, 20.02.09 - 2-бет:
  Элдин үнү

Академик айым айлабызды кетирди
Он эки үй-бүлө баш калкалап жашоого зар,
Академия жетекчиси
заңгыраган он жети үй куруп баюуга кар
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Салиевич Бакиевге!
Урматтуу Курманбек Салиевич, аргабыз кетип, амалыбыз түгөнүп, үмүтүбүздүн акыркы шооласы үзүлөөрдө Сизге кайрылууга мажбур болдук. Биз 12 үй-бүлө (90го жакын адам) Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы "Академия Наук" эс алуу үйүнүн күн чыгыш жагында атайы жумушчуларга ылайыкталып салынган үйлөрдө алдыбыз 40 жыл, артыбыз 15 жылдан бери жашайбыз. Бардыгыбыз "Академия Наук" эс алуу үйүндө иштегенбиз, ошол мезгилде айлык акы аздыгынан жумушчулар токточу эмес, андан калса айылдан да алыс эле. Ошондуктан бизге ошол үйлөрдү беришкен. Ошол жерде иштеп, ошол үйлөрдө жашап жүрүп, пенсияга ошол жерден чыкканбыз. Эми минтип карып-арып калган кезибизде "эшектин күчү адал, сүтү арам" дегендей кылып үйдөн чыккыла деп кубалап, ар түркүн айла амалдар менен жашоого мүмкүнчүлүк беришпей кууратышууда.
Канча мезгилден бери биз укугубузду талашып, Улуттук Илимдер академиянын чоңдоруна бардык, түшүндүрүп кат да жаздык. Алар: "бул үйлөр лаборатория, бошоткула", - деп эч негизсиз демитишет. Эгер лаборатория болсо 1988-жылы Чолпон Ата ККПсынын БТИ бөлүмү бул үйлөр "адамдар жашоочу үй" деп "Технический паспорт на жилой дом индивидуального жилищного фонда" деген документ бербейт эле го…
Бул үйлөр "Академия Наук" эс алуу үйүнүн балансында да жок экен. Бизге менчиктештиргиле дегенден баштап эс алуу үйүнүн жетекчилери анын "основное средство" деген тизмесиндеги "дорога асфальтированная" деген жазууну өчүрүп, анын ордуна "лабораторные домики" деп жаза салышкан. Муну менен алар көз боёмочулукка барышып, жалган документ жасашкан. Муну кандай түшүнөбүз, буга ким жооп берет, же карапайым, колунда акчасы да, бийлиги да жок кишилер ушинтип элдин эмгегин жеп семирген чиновниктерге жем боло береби, алар элди ушинтип кордой береби, урматтуу Курманбек Салиевич, биздин абалды түшүнүңүз.
Андан калса, "Академия Наук" эс алуу үйүнүн жетекчилери бул жерди менчиктештирүүгө болбойт, жер аз дегенинен өзүбүз акча чогултуп, эксперт чакырып жерин өлчөтсөк, 5га жер ашып калды. Муну кандай түшүнсөк болот..? Эгер "Академия Наук" эс алуу үйүнө жер жетпей жатса, гүлдөгөн алма бакты кыркып кыйратып, ортосуна хан сарай салышат беле же айылдык тургундар 4 сотых жерге жетпей жатса, алардын бүйрүн кызытып, акыркы эле 1,5-жыл ичинде эс алуу үйүнүн так ортосуна 17, ооба, ооба он жети коттедж салдырышат беле? Академиянын президенти Шарипа Жоробековага ушундай укук берилгенби?
Мен жогорку маселе менен Ш.Жоробековага үч жолу кирдим, силер кимсиңер "ошол лабораторияда жашап жатканыңарга кубангыла" деп, биз анын үйүндө жашап жүргөнсүп, кагып-силкип кабинетинен чыгарып койду.
Урматтуу Курманбек Салиевич, эч мыйзамсыз эле бизди кубалап, Жоробекова менен анын колдоочулары коттедж куруп, жер басып ала берсе болобу. Анда биз байкуш эмне кылабыз, эмне кылса дейсиз?
Урматтуу Президент, Сиздин абройду, кадыр-баркты Академиянын президенти Ш.Жоробековага окшогон адамдар, кызмат абалынан пайдаланган шылуундар эл алдында түшүрүп жатышат.
Урматтуу Курманбек Салиевич, бизге окшогон байкуш-бечараларга Сиздин калыстыгыңыз, журт атасындай камкордугуңуз тиет го деп ойлойбуз. Жаш куюлган муңдуу үнүбүздү угуңуз.

Канышай АБДУРАЗАКОВА,
Ысык-Көл районунун
Кара-Ой айылындагы "Академия Наук" эс алуу үйүнүн жашоочуларынын атынан, кварталдык комитеттин төрайымы

РЕДАКЦИЯДАН:
Бул кайрылуу боюнча экинчи тараптын пикирин берүүгө даярбыз.





Кара-Кулжа карыялары Президентти күтөт
Кыргыз Республикасынын Президенти
Курманбек Бакиевге
Урматтуу Президент, сиздин өлкөнүн келечеги үчүн өтөп жаткан жигердүү түзүүчүлүк иштериңизди касиеттүү Совет, азыркы Кара-Кулжанын эли да жакшы билет жана аны колдойбуз. Өзүңүзгө белгилүү касиеттүү Кара-Кулжага бабабыз Бакай баш болуп Манас келгенин, андан кийин карт тарых таржымалы тастыктап тургандай элибиз сүйгөн эл башчылары Төрөбай Кулатов, Акматбек Сүйүнбаев, Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Темирбек Кошоев, Апсамат Масалиевдер көп ирет келишип, калктын ак батасына арзышып, кыргыз журтчулугунун биримдигин түптөшкөн.
Элибизде "Бир жолу туз таткан жериңе миң жолу салам айт" дегендей, Кара-Кулжа айылынын элинин социалдык-экономикалык жана социалдык маданий, агрардык жашоолору менен жеринде таанышып, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу үчүн тоолуу жергебиздеги проблемаларды иликтөөгө алдырып, өзүңүз да келип кетишиңизди суранабыз жана күтөбүз.
2001-жылы 17-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри экениңизде Алайкуунун Ой-Тал, Көңдүк айылдарында чогулуш өткөзгөнүңүздү эл ыраазычылык менен эскеришет. Жамгыр жаап, чатырдын ичинде Кыргызстандын келечеги жөнүндө сөз болуп, акыры жөнөөрүңүздө райондун акимине жаңы автомашина берем деп айтканыңызды унута элекпиз.
Урматтуу Курманбек Салиевич! Эгер туура көрсөңүз мүмкүнчүлүк болсо эмгек ардагери катары эл ичиндеги аксакалдардын бири катары сиздин жеке кабыл алууңузду өтүнүп суранам.

Рысбек АБДИБАЕВ,
эмгек ардагери,
Кара-Кулжа району




"Ак жолго" ак жол, бизге таш жол эле...
КР Жогорку Кеңешиндеги "Ак Жол"
элдик партиясынын депутаттарына ачык кат
Урматтуу "Ак Жол" элдик партиясынын депутаттары!
Биз, Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу МТФ жана Подхоз деген эки кичине айылчадан куралган, өзүбүз "Ак-Жар" деп атап алган жаңы айылда 1993-жылдан бери жашап келебиз. Жалпы 64 түтүн, жашоочулар саны 337 адам. "Жыргасам жылкычыга тиемби" деп илгерки бир аялдын арманындай бул жерге отурукташкан жарандар турмуштун ар кандай запкысын көрүп, ата конушун таштап тиягы Тажикстан, Баткен, Лейлек, Өзгөн, Токтогул, биягы Ысык-Көл, Нарын тараптан ооп көчүп келишкендер.
8 жылдык эргежел (карликовый) мектептен башка эч кандай социалдык объект жок. Ошол мектепте 8-класска чейин жалгыз эжеке "Дүйшөн" окутчу эле. Ал дагы көчүп кетип, балдар окубайт. Мугалим жок, Жаңы-Жерге барып окуганга жол алыс, жөө баралбайт. Жолдун жоктугунан маршруттук автобус каттабайт. Ыраматылык Союздан калган трассага чейинки 25 км. кара жолдун, 1 км.ге жакыны суу каптай берип оюлуп иштен чыгып, трактордон башка транспорт каттоого мүмкүн эмес. "Айылдан чыккан жол, ааламга алпарат" деген сөз бар эмеспи. Ааламды кой, биздин жол трассага жетпей орто жолдо жок болот. Бардыгы базарга байланган ыркыраган рынок шартында, өндүргөн жашылча, айран-сүттү өткөзүп, күндөлүк керектелүүчү товарларды сатып алуу үчүн базарга баруу тирүүнүн тозогу. Жайы-кышы кап көтөргөн жөө адамдардын катары күн сайын кечке чейин ушу жолдон үзүлбөйт. Ушу жоболоңдуу жолдун азабынан оору-сыркоону мындай кой, ооруканага жетпей жолдо төрөлгөн Жолчубек, Жолдукан аттуу наристелердин көбөйгөнүн айтсак жетиштүү болор. Жолубузду оңдотуп бергиле деп Жогорку Кеңештен баштап "Ылдыйкы" (айыл өкмөтү) кеңешке чейин кайрылдык. Жообу бирөө - акча жок!
Арга кеткенде АРИС жакшы экен деп, үч жыл мурун АРИСтин программасына дагы кирдик. Шарттарын толук аткарып, жада калса элден 20 миң сом чогултуп жолдун долбоорун түздүрүп, архитектура, акимиаттан керектүү документтерди чогулттук. Бирок акчага келгенде эле ар кандай шылтоо таап, жыл сайын артка жылдырып алдап келишет. Көңүл калып АРИСти АРИС эмес эле АФЕРИС экен деп ойлоп калдык.
Биздин сунушубуз мындайча: Биздин үнүбүз жетпеген айыл өкмөттөн баштап аким, губернатор, министрге чейинки атка минерлер "Ак жол" элдик партиясынын мүчөлөрү экенин баарыбыз билебиз. Партиялаш болгондон кийин мүмкүн сиздердин үнүңүздөр жетээр. "Ак жолду" эле карап отура бербей, кароосуз калган кара жолдорду да карап көрбөйсүңөрбү?" деп кулак кагыш кылсаңыздар, бирөө жарымынын боору ооруп кетип бир азыраак каражат таап берсе, ошол оюлуп бузулуп кеткен 1 км.ге жакын жерге 70-80 машина кум төгүп бульдезор менен нары-бери түртүп койсо эле заңгыраган жол болгону турат.
Урматтуу "Ак жолчулар", сиздерге ак жол, бизге таш жол эле керек болуп турат. Сиздерден чыдамсыздык менен жооп күтөбүз.

Ак-Жар айылынын элинин атынан
Нарбото КЕМЕЛБАЕВ,
Жаңы-Жер айылы, Сокулук району.


Баатырлардын мекенинде
Капитализм доорунда
эмгек бааланбайбы?
Ноокен району Баатырлардын мекени деп аталат. Союз мезгилинде бул райондон Социалисттик Эмгектин 14 Баатырлары өсүп чыгышса, алардан 10 киши жалаң гана пахтадан арбын түшүм алгандыгы үчүн баатыр болушкан. Азыр бул 14 Баатырдын арабызда бири да калган жок, бардыгы тигил дүйнөгө кетишкен. Алардын аттарын түбөлүккө сактоо үчүн райондун борборундагы паркка айкелдери, эстеликтери тургузулган.
Учурда Ноокен районуна жаш, адилеттүү, чечкиндүү, колунан иш келе турган Т.Сагындыковду райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими кылып жиберди.
Т.Сагындыков өзү да коңшулаш Базар-Коргон районунун Абдраимов айылынын аймагында туулган. Ал ноокендиктерди илгертен жакшы тааныйт, илгери бул эки район бир район болгон, кийин бөлүнүп, кайра дагы өз алдынча район болушкан. Кыскасы Сагындыковду ноокендиктер абдан жылуу тосуп алышты.
Баарыга белгилүү, элдин турмуш деңгээлин жогорулатуу үчүн айыл чарба иштерин колго алуу, жакшыртуу керек. Ноокен районунда райондук айыл чарба департаментинин башчысы болуп Т.Эшиев иштеп жаткан эле. Аны көрүп, жаңы келген аким Сагындыков да сүйүндү, тез эле тил табышып, алар ушул райондун айыл чарбачылыгын өнүктүрүү иши экөөбүздүн гана колубуздан келет, мен сага ишенем, сен да өзүңө ишенгендей мага ишене бер, биргелешип, тең иштейли деп чечишти.
Айыл чарба тармагында жылдын жыйынтыгында 2 млрд. 117 миң сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 105,6 пайызга аткарылган. Мунун ичинен талаачылыктан 1 млрд. 585 миң сомдук, ал эми мал чарбасынан 533 млн. сомдук киреше алынган.
Ноокен району илгертен бери республиканын пахтачылык базасы болуп келген. Районубуздун пахтачылары 2008-жылы 9751 гектар аянтка пахтанын чигитин эгишип, суунун таңкыс болгондугуна карабай, ар гектар аянттан орто эсеп менен 33 центнерден түшүм жыйнап, дүң жыйым 32 миң 247 тоннага жеткирилди.
Ушул жерде эсиңерге салып, белгилеп кетүүчү нерсе, Ноокен району (илгерки Ленин району) 1956-жылы 8300 гектар жерге пахта эгип, ар гектарынан 27 центнерден түшүм алып, мамлекетке 22,5 миң тонна пахта тапшырган болучу. Бул ийгиликтери үчүн СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен 1957-жылы 5 кишиге, анын ичинен райком партиянын ошол кездеги биринчи секретары К.Султановго, райаткомдун төрагасы, К.Юнусалиевге, көп пахта тапшырган К.Маркс атындагы колхоздун төрагасы Ө.Каиповго жана Калинин атындагы колхоздун төрагасы Э.Жусуповго, К.Маркс атындагы колхоздун бригадири А.Казаковго Социалисттик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наам берилген.
Эмне үчүн Ноокен районунун алдыңкы пахтачыларына, 2008-жылы ошол 1956-жылдын деңгээлинен ашыра пахта өндүргөндүгү үчүн Кыргыз Өкмөтүбүз тарабынан жок дегенде куттуктоо телеграммасы да берилбеди. Же капитализм доорунда эмгек бааланбайбы?
Райондо мындай ийгиликтер Президентибиздин чет мамлекеттерден тракторлорду, комбайндарды келтирип, дыйкандарга кам көргөндүгүнүн натыйжасында болуп жатат деп билебиз.

Сатымкул САДЫКОВ,
Улуу Ата Мекендик согуштун, Москва, Кызыл аянттагы, Бишкектеги Жеңиш параддарынын катышуучусу, журналист





Ууру, чөнтөкчүлөрдүн
чыпалагы кесилсе...
Бул уятсыз, ар-намысы, эркектик касиети жок, оңой-олтоң бекер оокатка ык алып, өзүн эл ичинде мен да кишимин деп санап жүргөн чөнтөкчү, шылуундарды кантесиң. Картайган пенсионерлер, эки-үч айлык пенсиясын эптеп чогултуп, тамак-аш, кийим-кече сатып алайын деп базарга барып, анан сумкаларын кестирип, акча салгыч капчыктарын дары-дармек, документтери менен кошо алдырып бозоргон карыялардын убал-сообун кенедей да ойлоп коюшпайт.
Өткөн базар күнү "Ош" базарына кийим-кече сатылуучу жерде кокустан көрүп калдым, менимче пенсионер аял экен, өзүнө бир көйнөк ала коёюн деп туруп, өңү агала-бозала боло түшүп, кыйкырып калды, оо жаш-шабагырлар десе, алганың буюрбай калсын, араң чогулткан эки миң сом акчам ай, деп кейигенин карап туруп бооруң ооруп кетет. Кала берсе акча эле эмес, анын ичинде дары-дармек, пенсия китепчемди да алып кетиптир деп аябай кейиди.
Азыркы кезде айрыкча "Ош" жана "Дордой" базарларында, кала берсе маршруттук автоунаалардын ичинде ж.б. эл жыш болгон жерлерде, булардын күнү тууп, иттери "чөп" жейт экен. Буларга эч кандай мыйзамдын таасири жоктой.
Биздин эл ишенген, элдин ушундай "ЧПлардан" коргоочу милицияларыбыз уяты жок чөнтөкчүлөрдөн коргойбу же тескерисинче аларды коргоп, ар дайым аларга жашыл жарык түзүп беришеби? Же алардын тапканын тең бөлүшүп жатабы?
Эмне үчүн үзгүлтүксүз рейддерди жүргүзүп, жөнгө салып коюуга мүмкүн эмес? Эгерде ички иштер бөлүмүндө, ушуга тиешелүү адамдар чындап чөнтөкчүлөргө каршы күрөшкүсү келсе, заматта жөнгө салып коёруна толук ишенем. Эмнеси болсо да, жогоруда айтылган нерселерди жөнгө салып коюу, оор маселе эмес. Кимде-ким сумка кесип, чөнтөккө кол салып кармалса, 10-15 жыл түрмөгө эмес, колдун чыпалагынын учу кесилет деп, мыйзамга киргизип койсо, көп майда-чүйдө уурулар жоголуп, адамдар базарларда, маршруттук таксилерде жана автобус, троллейбустарда коркпой-үркпөй тынч жүрүп калабы деген ой.

А.УМАРОВ,
Бишкек шаары