, 17.02.09 - 11-бет:
  Тарых

Шабдан баатырды каралаган окумуштуулар сот алдында жооп беришсин
"Өткөнгө тапанча атсан,
келечек сени
замбиректен атат"
(Авар элинин макалы,
Расул Гамзатовдон)
Тарых - адам коомунун табигый, объективдүү өнүгүүсүндө муундарга калтырган кол тийгис мурасы. Аны дыкат үйрөнүп, дурус-буруш, оош-кыйышынан сабак алып коом алдыга өнүгөт. Тарыхты ревизиялап өзгөртүүгө аракеттенүү цивилизациялуу коомду таң калтыруучу түркөй караңгылык болору айныксыз.
Байыркы Рим коомунда кул-гладиаторлорду цирк аренасында бирине бирин канжарлап өлтүртүп, же жырткыч айбандардын тыткынына салып көңүл ачкан, плебейлерди жер ээлетпей эзген патриций, аристократтарга социалдык катмар катары тарыхтан орун бербөө, ошондой эле Россияда помещик-дворяниндер крепостной дыйкандарды бир бирден, үй-бүлөсү менен, кааласа хуторлору, кыштактары, айылдары менен сатып, өлсө кунсуз кармагандыктары үчүн дворянчылыкты тарыхтан чыгаруу талабы окумуштуулар дүйнөсүндө эч кимдин оюна келбейт жана ал тарыхка кыянат катары бааланары айныксыз.
Тилекке каршы, Кыргызстанда тарыхка түркөй, амбициялуу, жүйөөсүз мамиле чыга калып турат.
"Кыргыз Туусу" гезитинин 23-декабрь 2008-жылдагы санындагы "Тарых жана кедей токмок" деген макалада Кусейин Исаевдин, манапчылыкка, анын негиздөөчүсү Манап Дөөлөсбакты уулуна, көрүнүктүү тарыхый инсан Шабдан Жантай уулуна тарыхтан орун бербөөнү талап кылган жүйөөсүз кара өзгөй дооматтарына даректүү, документалдуу таасын жооп берилген эле.
Окумуштуу Омор Соорон Сопу "Кыргыз Туусу" гезитинин 16-20-23-27-январь 2009-жылдагы сандарында чубалган макаласын жарыялады. Кыргыз колбашчысы, күчтүү жоо калмакты бириккен күч менен тосуу үчүн даңазалуу Эр Эшим менен тил табышып, кыргыз-казактын бириккен хандыгын түзүп, Эр Эшимди хан көтөрүп, өзү кол баштап жүрүп, майданда шейит кеткен, Саул Матвеевич Абрамзон баалаган легендарлуу Манапты каракчыга теңейт. Бийлик болгон жерде зордук-зомбулук болуп келгени, боло берээри мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин тарых тастыктап келүүдө. Айрым доорлордо бийликке канкор, зөөкүр адамдар келип миңдеген, ал тургай мил-
лиондогон адамдарды кырып жибергени тарыхта белгилүү. Омор
Соорон XVIII, XIX кылымдагы бирин-экин манап төбөлдөрүнүн киши өлтүргөн ырайымсыздыктарын, зордук, зомбулуктарын узун са-
бак тизмелеп келип: "Ушундай мүнөздөмө менен тарыхта калган манапчылыкты 15 томдукка киргизсек, эгемендүүлүккө жамынып, элдин мүлкүн талап, тоноп алып, байып сайрап жаткандар эртең тарых кубалап Дөөлөстүн Манабын үлгү тутуп, биз билген рэкеттерден, кырма баштардан ашып түшпөсүнө ким кепил боло алат," - дейт Сопу. Бул тыянагынан Сопунун тарых илиминен чала моңол экени баамдалып турат. Кудайга шүгүр, Орусияда дворянчылык тарыхта калса, илгерки дворян помещиктерди туурагандар орус кыштактарын тургундары менен сатып жиберет - деп корккон окумуштуулар да, мударистер да, сопулар да жок экен. Тарых өзгөрбөй, болгонундай турат.
Омор Соорон Сопу андан ары: "Дөөлөс уулу Манаптын жүрүш-турушунан башат алган манапчылыкты мударис айткандай грек сөзүнөн чыккан "аристократ", аркалык кыргыздардагы "ак сөөк" анжиян кыргыздарындагы "мырза" жана башка сөздөрдүн түшүнүктөрү менен чаташтырбоо керек" дейт.
Сопунун бул "осуятынан" анын "аристократ", "аристократия" бир тутум түшүнүк экенин, анын "ак сөөк", "мырзадан" тереңирээк маанисин билбегени көрүнүп турат. Илимий булактарга кайрылалы: "Аристократия от греческого слова aristos - лучший, kratos - власть; в рабовладельческом и феодальном государствах наиболее привилегированный слой общества." (Советский энциклопедический словарь, Москва, 1990 г. стр.73).
"В феодальном государстве наиболее привилегированный слой общества" деген илимий аныктаманын кыргыз феодалдык коомундагы аналогун тарыхчы окумуштуу Белек Солтоноевдин эмгегинен төмөнкүдөй окуйбуз: "Түн жак Кыргызияда сурагы чамасы 300 жыл кан ичер Манаптын (манапчылыктын - Ж.Т.) колунда болгондуктан, анын тукумун мейли башка уруу эл болсун, ал залимдин тукумун анык билет.Тигил залим Манаптын турмушу жаккандыктан, башка оң сол уруулары биз да манапбыз дешип манап аталып кеткен." (Кызыл кыргыз тарыхы, 99-100 беттер). Окумуштуунун тыянагынан манапчылык үч кылымдык тарыхый өнүгүүдө калыптанганы тастыкталып турат. Илимий чындыкты көрмөксөн болгон Омор Соорон Сопу манапчылыкты илимий изилдеп тактаган окумуштуунун эмгегине күнөө койгусу келген. К.Исаевдин куру дооматтарын жактоого далилсиз далалат жасаган. Манапчылык боюнча жүйөөсүз тыянакты окумуштуу Дөөлөтбек Сапаралиев чыгарыптыр. 1834-жылы туулган Жантай бий уулу Манапбайдын өмүрүнөн манапчылык башталат деген жүйөөсүнө ишеним жок. Документтерге кайрылалы: Сибирь кыргыздарынын чегара начальниги генерал-майор Вишневский менен 1847-жылы, октябрь-декабрь айларында алышкан каттарында Ормон хан Ниязбек уулу "Главный манап кара киргизов"деп айтылат (ЦГА Казахстан, фонд 374, дело 2920 опись - 1 Л-55-56). Бул документтен 13 жашар эселек баланын Ормон хандын "главный манап" аталышына жана манапчылыкка эч тиешеси жок экени көрүнүп турбайбы. Макала "Кыргыз Туусу" гезитинин 16-январь 2009-жылдагы санында жарыяланыптыр. Окумуштуу Жантай уулу Манаппайдын манапчылыктын калыптанышына тиешеси бар экенин тастыктайт деп Саул Матвеевич Абрамзонго шилтеме бериптир. С.М.Амбрамзонду окуйлу: "Родословная Шабдана выведет его через ряд знаменитых предков потомков Манапу - легендарному прародителю манапской ветви рода Сарыбагыш" ("Экспедиционные очерки", "Советская Киргизия" 1931 год, 1 апреля). Бул тарыхый тастыктоо Д.Б.Сапаралиевдин "Манаппайга байланыштуу "Манаптын чыгыш таржымалы талаштарга чек коёр" деген үмүтү бирөөнүн көңүлүн улаган курулай далбаса экени байкалып турат.
Омор Соорон Сопу: "Шабдан Жантаевдин Николай IIге кайрылып өзүнө, уулдарына дворянчылыкты ыйгаруу жөнүндөгү өтүнүчүнөн үй бүлөсү менен кошо түбөлүктүү орус граждандыгына өтүп кетүү максаты көрүнүп турат. Мударис К.Исаев мисалга тарткан белгилүү тарыхчы А.Н.Бернштам орус колонизаторлугу биротоло орноп, анын азап-тозогун эл башынан кечире баштаганда Шабдандын жогорудай жолго барганынан улам "политика Шабдана стала предательской" деп айткан болуу керек", - дейт. А.Н.Бернштам бул аныктаманы окуса кыргыз окумуштуусунун илиминин тайкы, кополдугуна таң калар эле. Анткени, ал кезде жеке Шабдан эмес, кыргыздар бүтүндөй Орусиянын түбөлүктүү гражданы болгон. Дворяндык гражданинге берилүүчү ардактуу наам. Жамы кыргыз катары империянын түбөлүктүү гражданини Шабданды орус граждандыгын "түбөлүктүү каалаганы чыккынчылык" - деп баалап күнөөлөө оркойгон осол караңгылык болот. Бернштамдын Шабдандын саясатына берген баасынын жүйөөсү бул эмес, ал жөнүндө "Тарых жана кедей токмок" деген макалада документалдуу айкын жооп берилген.
Омор Соорон Сопу орундуу жүйөө таппай Шабдан баатырды "Кокон ханын өлтүрдү деп анын адамдык наркын, доорунун агедил элдик ишмери катары тарыхтагы кадыр-баркын каралаган кол жазмалар фондунан кара өзгөй макала жарыялаптыр. Ал боюнча Шабдан: "Кезегинде кокондукту жандадым,
Кыргызды бүт кылыч менен
айдадым.
Кылт койдум тыкыр учур
келгенде,
Кокон ханын колум менен
жайладым.
Элди жерди ченге салып
көөнүмчө
Атам Жантай чапкан жолдон тайбадым" - деп ырдаган имиш. Шабдандыкы деп аталган бул жамактагы: "Кыргызды бүт кылыч менен айдадым" дегени чындыкка тиешеси жок апыртма, "Кокон ханын колум менен жайладым" деген кылмыштуу жалаа.
1860-жылы бирдин айында Кокондо Малла ханды Алымбек, Кыдыр, Шадман кожонун уюшкан кутум кокон ордосунда өлтүргөндө Шабдан Жантай уулу Ташкенде Канат шаа кол башчынын алдында аскер кызматында болгонун тарыхый документтер ырастайт.
Кол жазмалар фондусундагы кимдир бирөөнүн оозунан жазылган нерселердин тактыгына жетпей туруп, аны тарыхый документ катары жарыялоодон ошол аркылуу адамдын аброюна доо кетирүүдөн Сопу эч кандай сооп таппайт. "Кокон ханы Маллабекти өлтүргөн, кыргызга кылыч көтөргөн" деп кылмыштуу жалааларды жарыялап Шабдан Жантаевдин адамдык баркына, тарыхтагы ордуна көө жапкан Омор Сооронов сотко берилет. "Шабдан өз кызыкчылыгы үчүн кыргыз жерин башкага берип жибергенин кантип унутабыз" деген жалган жалаасы үчүн, Шабдан Жантаевдин адамдык жана тарыхый кадыр баркын каралаганы үчүн Кусейин
Исаев да сот алдында жооп берет. Шабдан баатырдын өмүрүн жана ишмердигин тарыхый документтердин негизинде изилдеп, бул улуу адамдын ишмердиги жөнүндө илимий жана көркөм чыгармаларды жазып жүргөн адам катары анын ак эмгегин, инсандык кадыр-баркын соттун кароосунда коргоого даяр экендигимди расмий түрдө билдирем.
Кыргыз тарых илиминдеги бийик көрүнүш 15 томдукту жазууну илимий, турмуштук даярдыгы жеткилең, жеке амбициядан, курулай менменсинүүдөн оолак, адамдыкты, адилеттикти туу туткан окумуштуулар колго алат деп ишенебиз.
Жапаркул
ТОКТОНАЛИЕВ




  Бири кеткен Каңгайга, бири калган Алтайда...

Кытайлык кыргыздарга саякат
(Башталышы гезиттин
№11 санында)

Шиңжандык кыргыздардын ордосу
Шиңжандагы кыргыздардын маданий, этникалык ордосу Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусу, анын аймагына кирген Улуу Чат, Тегирмети, Каражүл, Ак Чий, Артуш ж.б. элдүү пункттары болуп саналат. Азыр автономиялуу облустун Улуу Чат, Ак Чий, Ак Тоо райондорунда Шиңжандагы кыргыздардын төрттөн үч бөлүгү же 150 миңдей кыргыз жашайт. Алар мурдатан эле Кыргызстандын радиоберүүлөрүн үзбөй угуп жана компактуу жашап, автономиялуу облустун макамына (статусуна) ээ болушкандыктарына байланыштуу аларда кыргыз тили, элдик оозеки чыгармачылыкта, музыкада, маданиятта ж.б. этникалык тарых жана этногенез жөнүндөгү эс тутум жакшы сакталган, ар тараптан бекемделүүдө жана өсүп өнүгүүдө. Бардык айылдарда жана кыштактарда кыргыз тилиндеги башталгыч жана орто мектептер бар. Алардын адабияты, маданияты, чарбачылык иштери жөнүндө төмөнүрөөктө өзүнчө кеңирирээк сөз кылабыз. Кызыл-суулук кыргыздардын шиңжандык башка кыргыздардан негизги
айырмасы - алар Кыргызстандын ичинде саясый, маданий, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө болуп жаткан окуяларды абдан жакшы билишет. Сезилерлик бөлүгү Эркечтам жана Торугарт аркылуу республикабызга келип, кетип да турушат.
Кызыл-суулук кыргыздар 1,3 миллиарддан ашык ханзулардын, 15 миллионго жакын уйгурлардын арасында жашап туруп, жалпы сандары 150 миңге араң жеткендигине карабастан автономдуу облустун, же мамлекеттин ичиндеги мамлекеттин статусуна ээ болуп, өздөрүнүн ички иштерин өздөрү чечип, тилин, маданиятын, билим берүүсүн жана илимин өнүктүрүп жатышкандыктарына аябагандай сыймыктанышат.

Чарбачылыктары, экономикалык, социалдык абалдары
Шиңжан (Синьцзянь) Уйгур автономиялуу районундагы кыргыздар байыркы мезгилдерден ХХ кылымдын ортосуна чейин малчылык менен гана тиричилик кылып келишкен. Ошондуктан, мал бакканга ыңгайлуу тоолордун арасына жана алардын этектериндеги адырларга, түздүктөргө жайгашышкан. Төрт түлүк малдан жылкыларды, төөлөрдү, бодо малдарды жана койлорду көбүрөөк кармаганга умтулушкан. Ал эми топоз бакканды тибеттиктерден үйрөнүшкөн. Түздүктөгүлөрүнөн жер айдап, таруу, буудай, жашылча жемиштерди өстүрүп, тегирмен кармагандары да болгон, Шиңжандагы кыргыздар жашаган жерлер географиялык, климаттык жагынан Алтайга жана Кыргызстанга окшош.
Тарбагатайлык, илилик, ак-суулук жана кызыл-суулук кыргыздар азыр деле негизинен кой-эчкилерди, уйларды жана жылкыларды, азыраак санда төөлөрдү кармоо менен тиричилик кылышат. Алар баккан кылчык жүндүү ак, кара койлор "кыргыз койлору" деп аталат. Мурдагы биздин колхоз, совхоздордогудай жибек жүндүү ак койлор Ак-Суу аймагында гана бар, алар өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында Кыргызстандан сатып алынгандардын тукумдарынан.
Шиңжандагы кыргыздардын дээрлик бардыгы бирден-экиден төө кармашып, жүк ташыганга пайдаланышат. Төөнүн жүнүнөн сырт жана баш кийимдерди жасашат. Тибеттин түндүк-батышында, Куен-Лундун этектеринде, Хотенде, Каргалыкта, Памирде жашаган кыргыздарда гана төөлөр жок. Деңиз деңгээлинен 4,5-5 миң метр бийиктикте жашашкандыктан төө кармаганга болбойт. Алар негизинен топоз багышат. Ал жердеги кожолуктардын айрымдарынын 200гө жакын топоз, 300дөй кой, 200дөй эчки, 1-2 жылкы, 10дой уйлары бар. Бирок, аларда негизги байлык топоз болуп эсептелинет, негизинен топоз менен күн көрүшөт. Илидеги, Кызыл-Суудагы кыргыздар жазында, жайында кымыз кылышса, Хотен, Памир, Каргалык, Ак-Суудагы кыргыздар кымыз эмне экенин унутушкан.


(Уландысы бар)
Абылабек АСАНКАНОВ,
тарых илимдеринин доктору, профессор
КУИАнын
корреспондент-мүчөсү