№13, 20.02.09.





 
email • архив • редакция  Башбарак   



"Кыргыз Туусун" талаш-тартыш менен алабыз
Түрдүү рубрикалардын астында кызыктуу материалдарды жарыялоо менен элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан "Кыргыз Туусу" гезити, күн сайын калың элдин катмарына сиңип бара жатканы өтө кубанычтуу. Бирок, өкүнүчтүү жери айылдык почточу бизге гезиттин жаңы сандарын убагында жеткирбейт. Пенсия таратканда гана бербесе, ага чейин колубузга тийбейт.
Жакында эле күркөдө "Кыргыз Туусу" гезитин күтүп отурсам, 2-3 адам келип: "Гезит качан түшөт"? - деп сурап жатышты. Сатуучу : "Бир аздан кийин келип калат",-деп коет. Аңгыча гезит да келди. Туз сураган койлордой "Мага, мага бер" деп талашып, "Кыргыз Туусу" түгөндү. Жашы 70тен өткөн абышкага гезит жетпей калып, бир кызыктай абалда калды. "Жок дегенде бир нуска коюп кой дебедим беле",-деген бойдон жолуна түштү. Балким, башка жерден тапкандыр. Кыскасы, Өзгөн районунда "Кыргыз Туусун" талашып окугандар көп. Ойлоп көрсөм биздин райондо эки жүз миңден ашык калк жашайт экен. 100 адамдын 10 адамы гезитке жазылса жакшы болчудай.

Бакыт ДӨӨЛӨТОВ,
Өзгөн району

Редакциядан: Жазылуу жер-жерлердеги байланыш түйүндөрүндө улантылып жатат.

Жазылуу баасы:
(почта кызматын
кошпогондо) -
3 айга - 216 сом,
6 айга - 432 сом,
1 жылга - 864 сом.