, 20.02.09 - 21-бет:
 21-февраль - Дүйнөлүк эне тилдер күнү

Мамлекеттик тил: котормолор так, таамай, жеткиликтүү болсо
Улуттук тилибиздин кылымдар бою сакталып, өнүп-өсүп келе жаткандыгына элдик фольклордук байлыктар - дастан, эпостор күбө боло алат. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катарында кабылданышы эне тилибиздин лексикалык байлыгынын өнүгүшүнө, зоболосунун бийиктикке көтөрүлүшүнө өбөлгө түзүүдө маалымат каражаттарында лексикалык байлыгыбызды канчалык этияттык, билгичтик менен пайдалансак, анын түшүнүктүүлүгү, жеткиликтүүлүгү, таасирдүүлүгү, тактыгы ошончолук жогору боло тургандыгы анык.
Учурдагы маалымат каражаттарында кезигүүчү одоно мүчүлүштүктөрдү талдап, сындап келе жаткан эне тилибиздин күйөрмандарынын бири жазуучу, публицист Сагынбек Өмүрбековдун айткан ой пикирлерине толук кошулабыз. Совет бийлиги доорунда кыргыз тили орус тили менен эриш-аркак болуп, орус тилинин биздин лексикалык байлыгыбыздын өнүгүп өсүшүнө, байытылышына зор таасир тийгизгендиги белгилүү. Бул процесс акыркы мезгилде да уланууда. Бирок күнүмдүк турмуштук пикир алмашууда, маалымат каражаттарында, айрым жетекчилердин жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүндө орус тилинен которулган айрым түшүнүктөрдүн, терминдердин, афоризмдердин түпкү маңыз - мааниси туура чагылдырылбагандыгын, тилдердин орунсуз аралашмасы колдонулуп жаткандыгын байкоого болот.
Мындай көрүнүштөр айрым жарандарыбыздын, котормочулардын орус тилинин лексикалык өзгөчөлүктөрүн толук, терең билбегендиктен, азыркы муундарыбыздын айрымдары орус мектептеринде окугандыктан, өз пикирин эне тилинде чагылдырууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Алар түшүндүрмө жана тил сөздүктөрүн толук пайдаланышпайт.
Эне тилине кызыгууга, сүйлөөгө үйрөнүүнүн башатында үй-бүлө, бала бакчалары, мектептер тургандыгы белгилүү. Физиктердин көз карашы менен айтканда, сөз байлыгын туура, кенен колдонуу маалымат өткөргүчү катарында түшүнсө болот. Ал суроо-талапка канчалык жооп берсе, берилүүчү маалымат ошончолук толук, сапаттуу боло тургандыгы талашсыз. Пикирлерибиз жүйөөлүү болсун үчүн аны мисалдар менен бекемдейли.
Күндөлүк турмушубузда колдонулуп келе жаткан "Мен мындан алысмын" деген сөз түрмөгүнүн орусчадан которулушун карап көрөлү. "Я далек от этой мысли" деген түшүнүктүн кыргызчага сөзмө-сөз которулушу төмөнкүчө болот. "Далек" деген сөздүн "далеко" деген сөздүн синоними катарында түшүнүп, ал эми "мысль" - "ой" делинип которулгандыгы байкалып турат.
"Алыс", "жакын" деген түшүнүктөр адатта жер бетиндеги аралыкты салыштыруу мааниде колдонула тургандыгы белгилүү. Орус тилиндеги "далек" деген түшүнүк аралык мааниде эмес, каймана мааниде айтылган. Биздин оюбузча, аны "Мен мындайча ойлобойм", "Бул пикирге кошулбайм (кошула албайм)", "Айтылган пикирди колдобойм (колдой албайм)", "Менин оюм башкача", "Менин оюмча" ж.у.с.мааниде которулса болмок.
Кеңири колдонулуп келе жаткан "Толук кандуу" деген түшүнүктүн "калькалаштырып", сөзмө-сөз которулгандыгын байкоого болот. Ал схемалык түрдө "полный" - "толук", "кровь" - "каны" деген мааниде каймана которулган. Мында "кан" жөнүндө маани камтылбаган. Афоризм түрүндө айтылган. Которулуучу
тексттин маанисине карай, аны мүмкүн болушунча адекваттуу түрдө чагылдырууга умтулуу керек. Мисалы, "он живет полнокровной жизнью" дегенди которулуучу тексттин маанисине карай "ал өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша жашап жатат", "өз алына жараша жашап жатат", "жыргалдуу, бактылуу жашоодо" жана башка ушул сыяктуу мааниде чагылдырса одоно болбой сылык түрдө болмок. Айтылуучу ойго төп келген ыңгайлуу, башка каражаттарды да издеп көрүүгө болот.
"Встал на ногу" деген түшүнүк да жогоруда келтирилгендей сөзмө-сөз ыкмасы менен которулгандыгы көрүнүп турат. "Встал"-"турду", "на ноги"- "бутуна" делинип которулган. Түп нускада ой кыйытылган түрдө айтылган. "Бут" жөнүндө маани камтылбаган. Сөз түрмөгү - "оңолуп кетти", "турмушун оңоп алды", "өз жолун тапты", "эл катары жашай баштады" жана ушул сыяктуу мааниде которулуп колдонулса дурус болмок.
"Гусеничный трактор" деген түшүнүктү "каз таман трактор" делинип которулушу анын түпкү техникалык маанисине ылайыксыз. Котормочу терминдин маанисин толук которбой "гусь" деген бөлүгүн гана которгон. "Гусь"- "каз" деген маанини түшүндүргөндүктөн, натыйжада термин "каз тамандуу трактор" делинип калган. Чындыгында, "гусеница" жибек куртун өстүрүүдө пайда болгон курт делинип түшүнүлөт. Ал "көпөлөк курту" деп аталат. Трактордун жер бетинде кыймылдап жүрүшү пилла куртунун жүрүшүнө окшош болгондуктан, тракторду "гусеничный трактор" деп аташкан. Трактордун жылышын каздын басышына окшоштурууга болбойт.
К.К.Юдахиндин 1957-жылы чыккан орусча-кыргызча сөздүгүн карасак "гусеничный трактор"-"жалпак чынжырлуу трактор" делинип которулган. Сөздүктү түзүүчү филолог болгондуктан, "жалпак чынжыр" трактордун кайсы тетигине тиешелүү экендиги аныкталбай, техникалык таксыздык кетирилген. Аны "чынжыр сымал кыскача же чынжыр дөнгөлөктүү мааниде которсо тагыраак, талапка ылайыктуу болмок.
Лексикабызга терең сиңип калган "мыйзам ченемдүүлүк" деген түшүнүктүн да орусчадан которулушу бурмаланып калган. Ал "мыйзам"- "закон", "мерно"-"ченөө", "мыйзам ченемдүүлүк" делинип сөзмө-сөз которулуп калган. "Закономерно" деген терминдин "мерно" деген бөлүгү "мерять" деген түшүнүк менен чаташтырылып которулган. Бирок "мерно", "мерять" деген түшүнүктөр бири-бири менен коошпогон эки башка мааниде колдонула тургандыгы белгилүү. Түшүнүктө "ченөө" жөнүндө маани камтылбаган. Терминдин кыргызчага которулушун логикалык жактан талдап көрчү болсок, закондун "узун-кыскалыгын", "оор-жеңилдигин" ченөөгө болот дегендикке жатат. Андай ченөөлөрдү аткаруу мүмкүн эместиги баарыбызга белгилүү. Терминди кыргызчага кандайча которууга болот деген суроого жооп бериш үчүн анын орус тилиндеги синонимдерин карап көрөлү. "Закономерно" " в пределах закона", "не противоречит закону", "законно" дегендикке жатат. Термин кыргызча "мыйзамдуу", "мыйзам чегинде", "мыйзам аймагында", "мыйзамга ылайык", "мыйзамга каршы эмес" делинип, тексттин маңыз-маанисине карай колдонулса дурус болмок.
"Поставить вопрос ребром" деген түрмөгү "кабыргасынан коюлду" делинип которулуп жүрөт. Анатомия илиминде "ребро", техникада, геометрияда "кыр кабырга" делинип түшүнүлөт. Кыргыз лексикасында "кабыргадан коюлду" деген түшүнүк кезикпейт. Аны ой жүгүртүү аркылуу чечмелөө мүмкүн. "Тикесинен" деп түшүнсөк, кабырга мейкиндикте түрдүү абалды ээлеши мүмкүн. Афоризмдин келип чыгыш тарыхы төмөнкүчө болгон.
Илгери Россияда кандайдыр бир маселе орчундуу болуп талаптарды өз ара келишпестикти туудурган кезде сүйлөшүүчү тараптардын бири столду муштоонун ордуна аны алакандын кыры менен чапкан. "Ударили ребром ладони по столу" кыйыр мааниде колдонулган бул түшүнүктү биздин оюбузча, "маселе кескин түрдө коюлду (айтылды)", "маселе орундуу (чукул) экендиги белгиленди" деген мааниде колдонсо болоор эле.
"Чтобы сказанное не было сухим" деген түшүнүк - "айтканыбыз кургак болбосун үчүн" делинип көбүнчө жыйындарда, докладдарда айтылууда. Бул да сөзмө-сөз которулуп жүрөт. Аны логикалык жактан талдап көрчү болсок, анда "ой кургак болсо, ал кургак эмес нымдуу болушу да мүмкүн" деген тыянакка келебиз.Айтылуучу ойдун жеткиликтүү болбой, эне тилибиздин лексикасына жат көрүнүш экендиги белгилүү. Сөз түрмөгүн төмөнкүчө - "айтылган пикириме далил катарында төмөнкүлөрдү келтирем" сыяктуу мааниде чагылдырсак эне тилибиздин калыптанып калган лексикасына жакын болоор эле.
"Выйти (вышел) из воды сухим" деген афоризмдин кыргыз тилине чагылдырылышы да талаптагыдай эмес. "Суудан кургак чыкты" делинип сөзмө-сөз которулуп жүргөндүгүн кезиктиребиз. "Оңой кутулуп кетти", "айласын тапты", "өз күнөөсүн башкага оодара салды", "күнөөсүз", "ак болуп чыкты", "акталып кетти", "чүчкүрүп да койгон жок", "оозун кыймылдатпай айтты" сыяктуу варианттар аркылуу айтылуучу ойдун, тексттин маанисине карай колдонсок дурус болмок.
Белгиленүүчү, майрамдалуучу даталарга байланыштуу куттуктоолордун кадыресе салт болуп элге сиңип калгандыгына карата да өз пикирибизди ортого салсак. Орустарда "Поздравляю с новым годом" деген куттуктоо кыргыздар чөйрөсүндө адетинче "Жаңы жылыңар менен" , "Поздравляю с днем рождения", "Туулган күнүң менен", "Поздравляю с награждением", "Сыйланышың менен"
сыяктуу куттуктоолорду оозеки, жазуу жүзүндө да билдирип жүрөбүз.
Орусчасындагы "с" деген байламта "менен" деген мааниде которулуп пайдаланылууда. Байламта орус тилинде "совместно", "вместе", "сообша", "вкупе", "в содружестве" сыяктуу маанилерди чагылдыра тургандыгы белгилүү. Ал "бирге", "биргеликте", "кошо" дегендикти баяндайт. "Поздравляю с праздником" - "Майрамың менен" делинип кыскартылган түрдө колдонулууда. Мында "поздравляю" деген сөздүн мааниси которулбай түшүп калганын айтуу керек. Сөз "куттуктайм" дегендикти туюнта тургандыгы белгилүү.
Сөз түрмөгүнүн "Майрамың менен куттуктайм" деген котормосу формалдуу жактан туура болгондугу менен анын түпкү мааниси жагынан талапка жооп бербегендей. Аны логикалык жактан талдап көрчү болсок, куттукталуучу кишинин жана анын майрамы айрым, жекече куттукталгандай болуп калат. Ошондуктан "с" байламтасын "менен" эмес, кыргыз тилинин лексикасынын мурдатан калыптанып калган жатык түрдө "майрамың куттуу болсун" деген түрдө колдонсок болмок.
Физика илиминдеги "полупроводник" деген термин "жарым өткөргүч" делинип которулган. Аны кайра орусчага которсок "половинчатый проводник" деген мааниде болуп калат. Илимий жактан караганда терминдин маанисин одоно бузган. "Полупроводник" - нерсенин токту бир гана багытта өткөрүүчүлүк касиети боло тургандыгы белгилүү. Терминди "бир багыттуу өткөргүч" же кыскача "багыттуу өткөргүч" деп колдонсок, анын түпкү илимий мааниси туура чагылдырылмак.
Орусча "заморозили" - "тоңдурулду" делинип сөзмө-сөз которулуп калган. Маңыз- мааниси жагынан алганда "тигил, же бул уюмдун, кишинин банктагы эсеп-кысап баракчасы боюнча операцияларды жүргүзүү, каттоо убактынча токтотулгандыгын түшүндүрөт. Кыскача "жарандар, ишкерлер, уюмдар" ортосунда банк аркылуу эсеп-кысап белгилүү убакка токтолду дегендикке жатат.
Коомубуздун рыноктук, нарктык мамилелерге өтүп жаткандыгына байланыштуу кыргыз лексикасы "менеджер", "продюсер", "глобализация" сыяктуу жаңы терминдер менен улам толукталып келет. Эл арасында мындай сөздөрдүн маңыз-мааниси анчалык түшүнүктүү эмес экендиги белгилүү. Ошондуктан, жаңыдан кийирилип жаткан терминдердин, түшүнүктөрдүн чечмеленүүсү радиоберүүлөрдө, телекөрсөтүүлөрдө, гезит-журналдарда баяндалып турса дурус болмок.
Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы басылып келген мына ушундай сүйлөмдөр жарандарыбызга түшүнүктүү, жатык, жеткиликтүү болушу үчүн тилчилер жамааты, бүт коомчулук тарабынан тийиштүү, жатыктуу, натыйжалуу иш-аракеттер жасалышы абзел.
К.БОЛОТБАЕВ,
ЖаМУнун "Алгебра жана анализ" кафедрасынын
башчысы жана профессорунун милдетин аткаруучу
Т.АБДУКЕРИМОВ,
ЖаМУнун "Алгебра жана анализ"
кафедрасынын доценти




  Жаңы акча

2-мартта жүгүртүүгө 5000 сом чыгарылат
Кечээ Улуттук банктын төрага орун басары Заир Чокоев журналисттерге Улуттук валютанын жаңы номиналдагы банкнотунун чыгарылышы тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү.
Анда 5000 сомдук банкнот Кыргызстандын керектөө өлчөмүнө ылайык Франциядан чыгарылып, Кыргызстанга жеткирилгени, 2-марттан баштап пайдаланыла баштай тургандыгы маалымдалды.
5000 сомдуктун биринчи бетинде кыргыздын таланттуу сүрөтчүсү жана киноактер Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү түшүрүлгөн. Ал эми экинчи бетинде кыргыздын маданий жетишкендиктеринин символу болгон "Ала-Тоо" кинотеатрынын сүрөтү бар. 5000 сомдун көлөмү 200 сомдукундай. Акыркы жетишкен технологиянын коргоочу бардык мүмкүнчүлүктөрү колдонулуп, жасалма чыгарууга каршы бүт чаралар колдонулган. Мурда чыгарылган акча банкнотторуна караганда көп өзгөчөлүктөрү бар. Алгач колго алганда долларга окшогон рельефтик касиетин, коргоо белгилерин байкоого болот.
Чоң өлчөмдөгү бул акча айлануудагы акчанын көлөмү көбөйгөндүктөн, элдин акча кирешесинин көтөрүлгөндүгүнөн, ири алакалар жана төлөөлөр үчүн жана башка муктаждыктардын негизинде пайдаланууга киргизилүүдө.
Бул акчаны чыгаруу аракети 2007-жылдын апрелинде мамлекеттик комиссиянын чечиминен кийин башталган.
2009-жылдын экинчи кварталынан тартып 20-50-100 сомдуктар чыгарылып толукталат. Ал эми 2010-жылдары 200-500-1000 сомдуктар дагы толукталып жаңы технологияда жаңы коргоочу элементтер менен чыгарылып, акча айланууга толуктоолор болоорун билдиришти маалымат жыйынын өткөрүүчүлөр.
Сүрөттө: жаңы банкноттун үлгүсү.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти Мамазеитова Жазгуль Абдималиковнага тиешелүү паспорттун, студенттик билеттин, жатаканага көрсөтүлүүчү билеттин жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.
ОсОО "Асыл Баш" объявляет о своем закрытии. Претензии принимаются в течение двух месяцев со дня публикации по адресу г.Токмок, ул.Северная, 45.
Справки по телефонам: 0555 385885, 0772 704834.

Решением Ошского межрайонного суда экономическим вопросом от 10.11.08 по делу ЭД-000179/08-МО признан банкротом "РабКООП Кенеш" г.Ош. По приказом УДД Госкомимущества КР от 21.01.09 13 назначен спец. администратором А.Б.Шаболотов. Претензия на имя спец. администратора в течение два месяца со дня объявления. (=лиц 0214) тел: (0777) 543952 Потребительский кооператив ЭД-000179/08-МО.