, 27.02.09 - 14-бет:
  Актуалдуу маек

Сотторго эл ишенбей калган, эми ишенишет
Сот системасын жана укук коргоо органдарын түп- тамырынан реформалоо жөнүндөгү маселе көз карандысыздыктын алгачкы күндөрүнөн бери көтөрүлүп, бирок ар кандай себептер менен кийинкиге калтырылып келсе, ал быйыл ишке ашчудай болуп калды. Анткени, жакында өкмөттүк маалымдоо каражаттарына " "Кыргыз Республикасынын сот системасын жана укук коргоо органдарын реформалоонун Концепциясынын" долбоору жарыяланды.
Биз долбоор жөнүндө маек куруп берүүсүн өтүнүп, Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук, укук тартиби жана соттук укуктук реформа боюнча комитетинин төрайымы, юридика илимдеринин доктору, долбоорду даярдоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Лейла Сыдыковага кайрылдык.

- Лейла Чынтургановна, Концепцияны даярдоо кандай зарылчылыктан келип чыкты?
- Көз карандысыздыкка ээ болгондон берки мезгилдин ичинде коомубузда түп-тамырынан көп нерселер өзгөртүлдү. Анын ичинде соттук системанын, укук коргоо органдарынын иштери боюнча да көп өзгөртүүлөр киргизилди. Концеп-туалдуу жаңы документтер - Кылмыш-процессуалдык, Кылмыш кодекси, Жарандык кодекс ж.б. кодекстер, мыйзамдар кабыл алынды. Көз карандысыз өлкөбүздүн мыйзамдык базасы негизинен 1990-жылдардын ичинде түптөлдү. Бирок, андан бери коомубузда саясый-экономикалык жана социалдык жактарда көп өзгөрүүлөр болду. Баш Мыйзамыбыз бир нече жолу реформаланды. Булардан сырткары эл аралык стандарттар, конвенциялар, милдеттенмелер дегендер да бар. Эгерде, биз көз карандысыздыктын алгачкы этабында демократиялык процесске кирсек, азыркы экинчи этапта анын талаптарын, нормаларын аткаруубуз керек. Мына ушулардан улам соттук системаны жана укук коргоо органдарын реформалоонун Концепциясын иштеп чыгуунун зарылчылыгы келип чыкты.
- Бизде соттук системаны гумандаштыруу
боюнча көп айтылып келет. Анткени, биздин укук коргоо органдарыбыздын, анын ичинде соттук системабыздын иш-аракеттери жазыктууларды түрмөгө отургузууга гана багытталып калган дешет. Маселен, Германияда соттордо иштери каралгандардын 7-8%ы гана түрмөгө кесилишсе, бизде бул 70%га жетет. Биздин соттор коркутуп-үркүтүп, айыппул салып коё бере тургандарды деле ар кандай мөөнөттөргө кесе беришет. Концепцияда системаны гумандаштыруу боюнча эмнелер көрсөтүлгөн?
- Бул айтканыңыз туура. Бирок, биздин соттук система менен Батыш өлкөлөрүнүн, анын ичинде Германиянын соттук системаларын, укук коргоо органдарын салыштырууга болбойт. Алар бир нече кылымдык калыптануу процессинен өтүшкөн. Биз укук коргоо органдарын жана соттук системаны реформалоо менен коомубузга гумандуу, чыныгы демократиялык принциптерди киргизгени жатабыз. Туура. Бизде азыр бир челек картошка же тоок уурдаган адам бир нече жылга кесилет. Ошол эле учурда миллиондогон сомдорду уурдагандар жазадан кутулуп кетип да жатышат. Биздин максат анча-мынча чектен чыгышкан кедейлер менен түрмөлөрдү толтуруп, байлар кандай кылмыштарды жасашса да аларды жазасыз калтырууда эмес да. Биз бардыгыбыз советтик системадан чыкканбыз. Ал системада укук коргоо органдарынын иштери негизинен жазалоого гана багытталган болчу. Күнөөкөрлөргө карата ырайымсыздык күчтүү эле. Акыркы убактарда биздин соттук система да аздыр-көптүр гумандаштырыла баштаган. Бирок, аны дүйнөлүк стандартка ылайык келгендей деңгээлде гумандаштыруу үчүн биринчи кезекте Кылмыш кодексин өзгөртүү керек. Концепцияга күнөөкөр адамдын укугун калыбына келтирүү деген идея киргизилген. Ал мындай. Эгерде адам бир кап картошка уурдаса, же ж.б.у.с. майда кылмыш жасаса, келтирилген зыян ордуна коюлгандан кийин күнөөкөргө айып пул салуу же бирөөлөргө кепилдикке берүү менен чектелсе болот. Концепцияда айрым жеңил иштерди, маселен, жарандык маселелерди сотто кароого жеткирбей эле тараптардын өз ара элдешүүсү, бир макулдукка келүүсү менен бүтүрүү да каралган. Сот өзүнүн милдетин кандай жолдор менен болбосун күнөөкөрлөрдү түрмөгө камоодо деп эсептебеши керек. Концепциянын өзөгүн мына ушул идея түзөт.
- Концепцияда соттордун сакчыларынын, фельдьегерлердин кызматтарын киргизүү, жайларын жакшыртуу, судьяларды кызматтык турак-жайлар менен камсыз кылуу сыяктуу шарттарын жакшыртып, иштерин жеңилдетүү боюнча бир катар чаралар каралган. Судьялардын айлыктары кескин көбөйтүлдү. Мындан ары да көбөйтүлгөнү жатат. Же бюджеттик башка чөйрөлөргө салыштырганда соттук системадагыларга көп эле артыкчылыктар берилүүдө. Ушундай чаралар көрүлсө эле соттордун иштери жакшырып кетеби?
- Соттук адилеттүүлүктү камсыз кылуу арзанга турчу иш эмес, ал чоң чыгымдарды талап кылат. Азыр бизде соттордун иштерине нааразы болгондор көп, мезгилдик басма сөздөрдө да, башка жерлерде да андай пикирлер көп айтылат. Анткени, чындыгында эле бул чөйрөдө маселелер көп. Соттук чечимдерге бардык тараптардын ыраазы болууларына жетишүү кыйын. Бирок, биз бир жагынан соттордун көз карандысыз, оптималдуу шарттарда иштөөлөрүн камсыз кылуу, экинчи жагынан процесстердин ачык айкындуулуктарын, тараптардын тең укуктуулуктарын камсыз кылуу боюнча ишенимдүү механизмдерди киргизүү аркылуу чечимдердин объективдүүлүгүнө, калыстыгына тараптарды, коомчулукту ынандыра алгыдай системаны түзүүгө жетишүүбүз керек. Бул максатта адвокаттардын ролдору кескин жогорулатылганы жатат. Концепциянын үчүнчү бабынын 7-бөлүмүндө "Адвокаттарга жана мыйзамдуу өкүлдөргө өз алдынча тергөө жүргүзүү укугун колдонуу менен натыйжалуу коргоону камсыз кылуу, жекече протоколдорду түзүү, документтерди белгилөө боюнча укуктарды мыйзам менен берүү керек. Адвокат тарабынан сотко берилген материалдар жазык ишинин башка материалдары менен бирдей юридикалык күчкө ээ болууга тийиш" деп жазылган.
Айлык акыларынын жогорулоосу соттордун арасында коррупцияны азайтат, аларга карата талапты күчөтүүгө өбөлгө болот. Анткени, эмгек акылары жогорулатылгандан кийин аларга карата шарттар коюлат, эгерде судьялар ал шарттарды бузушса, судьялардын Кеңеши тарабынан андайларды кызматтарынан бошотуу жөнүндө маселе коюлат. Андай негизде кызматтарынан бошотулгандар экинчи судьялык ишке жолотулбайт. Соттук сакчылар иш каралган жайларда тартиптин сакталуусун, күбөлөрдүн алынып келинүүсүн, тапшырмалардын аткарылуусун камсыз кылышып, судьялардын иштерин жеңилдетишет. Мурдараакта Президентибиздин колдоосу менен судьялардын сандарын көбөйтүп, жүктөрүн азайтып, иштердин каралуусун тездетүү боюнча уюштуруу чаралары ишке ашырылган болчу.
Азыр жарандардын арасында "СИЗОлордо кармалып турганда бизди уруп-сабап, күнөөлөрдү мажбурлап моюнубузга алдырышты, мазакташты" дегендей даттануулар көп кездешет. Бул максатта Прокурордун СИЗОлордо кармалгандардын укуктарынын сакталышы, айыптоо корутундулары боюнча жооп-керчиликтерин да күчөтүү каралууда. Биринчиден, прокурорлор алдын ала тергөө иштерине катышып, чогултулган материалдарды тастыкташып, айыптоо корутундусун чыгарса боло же болбой тургандыгы жөнүндө чечимдерди кабыл алуулары керек. Экинчиден, айыптоо корутундуларынын сапаттары, объективдүү реалдуулуктары үчүн керт баштары менен жооп берүүлөрү керек. Анткени, айыптоо корутундулардын негизинде адамдар бир нече айлап СИЗОлордо жаткан учурлары болот, бирок андай айыптоо корутундуларындагы материалдар сотто аныкталбай калса, аларга кол койгон прокурор жооп берүүгө тийиш.
- Ушерден сизге кошумча бир суроо бергим келет. Прокурорлор айыптоо корутундуларын чыгаргандан кийин аларды соттордун кароолоруна гана жиберишпестен, көчүрмөлөрүн доо менен кайрылгандарга, антикоррупциялык агенттикке, суроо-талап менен кайрылган расмий органдарга да жөнөтүшөт. Алар боюнча чоң органдардын алдында ачык отчётторду да беришет. Алардын айрымдарынын мазмундары ЖМКларга да жарыяланып кетет. Бирок, прокурорлордун андай кеңири резонанска ээ болгон айыптоо корутундулары соттук кароолордо четке кагылган учурлары да көп болот. Мындай учурларда кимдер жооп бериши керек, прокурорлорбу же айыптоо корутундуларынын мазмундарын жарыялап жибергендерби?
- Күнөөсүздүктүн презумпциясы деген бар. Сот тарабынан аныкталмайынча эч кандай органдын же расмий адамдын башка адамды күнөөкөр деп айтканга укугу жок. Эгерде прокурор конкреттүү инсанды күнөөкөр деп айыптап, ал үчүн көп убакытка чейин СИЗОдо кармап, бирок сотко барганда ал адам күнөөсүз деп табылса, анда ага жазыксыз айыпталып, моралдык зыян тарткандыгы үчүн компенсация төлөнүп берилүүсү керек.
- Кимдин эсебинен?
- Бюджеттин. Маселен, Батышта Прокуратурага, Полицияга ж.б. фискалдык органдарга бир жылдык бюджети алдын ала бөлүнүп берилет. Ага айлык акылары, сыйлыктары, транспорттук, канцелярдык ж.б. чыгымдары кирет. Кызматтык милдеттерин аткаруудагы жаңылыштыктары үчүн компенсацияларды ошонун эсебинен төлөшөт. Жаңылыштык кетиришпесе өздөрүнө жакшы. Эгерде жаңылыштык кетирип, доого жыгылышса, бюджеттериндеги кайсыл статьянын эсебинен төлөөнү өздөрү чечишет. Бизге да ошондой тартипти киргизүү керек. Тергөө, айыптоо органдары өздөрүнүн сапатсыз, негизсиз иштери үчүн жооп берүүлөрү зарыл.
- Концепциянын долбоорундагы "Адвокат тарабынан сотко берилген материалдар жазык ишинин башка материалдары менен бирдей юридикалык күчкө ээ болууга тийиш" деген сүйлөмдү келтирдиңиз. Муну кандай чечмелесе болот?
- Советтик системада бардык укук коргоо органдары, анын ичинде адвокат да айыпталуучуга каршы иштечү. Адвокат сотко ар кандай далилдерди, өтүнүчтөрдү ж.б. документтерди киргизчү. Судья аларды кааласа кабыл алчу, каалабаса кабыл албай да койчу. Долбоордо соттордун адвокаттар сунуш кылган материалдарды милдеттүү түрдө кабыл алып, башка мате-
риалдар менен бирдей кароо керектиги көрсөтүлгөн.
- Долбоордо аскердик прокуратураларды, аскердик сотторду жоюп, аларды жарандык сотторго бириктирүү, жазаларды өтөө Башкармасы жана конвоирлөө департаментин Юстиция министрлигинин түзүмүнөн чыгарып, өзүнчө кызматка айландыруу жөнүндө сунуштар киргизилген. Минтип кайра уюштура бергендин кандай зарылчылыгы бар?
- Аскердик сот, аскердик прокуратура дегендер өткөндөн калган рудименттер. Соттук система демилитаризациялануусу керек. Бизде бардык адамдар соттун алдында бирдей деп айтылат, алар тең укуктуулукта, бирдей шартта өз укуктарын коргоого укуктуу. Аскердик сот процесстерин карагыла. Судьялар да, прокурор да аскердик формаларда. Алардын бир ведомствого таандык экендиктери кийимдеринен эле көрүнүп турат. Ал жерде ак каргадай чоочун көрүнгөн, гражданча кийинген адвокат эле. Аскердик судьяларда жана прокуратуранын өкүлдөрүндө ага карата психологиялык терс маанай пайда болбой койбойт. Анан демократиялуу, цивилдүү коомдун таламдарына ылайык соттолуп жаткан адамдын жоругуна тигил же бул ведомствонун кызыкчылыгынын өңүтүнөн эмес, жалпыга бирдей мыйзамдын талаптарына ылайык баа берилүүсү керек. Ошондуктан азыр аскердик сотторду жана аскердик прокурорлорду кармоонун зарылчылыгы жок.
Биз мурдатан ГУИНди Ички иштер министрлигинин тутумунан чыгарып, эч кандай ведомствого көз карандысыз түзүмгө айландырууну сунуш кылганбыз. Бирок, ГУИН ИИМдин курамынан чыгарылып, Юстиция министрлигинин тутумуна киргизилип коюлду. Орду гана алмаштырылды. Биз ГУИНди өзүнчө ведомствого айландырып, анын алдында түрмөдөгүлөрдү жарандык турмушка даярдоо боюнча реабилитациялык департамент түзүүнү сунуш кылуудабыз. Анткени, түрмөдөгүлөр эртели-кеч эркиндикке чыгышып, жарандык турмушка кайрылып келишет. Ошондуктан биз сунуш кылып жаткан ведомство эрктеринен ажыратылгандардын жазаларын өтөөлөрүн гана уюштурбастан, аларды жарандык турмушка даярдоо боюнча иштерди да алып баруусу керек.
Булардан сырткары Концепцияда СИЗОлорду жаңы түзүлө турган ведомствого өткөрүп берүүнү сунуштоодобуз. Анткени, азыр СИЗОлордо жаткандардын арасында "мени милициянын, прокуратуранын кызматкерлери уруп, сабашты" деп арыздангандар аз эмес. Биздин оюбузча айыпталып жаткан адам айыптоочу органдын алдында кармалбашы керек. Эгерде
СИЗОлор жаңы түзүмгө өткөрүлсө, ИИМдин, Прокуратуранын кызматкерлери, СИЗОдогуларды уруп, сабашмак түгүл, ал жакка уруксатсыз кире да албай калышат. Киришкен күндө да жаңы түзүмдүн аларды коштоп жүргөн кызматкерлери ээнбаштыктарга жол беришпейт. Алар СИЗОдогулардын абалдары үчүн керт баштары менен жооп беришет.
- Акыркы убактарда соттордун көз карандысыздыктарын камсыз кылуу, айлыктарын көбөйтүү, материалдык шарттарын жакшыртуу боюнча көп иштер аткарылууда. Ушундай чаралар эле баарын өзгөртүп жибереби? Судьялык корпустагылардын көпчүлүгү экс-президент "азыр сотторго элдин 80%ы ишенишпейт" деп айткан мезгилден бери иштеп келе жатышкан адамдар. Кеңири өз алдынчалык кеңири "өзүм билемчиликке, өтүгүмдү төргө илемчиликке" айландырып жибербейби?
- Биздеги эң оор маселе - судьялык кадрларды иргеп алуу. Бул азыркыдан кыйла сапаттуу, ар тараптуу жүргүзүлүүсү керек. Судьялар да жаңылышат, бирок системанын бир жакшы жери - анын инстанциялуулугунда. Райондук сот жаңылыштык кетирсе, аны облустук сотто, алардыкын республикалык сотто оңдогонго мүмкүнчүлүк бар. Бизде судьялардын Кеңеши түзүлгөн, анда жаңылыштык кетирген, соттук этиканы бузган судьялардын иштери каралып турат. Кеңештин сунушу менен акыркы убактарда эле беш-алты судья ээлеген кызматтарынан бошотулду.
- Долбоорду талкуулоо качан аяктайт жана Концепция качан жүзөгө ашырыла баштайт?
- Долбоор ушул жылдын 15-мартына чейин талкууланат. Андан кийин долбоор боюнча адистердин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда коомдук угуу өткөрөбүз. Коомдук угууда айтылгандардын, элден, адистерден түшкөн сын-сунуштардын негизинде долбоорду кайра иштеп чыгып, аны Президенттин кароосуна сунуш кылабыз. Президент бекиткенден кийин Концепцияны ишке ашыруу этабы башталат. Аны ишке ашыруу үчүн жаңыдан Соттук сакчылар, Бейтарап соттор жөнүндө сыяктуу төрт-беш жаңы мыйзам кабыл алынып,
жыйырмага жакын кодекстерге, мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүсү керек.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"