, 17.02.09 - 16-бет:
  Кут болсун!

"Президент Германиядан мага аккордеон ала келиптир!.."
Алтынай Нарбаева,
КРнын эмгек сиңирген артисти, "Ысык-Ата -
Арашан" элдик фольклордук ансамблдин солисткасы:

Рыспайдын, Асанкалыйдын, Түгөлбай Казаковдун, Кочкоровдун, ж.б. классик обончу-аткаруучулардын, композиторлордун ырларын өздөрүнөн ашырса ашырып, асты кемитпей ырдаган аккордеончу кыз Алтынай Нарбаева мына ушундай жаңылыгын көкүрөк-көңүлүнө батырып, Президент белек кылган заманбап аккордеонун ийнине көтөрүп алып, кубанычы кучагына сыйбай, алып учуп жүргөн кези экен.
- Ырчы кыздын жаңылыгына кошо кубанып, маңдайыбыз жаркып, биз дагы өзүбүз өзүбүзгө батпай турабыз! - дешет анын айлана-тегерегиндеги күйөрмандары, кесиптештери. - Бул не деген жакшы кеп, бу не деген жөрөлгө?!
Чындыгында эле Алтынай - аккордеонун жонунан түшүрбөй, нукура үнү менен, өзү аркалаган ушул өнөрдү сүйүү менен, анан калса фонограммасыз ырдаган кыздардын ичинен суурулуп чыккан жалгыз аккордеончу-аткаруучу. Эл ичиндеги мына ушундай майда көрүнгөнү менен маанилүү көрүнүштөрдү, таланттарды байкап, угуп, баалап, атайын ага кам көрүп, алыстан аккордеон көтөрө келиш… бул ажого таандык: "Улук болсоң - кичик бол", "Өнөрдү сыйлаган - өсөт" деген улуулук болуп жүрбөсүн?..
- Мен өзүм деле күткөн эмесмин. Бул менин өмүрүмдөгү эң ыйык, эң эсте каларлык белек болду! - дейт Алтынай Нарбаева. - Экинчиден, бул ишеним - менин эл алдындагы жоопкерчилигимди арбытты. Мен Президенттин белегин: "Мындан да мыкты иштеп, дагы- дагы изденип, элге рухий аруулук, ырахат арнооң керек!.." - деген тапшырма катары кабыл алдым.
Алтынайдын чыгармачылык жолуна сереп салсак, ал 1993-жылы И.Арабаев атындагы педагогикалык институттун музыка мугалими адистигин бүтүргөн. Учурда № 67 мектепте мугалимдикти аркалап, ага удаа эле Ысык-Ата районунун маданият бөлүмүндө солистка болуп эмгектенет. Ал эми ансамблдин көркөм жетекчиси - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер - Болот Эдигеев, дирижеру - Кыргыз Республикасынын эл артисти Жумакадыр Каниметов.
- Менин чыгармачылыгымда, ийгилигимде бул жетекчилердин, ансамблдин ролу чоң, - дейт Алтынай кесиптештери тууралуу.
Анан да ушул жылдын көктөмүндө - май айында салтка айланган жеке концертин берет. Бул концертке өзгөчө маанай менен камылга көрүп жатканын айтат ырчы кыз.
- Сегиз жылдан бери ушул айда концертимди берип жүрөм. Былтыркы концерттен улам Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти болдум эле. Быйыл болсо Президентибиз мага арнап атайын Германиядан ала келген аккордеон менен ырдаганы турам…
Айтмачы, ырчы кыздан бул "Хохнердин" башка аккордеондордон өзгөчөлүгүн сураганыбызда:
- Аккордеон мага биринчиден, улуу адамдын колунан алганым менен баалуу болсо, экинчиден, башкалардан үнүнүн тазалыгы, оригиналдуулугу менен айырмаланат. Баасы да бир топ кымбат турат. Айтор, аны карап эле тургум, анан да эч чарчабай ойногум, ырдагым эле келет, - дейт ал. "Хохнердин" дагы бир өзгөчөлүгү - анын нота коюучу атайын тирөөчү да бар экен. Ал эми сырткы кеби - сандыкчасы гастролдордо алып жүрүүгө абдан ыңгайлуу. Аны көтөрүп да, дөңгөлөтүп сүйрөп жүрүүгө да болот.
- Эң жакшы көргөн ырың кайсыл, Алтынай?
- Ар бирин жакшы көрөм. Ар бирин жүрөгүмдүн тереңине бөпөлөп катып, кайра ошол жерден алып чыгып элге арнап, анан кайра катып алам… Айрыкча улам жаңы ырым кенже баламдай аялуу, наристе сезилет. Ошону эле кайра-кайра ырдагым, элге көрсөткүм - угузгум келет десең…
Бала демекчи, Алтынай үй-бүлөдө да бактылуу эне, сүйүктүү жар. Жолдошу Тургуналы - инженер- куруучу. Кесиби башка болгону менен, жубайынын талантын кубаттап, алга сүрөп турат.
Анда белегиңер кут болсун, жубайлар!
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"