, 20.02.09 - 12-бет:
  Президенттин Кайрылуусунан кийинки ойлор

Академик Бектемир МУРЗУБРАИМОВ:
"Президент биринчи мөөнөтүн ийгиликтүү жыйынтыктоодо"
- Бектемир Мурзубраимович, Президенттин республикабыздын элине Кайрылуусу, маалымат жыйынынын материалдары менен дыкат таанышып чыгыпсыз. Таасирлериңиз кандай?
- Президент Курманбек Бакиевдин 27-январдагы элге Кайрылуусун, 11-февралда журна-листтер үчүн өткөргөн маалымат
жыйынында айткандарын чоң ынтаа коюп уктум. Кайрылууда, маалымат жыйынында өлкөбүздүн коомдук турмушунун бардык чөйрөлөрүнө тийиштүү маанилүү маселелер козголду. Мага улуттук аң-сезим, идеология, маданият, негизги руханий дөөлөттөр жөнүндө айткандары чоң таасир калтырды, көп ойлондурду. Чындыгында бир да мамлекет күчтүү идеологиясыз, маданий жана руханий дөөлөттөрсүз өсүп-өнүгө албайт. Япония, АКШ, Түштүк Корея сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн гана эмес, алардагы ар бир ири фирмалардын, компаниялардын, илимий жана билим берүүчү мекемелеринин өздөрүнүн философиялары, аларга жараша идеологиялары бар. Идеология деген - адамдардын ой-тилектерин, аракеттерин жана көз караштарын бирдиктүү максатка жетүүгө багыттоочу, аларды жүзөгө ашырууга мобилизациялоочу жана шыктандыруучу каражат. Президент өз Кайрылуусунда гуманитардык саясат улуттук аң-сезимге, аны өнүктүрүүгө багытталууга тийиш экендигин белгилесе, маалымат жыйынындагы жоопторунун биринде: "Биздин улуттук идеология биринчи кезекте кыргыз маданиятын, салтын, тилин сактоого багытталышы керек", - деп ачык айтты.
Мен бул жерде Курманбек Салиевич мамлекеттин башына келгенден бери идеологиялык иштерге, маданий жана руханий дөөлөттөрдү өнүктүрүүгө абдан чоң көңүл бөлүп келе жаткандыгын кошумчалагым келет. Алсак, ал 2005-жылы 30-декабрда өзүнүн буйругу менен мамлекеттик жана улуттук идеологиянын концепциясын иштеп чыгуу боюнча курамы 22 адамдан, башында А.Мадумаров турган (арасында мен да болгом) атайын жумушчу топ түзгөн. Биз бир жылдан ашыгыраак убакытта иштеп, көптөгөн отурумдардан, талкуулардан
кийин "Биримдик аркылуу өнүгүү" деген жалпы улуттук идеянын концепциясын иштеп чыгып, жарыялаганбыз. Биз даярдаган концепция элдик маданий, руханий башаттарга негизделип, өзөктүү идеялар мына ошолордон алынган болчу. Мамлекет башчысынын Кайрылууда, маалымат жыйынында гуманитардык саясаттын, идеологиянын башкы максаты - тилди, маданий руханий дөөлөттөрдү сактап, өнүктүрүү керек экендигин баса көрсөтүүсү, албетте, бизди кубандырбай койбойт. Ошондуктан, оппозициянын айрым өкүлдөрүнүн улуттук идеологиябыз жок, андыктан улуттук кызыкчылык жөнүндө сөз кылууга мүмкүн эмес дегендери туура эмес деп эсептеймин. Бул жөнүндө оюбузду өзүнчө айтабыз.
- Жакында элдик революциянын ишке ашкандыгына төрт жыл болот. Сиз ага
чейинки жана андан кийинки саясый окуяларга активдүү катышып келгендердин бирисиз. Элдик революциядан кийинки мезгилдеги негизги жетишкендиктерибиз эмнелерде болду деп ойлойсуз? Өткөн жылдын экономикалык, социалдык жыйынтыктары сизди канааттандырабы?
- Жакшы көрүнүштөр, анын ичинде жетишкендиктер көп эле болду. Алардын баарын санай берсе, бир топко барат. Эң негизгисин айтсам, 2004-жылдын бюджети 18 млрд. сомдун тегерегинде болсо, азыр бюджеттин киреше бөлүгү 44-45,5 миллиард сомго жетип калды. Демек, төрт жылдай убакыттын ичинде бюджетибиз үч эседей өстү. 2005-жылда экспорт 674 млн. долларлык болсо, өткөн жылдын он эле айында 1,1 млрд. доллардан ашты. Бул жакшы көрсөткүчтөр.
Бюджеттин киреше бөлүгүнүн жыл сайын 30%дын тегерегинде өсүүсү айлык акыларды, пенсияларды, жөлөк пулдарды көбөйтүүгө, социалдык маселелерди чечүүгө да өбөлгө түзүүдө. Камбар-Ата-1 ГЭСи, түштүктө эки цемент завод ж.б. ири объектилер курулууда. Өзүбүздөн айыл чарба тракторлору да жыйналып, чыгарылып, дыйкандарга жеңилдетилген шарттарда бериле баштады. Жүздөгөн жол куруу техникалары сатылып алынды. Жолдорду оңдоп-түздөө, социалдык турак-жайларды куруу иштери кескин жанданды. Ошентсе да мен өткөн төрт жылдын ичиндеги башкы жетишкендиктер катарында Маданият жана маалымат министрлиги, мамлекеттик кесиптик билим берүү агенттиги, миграция боюнча комитет түзүлүп, бул багыттагы иштер кескин жакшыра баштагандыгын айтат элем.
Президент маалымат жыйынында туура белгилегендей, мурда айылдардагы маданият үйлөрүн негизинен кара кулптар кайтарып, стадиондордун көпчүлүгүн чөп басып жатса, азыр жер-жерлердеги маданият түйүндөрүн каржылоо бир нече эсе жакшырды. Жер-жерлердеги китепканалар үчүн бюджеттик каражаттардын эсебинен жаңы адабияттар да сатылып алына баштады. Стадиондорду тартипке келтирүү үчүн бюджеттик бөлүүлөрдөн сырткары демөөрчүлөрдүн каражаттары да кеңири тартылууда. Президент өз фондусунан акча бөлгөн учурлар да болду. Мына ошондой чаралардын аркасында маданий мекемелердин көпчүлүгүнүн иштери кескин жакшыргандыгына күбө болуудабыз. Туризм агенттигинин жетекчилери да аябагандай демилгелүү иштешүүдө.
Өнүккөн өлкөлөрдө кесиптик билим берүүгө өзгөчө маани берилет. Аларда адатта мектептен кийин окугандардын 20%ы гана жогорку окуу жайларына тапшырышат, ал эми калгандары кесиптик орто окуу жайларында билимдерин улантышат. Мына ушундан улам Президент К.Бакиев 2005-жылы 1-сентябрда КУУда сүйлөгөн сөзүндө эмгек рыногунда начар инженерлерге караганда квалификациялуу жумушчулардын көбүрөөк талап кылынып жаткандыгын белгилеп, кесиптик-техникалык билим берүү системасын кескин жандандыруунун зарылчылыгын айткан. Президенттин демилгеси менен кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлүп, эл чарбасынын ар түрдүү тармактары үчүн кадрларды даярдоонун сандары да, адистиктеринин түрлөрү да көбөйтүлүп жаткандыгы кубандырат. Бирок, бул багыттагы диспропорция дагы деле чоң бойдон калууда.
Алсак, азыр республикабыздын ЖОЖдорунда окуп жатышкан студенттердин сандары 240 миңден ашса, кесипчилик-техникалык окуу жайларында окуп жаткандар 31,2 миңдейди гана түзөт. Мында өзгөчө көңүл бура турган нерсе, кесипчилик-техникалык окуу жайларын аяктагандардын 75%ы жумуш менен камсыз болушса, ЖОЖдорду аяктагандардын 20%ы гана өз адистиктери боюнча ишке орношушат экен. Экономикалык абалыбыз оңолуп, өнөр жай өндүрүшү, курулуш иштери кеңейген сайын квалификациялуу жумушчуларга муктаждык да артат. Ошондуктан, кесиптик-техникалык билим берүү системасын кеңейтип, өнүктүрүүгө артыкчылык берилүүсү керек деп ойлойм. Кыскартып айтканда, өткөн мезгилде Транспорт жана коммуникациялар, Маданият жана маалымат министрликтериндегилер, кесиптик-техникалык билим берүү жана туризм агенттиктериндегилер, миграция комитетиндегилер жаман иштешкен жок. Жалпысынан элдик революциядан кийинки мезгил ийгиликтүү болду деп эсептеймин. Дүйнөнү финансылык, экономикалык кризистер чырмап турган мезгилде 2008-жылды 7,6%дык өсүш менен жыйынтыктоо жаман көрсөткүч эмес.
- Быйылкы жыл тышкы саясаттагы чоң окуялар менен башталды. Же Президент Курманбек Бакиевдин Москвага жасаган иш сапарындагы сүйлөшүүлөрдө Россиянын Өкмөтү бизге ири өлчөмдө финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алып, ал жөнүндөгү тийиштүү келишимдерге кол коюлду. Андай тышкы жардам экономикабызды өнүктүргөнгө оң таасирин тийгизе алабы?
- Россиянын өкмөтүнүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 1,7 млрд. доллар түз инвестиция жумшап, бюджетти колдоого жеңилдетилген шартта 300 млн. долларлык кредит бөлүп, ар кандай долбоорлорду каржылаганга 150 млн. доллар грант берип, "Дастан" акционердик коомунун акцияларынын жарымы үчүн 193 млн. долларлык карызыбызды кечүүгө макул болуусу - биз үчүн чоң жардам, чоң ийгилик. Камбар-Ата ГЭСтеринин курулуштарында эле 16 миңдей жумушчу орун түзүлөт, инфратүзүмдөр өнүгөт, бюджетке чегерүүлөр көбөйөт. Эми негизги маселе, мына ошол бөлүнгөндөрдү, мурдагы кредит, гранттардай уурдатып, талатып жибербей тыйынына чейин максаттуу жумшоодо турат. Бизге мурда билим берүү, саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүндөгү көптөгөн долбоорлор, программалар, "Таза суу" долбоору боюнча көптөгөн ири суммалардагы кредиттер, гранттар келген менен алардын максаттуу, натыйжалуу жумшалгандыгы жөнүндө ынандырарлык фактылар аз болуп жатпайбы. Кредиттер, гранттар жөнүндө сөз болсо эле алар уурдалбай, таланбай максаттуу жумшалса экен деп калдык. Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга бөлүнчү инвестициялар биргелешкен ишканага түз келет, эки тараптан тең көзөмөл болот, алардын сарпталышынан шек санабаса болот. Бирок, бюджетти колдоого, ар кандай чакан дол-
боорлорду каржылоого бериле турган кредит, гранттардын бөлүнүшү, сарпталышы ачык айкындуулукта, коомчулуктун көзөмөлүндө жүргүзүлүшү керек. Ошондо гана Россиядан алынган кредит, гранттардын натыйжалары болот, мурдагылардын көбүндөй жолдо, белде таланып, кумга сиңген суудай жок болбойт. Анан менин бул жерде кошумчалай кетейин дегеним, фискалдык органдардын жетекчилери жүздөгөн миллион сомдук уурдоолордун, жеп-ичүүлөрдүн аныкталганы жөнүндө билдирүүлөрдү көп жасашат. Бирок, алардын канчасы бюджетке кайтарылды? - деген суроого жооп таба албайсың. Ошондуктан, ар жылдын жыйынтыгында уурдоо, жеп-ичүүлөрдүн максатсыз чыгымдалгандардын суммасы менен кошо алардын канчасы бюджетке кириштелгени жөнүндө маалыматтар да берилип турса жакшы болмок.
- Бийлик оппозициядагылар менен дайыма ийри отуруп түз кеңешүүгө, кызматташууга даяр экендигин билдирип, бул боюнча конкреттүү кадамдарды жасоодо. Бирок, айрым билдирүүлөрүнө, Кайрылууларына караганда оппозициядагылардын радикалдарынын компромисттерге, консенсуска бара турган түрлөрү жок. Алар максима-
листтик талаптарды гана коюп жатышат. Андай көрүнүштөргө карата сиздин көз карашыңыз кандай?
- Демократиялуу коомдо оппозиция сөзсүз болот. Кайсыл бир чоң саясатчы: "Эгерде оппозиция болбосо аны жаратуу керек", - деп айткан эмеспи. Анткени, оппозициядагылар бийликти камчылап, Б.Ельцин айткандай: "Шибеге менен сайгылап, кемчиликтерин көрсөтүп, магдырап кеткенге мүмкүнчүлүк бербей турат. Биздин Президентибиз да: "Оппозиция болуш керек, ансыз бийликтин көзүн май басып кетет", - дебедиби. Бирок, оппозиция объективдүү, конструктивдүү, калыс болушу керек. Бийликтин кемчиликтерин эле чукулап, көп учурларда апыртып, жалганды чын, чындыкты калп деп бурмалап, жок жалааларды эле жаба бербестен, коомдогу алгылыктуу көрүнүштөрдү да айтып, анан кемчиликтерди сындаса. Андай пикирлерге бийликтегилер да көңүл бурушат, эл да кулак салат. Анан оппозиция деген ушундай болот экен деп эле элдин баары көрүп турган жакшы көрүнүштөрдү деле: "Мен көргөн жокмун", - деп танып, адамгерчиликке сыйбаган ар кандай орой сөздөрдү айта бергендер өздөрүнүн кадырларын гана кетиришет, социалдык кыртыштарынан ажырашат. Андай радикалдарга эл да ишенбей калат, бийликтегилер да "баягы барксыз, нарксыз жарамазандарын айта беришсин, бизге ысыгы да, суугу да жок" деп көңүл бурбай коюшат. Ал радикалдардын өздөрүнө эле жаман.
Президент Курманбек Бакиев бийликке келгенден тартып оппозициядагыларга аябагандай ийкемдүү, конструктивдүү мамиле жасоодо. Бир кезде өз дарегине орой сөздөрдү айтып, мазактагандар менен деле консенсуска барып,аларды чоң кызматтарга коюп жатат. Бул жагынан анын айкөлдүк кылып жаткандыгын моюнга алышыбыз керек. Бирок, ал да адам, анын сабыры чексиз, каргап-шилеп, мазактап, фантазиялары жеткен жалаалардын баарын жаба берсе деле чыдап, көтөрө берет деп ойлоо да туура эмес. Президент маалымат жыйынында: "Эгерде оппозиция кемчиликтерди көрсөтсө, конкреттүү сунуштарды киргизсе, маселени чечүүнүн ачык жолдорун айтса, андайлар менен дайыма сүйлөшүүгө, иштешүүгө барамын", - деп конструктивдүү
диалогго даяр экендигин билдирди.
Президенттик кезектеги шайлоого аз эле убакыт калды. Менимче, радикалчыл оппозициядагылар "кетсинизмди" ташташып, бардык мүмкүнчүлүктөрүн, күчтөрүн шайлоого сакташса, өздөрү даярдаган материалдарга, билдирүү, кайрылууларга жоопкерчиликте мамиле жасашса туура болмок. Айрым ич күптүлүүлөрдүн төрт жылдын ичинде көзгө көрүнөрлүк эч нерсе жасалган жок деп ооздорун куу чөп менен аарчып, фактыларды да танып туруп алуусу жөнөкөй адамгерчиликке да туура келбейт. Анан жалпыга маалымдоо каражаттарынын бийлик тараптагылар, оппозициячылдар болуп, экиге бөлүнүп алышы туура эмес деп ойлоймун. Оппозициячыл басылмалар болсо бийликтин туура иштерин да туура деп айтышпайт, дайыма бурмалашат, ал эми өкмөттүк гезиттер оппозициячылдарды өздөрүнө жолотушпайт. Орустар орточулдукту "алтын" деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай оппозициячыл басылмалар бийликтин жакшы жактарын да көрсөтүп, ал эми өкмөттүк ЖМКлар оппозициядагыларга да орун берип турушса, өздөрүнүн беделдерин гана арттырышмак.
- Курманбек Бакиев маалымат жыйынында кезектеги президенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирди. Буга карата сиздин көз карашыңыз кандай?
- Президенттик марафонго катышууга анын укугу бар, ал Баш мыйзамда көрсөтүлгөн. Анын элдик революциядан кийинки мезгилде кандай иштегендиги жөнүндө оюмду, көз карашымды жогоруда билдирдим. Мага анын өз Кайрылуусунда: "Сунуш кылынгандардын аткарылышы үчүн бардык жоопкерчиликти өзүмө аламын", - деген ишенимдүү сөзү өзгөчө жакты. Курманбек Бакиев элдик революцияны жетектеп, ишке ашыруу менен ансыз деле аябагандай чоң жоопкерчиликти өзүнө алган. Ал Президенттик биринчи мөөнөттү негизинен ийгиликтүү жыйынтыктоодо. Демек, анын экинчи мөөнөткө шайлоого барам дегени мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"