, 13.02.09 - 9-бет:
  Коллегия жыйыны

Ачуу чындык айтылды, аткарчу маселелер такталды
Республикабыздын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде коллегиянын өткөн жылдын жыйынтыгына арналган жыйыны болуп, анда жаңы дайындалган министр Искендербек Айдаралиев өлкөбүздүн агрардык секторунда жана кайра иштетүү тармагында өткөн жылы орун алган кемчиликтерге жана министрликтин алдында турган милдеттерине кеңири токтолду.
Министр баса белгилегендей, учурда биздин негизги багытыбыз - республикада агроөнөржай өндүрүшүн калыптандыруу, өлкөбүздө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, үрөнчүлүк жана асыл тукум мал өстүрүүчү чарбаларды мамлекеттик колдоого алуу, селекциялык жана ветеринариялык кызматтарды жакшыртуу, айыл чарба продукцияларын дүйнөлүк рынокко экспорттоону өнүктүрүү болуп саналат.
Ушул жагдайдан алганда, биз өткөн жылдары сезилерлик иштерди аткара алган жокпуз. Алсак, буудай, кант кызылчасы жана май өсүмдүктөрү сыяктуу негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянты жана түшүмдүүлүгү төмөндөп баратат.
Натыйжада республика боюнча буудай өндүрүү 2001-жылы 1190 миң тоннага жетсе, 2008-жылы бул көрсөткүч 746 миң тоннага чейин төмөндөгөн же 38 пайызга азайган.
Ушундай абалга карабастан, 2009-жылдын түшүмүнө күздүк себүүнүн программасы аткарылбай калган, Кыргыз Өкмөтү бекиткен программа боюнча 300 миң гектар жерге күздүк себилүү керек болсо, иш жүзүндө 272,2 миң гектар эле күздүк айдалган.
Ошондуктан бүгүнкү күндөгү негизги милдет - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жазгы себүүсүн камсыздоо болуп саналат. Күзүндө аткарылбай калган иштер жазында бүткөрүлүшү керек.
Тагыраак айтканда, дыйкандар менен фермерлерди кондициялык үрөндөр менен камсыздоо боюнча бардык чараларды ишке ашырып, күзүндө себилбей калган жерлерди кошуп, 2009-жылдын түшүмүнө жалпы республика боюнча айдоо аянтын 410 миң гектарга жеткирүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Президентинин "2009-жылдын жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруу боюнча Өкмөттүн токтому чыккан.
Ага ылайык 2009-жылдын жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүү максатында Өкмөткө 15 миң тонна дизелдик отун, айыл чарба техникасын алуу үчүн 75 млн. сом, жер семирткичтерди алууга 50 млн. сом жана "Айыл Банк" ААК аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө насыя берүү үчүн 100 млн. сом бөлүп берүү тапшырылган.
Отурумда айтылгандай, дагы бир негизги милдет - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн сапатын жогорулатуу. Кыргыз Өкмөтүнүн 2007-жылдагы токтому менен "2008- 2010-жылдарда Кыргыз Республикасында буудайдын үрөнчүлүгүн өнүктүрүү" Мамлекеттик программасы бекитилген. Анда үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө, сортту жаңылоого, сорт алмаштырууну жөнгө салууга, селекциялык ишти өркүндөтүүгө жыл сайын бюджеттик каражаттан 88,3 млн. сом бөлүп туруу каралган. Бул программадагы каражаттардан быйылкы жылы кылкандуу дан өсүмдүктөрүн сатып алууга 21,9 млн. сом бөлүнөт. Үрөн чарбаларын калыбына келтирип, өнүктүрүү үчүн аларды айдоо жерлер менен камсыз кылуу зарыл.
Бул үчүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу стратегиясын кайрадан карап чыгуу керектиги жыйында айтылды. Анткени ал Жогорку Кеңеш 2007-жылы эле кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин башкаруу укугун Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине берүү жөнүндөгү чечимин чыгарган. Ошентсе да, бул чечим Кыргыз Өкмөтү тарабынан азырынча иштелип чыгыла элек.
Ошол эле учурда, Президент кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерине айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча ири буйрутмаларды жайгаштыруу милдетин койгон. Мамлекет башчыбыз койгон тапшырманы аткаруу үчүн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары кайра бөлүштүрүү жерлерин жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте текшерүү жүргүзүп, аны натыйжалуу пайдалануу боюнча бизнес-пландарды түзүп, коюлган милдетти ишке ашырууга чечкиндүү аракеттерди көрүшү керек. Тилекке каршы, мындай бизнес-пландар азырынча министрликте жок.
Мал чарбачылык тармагы жөнүндө айта турган болсок, малдын саны өскөнү менен сапаты төмөндөп бараткандыгын белгилей кетиш керек. Эгерде совет мезгилинде бардык мал асылдуулугу жана азыктуулугу менен айырмаланса, учурда малдын асыл тукумдук курамы орточо 20 пайызды түзөт. Демек, ар бир айылда жасалма жол менен уруктандыруу пункттарын уюштуруу, өндүрүлгөн продукцияны сатуу маселесин чечүү зарыл. Мал базарларына алынып келинген малдын 30 пайызы гана сатылып, ал эми эт базарлары ар кандай малдын этине толтура. Башкача айтканда, бул маселени чечүү үчүн этти кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө көңүл буруп, бул үчүн Өкмөттөн белгилүү бир мезгилде кайтарып берүү шарты менен "Агро азык-түлүк корпорациясына" бюджеттик каражаттарды бөлүп берүүнү сурануу керек.
Бизде канаттуулар чарбасын, балык чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк болуп турса да сырттан жумуртка, канаттуулардын этин жана балык азыктарын алып келүүбүз таптакыр туура эмес. Мунун баары республикадагы канаттуулардын 13 фабрикасынын төртөө иштесе, ал эми 5 балык заводунун бирөөсү да тыңгылыктуу иштебегендиктен болуп жатат. Министрликтин бул жердеги аныктоочу ролу болбой жаткандыгы кейиштүү көрүнүш.
Республикабыздын агроөнөр жай комплексинин өнүгүүсүнүн негизин тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалар түзөт. Аны өнүктүрүү үчүн чийки заттарды өндүрүүчүлөрдү, аларды кайра иштетүүчү жана сатып өткөрүүчү мекемелерди бириктирген, акыркы натыйжага багытталган вертикалдык интеграцияланган структураларды түзүү керек болуп турат. Тактап айтканда, бул жерде да кооперативдик кыймылды өнүктүрүшүбүз зарыл.
Кийинки негизги милдет - чет элдик түз инвестицияларды тартуу болуп саналат. 2008-жылы кайра иштетүү тармагына 1 млрд.44,8 млн. сом тартылып, жалпы инвестицияны тартуу көлөмү 39,6 пайызга жогорулаган.
Бирок, республикабызда катталган 9 миңден ашык ишканалар үчүн, албетте, бул каражаттар жетишсиз. Бул жерде эң башкысы бизнес-пландарды министрликтин адистери эмес, ишканалардын өзүлөрү түзүүлөрү тийиш.
Тамак- аш жана кайра иштетүүчү ишканалардын жүгүртүү капиталын толуктоо максатында "Агроазык-түлүк корпорация" акционердик коому бөлгөн 400 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражатын натыйжалуу пайдалануу зарыл.
Кайра иштетүүчү ишканалардын мындан ары өнүгүүсүн кааласак, алар пайдаланып жаткан электр энергиянын коммерциялык тарифтерин турмуш тиричиликке пайдалануучу тарифинин деңгээлине чейин түшүрүү зарыл.
Айыл чарбасын ургаалдуу өнүктүрүүгө таасирин тийгизүүчү негизги факторлордун бири - бул продукцияны экспорттоо маселеси. Мына ушул көйгөйдү чечүү үчүн коңшу республикалар менен экспорттук-импорттук алмашуунун жүрүшүнүн так эсебин алууну жакшыртуу, Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын экспорттоонун негизги рыноктору болгон Казакстандын, Россиянын, башка шериктеш өлкөлөрдүн ири соода компаниялары менен түз байланышты түзүү боюнча тийиштүү иштерди аткаруу максатка ылайыктуу.

Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




  ЖОЖдордогу жоболоңдуу окуялар

Коррупция коомго бүлүк салууда
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "Жогорку билим берүү системасында коррупцияга каршы күрөш: эффективдүү жолдорду издөө" деп аталган Республикалык илимий-практикалык жыйын болуп өттү. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу боюнча агенттигинин аракетинде уюшулган бул жыйынга КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, көптөгөн мугалимдер жана юридикалык жогорку окуу жайлардын студенттери катышышты.
Акыркы жылдары коррупция көйгөйү жалгыз гана Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө олуттуу, курч проблемага айланды. Окуу жайларда болсо, окутуучулар менен студенттердин ортосунда кадимкидей эле соодалашуу жүрүп калды. Ал тургай кээ бир мугалимдерди айрым студенттер сессиянын алдында көптү көрүп, көптү билген кишидей болушуп кичирээк курстагыларга: "Анын ставкасы мынча, коркпой эле "развод" кыла берсеңер болот", - дешип акыл үйрөтүшкөндөр да жок эмес. Бирок, ошондой болсо да коомчулук тарабынан коррупцияга каршы күрөшүп, өзгөчө анын алдын алууга олуттуу аракеттер көрүлүп келет. Мамлекет кандай гана иш-чараларды жасабасын, коррупция менен күрөшүүнүн кандай гана жол-жоболорун иштеп чыкпасын, жалпы эл анын эң активдүү катмары болгон жаштар, студенттер тарабынан колдоо болбосо, биз эч кандай натыйжаларга жетише албайбыз...
Учурда коррупциянын тамыры ушунчалык тереңдеп кетти. Ал тургай эл ичинде: "Коррупция адам төрөлгөндөн жерге берилгенге чейин жайылган",- деген сөздөр айтылууда.
- Коррупциянын алдын алуу боюнча Улутттук Агенттигинин методологиялык изилдөөлөрүнө ылайык, билим берүү тармагы коррупцияланган тармактарга кирет,- деп билдирди УАтин комиссары Садыр Жапаров. - Өткөн жылы республика боюнча коррупциялык мүнөздө 847 кылмыштын бети ачылган. Анын ондон бир бөлүгү, тагыраак айтканда 83ү дал ушул билим берүү тармагында катталган. Коррупцияга кайдыгер карабаган айрым мугалимдердин биздин агенттикке кайрылуулары 2008-жылдын 9-декабрында Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте ведомстволор аралык комиссияны түзүүгө түрткү болгон. Бул комиссияны түзүүдөгү максат- ЖОЖго абитуриенттерди кабыл алууда коррупциялык механизмдердин болушун алдын алуу жана жоюу болчу.
Аталган комиссия Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде, Ош, Жалал-Абад университеттеринде, Ош юридикалык институтунда, Кыргыз-Өзбек университетинде 6000ден ашык студенттердин өздүк делолорун карап чыгышып, алардын ичинен 400ү мыйзам бузуулар менен толтурулгандыгын аныкташкан. Көпчүлүк студенттерди кабыл алууда, кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда тестирлөө бланкалары, рейтингдик баракчалары толтурулган эмес. Же кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү, мугалимдер тарабынан толтурулганын соттук кол жазма экспертизасы тастыктагандыгын да айтты.
Ушундай эле жолдор менен б.а акчанын күчү менен кээ бир студенттер бир окуу жайдан, экинчи окуу жайга адистиги туура келбесе дагы академиялык айырмачылыктарга карабай туруп которулушкан студенттердин аттарын атап берди. Мисалы, Чыңгызбек Абласханов деген студент Скрябин атындагы кыргыз мамлекеттик агрардык академиясынын агрономия адистигинде окуп жатып, КУУга юридика факультетине которулган экен. Бул иш боюнча өлкөнүн башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүп жатканы белгилүү болду.
Ушуга окшогон бир топ фактыларды келтирип жатып КРнын коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук Агенттиктин комиссары Садыр Жапаров билим берүүдө жеке эле мугалимдерди гана эмес, студенттерди, окуучуларды күнөөлөдү. Анын ою боюнча жана жыйындын башка катышуучуларынын ою боюнча кээ бир студенттер көздүн майын коротуп китеп окуп, убакыт кетиргендин ордуна, сабак учурунда сабакка барып катышпай жүрүп, сессия жакындаганда ата-энелерин кыйнашып акча менен бүтүрүүнү жеңил көрүшөт.
Жыйынтыгында, 2005-жылдын 6-августунда Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган "БУУнун коррупцияга каршы конвенциясы" коррупцияга каршы күрөшүү ишинде жана антикоррупциялык стратегияда эң негизги фактор болушу керек деген ошондой эле билим берүүдө жөн эле сабак өтүп коюп чыгып кетпестен, жаштарды патриоттуулукка үндөп, жарандык духта тарбиялоого көбүрөөк көңүл бөлүшүбүз зарыл деген сунуштарын айтышты. Ал эми мугалимдер татыктуу тарбия, билим бериши үчүн эң биринчи алардын айлык-акыларын көтөрүү керектигин белгилешип, алардын коррупциялык жол менен баа коюп берүүлөрүнүн себептеринин бири ушул дешти. Ошондой эле жакынкы аралыкта Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде "Антикоррупциялык ресурстук-кеңештик борбор" ачуу пландалып жатканы айтылды. Борбор жогорку билим берүүдө антикоррупциялык ыкмаларга жана куралдарга байланышкан суроолор боюнча коомчулуктун көңүлүн буруу максатында иш алып барат.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу".
Сүрөттөрү автордуку




  Конференция

Ийгилик да, кемчилик да бар
Жакында "Ак жол" элдик партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн I конференциясы өткөрүлдү.
Анын күн тартибинде "Ак жол" элдик партиясынын отчеттук мезгилде аткарган иштеринин жыйынтыгы жана алдыда аткарылчу милдеттер, Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевдин үстүбүздөгү жылдын 27- январында элге Кайрылуусун талкуулоо, партиянын IV сьездине райондук партиялык конференцияда шайланган делегаттардын тизмесин бекитүү сыяктуу маселелер каралды. Конференцияда доклад жасаган "Ак жол" элдик партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн координатору Абазбек Шамшиевдин билдирүүсүндө отчеттук мезгилде партия өз ишин белгиленген планга ылайык жүргүзгөн. Облустук координациялык Кеңеш 24 отурум өткөрүп, анда 40тан ашык актуалдуу маселе каралган. Партиянын облустук бөлүмү өткөн жылдын 5-октябрында өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайлоолоруна активдүү катышты. Партиянын142 мүчөсү райондук, 909у айылдык кеңештин депутаттары болушту. Бүгүнкү күндө облустун аймагында 21143 партиянын мүчөсүн башын кошкон 93 баштапкы уюмда партиялык чогулуштар өткөрүлгөн. Партиянын коомдогу ролун көтөрүү максатында ондогон адамдар окуудан өтүштү.
Конференциянын жүрүшүндө жалаң ийгиликтер гана эмес, кемчиликтер да айтылды. Партиянын облустук комитети жер-жерлердеги баштапкы партиялык уюмдарга практикалык жактан жардам бергенге жетишпей жаткандыгы, партиянын катарына айыл чарба өнөр жай тармагында, социалдык тармакта иштеген алдыңкы көз караштагы, татыктуу адамдарды тартуу жагдайда кемчилдиктер бар экендиги баса белгиленди.
Т.АБДЫРАЗАКОВ
"Кыргыз Туусу"