, 20.02.09 - 9-бет:
  Жогорку Кеңеште

Министрлердин анты, өкмөткө коюлган үч милдет, "Ганси" боюнча соңку чечим
Бейшемби күнкү Жогорку Кеңештин сессиясы жаңы Өкмөт мүчөлөрүнүн салтанаттуу ант берүүсү менен коштолду. КРнын биринчи вице премьер министри Өмүрбек Бабанов, Вице премьер министри Өктөмкан Абдуллаева, Өкмөттүн аппарат жетекчиси, министр Нурлан Айтмурзаев ж.б. он үч Өкмөт мүчөсүнүн расмий ант берүүсүн парламент депутаттары кабыл алды. Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн жооптуу жана түйшүктүү ишине байсалдуу жол каалады.
"Менин пикиримде бүгүн башкаруу системасына кайрат күчкө толуп турган демилгелүү кадрлар келди. Алардын дээрлик бардыгында мамлекетти башкаруу тармагында иштеп жүрүп топтогон тажрыйбалары бар. Биздин жаңы министрлер токтоосуз активдүү ишке киришип, өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарууда болгон аракеттерин жумшайт деп ишенемин," - деди мамлекет башчысы өз сөзүндө. Ушуга байланыштуу Президент Өкмөт мүчөлөрүнүн алдына үч милдетти койду.
Биринчиден , Кыргызстанда дүйнөлүк экономикалык кризистин таасири өтө күчтүү болбостугуна, анын белгилүү себептери бар экендигине токтолгон Президент, биздин өлкө ошол кризистин эпкини болсо да жумшагыраак тийгидей чараларды көрүүсү зарылдыгын белгилей кетти. Аны камсыз кылуу аткаруу бийлигинин эң маанилүү милдети. Сыноо алдында чабал болуп отуруп бербей, кажыбас кайрат, кесиптик чеберчилик менен абалга ылайык иштермандыкты көрсөтүүчү учур ушул. Экинчи маанилүү жагдай, ар бир жетекчиге жаңыча иштөөнүн жайылтылышы, реформачыл кадамдардын жүзөгө ашырылышы, ички жоопкерчилик менен чыгармачыл мамиленин дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды колдонуп, өзүбүздүн салттуу шартыбызга ылайык кеңири багыттоо боюнча зор үмүт артарын мамлекет башчысы айтып өттү. Үчүнчүдөн , алган анттагы адилеттик, ак ниеттик, мыйзамды сыйлоо, жоопкерчилик деген нарктуу сөздөр куру сөз боюнча калбаса деген тилегин билдирди. "Бул касиеттүү сөздөр адамдарга болгон мамилеңиздер, күнүмдүк жүрүм турумуңуздар менен шайкеш келгенде гана антыңыздар кабыл болуп, карапайым калктын алкышына ээ болосуздар" - деди Президент.
Ал парламенттин ишине баа берип, аткаруу бийлигинин бардык демилгелери колдоого алынып жаткандыгына жана ал жаралып жаткан жетишкендиктердин, келечектеги ийгиликтердин негизги булагына айланаарын айтты.

Кайрымдуулук айын колдогула!
20 февраль "Бүткүл дүйнөдөгү социалдык адилеттүүлүк күнү" катары жарыяланды. Ушуга байланыштуу республикабызда 20 мартка чейин социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгы белгиленмей болуп жатат. Депутат Дамира Ниязалиева жалпы колунда бар атуулдарга, ишкерлерге кайрылып, карыяларга, майыптарга, социалдык жактан аз корголгон элдин катмарына жардам берүүгө чакыра кетти. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 5 карыялар үйү бар экен. Анда 800дөн ашык адам жашайт. Алардын дары дармегине суткесине мамлекеттик бюджеттен 6 сом 50 тыйын каражаты бөлүнөт. Бирок карыялар жаш курагына байланыштуу көп ооругандыктары үчүн Өкмөттөн кошумча каржы бөлүүсүн депутат айым өтүнө кетти.

Акча которулбай аксап жатабыз...
Жыл жаңыра электе эле парламент 2009 жылдын бюджетин бекитип бергендигине карабай, кээ бир тармактарга каржылык акчалар которулган жок. Суу чарба департаменти капиталдык курулуш иштерин жандандырууга эч каражат ала албай жатат. Анын кесепетинен Аксыдагы Ак Терек жана Иринжит каналдарынын курулушу кечиктирилүүдө. Мына ушул иш боюнча Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай же Каржы министрликтеринин кимиси күнөөлүү экендигин билдирип коюну парламенттеги Өкмөт өкүлүнөн Бегалы Наргозуев өтүнө кетти.
Спортту өнүктүрүү иштери кылдат мамилени талап кылат. Ага өз учурунда каражат бөлүнбөсө өксүктөр көбөйө берет. Жыл башынан бери кыргызстандык спортчулардын чет мамлекеттердеги мелдештерге катышуусуна республикалык бюджеттен белгиленген өлчөмдөгү акча толугу менен бөлүнө элек. Аргасы кеткен машыктыруучулар үйүн, машинесин күрөөгө коюп, эптеп каражат таап шакирттерин мелдештердин биринен калтырбай жөнөтүп жатышканы ыракмат айтууга арзыйт. Учурда машыктыруучулар өз шакирттеринин жол киреси үчүн эле 8 млн. сомго жакын акчалай карызга батышкан. Жакында авиа кассалар алардын үстүнөн сотко кайрылууга мажбур болушат. Эгерде жыл башындагы мелдештер үзгүлтүккө учураса, жыл аягында өткөрүлүүчү азиялык, дүйнөлүк мелдештерге спортчулардын катышуусу кыйынга турушу ыктымал экендигине токтолгон Орзубек Назаров Финансы министрлигине кине менен кайрылды.

Россия насыясы боюнча акжолчулардын сунушу
Президент Курманбек Бакиевдин Россияга барган расмий иш сапарында Россия мамлекетинин Кыргызстанга бере турган насыясы боюнча келишимге кол коюлганы белгилүү. Жакынкы арада алар келе башташы күтүлүүдө. Мамлекет башчыбыз ага байланыштуу насыяларды пайдалануу боюнча эң иштиктүү сунуштарды берүү талабын койгон. Депутат Бакыт Төрөбаев парламенттин "Ак жол" фракциясындагы бир нече кесиптештеринин атынан республиканын аймактарында насыяларды кандайча пайдалануу боюнча сунуштарын кечээ жарыя кылды. Акжолчулар экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү үчүн бир пикирге келгендери көрүнүп турат. Маселен, жер-жерлерде кайра иштетүү ишканаларын куруу учурдун талабы. Алардын сунуштарында Нарын, Ысык Көл облустарынын аймактарына сүт азыктарын кайра иштетүүчү, балык жана мал этин консервалоочу чакан заводдорду, Чүй облусунда кант кызылчасын иштетүүчү ишкананы куруу зарылдыгын белгилеп көрсөтүшүптүр. Ал эми Ош, Жалал Абад, Баткен облустарында пахта заводдорун курууну, ак алтындан алынган чигит майды иштетүүчү ишканаларды жандандыруучу сунуштары келип чыккан. Талас өрөөнүндө төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын болушу учурда зарылдын зарылы. Насыяларды туура колдонуу үчүн жергиликтүү ишкерлерди мамлекеттик долбоорлор менен кошо шериктеш иштөөгө тартып, катыштыруу кажет деген пикирге келишкен.

Парламент "Ганси" авиабазасынын чыгарылышын колдоду
Кечээ күнү КРнын тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Американын аскердик авиабазасынын "Манас" аба майданынан чыгарылышы боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттарынын талкуусуна чыгарды. Кыргызстан менен Америка тараптардын келишим түзгөнүнө сегиз жыл толду. Андан бери Ооганстанда кырдаал турукташып, жай турмуш өкүм сүрүүсү башталды. Өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынып, Президенти шайланды, Өкмөтү кайрадан түзүлгөн. Мамлекетти башкаруунун бардык туруктуу абалы ыңгайлаштырылды. Эми антитеррористтик коалициялык күчтөр деп сегиз жыл мурда киргизилген аскер базасын чыгарууга убакыт келип жетти. Андан тышкары америкалык солдат тарабынан Кыргызстандын атуулу Александр Ивановдун атып өлтүрүлүшү, 2002 жылы дагы эки аялды алардын атуулу автомобиль менен койдуруп кетип жарадар кылганы, аэропорттун тегерегиндеги жергиликтүү элдин экологиянын бузулгандыгы боюнча дооматтары сыяктуу бир нече факторлор да кыргыз бийлик бутактарынын ушундай чечимге барышына түрткү болуп чогулуп отурган. Ушуга эле байланыштуу дагы бир ички себепти белгилеп коюубуз керек. Кыргызстанга караштуу учак менен америкалык аскер күчтөрүнө тийиштүү учактын кагылышынан Кыргызстан тарап 600 миң. доллар көлөмүндө зыян тарткандыгын да сессияда министр К.Сарбаев айтып өттү. Аталган авиабазанын чыгарылышы тууралуу өз ой пикирлерин депутаттар К.Карабеков, Б.Наргозуев, Р.Абдыраимова, Р.Сидоренко, А.Турсунбаев ж.б. кенен талкууда айтып өтүштү. Парламент депутаттары Американын аскердик авиабазасынын Кыргызстандын аймагынан чыгарылышын 78 добуш менен колдоп беришти. Эми эл өкүлдөрү кабыл алган мыйзам долбооруна мамлекет башчысы кол койгондон кийин, алты айдын ичинде америкалык авиабаза республиканын аймагынан биротоло чыгарылып кетүүгө тийиш.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу",
Султан Досалиев (фото)




Жазга даярдык жакшы, кеп дыйкандарда калды
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы, Экономикалык өнүгүү жана соода министрликтеринин жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде 2009-жылдын жазгы-талаа жумуштарына даярдыктар жана бериле турган каржы маселелери талкууланды.
Кеңешмеде биринчи вице-премьер-министр дүйнөлүк финансы кризисинин шарттарында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн талкууланып жаткан маселенин маанилүүлүгүн баса белгиледи. "Биз үстүбүздөгү жылда жазгы-талаа жумуштарын өз убагында жана ийгиликтүү өткөрүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү материалдык-техникалык жана финансы ресурстары менен камсыз кылууга тийишпиз", - деди ал.
Талкуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылда жазгы-талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүү үчүн Өкмөт тарабынан мамлекеттик материалдык резервге 15 миң кубметр дизелдик майдын коюлгандыгы маалымдалды. Ал айылдык товар өндүрүүчүлөргө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бөлүштүрүүсү боюнча 2009-жылдын 20-февралынан баштап бериле баштайт.
Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда айылдыктарга үстүбүздөгү жылдын жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн дизелдик майдын алгачкы 3 миң тоннасы 1 литри 17,7 сомдон берилет.
Жазгы-талаа өнөктүгүндө дыйкандарды өз убагында каржылоо үчүн "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна 150 млн. сом суммасында бюджеттик ссуда берилет. Бул каражаттар кош айдоону өткөрүүгө, кыртыш иштетүүгө, үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди сатып алууга жумшалат. Мындан тышкары өлкөбүздөгү насыялык кошундарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясына айыл чарба техникасын жана ата мекендик өнөр жай ишканаларынан жабдууларды сатып алуу үчүн 75 млн. сом бөлүнүп берилет. Ошондой эле Өкмөт тарабынан дан өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы үрөндөрүн сатып алуу үчүн 21 млн. сомдон ашуун каражат каралган.
"Биз айдоо аянттарын көбөйтүүдөн эмес, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуунун эсебинен айыл чарбасынын натыйжалуулугун арттырууга тийишпиз", - деди Өмүрбек Бабанов сөзүнүн акырында.

Д.ӨМҮРЖАНОВ




Европа банкы 59 долбоорду каржылайт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Нурлан Айтмурзаев Европа өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Кенжи Наказава менен жолугушту.
Жолугушуунун башында Нурлан Айтмурзаев Кыргызстанда Европа өнүктүрүү банкынын эгидасы астында жүзөгө ашырылып жаткан программанын маанилүүлүгүн белгиледи. "Европа өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтык 1992-жылдан бери ийгиликтүү уланып келатат. Сиздердин эл аралык каржы-насыялык уюмуңуздар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында макроэкономикалык туруктуулукка жетишүүгө жана аны колдоого зор салым кошту. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы суммасы 202 млн. еврону түзгөн 59 долбоорду каржылоону бекиткендиги кубанычтуу. Буга электр өткөрүү тармагын жакшыртуу, телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо жана айыл чарба компаниясын реструктуризациялоо долбоорлору кирет. Аталган долбоорлор өлкөбүз үчүн зор мааниге ээ", - деди Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси.
Өз кезегинде Кенжи Наказава өз ара кызматташуу дүйнөлүк финансы кризисинин жүрүп жаткан мезгилинде өзгөчө маанилүү экендигине басым жасады. Анын айтымында ал жетектеген банк чакан жана орто бизнеске жардам көрсөтүүгө даяр.
Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар ошондой эле кызыгууну туудурган бир катар маселелерди талкуулашты.

Р.ЖЕТИГЕНОВ