, 20.02.09 - 11-бет:
  Тарых

Улуттун улуу уулдарын аныктай турган учур келди
"Эр адам асыл ойду ойлонот, ак сөздү сүйлөйт, туура ишти жасайт".
Саратуштура.
Тарыхты ким бурмалап жатат?
2008-жылдын ноябрь айында философия илимдеринин доктору, профессор Хусейин Исанын кыргыз интеллигенциясына багыттаган кайрылуусу жарык көрдү. Ал "Кыргыз Туусу" баш болгон бир нече гезиттерге ар кандай аталыштар менен жарыяланды.
"Сөз чындыгынан бузулбайт" дешкен ата-бабаларыбыз. Анан дагы: "Мин жыл көң төбөдө жатса да, таза алтынды дат баспайт" деп айтышкан байыркылар. Жөн адамдан окумуштуунун айырмасы ушунда: ал өзүнүн жүргөн-турганы боюнча да, жасаган иши боюнча да, ой жүгүртүүсү боюнча да башкалардан бийик турушу керек. Экинчиден, кудай алдында жана өз элинин алдында чындыкты гана айтууга милдеттүү. Ошондо гана анын кадыр-баркы, эл-журтунан көргөн урмат-сыйы ошого жараша бааланат.
Чынын айтыш керек: ушундай калыс сөздү эртеби-кечпи кимдир-бирөө айтмак. "Кыргыз тарыхын" жазып жаткан окумуштуулардын көбү улутчул эмес, уруучул жана ушул убакка чейин "орусчул" позицияны карманып келатканы тарых менен тааныштыгы бар адамга ачык эле көрүнүп турат. Аны далилдеш үчүн көп акылдын деле кереги жок. Ал тууралу төмөн жакта дагы сөз кылабыз.
"Биз улуттук аң-сезимди калыптандыргыбыз келсе, анда чын эле "Кыргыз тарыхы" уруулук же региондук деңгээлден жогору туруп, улуттук деңгээлде жазылууга тийиш. Бирок, тилекке каршы бул ой али ишке аша элек экенин танууга болбойт. Айрыкча аны жазып жаткан тарыхчылардын бийиктиги өзгөчө мааниге ээ. Эгер азыркы "Кыргыз тарыхындагы" жазылгандай "бир уруунун бийлери" жалпы кыргыз элинин көрүнүктүү адамдары сыяктуу карала берсе, анда эртеби-кечпи чыр чыгат. Анда чыр-чатактын башы - "Көкөтөйдүн ашы" болбостон, "Кыргыз тарыхы" болот.
Мен кесибим боюнча жазуучу, журналист болгонум менен билимим боюнча тарыхчымын. Анан, кийинки учурларда кыргыз тарыхына, өзгөчө анын байыркы тегине изилдөө жүргүзүп жүргөн адамдардын бири катары айтарым бул: азыркы "Кыргыз тарыхынын" орус заманынан бери оңдоло элек каталары абдан көп. Эгемен эл, эркин мамлекет болгонубузга карабай, али да көп нерселер эскиче жазылып жүрөт. Аны биз ачык айтканга чейин авторлордун өздөрү оңдошот го деген ойдомун. Эми сөздү жогоруда профессор Хусейин Иса кеп кылган тарыхый инсандар тууралуу кепке бурайын. Алар жөнүндө белгилүү окумуштуу Омор Соорон сопу да "Кыргыз Туусу" гезитине далилдүү, мыкты жазды. Эми алар жөнүндө менин жеке пикирим мындай:

Жантай тууралуу
Жантай хандын Чүйдүн оң жээгин казактарга качан, эмне үчүн берип жибергени тууралуу "Кыргыздар" деген китепте минтип айтылат: "...Чапырашты казактарына бул жерди берүү менен жалпы Улуу жүз жана Орто жүз казактары менен тынчтыкта жашоого аракет кылган. Байтели, кооман жана дөөлөт уруулары Жантай ханга жер сурап келгенде, илгери салт боюнча куру келбей, "кырк байтал, бир айгыр" тартуу алып келишкен. Кийинчерек казактар Чүйдүн оң өйүзүнө келип отургандан кийин Жантайдын душмандары жана аны көрө албагандар "Жантай хан Кара-Булактан Мыкандын Кара-Суусуна чейинки Чүйдүн оң жээгин казактарга "кырк байталга сатып жиберген" деген жалаа-күнөө таратышкан". (Кызаев А., Жантай хан, "Кыргыздар" деген китептин 6-т., Бишкек, "Учкун" ААК, 2004 ж., 119-бет.).
Көзүбүз менен көрүп турган нерсени "жалаа-күнөө" десек, Жантайга чейин ушул жерди жер кылып, ал жер үчүн канын төгүп коргоп келишкен ата-бабалардын арбактары алдында, кудай алдында кечирилгис күнөө болот. Кандай болгон учурда да анын жер бергени чындык. Аны сарбагыштын тынайынан чыккан санжырачылар да танбайт.
Анткени, жогоруда айтылган жер азыр бизге тиешелүү эмес. Б.а. ал жер бүгүн Казак мамлекетинин жери. Сөздүн баары ошондон улам чубалып чыгууда. Жантайдын ушул "жер сатканын" уялып унчукпай калгандын ордуна, кайра аны коргоп жаткандар да болууда. Чынын айтсам, мына ушул позиция мени көп ойго салды жана ушул макаланы жазууга түрткү болду.
Эгерде кече кытайдан келген дунгандарга окшоп, казактар жашаса да жер биздики болгондо, мындай сөздөр сүйлөнмөк эмес. Маселенин баары жер башка элдин колуна өтүп кеткенинде болуп жатат.
Жогоруда биз шилтеме берген автор өзү ошол жердеги "соодалашууда" катышкансып, "Жантай жерди бекер берген" деген ойду айтат. Бул абдан кызык. А эмне үчүн бекер берет? Жок дегенде "кырк байталга" сатпайбы?
А ырасын айтсак, жер бүгүн пайда болуп, эртең жок болуп калчу бир буюм эмес. Ал эл жашап турганда, аны багып, чоңойтуп, өстүрүп, көтөрүп турчу түбөлүктүү Мекен! Ошондуктан аны "жер эне" дейбиз. Демек "жерди саткан - энесин сатат" деген сөз туура. Ата-бабалар ээлеген жерди "ата журт" деп айтабыз. Демек жерди саткан адам - ата журтун сатат. Жогоруда ата-бабалар: "Жер - мамлекеттин негизи" деп айтканын айттык. Демек жерди саткан - Мамлекеттин негизин сатат. Жерди берген - Мамлекеттин негизин берет. Ошондуктан Жерге кызмат кылган Элге да кызмат кылат.
Улуттун деңгээлинде ойлонгон адам үчүн Жер - ыйык, касиеттүү Мекен. Ал эми Сары Өзөн Чүй бир эле Жантайдын жери эмес болчу. Ал жер жалпы Кыргызга тиешелүү эле. Анткени, жер урууга эмес, Элге тиешелүү мурас. Тагырак айтканда, жерди уруу ээлей албайт, жерди Эл ээлейт. Эл ээлеген жерде гана мамлекет түзүлөт.
Ё Ё Ё

Жантай улуттун деңгээлинде эмес, уруунун деңгээлинен ашык ой жүгүртө албаган адам экени көрүнүп турат. Бирок аны "хан" деп атаган санжырачылар менен тарыхчыларга таң калам. Демек алар "хан" деп байыркы көчмөн элдер кимдерди айтканын билбегендер. Анткени, Россиянын кол алдына кызмат кылганы өткөн мезгилде ал ал турсун сарбагыштын бир бутагы болгон тынай уругунун эле бийи болгон. Мына "Кыргыздар" деген китептеги жазылган маалыматка көз жүгүртүп көрөлү: "Узун-Агачтан кийин 1862-жылы сарбагыштын тынай уругунун чоң манабы Жантай Карабеков Верныйга барып, Чүй өрөөнүндөгү кеминдик кыргыздар Россиянын курамына өтөрүн билдирет. Ушундан кийин Жантай жана анын уулу Шабдан орус бийлигине кызмат кылууга өтүшөт. Ормон хан өлгөн соң Жантай сарбагыш манаптарынын кадырлуу башчысы болуп калган. Ага 1867-жылы полковник чини ыйгарылган жана алтын медаль менен сыйланган." (Ушул эле "Кыргыздар" деген китептин 121-бети).
Жогорку маалыматты мен айтып аткан жерим жок, же Хусейин Исаевдин, же Омор Соорон сопунун жазганы эмес. Жантай менен Шабданды "мактап" жана "актап" жазып аткандар өздөрү айтып атышат. Ушул маалыматтын өзү Жантайдын "жер саткан" гана эмес, "эл саткан" дагы адам экенин көрсөтүп турат.
Демек, ал Россияга таянып күч-кубаты, кадыр-баркы артып, сарбагыштын кадырлуу манабына айланган. Ал эми Россия болсо баскынчы эл болчу. Демек, Жантай өз элине эмес, баскынчы элдин күчү менен саясый бийлигин бекемдеген.




Бири кеткен Каңгайга, бири калган Алтайда...
Кытайлык кыргыздарга саякат
(Башталышы гезиттин №11 санында)
Өткөн кылымдын экинчи жарымынан тартып Шиңжандагы кыргыздар, өзгөчө Или, Ак-Суу, Лобнор, Кашкар, Кызыл-Суу, Ак-Тоо аймактарында жашагандары дыйканчылыкты да өздөштүрүүгө өтүшкөн. Аларда жашаган кыргыздардын ар кожолугунун орто эсеп менен 3-4 гектардан айдоо, 40 гектарга чейин жайыт жерлери бар. Айдоо жерлер экиге бөлүнөт да, бир бөлүгүнө ээлери каалаган эгин-тегиндерин эгишет, тамак-ашка керектелүүчү жашылча, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүшөт. Ал эми экинчи бөлүгүнө мамлекет заказ кылгандар гана өстүрүлөт. Мамлекет көбүнчө буудайга заказ берет.
Дыйкандар жакшы түшүм алсын үчүн мамлекет кредит, үрөн, химикаттар жагынан жардам көрсөтөт. Мамлекет өзү заказ кылгандарды күзүндө алдын ала макулдашылган баада милдеттүү түрдө сатып алат. Шиңжандык кыргыздар орто эсеп менен 2 гектар жерди иштетүүгө 700-800 юань (3500-4000 сом) жумшашып, ар гектардан 40-65 центнерден буудай алышат. Жер иштеткен кыргыздардын үчтөн биринин 2-3төн ую, бир аты, он чакты кой-эчкиси бар. Сегиз жүздөн 2 миңге чейин кой эчкилери, 70-80 бодосу, айыл чарба техникалары барлар бай катарында эсептелишет, алар Шиңжандык кыргыздардын 10-25 пайызын түзөт. Орто оокаттуулардын 100-200дөн коюу, 20-30дан бодосу бар, алар калктын 60-70 пайызына барабар. Ал эми бир аты, эки ую, 5-10 кой эчкиси барлар кедей делинип эсептелинишет. Алар 10-20 пайыздай. Бирин-серин эч нерсеси жок үй-бүлөлөр да бар. Аларга мамлекеттин эсебинен стандарттык чакан үйлөрдү куруп, азык-түлүктөрдөн жардам көрсөтүп турушат.
Айылдык кыргыздар жыл
сайын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша мал сатып, киреше алып турушат. Бирок, ырасын айтыш керек, бизге салыштырганда Шиңжанда мал кыйла арзан. Маселен, 2006-жылы Текес, Монголкуро райондорунда болгонубузда эки жылдык бодонун баасы 700-800, торпок, тай торпоктор 320-350, музоолор 80-100 юандан сатылып жаткан. Бодо малдарга салыштырганда жылкылар кымбатыраак. Алсак, Текес районунда тай 140-145, кунан 250-300, быштылар 400-450 юань, кулундуу бээлер 650-800, бир асый аттар 500-600, ирик койлор 100-120, койлор 60-70, козулар 50-60 юань турат. Албетте, акыркы финансылык окуяларга байланыштуу Шиңжанда малдын баасы кымбаттап кетиши мүмкүн.
Шиңжандык кыргыздар алыскы жайлоолорго көчкөндө, айыл ичиндеги иштерге минген жана жүк ташуучу унаа катарында аттарды, төөлөрдү, бийик тоолордун арасында жашагандары топоздорду пайдаланышат. Транспорттук каражаттардын эң кеңири тараган түрү - араба болуп саналат. Биз Хотенде болгонубузда төө чегилген арабаларды да көрдүк.

Үйлөрү
Өткөн кылымдын ортосуна чейин шиңжандык кыргыздар көчмөн жана жарым көчмөн болуп жашашып, жылдын көпчүлүк мезгилинде боз үйлөрдү, алачыктарды пайдаланып келишсе, азыр алар көп жерлерде унутулган же унутулуп бара жатат десек болот. Алсак, Сары-Кыя, Кең-Кыр, Куланаргы, Ак-Суу, Лобнор сыяктуу ж.б. жерлерде жашаган кыргыздар боз үй, алачык дегендер эмне экендигин эстеринен чыгарышкан. Азыр алардын мал баккандары бийик тоолордогу жайлоолорго да таштардан же ылай кирпичтерден бир-эки бөлмөлүү үйлөрдү куруп, жайында ошондо жашашып, күзүндө аларды кулптап коюп, кыштоолорго түшүп келе беришет.
Тарбагатайлык кыргыздар гана эмес, казактар да кийиз үйлөрдү (боз үй) жайкысын кеңири пайдаланышат. Улуу Чатта, Ак-Чийде жашагандар боз үйлөрдү жасашат, пайдаланышат, бирок эмнегедир алар "ак үй" деп аташат экен. Илинин, Памирдин, Ак-Тоонун айрым айылдарында жашаган кыргыздар жайлоолорго чыгышканда "сайма алачык" дегенди пайдаланышат. Алар боз үйлөргө окшош, бирок бир гана айырмасы; керегелери жок.
Шиңжандык кыргыздар отурукташа баштагандан кийин үй курганды уйгурлардан, ханзулардан жана казактардан үйрөнүшүп, ошолордукуна окшоштуруп салышкан. Кыргызстанда, башка өлкөлөрдө менчик үйлөрдүн архитектурасы, тышкы көрүнүштөрү, ички дизайндары, колдонулган курулуш материалдары үй ээлеринин кирешелерине жараша ар кандай болсо, Шиңжандагы кыргыздардын үйлөрүнүн
дээрлик бардыгы бири экинчисине калыптан чыгаргандай окшош. Адатта алардын үйлөрүнүн баары үч бөлмөдөн турат. Сырткы эшиктен меймандарды күтүүчү ортоңку чоң бөлмөгө киресиз. Эшиктин маңдайындагы төр эң ардактуу орун деп эсептелинет. Андан оң жактагы бөлмө ашкана катарында пайдаланылат, азык-түлүктөр сакталат. Ортоңку бөлмөдө жерге салынган
кийиз, таар, көрпөчө төшөктөрдөн, дубалдардагы туш кийиздерден башка эч нерсе болбойт. Ашканаларында деле идиш аяктар салынчу шкафтан башка эч нерсе жок. Үй-бүлө мүчөлөрү убактыларынын көбүн ашканада өткөрүшөт, телевизор, радио, музыкалык борбор, ДВД сыяктуу маселелер да ошерде турат. Ортоңкудан сол жактагы бөлмө уктоочу жай катарында эсептелинет. Ал жакка эс алып жатканы гана киришет. Мүмкүнчүлүктөрүнө жараша үч бөлмөлүү үйдүн бир жагына бир же эки бөлмөнү "Г" формасында улап куруп алгандары да аз эмес. Ал кошумча бөлмөлөр складдык жай же ашкана катарында пайдаланылат. Адатта негизги үйлөр да, кошумча жайлар да (эгерде ашкана катарында пайдаланылса) төгөрөк, төрт бурчтуу формалардагы темир мештер менен жылытылат, кыштардан орнотулган мештерди билишпейт. Жаан-чачын аябай аз болгондуктан үйлөрүн чатырчалап да жабышпайт, тоосундардын үстүнө кара шып ургандан кийин саман аралаш ылай бастырып, тол менен жаап коюшат. Кызыл-суулук кыргыздардын үйлөрүнүн терезелери көчө тарапка эмес, короонун ичине гана каратылып коюлат. Бөлмөлөрдүн полдорун цементтеп коюшат же кирпич, байыраактары кафель төшөшөт.
Памирлик, хотендик кыргыздардын үйлөрүнүн айнектери көчөнү же короону карабайт. Терезелери кире бериштеги бөлмөгө карай чыккандыктан, чак түштө да жарык аз болот.