, 17.02.09 - 12-бет:
  Билимди элден изде, алтынды жерден изде

Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
Нуржигит
КАДЫРБЕКОВ,
Кобе университетинин магистранты, Япония

(Башталышы гезиттин
№11 санында)
Элүү жаштагы элпек окуучу
Япондордун дилгирлиги жана күжүрмөндүүлүгү күчтүү келет. Баштаган ишти чала бүтүрмөй же бүтүрбөй таштап коюу буларда дээрлик жок. Гитараны үйрөнүш үчүн бир япон Испанияга атайын барып, бир нече жыл жашаптыр. Азыр анын гитар ойногонун көрсөң тим эле керемет.
Президент К.Бакиев Японияга расмий сапар менен келгенде кыргызча таптак сүйлөгөн япон кызды жолуктурдук. Кыргызстанда болуп келгендиктен, Президенттин сапарынын урматына атайын Тсукуба шаарынан келиптир. Болгону бир жылча Бишкекте жашап, биздин тилибизди ушунчалык мыкты өздөштүргөнүнө баракелде дедик. Анын жанында топ кыргыздар орус тилинде баарлашып жатканыбызга бир аз ыңгайсызданып турдум.
Менин Йошида деген таанышым элүү жашка таяп калган дарыгер. Орус тилин үйрөнгүм келет дегенинен, орусча сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү жазып берсем бир жуманын ичинде бардыгын жаттап, дагы сабак алганы келиптир. Бир жарым саатча жанымда олтуруп, бешенесинен тер чыккыча жаңы сөздөрдү кайталап, орусча сүйлөмдөрдү түзүп олтурду. "Орусияга барганы жатасызбы?",- десем, "Жок, жөн эле кызыктуу тил болгондуктан үйрөнгүм келет дейт". Элүү жашында убактысы менен эпкинин (энергиясын) өзү керектебеген нерсеге кетирип эмне кылат деп таң калдым. Бир жагынан, Йошиданын ушул курагындагы дилгирлиги, билимге умтулуусу мени шыктандырды. Бизде негедир отуздан ообой туруп эле чын-төгүнү аралаш "карып калбадыкпы" дегендер көп. Кобе университетине өтүп, жумушумду таштаганы жатсам тааныштарымдан бирөө мага да "карыгыча окуй бересиңби?" деп айтты эле.
Япондордун спортко да мамилеси ошондой, бир гана түрү менен машыгып, кыябын келтире үйрөнүшөт. Жарым жыл күрөш, жети ай бокс, анан бир жарым жыл сууда сүзүү менен машыгып же андан, же мындан жок болгон "спортчуларды" жолуктура элекмин. Жапжаш туруп карате, айкидо, дзюдо, кэндо сыяктуу чыгыш кармаштары боюнча кара курдун ээлери болгондор канча. Машыгуу сааты аяктагандан кийин же эс алуу күндөрү залдарга барып, өз алдынча тынбай машыккандар көп. Жакында Хитоцубаши уиверситетинен айкидо чеберлери Кобе университетине тажрыйба алмашканы келишиптир. Арасында бир гана буту менен балдак таянып баскан кыз жүрөт. Байкасам, башкалар туруп жасаган көнүгүүнү отуруп алып жасап, машыгат экен.
Айкидонун кара курун (черный пояс) алганга жетишиптир.

Алакандагы ак кагаз
Бир жолу жолдо келе жатып момпосуй жедим. Караңгыда мени эч ким көрбөсө да, момпосуйдун кабыгын ыргытууга колум барбады. Анткени, япондордун шаарлары ушунчалык таза. Шаарды таза кармоо бир гана шаар бийлигинин милдети эмес экенин бардыгы мыкты түшүнүшөт. Ошондуктан, каалаган учурда эшикке чыгып таштанды ыргытуу деген буларда жок. Атайын сатылган желим каптарга күйө турган, ыргытыла турган жана кайра иштетиле турган таштандыларды бөлүп салышат. Аларды жуманын эки гана күнүндө эртең менен таштанды ташыган унаа келээр сааттан алдын-ала эшикке алып чыгышат. Ошондуктан таштанды дегенди дээрлик көрбөйсүң.
Көчөдө ит жетелеп бара жаткандар өздөрү менен кичинекей баштык (пакетик) ала жүрүшөт. Ит иттигин кылып, жолду булгап койсо, ошону да калтырбай, тазалап баштыкка салып ала кетишет. Ушуларды көрүп жүргөндүктөн, кичинекей кагазды көчөгө ыргытууга бетим чыдабай, алаканымда үйүмө барганча ала кеттим. Тазалык өзүнөн өзү боло берчү нерсе эмес. Ал үчүн канча адамдар тынбай мээнет кылышат. Кызыгы, бул жакта эшик шыпыргандардын көбү улгайган кишилер. Чоң аталарыбыздай кишилердин, дегеле башкалардын мээнетин сыйлабасак адамдык ахлагыбыз кайсыл.

"Мен сени азиялык деп ойлоптурмун"
Жаңы эле таанышкан япон курбум сурайт:
- Кайдансың?
- Кыргызстанданмын.
- Ошондойбу? Өңүңдү карап мен сени азиялык деп ойлоптурмун.
- Туура эле ойлогонсуң, Кыргызстан Азияда, болгондо да анын чок ортосунда…
- Ээ, чындаппы?
… Чынында, Японияда, дегеле дүйнөдө сүйүктүү мекенибизди көп таанып-биле беришпейт. Мен эле эмес бул жактагы башка мекендештерибиз таанышкан япондордун басымдуу көпчүлүгү биринчи жолу кыргызды көрүшүм, өлкөңөр кайда деп сурашат экен. Борбордук Азияда десең аны да көбү билишпейт. Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстан… жайгашкан жер десең, жалаң "стандар" турбайбы "-стан" деген эмне дешет. Мурдагы СССРде болчу десең, "Рошиа дес ка?" ("Орусиябы?") деп сурашат. Кыргызстанда бардыгы орусча сүйлөйт деп түшүнгөндөр да көп. Бир кыргыз кыз биздин өлкө Кытайдын жанында десе, анда кытайча да билесиңби деп сурашыптыр.
Мени япондордун Кыргызстанды Европада деп ойлогондору таң калтырды. Тааныша келгенде өзүң кыргыз болгонуң менен өңүң бизге-азиялыктарга окшош экен деп көп айтышат. Осакада жашаган Назым Байбосунов деген жердешибиз 2005-жылы Нагоя шаарында өткөн дүйнөлүк чоң көргөзмөдө Кыргызстандын көргөзмөсүн тизмеден Азия өлкөлөрүнүн арасынан издеп таба албай, Европа өлкөлөрүнүн арасынан тааптыр. Интернеттеги жапончо жазылган маалыматтарда да Кыргызстан көбүнчө Европа өлкөсү катары көрсөтүлөт экен. Япон тилинде Кыргызстан станы жок эле "Киригису" деп айтылат. Деген менен, Кыргызстан тууралуу биринчи жолу угуп эки-үч күндө интернеттен толгон-токой маалыматтарды окуп, биздин өлкө тууралуу "адис" болуп чыга келгендерди канча жолу кезиктирдим.
Мамлекетибиздин анча белгилүү боло электигине күбө болуп, бир аз арданган жаным туу туткан Чыкебиз дүйнөдөн кайтканын укканда көз жашымды кармай албадым. Мындан ары да илим, спорт, адабият, маданият, бизнес ж.б. тармактарда Чыкемедей таанымал (орусча айтканда знаковый) инсандарыбыз көбөйгөй эле дейм. Калкыбыздын кадыры артып, эл аралык деңгээлде зоболосу көтөрүлсө деп тилечү болдум. Өз казаныбызда эле кайнай бербей, аалам алкагында татыктуу орун ээлөөгө умтулсак гана. Балким улуттук идеология өзөгүн ушул жактан издешибиз керектир.
Биз болсо мүмкүнчүлүк болгондо эле кыргыз калпагын кийип, япондорго кыргыз комузун ойноп берип, эл-жерибиз тууралуу кенен-кесири айтып, тааныштырганга аракет кылып жүрөбүз. Эртең,
буюрса, Кыргызстан тууралуу презентация кылганы Хоккайдо университетине сапар алганы турам.
(Уландысы бар )




  Сандан-санга

Адашкандар
(Экинчи китептен)
(Башталышы гезиттин
№11 санында)
Өзүн Махабат атаган аял шаар аралап, тоо тарапты беттей жүрүп отуруп, көп кабаттуу үйлөрдүн алдына келип токтоду. Аркы подъезддин алдында турган эки-үч эркек бири-бирин чыканагы менен түрткүлөп, чүмбөттүү аялды жаңсай, ал тууралуу сүйлөшүп жаткандай болушту. Аял аларды байкагысы да келген жок. Лифт менен жетинчи кабатка көтөрүлдү да, оң эшикке кирип кетти.
Эшикти ичинен беките салып, түз эле ваннага кирди да, эмнегедир чүмбөтүн чечкиси келбей, ошол боюнча күзгүнүн алдында көпкө турду. Тээ бир топтон кийин гана мойнунан байлагандай көңүл кош кыймылдап көз айнегин, жоолугун чечип жатып, өзүн көргүсү келбегендей, жалгыз көзүн жумуп алды.
Анткени ал көкүрөк-көңүлүндө көлкүлдөп турган эми элеки керемет сезимди жоготуп алуудан коркту. Ошол көзүн жумган боюнча колдорун жууп, бирок суу толтурган кочушу жүзүнө жетип-жетпей дагы токтоду. Ал алакандары аркылуу да ыраңындагы кемчиликти сезгиси келбей, ызадан муун-жүүнү калчылдап, өзүнө-өзү батпай кетти! Ал көптөн бери мындай абалга келе элек болчу. Күзгүдөн өзүн караганга, тагдырдын башка салганына көнүп калгансыган. Эми болсо кочушундагы сууну силкип таштап, ваннадан атып чыкты да, керебетине кулады! Адегенде жаздык кучактап алып көмкөрөсүнөн, анан чалкасынан жатып алып букулдап ыйлады.
Ый арасында эсине дарыгердин айтканы түштү. Солуктап басылып: "Буга чейин ошону элес албаганымды кара! - деди оюнда. - Балким… Чын эле пластикалык операция жасатсам?!."
Үмүт учкундары "жылт!" этти. Мурдун кармалап көргүсү келгендей, оң колун алып келатып, иренжигендей кайра эле бат ары таштап ийди! Бир топтон кийин алаканын акырын алып келип, жок көзүнүн ордуна койду да: "Мейли көрбөсө! - деди өзү менен өзү сүйлөшүп. - Орду туруп калса болду да… Соо көзүм аман болсун!.."
- Эч нерсе эмес, эң негизгиси жаныңыз аман. Ичеги-кардыңыз соо, акыл-эсиңиз, колу-бутуңуз ордунда! - ооруканадан уккан үндү көкүрөк-көөдөнүнөн тыңшады эми. - Азыр илим менен билим эмнени гана жасабайт! Кааласаңыз, кайра эле бир күнү жакшынакай айым болуп чыга каласыз!
Жандүйнөсү жанчылып тургандыктан, дарыгердин айтканына анда анчалык ишенген да, маани берген да эмес! "Өзүмдүкү болбогон соң, кереги эмне, мага жасалма кебетенин?! Андан көрө бул үчүн бардыгынан өч алам да, андан аркысын дагы көрө жатам!.." - ушул гана ой көкүрөгүн ныгыра басып, ушуну максат кылып жашап калган.
Өч алуу!.. Ушул сезим канында удургуй түшкөн сайын, ага удаа эле эсине Акшоола келе берет! Адегенде өч алуунун канчалаган жолдорун ойлоду. Бирок бири да мунун көксөөсүн суутуп, көңүлүн тынчытаар эмес! Кандай "жаза" ойлоп тапса деле, акырында Акшоола баарын жеңип, баягыдай эле бактылуу болуп чыга калчудай көрүнө берди. Акыры тапты! Эң акыркы чечими ушул болду - аны да өзүнө окшотууну самады! Ошондо гана максатына жетчүдөй, ошондо гана көксөөсү сууп, жаны жай алчудай сезилип туруп алды. Ошондо гана Акшоола да буга окшоп азаптанып, бул сезгенди сезип, бул ойлогонду ойломок! Көрөт эле анан, Ынак экөөнүн бакубат жашаганын!
"Кызык, эмнеге аны мынчалык жек көрөм?!" - деди эми оюнда. Бул суроону ал биринчи жолу ойлоду. Бирок жообун тапкан жок. Тапканы - биринчи күнү эле экөө бири-бирине жаккан эмес! Арадан канчалаган айлар, жылдар өтсө деле ошол жек көрүүсү өчпөй койду! Кээде бети-башы чүрүшүп күйүп, кемпирге айланган Акшооланы элестетип алып, бактысына батпай балкылдап кетчү да, ошол күндүн ылдам эле келишин күтчү!
А бирок кантип?! Басып да, туруп да ой-кыялдарын чындыкка айлантуунун амалын издеди анан. Адегенде бул ишке жардамчы керектей туюлуп, көчөдө жүргөн селсаяктар жөнүндө ойлонду. Машинесин минип алып, таштандыларды акмалап канча жүрдү?! А бирок баары эле ага мажүрөө, алсыздай сезилип туруп алды! "Эч нерсеге жарабаган, эч кимге кереги жок бечаралар! - деди анан итатайы тутулуп. - Эгерде ошол ишти жасай турган алы, эрки болсо, ушинтип таштандыдан тамак издешет беле! Башка жол жокпу, эмне?!. Жок, жарабайт булар!.."
Айнураны да ойлоду: "Шуркуя! - деди кекенип, - Жүрсөң керек да, телегейиң тегиз, дүйнөң түгөл! Үйүң - үстүңдө, ашың - астыңда! Жаш күйөөгө тийип алып, тайраңдап! Ошонун баары кимдин арты менен экенин эстеп койгонуңду Кудай билет! Шашпа, Акшооладан кийинки кезек - сеники!.."
Ошентип, өзүнөн башка эч кимге ишене албай койду Лилия. Өз колу менен жасаганда гана максатына жетерин билди. Жада калса бул иштин ары жагын да көз болжоп, өз тагдырынын бычактын мизинде каларын ойлоп, кам көрүп койгон…
Көз алдына Акшооланын бүгүнкү элеси келди. "Баягыдан азыраак тотуккансып, бирок ого бетер ажары ачыла түшүптүр. Экранга кандай чыкса, ошондой эле экен, - жана адеп көргөндө эле ушинтип ойлогон, - Бактылуу чыгаар?! Анан эмне!.."
Эми да ошондогудай эрдин тиштене, ичине бирөө от коюп ийгендей көөдөнү өрттөнүп, көзүн бекем жумуп ийди. Муштумдары түйүлүп, денесин майда калчылдак басып кетти.
"Акмаксың! - деди оюнда өзүн-өзү башка муштап, - Анчалык чыгынып баргандан кийин эмнеге турдуң, жалдырап! Акмаксың!.."
Элестетти. Анын максаты - кирип барып эле ай-буйга келтирбей, Акшооланын бетине кислотаны чыркырата чачмак да, кандай кирсе, так ошондой чыгып кете бермек! Бир гана Кудайдан тилегени - Акшооланын жалгыздыгы болчу! "Башка эч нерсенин кереги жок! Калганы өзүмдүн колумда!" - деп кирген. Айткандай эле Акшоола жалгыз болчу. Болгондо да өйдө карабай, эч нерседен бейкапар, бар бактысы ошондо сымал, тирмийип иштеп отуруптур!
Бул жакшы эле жанына барбады беле! Анан?!. Ооба, "Алдыраарда - жаздыраар" болуп, жанагы сүрөткө алаксып калбадыбы!.. Анан Эрмек да кирип келип!.."
Онтоп ийгендей, оор энтигип алды! Манжалары карышып, бир муштум болуп түйүлө түштү да, сумкесин издеп, андагы атырдын бөтөлкөсүн алып, ошонун ичинде бир купуя сыр жаткандай, айлантып-тегеретип карап:
- Бу саам аны Кудайы колдоду, ээ? - деди бөтөлкө менен сүйлөшүп. - Жок, - деди кайра анан башын чайкап, - Эрмек сактап калды аны!.. Болбосо, экөөбүз эчак ишибизди бүтүрүп таштап, жөнөп кете берет элек! Сен дагы ичиңдеги мына бул ачуу, уу заттан бошоп, мен дагы көкүрөк-көңүлүмдү жеген кектен арылып, жеңилдеп калат элек…
Кудум Акшоола бет маңдайында тургандай элестетип, анан бөтөлкөнү анын так бетине мээледи да, капкагын басып-басып алды!
Бүркүлгөн "атырдын" жагымсыз, кыйгыл жыты заматта үй ичин каптап кетти.
Көз алдындагы эмне болуп жатканына түшүнбөй, адегенде алдастай түшүп, анан эки бетин кош колдой баса калып, тыбырчылап жерге отура калган Акшооланын элесин тиктеп, көксөөсү суугуча каткырып күлүп, карап турду аял…
(Уландысы бар)
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"