктуу милдеттерди чечүүгө багытталганын белгилеп кетүү өтө маанилүү. Азыркы учурда жогорудагы жана башка суроолорго жооп кайтаруу үчүн, Борбордун ишмердүүлүгүнүн ыкмаларын жана принциптерин адаптациялоо дискуссиялары өтүп жатат. Анын натыйжалары сөзсүз түрдө ЭИТБнин өтө жакшы ишкердик аброюнун сакталыш муктаждыгын, Борбор долбоорлорду турмушка ашыруу максатында кызматташтык жана биргелешкен каржылоо үчүн жеке уюмдарды жигердүү тартып жаткан учурда ушундай уюмдун бар болушунун объективдүүлүгүн жана актуалдуулугун тастыктай тургандыгы шексиз.
Белгиленген мөөнөттүн аралыгында эл аралык илимий кызматташтыкты уюштуруу боюнча тыянактар чыгарылды жана негизги сабактар алынды, долбоорлорду ийгиликтүү турмушка ашыруу тажрыйбасы белгиленди. Бирок Борбордун тажрыйбасы ЭИТБнин ишмердигинин географиялык чегинен тышкары жаткан жаңы милдеттерди чечүүгө колдонулушу керек. Практикада түрдүү өлкөлөрдүн жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу, туруктуу эл аралык кызматташтык жана өнөктөштүк боюнча мамиле кылуу ийгиликтүү деп табылган. Азыркы учурда натыйжалуу иштеп жаткан секретариаттын бар болушу массалык түрдө жок кылуу куралдарын өндүрүүгө катышкан окумуштууларды жана институттарды колдоо каражаты экендигин ЭИТБнин тажрыйбасы тастыктады.
Биз Борбордун алдыбызда турган глобалдык милдеттерди чечүүгө багытталган мындан аркы адаптацияланышына, бул адаптация ЭИТБнин тынчтык технологияларынын илимий өнүгүшүн адекваттуу түрдө камсыз кылышына, жеке жана мамлекеттик каржылоо ЭИТБнин миссиясына жараша өтүшүнө ишенебиз".
ЭИТБнин 15 жылдыгын белгилөө боюнча расмий иш-чара 2009-жылдын 10-декабрында Москвада өтөт.
Кыргыз Республикасындагы ЭИТБнин өкүлчүлүгү - ЭИТБнин Кыргыз аймактык бөлүмү
Кыргыз Республикасы ЭИТБни уюштуруу жөнүндөгү макулдашууга Министрлер кабинетинин 1995-жылдын 29-июнундагы №251 токтому аркылуу кошулган. Бул токтом ошол эле жылы Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган.
1996-жылдын декабрь айында ЭИТБ Кыргыз Республикасында өз өкүлчүлүгүн - ЭИТБнин Кыргыз аймактык бөлүмүн ачкан.
1996-жылы Кыргыз Республикасында ЭИТБнин биринчи долбоорунун аткарылышы башталган. Азыркы күндө каржылоо көлөмү 19,5 миллион АКШ долларына жеткен ЭИТБнин 77 илимий-техникалык долбоорунда кыргыз уюмдары башкы статусуна ээ болуп, жалпы каржылоо көлөмү 2,5 миллион АКШ долларына жеткен дагы кошумча башка 7 долбоорго катышууда.
Кыргызстандык окумуштуулар жана адистер илимий-техникалык долбоорлордо гана эмес, Борбордун башка программаларына катышууга мүмкүнчүлүгү бар: коммуникативдик каражаттарды жана коммерциализацияны, эл аралык конференцияларды жана жумушчу илимий семинарларды, кесиптик квалификацияны жогорулатууну, патенттөөнү, иш сапарларын, алардын ичинде чет өлкөлөргө иш сапарларды колдоо.
Кыргыз Республикасы ЭИТБнин Башкаруучулар Кеңешиндеги ротациялык орунду 2009-жылы ээлейт.
Кененирээк маалымат www.istc.ru www.istc.kg сайттарында.