№16, 06.03.09.




 
email • архив • редакция  Башбарак   


Аялзаты - үйдө кут, коомдо күч
8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө арналган материалдарды 12,13,14-беттерден окуй аласыздар.

Эркектер жок болсо, аялдардын көркү кетет, аялдар жок болсо, эркектер акылдарынан айныйт.
А.П.ЧЕХОВ

Кыргыздарда гендердик теңдик тарыхтын түпкүрүнөн
Номенклатуралык жактан алганда Кыргыз-стан көз карандысыздыкка ээ болгондон берки мезгилдин ичинде азыркыдай гендердик прогресске жетише элек болчу. Карап көрүңүздөр, мурдагы базаркомдордон жана капчыктуулардан турган парламентте бир да аял жок болсо, азыр Жогорку Кеңештин курамынын 30%ын аялдар түзөт. Министрликтердин жана ошол деңгээлдеги ведомстволордун төрт-бешин аялдар жетектейт. Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрайымдары да аялдар. Былтыр аялдардан бир да аким жок деп жүрсөк, азыр алардан акимдер да бар. Аялдар билим берүү, медицина жана тейлөө тармагынын айрым түрлөрүн биротоло ээлешти.
Орто жана чакан бизнесте да аялдар калың катмарды түзүшөт. Илим, соттук
система, журналистика феминизацияланышып бара жатат. Бул чөйрөлөрдө эркектер тездик менен азаюуда, атүгүл тең салмактуулукту сактоо өзүнчө проблемага айланууда. Алсак, чоң мектептердеги 100-120 мугалимдердин арасында беш-алтыдан эле эркек педагог болсо, биринчиден, андай мектептерден билим, таалим алган балдардын деле мүнөздөрү, психологиялары аялдардыкына окшошуп калат. Экинчиден, бул сарказмдай угулушу мүмкүн, бирок ошондой болсо да чындыкты айтуу керек, 8-мартта аялдарды куттуктаганга да эркектер жетишпей калып жатпайбы!
Бул эмпирикалык тажрыйбаларда да, илимде да алда качан эле далилденген. Эгерде бир жамаатта жалаң эле эркектер иштеп калышса, ал жерде өз ара мамилелер оройлонуп, казармалык маанай үстөмдүк кыла баштайт. А кокус жалаң эле аялдар иштеп калышса, психологиялык абал бузулуп, бөлүнүп-жарылуу күчөйт. Аялдардын реализацияланбаган жакшы сезимдеринин бардыгы деструктивдүү нерселерге трансформацияланып кетет. Демек, атайын жыныстарына карата адистештирилгендерден башка жерлерде таразанын таштарындай так болбосо да салыштырмалуу тең салмактуулуктун сакталганы жакшы. Ал укуктук жактан да, факты жүзүндө да бекемделүүсү керек.
Ырасын айтуу керек, бизде гендердик саясаттын ишенимдүү укуктук, уюштуруучулук жана усулдук базасы бар. Убагында гендердик саясат боюнча атайын мыйзам, "Аялзат" программасы кабыл алынган. Бул багытта Улуттук кеңеш, Өкмөттүн алдында атайын комиссия, Президенттик администрацияда аялдар маселеси боюнча секрета-
риат иштөөдө. 1996-жыл аялдар жылы деп жарыяланып, гендердик теңчиликке жетишүү боюнча 2002-2006-жылдарда аракеттенүүнүн улуттук программасы да жүзөгө ашырылды.
(Уландысы 13-бетте)