, 20.02.09 - 7-бет:
 20-февраль- социалдык адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнү

Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 20-февралды "Социалдык адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнү" деп жарыялады. Бул демилгени Президентибиз Курманбек Бакиев көтөргөн эле. Ал жалпы дүйнөдөн колдоо таап, бүгүн бардык мамлекеттерде социалдык адилеттүүлүк күнү белгиленүүдө. Ал эми республикабызда 20-февралдан 20-мартка чейин социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүү боюнча Өкмөт буйрук чыгарды. Ушул маанилүү иш-чарага байланыштуу суроолор менен Социалдык фонддун төрайымы Тажикан Калимбетовага кайрылдык.

Социалдык фонддун төрайымы Тажикан Калимбетова:
"Социалдык адилеттүүлүк пенсия, жөлөк пул гана төлөө эмес, ынтымак, биримдик да"
- Тажикан Борбугуловна, Кыргызстандын Президентинин демилгеси менен социалдык адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнү жарыяланды. Мунун маанисин кандай чечмелер элеңиз?
- Чындыгында Президентибиздин демилге көтөргөнүнүн аркасында социалдык адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнү жарыяланып, бүт дүйнө жүзү бул маселеге көңүл буруп жатканы чоң мааниге ээ. Биз башка мамлекеттерде ар бир жаранга теңчилик менен адилеттүү социалдык кызмат көрсөтүш үчүн кандай маселелердин көтөрүлүп жаткандыгына, баам салышыбыз керек. Ошол эле кезде биздин мамлекетте кандай иш-чаралар аткарылат, муну да карап чыгышыбыз зарыл. Анткени, социалдык адилеттүүлүк маселеси бир эле социалдык тармакка тийиштүү эмес. Бул багытта Социалдык фонд, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги гана иштебестен, бардык тармактарда тарам-тарам иш алып баруу зарыл. Кыргызстандын Конституциясы боюнча да өлкөбүздүн бардык жарандары - айыл жеринде жашашабы же
шаарда жашашабы, кызмат көрсөтүүлөрдөн бирдей теңдикте пайдалануусу керек. Мисалы, кеселдеп калган адам ФАПтан же андан алда канча квалификациялуу кызматты саламаттык сактоо тармагынан алгысы келсе, ал адамга толук шарт түзүлүүгө тийиш. Же болбосо билим берүү тармагын алалы. Ар бир баланын билим алуусуна бирдей шарт түзүлүп, эгер жакшы окуган таланттуу, зирек бала болсо, бирок окутуу акысын төлөөгө турмуш шарты жол бербесе, ал балага мамлекет шарт түзүп берип, колдоп кетиши керек. Керек болсо республикалык бюджеттен пайызы жок ссуда берип, ал студент окуусун бүткөндөн кийин ошол жерде калып иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлсө социалдык адилеттүүлүк болот. Мындайча айтканда колунда барлар гана окубастан, жону жука үй-бүлөлөрдөн чыккан идиректүү балдардын билим алуусуна да шарт түзүп берүүгө тийишпиз.
- Бүгүнкү күнү бардык чөйрөдө баалар кескин өсүп жатат. Ушундай шартта Сиз айтып жаткан колунда жок адамдар социалдык адилетсиздиктен жабыр тартпаш үчүн эмне кылыш керек?
- Учурда баалар өсүп, азык-түлүккө, ирригацияга акча каражаттары каралып жатат. Айыл жеринде да, шаарда да бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн айылда жашап жаткандарга да жакшы шарт түзүп берүү зарыл. Ал үчүн бир эле со-циалдык тармакта эмес, реалдуу секторго да акча каражаттарын бөлүштүрүүбүз керек. Ошондо гана тең шарт болот.
Пенсия тармагына реформа жүргүзүүнүн негизинде келечекте пенсияга чыга турган адамдарга да шарт түзүп берүү милдетибиз. Бүгүнкү күндө пенсиялык система тилектештик багытында гана кетип жатат. Азыр иштеп жаткандар пенсионерлерди колдошот. Эми келечекте болочокто пенсионер боло тургандар өзүнүн пенсиясы жакшы болушу үчүн чогултуу, жыйноо системасына өтүшү керек. Анткени, алдуу-күчтүү иштеп турган курактагы жаштар азыр пенсияга айлыгынан чегерип турушпаса, кийин пенсия албай калышы ыктымал. Биз муну айтып түшүндүрбөсөк, алар ойлобошу мүмкүн.
Социалдык адилеттүүлүк бул ошондой эле коопсуздук маселеси да. Ар бир жаран өзүн-өзү сактаганга, коопсуздугун камсыз кылганга мүмкүнчүлүгү болушу керек. Ал эми демократия жагын алсак, башка мамлекеттерге салыштырмалуу биздин өлкө бул жагынан бир топ алдыда. Айталы, жалпыга маалымдоо каражаттарын алалы, сөз эркиндиги чектелген жок. Жалаң эле жетекчилерге сөз берилбестен, каалаган адам өз оюн ачык айтып жатат. Муну дагы социалдык адилеттүүлүк деп эсептесек болот.
- Социалдык адилеттүүлүк айында Соцфонд тарабынан кандай иш-чараларды өткөрүү белгиленип жатат?
- Бул боюнча Өкмөттүн буйругу чыкты. Ага ылайык Социалдык фонддун башкармалыгынын чечими менен иш-чараларды иштеп чыкканбыз. Бүгүнкү күндө ар региондо кандай иш-чараларды өткөрөөрүбүздү пландаштырып жатабыз. Биздин ар бир мекеме жер-жерлердеги карылар, балдар үйлөрүнө колдон келишинче жардам берүү жагын караштырышууда. Мындан сырткары майыптар, ооганчылар, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен майыптарынын ж.б. кошундары бар. Биз аларга Со-
циалдык фонддун резервдик фондунан жардамдарды берели деп жатабыз. Дегеле 2009-жылы Со-циалдык фонд кайрымдуулук иш-чараларына 1 млн. 785 миң сом жумшоого ниеттенип жатабыз.
- Жардам алган, колдоо тапкан адамдар материалдык колдоодон сырткары, моралдык колдоону да сезип туруш керек дегенге пикириңиз кандай?
- Туура. Бул бир жолку акция болуп калбашы керек. Ошондуктан такай жардам бере турган пландарды иштеп чыгып жатабыз. Өзгөчө колдоого муктаж адамдар 20-февраль күнү гана жардам күтүшпөй, такай моралдык да колдоо сезгендей бул багытта ырааттуу иш алып барышыбыз зарыл. Ошондуктан жылдан-жылга аткарыла турган иштерди планга киргиздик.
- Адилеттүүлүктүн айы башталганын уккан пенсионерлер, майыптар ж.б. жардамга зарыл адамдардан бул демилгени кубаттап кайрылгандар барбы?
- Кайрылгандар бар. Ушул жуманын башында эле Бишкек шаарында жашаган пенсионерлер менен жолугушуу уюштурдук. Жолугушууда коммуналдык кызмат көрсөтүүгө акылар өскөн жатат, ушул жаатта жардам көрсөтсөңөр деп суранышты. Бул маселе Өкмөттө каралып жатканын, Соцфонд аркылуу компенсацияларды төлөп берүү жагы да ойлонуштурулуп жатканын айттык. Шаарда жашаган пенсионерлерибиз коммуналдык кызматтан пайдаланышса, жер-жерлерде бул маселени башкача чечиш керек. Убагында көмүр, отун жеткирүү жагын колго алышыбыз зарыл. Ооган согушунун ардагерлери да биз менен тыгыз иштешсеңер деп өтүнүштү. Бул Президентибиздин демилгеси болгондуктан пенсионерлерге жакшы көңүл буруларына карыларыбыз үмүт артышууда.
- Кыргызстанда иш жүргүзүп жатышкан эл аралык уюмдардын бул иш-чарага көз караштарын биле алдыңызбы?
- Жакында эле ПРООНдо конференция болду. Анын катышуучулары мамлекеттердин бай-кедейлигине карабастан өз ара өнөктөш болушубуз керек деген ой айтышты. Эл аралык уюмдар болобу, өкмөттүк эмес уюмдар болобу, жалаң эле сындоо менен чектелбестен, элибиздин жакшы жашоолоруна шарт түзүп берүү үчүн биргеликте иш алып баруунун зарылдыгы баса белгиленди. Анткени, социалдык адилеттүүлүктү өз деңгээлине жеткирүү үчүн пенсия, жөлөк пул төлөө жетиштүү эмес. Элибизде ынтымак, тынчтык болсо гана алдыга койгон максаттарга жетебиз. Сындашып эле отура берсек, алдыга жыла албайбыз. ПРООНдо өткөн конференцияга катышкандар да "Бир жеңден кол, бир жакадан баш" чыгарууну айтып кетишти. Чындыгында эле бир муштумга түйүлүп, бирдиктүү иш алып барбасак максатка жетүү кыйын.
Маектешкен
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




Адилеттүүлүк ар бир үйдүн эшигин кагат
Биздин мамлекет ар дайым адамдын социалдык баалуулуктарын экономикалык шарттарда ар тараптуу өнүгүшүнө кам көрүп келет. Мындай маанилүү маселелерди чечүүдө ресурстардын же зарыл саясый эрктин жана уюштуруучулук күчтөрдүн кээде жетишпегендиги бул башка маселе. Копенгагендеги Социалдык өнүгүү кызыкчылыгын көздөгөн дүйнөлүк жолугушууда (1995-жыл) жана Женевада БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында (2000-жыл) Кыргызстан активдүү катышып, анда ушул маанилүү маселе боюнча биздин өлкөнүн колдоосу менен тийиштүү резолюция кабыл алынган.
Биздин өлкө өз элинин жана эл аралык коомчулуктун алдында өз милдетин дайыма аткарып келет - бул социалдык мобилизациялоо жана кедейликти жеңүү боюнча ар кайсы жылдары Өкмөт иштеп чыккан документтерден жана программалардан көрүнөт. Бирок бул программа боюнча биздин өлкөнүн жаңы демилгеси өз убагында көтөрүлгөн маселе болду жана эл аралык
коомдун көңүлүн бурду. Демилгенин маңызы социалдык саясаттын артыкчылыгын дайыма көңүлдүн борборунда кармап турууда. Мына ошентип, 20-февраль Социалдык адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнү болуп жарыяланды. Бул 2007-жылы 26-ноябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 62-сессиясынын пленардык отурумунда ишке ашты. Анын башкы демилгечиси Кыргызстан, анын мамлекет башчысы Курманбек Бакиев болду.
Мындай татаал маселелерди чечүү жана кабыл алынган программаларды иш жүзүнө ашыруу үчүн бир күн аз, жыл бою эмгектениш керек деп көпчүлүк ойлошу мүмкүн. Социалдык маселе ансыз деле Өкмөттүн күн тартибинде биринчи орунду ээлери жана өлкөнүн Президенти К.Бакиевдин көзөмөлүндө турары шексиз. Бирок аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу жана жаңы иштерди пландаштыруу өтө зарыл. Ошондой эле бардык иш-чараларды өнүгүүнүн социалдык индикаторуна алып келүү жана адамдык ченди биринчи орунга коюу маанилүү. Мындай чечим БУУнун деңгээлинде кабыл алынып жатканда, аткарылган иштин мониторинги, Өкмөт же анын көзөмөлүндөгү түзүмдөр деңгээлиндеги белгилүү бир билдирүүлөр, калк менен жолугушуулар, өзгөчө анын социалдык мүмкүнчүлүгү чектелген катмары менен жолугушуу пландаштырылган. Бардык топтор жана калктын социалдык катмарлары байгерликке, билим алууга жана социалдык камсыздоого, медициналык тейлөөгө жетиши керек. Ал эми кандайдыр бир маселелер болсо, аларды тез арада чечүү абзел, же келечекте алардын чечилишине чараларды көрүү зарыл. БУУнун чечиминин жана кыргыз демилгесинин маңызы мына ушунда.
Албетте, бир эле жыл эмес, көптөгөн жылдардан бери чубалып, чечилбей келе жаткан маселелерди бир эле заматта чечип салуу мүмкүн эмес. Бул маселе жумушчу орундарды түзүүгө да, жумушчуларды окутуу, кесипке кайра даярдоо, жаштарды жумуш менен камсыздоо жана кары адамдарыбызга кам көрүү жаатына да тиешелүү.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинде адилеттүүлүктүн бул күнүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Биздин улуттук демилгенин маңызын өлкө элине, ар кыл деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерге, айыл активдерине жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишмерлерине түшүндүрүү максатын көздөгөн иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Милдеттерибизди жеңилдетип жаткан нерсе Өкмөт социалдык программаларга өтө кылдаттык мамиле жасап жана дүйнөнү каптаган кризистин маалында өзүнүн колунан келген бардык иш-чаралар менен колдоп жаткандыгында. Мамлекет башчыбыз К.Бакиев өлкөбүздө социалдык адилеттүүлүктүн орношуна багытталган бардык чечим, иш-аракеттердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүп келет. Тилекке каршы, дүйнө жүзүндө экономика жана каржы тармактарындагы процесстер ишти алга жылдырууга бир аз тоскоол болууда. Бул дүйнөлүк жаңы чакырык жана азыркы кезде дүйнөнүн бардык өлкөлөрү бул маселени оң жагына чечүү менен алек. Президент жана анын командасы өлкөбүздө бул маселени чечүү жолдорун издөө менен алгылыктуу жыйынтыктарды алып келишүүдө.
Салтанат КОРЧУЕВА,
Тышкы иштер министрлигинин
кызматкери




Кайрымдуулук адамга ишеним жаратат
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясы 20-февраль - Социалдык адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнү! - деп белгилеген. Буга байланыштуу жыл сайын ар кандай иш-чаралар аткарылып келет. Мына ошол Социалдык адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте "Коомдогу социалдык адилеттүүлүктү жана пикирлештикти камсыз кылуу проблемалары" деген темада илимий-практикалык конференция өткөрдү. Ага КРнын вице-премьер-министри Ө.Абдуллаева, Билим берүү жана илим министри А.Мусаев ж.б. катышты.
Жыйындын башында социалдык жардам көрсөтүүнү чагылдырган документалдуу слайд көрсөтүлдү. Анда ата-энеси, бир туугандары, курбу-достору менен мамилеси келишпей, урушчаак болуп кеткен кызга психологдордун, педагогдордун берген кеңешинен кийинки көрүнүш чагылдырылган. Андан соң Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги ушундай иштерди жандандыруу максатында ачкан "Пилоттук" долбоордун 3 жылдан берки иши тууралуу маалымдама берилди. Алсак, 21 балага атайын ар түрдүү жардамдар, 87 балага социалдык педагогикалык кызматтар көрсөтүлүп, ал эми 14 баланын сабакка болгон мамилесин жакшыртышкан. Конференциянын жүрүшүндө социалдык адилеттүүлүк темасына байланышкан көптөгөн докладдар окулуп, ойлор айтылды. Алардын катарында: "Биз алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн баарыбыз бирдей аракет кылсак, сөзсүз жетебиз. Буюрса, жакшы саамалыктар болуп жатат. Акыркы 4 жылдан бери мамлекетибиздин кирешеси 2,5% га өскөндүктөн, мына ушундай социалдык проблемаларга көңүл бөлүүгө шарт түзүлүп жатат. Көйгөй көп, бирок, ошол көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун иликтеп, ага жаштар, студенттер активдүү катышуусу керек. Биз ар бирибиз өзүбүздүн патриоттук сезимдерибизди ойготушубуз керек. Президентибиз Курманбек Бакиев өзүнүн Кайрылуусунда элди биримдикке чакырып, улутубуздун келечеги үчүн күйгөн адамдарыбыздын башын бириктирип, мамлекеттин келечегине жол чабалы деп жатат, муну колдошубуз керек. Мына бүгүнкү конференция дагы Президентибиздин койгон талаптарын аткаруу максатында уюшулуп жатат",- деди өз сөзүндө Билим берүү жана илим министри А.Мусаев.
Бишкек шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар реабилитациялык борборго келип ар тараптуу жардамдарды алышат. Тагдырдын оор сыноолоруна туш болгон адамдар ал жердеги адистердин жардамы менен өздөрүн коомдун толук кандуу адамдары катары сезе алышат. Турмушка болгон көз караштары өзгөрүп, өз алдынча иш кылууга аракет кылышат. Ал эми ошондой шарттарды түзүүгө аракет кылып жаткан "Жалын", "Ариал" реабилитациялык борборлору, "Акак" компьютердик тейлөө борбору дагы бул багытта көңүл жубатарлык иштерди аткарып келет.
Бишкек гуманитардык университетинин ар бир факультетинин студенттери "Дүйнөдө ар бир бала, өз ата-энесинин мээримине бөлөнүп, бактылуу болушу керек!" деген
ураан менен Ат-Башы районундагы "Ак-Байрак" балдар үйүнө, Кемин районундагы "Орловка" балдар үйүнө, Ленин районундагы карылар үйүнө материалдык да, моралдык да жардам көрсөтүп турууга даяр экендигин билдиришти. Соңунда БГУнун студенттери өткөргөн акциянын жыйынтыгын чыгарып, Кемин, Сокулук райондорунун жана Токмок шаарынын балдар үйүнөн келгендерге өздөрүнүн чакан белектерин жана чогулган каражатты акчалай таратышты. Ошондой эле "Жалын", "Ариал", "Акак" борборуна компьютерлер берилди. 2010-жылды "Волонтерлор жылы" деп жарыялап берүүнү КРнын Президенти К.Бакиевге сунушташты.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"