№12, 17.02.09.





 
email • архив • редакция  Башбарак   


Александр Ким "Агымды" сатып алды
Бул тууралуу "Вечерний Бишкек", "МСН" сыяктуу орусча гезиттердин ээси Александр Ким билдирди. Анын айтымында, "Агымды" сатып алуу ал үчүн жеңил-желпи иш болгон жок.
Көпкө чейин ойлонулуп кабыл алынган чечим болду.
Александр Ким кыргыз тилинде чыга турган жаңы гезит ачууну көздөп жүрүп, бирок аягында элге таанылып калган "Агымды" сатып алууну чечти. "Агым" гезити мындан ары саясый жактан токтоо, борборчул багытта болот. Жалпысынан, "Вечерний Бишкек" жана "МСН" гезитинин саясый багыты кармалат. Азырынча гезит жумасына бир жолу чыгып турат. Жазга карай эки жолу, андан кийин бара-бара күндөлүк гезитке айлантуу аракети жасалат. "Агымдын" мыкты журналисттеринин бири Алым Токтомушевдин гезиттин башкы редакторлугуна дайындалышы караштырылып жатат. "Агым" гезитин кезинде Мелис Эшимканов уюштуруп, аны кийинчерээк Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев сатып алган эле.