, 20.02.09 - 14-бет:
  Кайрылууга калыс пикирлер

Президент акыйкат менен чындыкты айтты
Кечээ жакында Президент Курманбек Бакиев "Ала-Арча" резиденциясында өлкөдөгү маалымат каражаттарынын жетекчилеринин көптөгөн суроолоруна жооп берди. Негизинен суроолор өлкөдөгү саясый кырдаалды, экономикалык, социалдык жана маданият тармагын, кадр маселесин, оппозиция жана көптөгөн партиялардын аракеттерин жана алган орундарын камтыды.
Президент суроолорго ачык жана түз, далилдүү жооп берди. Бул маалыматтар элибиздин калың катмарларына жетсе - өлкөдөгү саясый кырдаалдын оңолушу, экономиканын жогорулашы, улутубуздун рухий байлыгы арта тургандыгынан кабар берет.
Өткөн жылдын март-апрель айларында Президенттин элге болгон Кайрылуусун улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов биринчилерден болуп кубаттап: "Мен Курманбек Салиевичтин программалуу сөзүндөгү иштелип жаткан жана иштеле турган маселелерге ынанып, терең ыраазы болдум", - деген пикири бүгүнкү күндө да актуалдуулугун арттырып, кайталанып тургансыды. Жакындагы Кайрылуу мазмуну терең, көп маселени камтып, салмактуу чыкты.
Буга удаалаш басма сөз кызматкерлери менен жолугушуу элибиздин күткөнүн аныктап, үмүтүн тереңдетти.
Американын аты чыккан көрүнүктүү президенттеринин бири Томас Джеферсон өзү туулуп-өскөн Виргиния штатында чоң окуу жайын - университетти курдуруп, негиздегендиги үчүн ал жалпы эле Американын маданиятына чоң эмгек сиңирди деп тарыхта калган.
Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 - кылымдын курулушу. Ал ишке кирсе 5 млрд. куб суу топтолуп, 5 млрд. киловат электр кубатын иштеп чыгат. Бул Токтогул ГЭСинин кубаттуулугуна ири кошумча болот. Советтик учурда Нарын дарыясынын боюна 16 ГЭС курса болот деп болжолдонгон. Ал эми америкалыктар 23 ГЭС курса болот дешкен. Дарыянын күүсү эки Нарындан баштап, Токтогул суу сактагычына жеткенче бир метрден ылдыйлап агып олтурат экен. Токтогул ГЭСин бүткөрүп, андан кийин да далайга чейин Зосим Серый деген адам жетектеген. Ал Днепро ГЭСти курган адис болчу. Көп жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советине депутат болду. Эми да бул Камбар-Атага улуу орустун колу тийгени турат. Россиянын 1 млрд. 700 млн. доллар менен берген инвестициясы ири курулушту аягына чыгарарына эч күмөн жок. Ажобуз муну колуна алды - эл-журт ага ишенебиз.
Өзбек кошуналар быйыл газдын баасын 140 доллардан түз эле 240 долларга көтөрүп салды. Европалык стандарт менен алганда 190 доллардан сатыш керек эле. "Бизге газ керек, ошондуктан алууга мажбур болуп жатабыз. Бирок, мына эртең эле жаз келет. Ошол эле электр энергиясын коңшуларга сатканда, баасын биз дагы тийиштүү деңгээлге көтөрөбүз", - деди Президент. Акыры бул кыргыз эли менен өзбек элине түшө турган жүк.
Дагы бир чечилген чоң маселе - Американын "Манас" аэропортундагы "Ганси" авиабазасынын чыгарыла тургандыгы. Президент "Бул саясый маселе эмес, экономикалык жактан келишпестиктен келип чыкты. Америка тарап биздин сунуштарга моюн сунушкан жок. Биз эгемендүү мамлекетпиз. Биз менен эсептешүү керек эле. Анан калса биздин жаран Ивановду өлтүрүп коюшту. Эки жылдан бери эч бир жыйынтык жок. Мен Президент катары биздин ар бир жараныбыздын кызыкчылыгын, кол тийбестигин коргойм", - дебедиби. Бул чоң сөз, калыс пикир.
Жаңы-Жер айылы "Ганси" аэропортуна жакын жайгашкан. Айылдын экологиясы бузулду. Көп жылдан бери жер өсүмдүктөрү, картошка, помидор ж.б. өспөй куурап калып жатат. "Гансинин" учактарын айдоочулар алыскы тоолорго, жайыттарга күйүүчү-майды да тонналап төгүшөт экен. Мындай орой мамиле акыры жыйынтыгына келип, Президентибиз чекит койду.
"Менде да Кыргызстандын жаранымын деген сыймыктануу сезими пайда болду. Антитеррористтик коалициянын авиабазасын биздин өлкөбүздөн чыгарууда Кыргызстандын, анын жетекчисинин эл аралык маселеде чечкиндүү ролу болду", - дейт Коопсуздук кеңешинин катчысы, көрүнүктүү жана коомдук ишмер Адахан Мадумаров. ("Аргументы и факты", № 7, 11-февраль, 2009-жыл).
Президент кийинки эки-үч жылда кыргыз маданиятындагы алга карай жылуулар, алыскы райондордо маданий борборлору, клубдар, стадиондор, китепканалар ишке киришип, чыгармачыл адамдар, артисттер жер-жерлерде болушуп, калкыбызды маданий жактан тейлөө жакшыра баштагандыгын баса белгиледи. "Маданият министрлигин уюштуруп, жакшы кылган экенбиз", - деди Президент. Ал эми ал министрликтин башында таланттуу жазуучу-драматург, уюштургуч-ишмер Султан Раев турат. Ал жакында "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамдын дипломун Президенттин колунан алды.
Жакында маданият жана маалымдоо министрлигинин демилгеси менен быйылкы 2009-жыл - "Китепкана жылы" деп жарыяланды. Бул болсо элибиздин рухий байлыгын арттырууга чоң көмөк көрсөтмөкчү. Кыргыз Өкмөтү тарабынан китептерди сатып алууга жана башка ушул чөйрөгө зарыл нерселерге 5 млн. сом акча каражаты бөлүнгөнү айтылды.
Басма сөз кызматкерлеринин суроолорунун бири - Президенттин 2010-жылдан кийин экинчи мөөнөткө бара тургандыгы жөнүндө болду. "Ачык суроого ачык жооп бериш керек, - деди Президент. - Мен Конституция берген укугумдан пайдаланам. Жалгыз өзүм эмес, татыктуу инсандар менен барам". Ырас, элдин элеги калыс болот.
Буга чейин ким эмне иштеди, кандай албан иштер бүткөрүлдү, дүйнөлүк аренада Кыргызстандын алган орду кайсыл чекке жеткирилди - булар акыл таразасына тартылып, ар-намыс элегинен өткөрүлөөрү бышык.
Ажобуз акыйкат менен чындыкты сүйлөдү. Жетишкендиктер менен катар кемчиликтерди да жашырган жок. Менимче, басма сөз кызматкерлеринин алдында саясый деңгээли жогору, өзүнө ишенген, ички маданияты терең, жөнөкөй десе жөнөкөй, ачык-акыйкат сөзү менен өзүнө тарткан улуу инсан турду. Мен Президенттен прогресске бет алган чоң өзгөрүүлөрдү көрдүм. Демек, ал көп өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушуп жүрөт. ООНдун сессияларында сүйлөдү. Ушунун баары чоң сабак болуу керек. Ылайым ошондой болсун.
Дагы бир кызык нерсе - сын макалалардын деңгээли тууралуу болду. Муну Президент колдоду. Акимби, губернаторбу, министрби - басма сөздө сынга алынса андан Өкмөт жыйынтык чыгаруусу керек. Ошондо гана басма сөздүн күчү, чындыкты жазгандыгы далилденет.
Мен урунттуу гана эки-үч маселеге үнүмдү кошуп, пикиримди айттым. Басма сөз жыйыны чоң жоопкерчилик жана уюшкандыкта өттү.
Менде дагы бир кошумча - эми Президент шарты келгенде эл менен селектордук кеңешке чыкса. Бул болсо бийлик менен элди жакындатат. Анткени, бул кеңешке Кыргызстандын бүткүл региондору тартылат.
Мен ардагер-журналист катары калемдештеримдин так жана ачык суроолоруна ыраазымын. Аларга ийгилик каалайм.




Уюткулуу улут болуунун мезгили келди
Кыргыз мамлекетинин башчысы Курманбек Бакиевдин Кайрылуусундагы жаңылык - анын элге эмес, улутка кайрылгандыгы жана анда Президент өзү баса белгилеген жаңы багытты аткарууда бардык жоопкерчиликти өзүнө алгандыгы болду. Өлкөдөгү өнүгүүнүн өзөгү болгон бул жетекчилик жаңы багыттын маани-жайына Президент жергиликтүү өкүлчүлүктүү жана бийликтин аткаруучу органдарынын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда да кенен токтолду.
Мамлекет жетекчисинин мурдагыларга окшобогон, тезистик калыптагы кыска жана нуска ушул кайрылуусу өзүнүн күтүүсүздүгү менен өлкө жарандарында ар түрдүү ой-пикирлерди жаратууда. Айрыкча анын Кайрылуудагы "Улут катары биз кимбиз?", "Сунуш кылынган багытты аткаруу үчүн жоопкерчиликти мен өзүмө алам" деген сөздөрүн көп улуттуу республикабыздын атуулдары күтүүсүз жаңылык катары кабылдашты. Ушуга байланыштуу Президенттин Кайрылуусундагы ошол омоктуу ойлорду, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүнүн маани-жайын элге чечмелеп жеткирүү максатында райондун жетекчилиги аймактагы бардык мекеме-уюмдарга, өнөр жай, бизнес ишканаларына, окуу жайлары менен мектептерине, жалпы эле калкка атайы Кайрылуу жолдодук.
Өлкө Президентинин: "Улут катары биз кимбиз?" деген суроосу Кыргызстанда жашаган бардык улуттун өкүлдөрүнө берилген суроо болду. Ал суроонун жообу - баарыбыздын Ата Мекенибиз Кыргызстан. Анын тоолору, агын суулары, көлдөрү менен токойлору, айылдары менен шаарлары алтын уябыз, киндик каныбыз тамган ыйык жергебиз. Ошондуктан ар түркүн улуттун өкүлдөрү болгонубузга карабай биз Кыргызстандын атуулубуз. Демек, ага ак кызмат кылуу, аны Ата Мекен катары дүйнөгө таанытуу баарыбыздын атуулдук парзыбыз деген терең маанини камтыйт.
Айталы, дүйнөдө канча улуттун өкүлдөрү жашайт. Баары тең "өз өлкөсүнүн жараны" деген атты сыймыктануу менен төбөсүнө бийик көтөрүп, анын дүйнөлүк даңазасы үчүн атуулдук кызматын ак дилден өтөп жатат.
Президент Курманбек Салиевич өз Кайрылуусунда Кыргызстанда жашаган көп улуттуу элдин "Кыргызстан улуту" деген ыйык биримдикке камырдай жуурулушуна өзү ыйык санаган Ата Мекенинин гүлдөп өсүшүнө чыныгы атуул катары белсемдүү салым кошушуна натыйжада Кыргыз мамлекети өзүндө жашаган бардык элдин улуттук нарк-салттарын, маданиятын өркүндөтө алаарына терең ишенгендигин жарыя айтты.
Ким болбосун, адам өзүн тууган жеринин атуулу катары сезгенде гана аны сүйүп, ага ак дилинен кызмат өтөйт. Ата Мекенге болгон ошол сүйүү адамдарды улут катары бириктирет. Аны көз карегиндей сактоого, ыйык тутуп, четтен келген кол салуулардан коргоого белсентет. Өз мекенинин чыныгы атуулу кайда гана жүрбөсүн, ал ар убакта Ата Журтуна, тууган элине пайда келтирүүнү эсинен чыгарбайт, өз мекенинин, улутунун чет жердеги милдеткор өкүлү катары анын кызыкчылыгы үчүн жашайт. Буга мисалдар азыр өлкөбүздө абдан көп. Президенттин Кайрылуусундагы улут катары биригүүнүн нукура мааниси мына ушунда деп ойлойм.
Ал эми Кайрылуудагы: "Сунуш кылынган багытты аткаруу үчүн жоопкерчиликти мен өзүмө алам" деген маани мурда эч болуп көрбөгөн, ошонусу менен ар бир жарандын ага ишенимин бекемдеген Президенттин чечкиндүү кадамы болду. Мына ушул аркылуу мамлекет башчысы ар бир жетекчинин кызматтагы жоопкерчиликти милдеттүү түрдө керт башы менен моюндашы керектигин дагы бир жолу эскертти.
Президент бул жаңы багыттын иш жүзүнө ийгиликтүү ашарына терең ишенет. Ошол ишеним менен бизге - бардык бийлик бутактарынын жетекчилерине кайрылып, анда эки жаңы багытты - кадрлар маселесин, алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө жаңыча мамиле жасоону баса белгиледи. Мында маселе татаал деле эмес, жупуну жана жөнөкөй. Иштей билген киши иштин көзүн табат, болбосту болтурат. Иштей албаганы шылтоону гана табат.
Бул жагынан мамлекет башчысы жергиликтүү бийлик жетекчилери менен болгон жолугушууда маселени мындайча ачык койду: "Сиздердин айылдын, шаардын жана райондун тургундары жакшы жашап калдыбы? Борборго, чет мамлекетке кетип жаткандардын саны азайдыбы? Жаңы жумуш орундары түзүлдүбү? Жергиликтүү бийлик алардын күндөлүк көйгөйлөрүн чечип жатабы, же аларды жогору жакка шылтап жатабы?"
Мынакей, жергиликтүү бийликтин жетекчилери жоопкерчиликти жеке өзүнө алып чече турган маселелер. Ушул өңдүү иш чаралар жер-жерлерде ийгиликтүү чечилсе, социалдык чөйрөдө, экономикада жетишкендиктер болсо ал жыйылып келип эле өлкөнүн, мамлекеттин жетишкендиги. Президент Кайрылуусунда баса белгилегендей, бардык жаратмандык күч менен жеңиш жер-жерлерде. Ийгиликтин пайдубалы бардык учурда аймактарда жергиликтүү жетекчилердин жоопкерчиликти чындап өзүнө алган жигердүү күч-аракеттеринин аркасында түптөлөөрү айдан ачык. Ошондой эле мамлекетте орун алган кемчиликтер да жер-жерлердеги жетекчилердин ишке жасаган кайдыгер мамилесинин натыйжасы. Ага карабай адатта айыл өкмөт башчысынын, акимдин, же губернатордун жана башка бийлик органдарынын жетекчилеринин ишиндеги кемчиликтер үчүн мамлекет башчысын күнөөлөгөн учурлар арбын. Чынында ага биринчи кезекте биз, аткаруу бийлигинин жетекчилери жооптуубуз.
Көп жыл бою мамлекеттик кызматта иштеген тажрыйбадан жакшы билем. Жетекчинин эң биринчи милдети - эл менен эриш-аркак жашоо, анын жашоо-тирлигин, көйгөйүн өзүнүкүндөй жакшы билүү. Алардын ысык-суугун чогуу аркалап, ажат ачып, эң кыйын ишти да чогуу-чаран чечүү. Ошондой алакалаш жуурулушта гана жетекчи эл ишенимине ээ болот.
Өлкө башчысы өз Кайрылуусунда да, жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жолугушууда да, маалымат жыйынында да мамлекетибиздин түндүгүн көтөрүп турган үч бийлик бутактарынын түпкү максатына - ушул тагдыр чечээр тарыхый мезгилде эгемендүү Кыргыз мамлекетинин дүйнө өлкөлөрүнүн алдыңкы сабына чыгышы үчүн бирдиктүү күч менен салым кошуулары керектигине, ал баарыбыздын атуулдук парзыбыз жана милдетибиз экенине токтолду.
Ооба, бул баарыбыздын максатыбыз, милдет катары жүзөгө ашырар ишибиз.