, 20.02.09 - 15-бет:
 23-февраль - Ата мекенди коргоо күнү!

Эл айтса,
жөн айтпайт
(Же эр азаматтар жөнүндөгү
эл ичиндеги сөздөрдөн)
Ата алаканы - алтын уя.
Ё Ё Ё
Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
Ё Ё Ё
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
Ё Ё Ё
Азамат акылдуу болсо,
алганы мээримдүү болот.
Ё Ё Ё
Азамат эрге
асылкеч жубайдан жакын жан барбы?
Ё Ё Ё
Агасы бардын сакасы бар,
Үкөсү бардын чүкөсү бар.
Ё Ё Ё
Агасы минген атты иниси минет,
Атасы салган кушту баласы алат.
Ё Ё Ё
Адептүү жигит азаптан алыс.
Ё Ё Ё
Атанын уулу болуш - урмат,
элдин уулу болуш кымбат.
Ё Ё Ё
Эркек - ээр токумдуу ат.
Ё Ё Ё
Бардык жигит
кыз тандайт,
Бактылуу жигит
уз тандайт.
Ё Ё Ё
Жигиттин өзү жакшы
болсо, тегин сураба.
Ё Ё Ё
Эр жигит бүлө бага албайт -
эринчээк болуп уктаса.
Ё Ё Ё
Эр жигиттин жакшысы эгин
айдап, мал күтөт.




Ата Мекенди коргоо күнү буга чейин кандайча аталган
1919-жылы 23-февралда, кызыл армиялык депутаттар жана Петрограддык Кеңештин кызматкерлери катышкан жыйын өткөн. Анда Россиялык Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Я.Свердлов Кызыл Армия - биринчи кезекте чет элдик душмандарга каршы уюшулгандыгын баса белгилеген.
1922-жылы Кызыл Армиянын жана флоттун урматына уюштурулган маараке бүткүл дүйнөлүк майрам катары белгиленген. 22-февралда Кызыл аянтта парад болуп, кечкисин жыйын өткөн. Ал эми 1923-жылы Кызыл Армиянын жана Флоттун күнүнө карата буйрук чыккан. Ал буйрукта ""23-февраль - ар жыл сайын Кызыл Армиянын күнү!"- деп белгиленсин деп жазылган. Ошол жылдан баштап 1946-жылга чейин ""Кызыл Армиянын күнү" деп белгиленип, андан кийин Советтик Армиянын жана Аскердик- Деңиз флотунун күнү катары майрамдалып келген. Ошондой эле 1995-жылдын 15-февралында "23-февраль-Германия менен согушта "Кызыл Армиянын жеңген күнү", " Ата Мекенди коргоо күнү деп аталган.
Тактап айтканда Ата Мекенди коргоочулардын күнү ар кандай аталышта 82 жылдан бери белгиленип келет.





(Атайын бет)
Бетти даярдагандар: Ж.Исабаева, А.Арзыбай кызы, Ч.Жакешова, Ж.Байгуттуева, "Кыргыз Туусу"
Ат жалында суроолор:
Бул майрам
Сиз үчүн кандай майрам?
Эсиңизде калган 23-февраль?
Ушул күнү жакындарыңыздан
эмне күтөсүз?

Абдыкапар МАВЛЯНОВ,
милициянын
генерал-майору, ИИМдин алдындагы милициялык академиянын начальниги:
- Биз эми илгерки, советтик доордун балдарыбыз да. Бала чагыбызда 23-февралда чогуу окуган кыздар жамааты балдар жамаатын куттукташар эле. Открыткаларды жазып, китеп берип дегендей. Чыны менен эле бул күндү чыдамсызданып күтчү элек да. Анан да кызыл-тазыл желектер майрамды ого бетер шаңдантып турчу. Мына ушулары менен эсте калыптыр, балалыктын майрамдары.
Бүгүнкү күндө да 23-февралды майрам катары кабыл алганыбыз жакшы болду деп ойлойм. Анткени, "Ата Мекенди коргоо күнүң менен куттуктайм!" деген жакын адамдардын куттуктоосунун өзү эле жаш муундарга патриоттук сезим тартуулайт деп ойлойм.
- Ушул күнү өзүңүз да жакшы сөз, белек күтөсүзбү?
- Албетте. Анткени, үй-бүлөм, дос, туугандарым куттукташаарын күн мурун эле билем.
- Мекенди коргоочуларга каалооңуз?
- Эли-жерибизде, ар бир үйдө ар дайым тынчтык болсун!
Райымжан ЭГЕМБЕРДИЕВ,
запастагы капитан, окумуштуу:
- 23-февраль мен үчүн көп майрамдын бири эмес, жаштык кезимди эске салган майрам. Армияга чейин жоокер болобуз деп майрамды бааласак, армиядан кийин кызмат кылган кезибизди эстейт элек.
Мен Ыраакы чыгышта кызмат өтөгөм. Эсимде, 1964-жылы болчу. Ушул майрам күнү аскерлер концерт коюп, мен балалайкада кыргыз күүлөрүнөн ойногон болчумун. Ошондо "Кыргыз уулу - Мекенди коргоодо" деп, сүрөтүмдү да коюп, гезитке чыгарышкан. Ошондогу кубанганым али күнчө эсимде.
Ортодо бир топ убакыт бул майрам белгиленбей калбадыбы, бирок эми бул күндүн кайра майрам катары кабыл алынганы жакшы болду. Анткени, Мекенди коргоо дегенден өткөн ыйык эмне бар, өзү?!
Бакыт Кербенбаев,
"Достук" конок үйүнүн башкы директорунун орун басары:
- Окуучу кезде 23 - февраль күнү мектептен кыздар куттуктачу. Турмуш өзгөрүп, жаш өткөн сайын намазга жыгылып, Кудайга жакындаганы, азыр мусулмандык майрамды майрамдайбыз. Биздин үй-бүлө 23 - февраль, 8 - март, жаңы жылды көп деле белгилебейбиз. Ошондуктан белек деле күтпөйм, бир гана армияны эстейм.
Советтик Армияда кызмат кылгам. Менин эң кызык күндөрүм ошол жылдарда калды. Армиядагы биринчи жолу 23 - февралды тосконум көз алдымда турат. Майрамдык үстөл үйдөгүдөй жайылып, торттор, ичимдиктер, суусундуктар коюлат го деп ойлосок, болгону май сүйкөлгөн нан, эки жумуртка, "Буратино" деген лимонаддар коюлуптур...
Жаныбек Абидетегин,
Улуттук университеттин
5-курсунун
студенти:
- Мен ойлойм, бул майрам коргоо кызматын аркалап жүргөндөр үчүн деп. Ал эми коргоочулар - негизинен мырзалар эмеспи.
Онунчу класста окуп жүргөндө бизге кыздар өз колдору менен кагаздан открытка жасап беришкен. Ар бирибизге ыр чыгарып, мыскылдап тийишип, дубал гезит жазгандары эсимде.
Чынын айтканда бул күндөрү эч кимден эч нерсе деле күтпөйм. Болгону салттуу көрүнүш болуп калган эмеспи. Мисалы, жумуштан же окуп жүргөн жериңен кыздардан жылуу сөз угасың.




Жакшы тилек -
жарым ырыс
Калыс ЖАКЫПОВ,
"2008-жылдын мыкты
жаш ырчысы"
дипломунун ээси:
Баатыр болом, Ата-Журтту даңктаган
(Обону Бакыт Мамаевдики)
Коркпо ата, жалкоо жигит болбоймун,
Чоңоём да, эл-жеримди коргоймун!
Ата-журтту ыйык көргөн мекенчил,
Өзүңүздүн жолуңузду жолдоймун!

Көккө төшүн тосуп жаткан чалкалап,
Тоолорумду канатыма калкалап,
Суук көздөн, суук сөздөн сактаймын,
Аталардын асыл салтын кайталап!

Апаларды жакшы көрөм жанымдай,
Аталардын акыл сөзү - дарымдай!
Бөбөктөрдү бөпөлөсүн нур мекен,
Балалыктын бактысынан айырбай!

Кайырма:
Жоокер болом,
Ала-Тоону сактаган!
Баатыр болом,
Ата-Журтту даңктаган!
Атуул болом,
Ата-баба мурасын,
Ата салтын, эне тилин сатпаган!






Нарынбек Солобаев, запастагы подполковник
(Сүрөттө ага лейтенант курагы)
Мекенди коргоо -
ар бир атуулдун ыйык милдети
Бала чагымда эле аскер кызматкери болгум келчү. Мектебибизде илинген формачан адамдар көзүмө ушунчалык жылуу, сүйкүмдүү, сүрдүү да көрүнчү. Бул дүйнөдөгү эң улуу адамдар ошолор сыяктуу сезилчү.
Жумгал районунун "Москва" (азыркы Т.Турсунбаева) атындагы орто мектептин 8-классынан кийин Фрунзеге келип, финансы техникумуна кирдим да, техникумдан ары Ярославдагы аскердик жогорку окуу жайга барып тапшырдым. Кыргыздардан аз эле бала бар элек. Бирок ошого карабай, Ата Мекенибизди уятка калтырбайлы деп, ушунчалык тырышып окучубуз.
Кыйналып, сагынычым жанга батып кеткен кезде, кээде бардыгын таштап салып, баса бергим келчү. Бирок көз алдымда биринчи эле атам менен апам тартыла калчу! Анткени, алардын дайыма мени менен сыймыктанып жүргөндөрүн билчүмүн. Аларды уятка калтыруу - мен үчүн бардык кыйынчылыктан кыйын эле! Эрдимди кесе тиштенчүмүн да, кесерип окуп, машыгып, бара-бара жалаң "эң мыкты" деген бааларга жетиштим.
Ошентип, аскер кызматкери болуп "кенже лейтенант" деген жылдыз тагынганыбыз эсимде. Улам аскердик чиниң жогорулап, ийниңе улам бир жылдыз кошулганы Ата Мекен алдындагы жоопкерчилигиңди күчөтөт.
Мен жаштарга Ата Журтту сүйүүгө, Мекенге кызмат кылууга жан дилиңер менен даяр болгула! - дегим келет.

Зарема Аккүчүкова,
чек ара кызматынын офицери:
Мекенди коргоо - эркектердин


эле иши эмес
Илгертен эле эл намысына жарап, колуна найза алып жоого аттанган Жаңыл мырза, кыз Сайкал сыяктуу кыздарыбыз болгон. Мекенди сүйүү, Мекенди коргоо, демек эркектердин эле иши эмес. Улуу Ата Мекендик согушта деле далай кыздарыбыз фронтко аттанып, эрдиктерди жасаганын билебиз да. Өзүм тууралуу айтсам, мен бала кезимден эле спорт менен машыгат элем. А кийин жандүйнөмдө жашап жүргөн кесибимде иштеп, мекенге кызмат кылып калдым. Кесибим менен өтө сыймыктанам жана Ата Мекенимди коргоого дайым даярмын!