, 13.02.09 - 21-бет:
  Таланттар тарыхка да керек

Баатыр акын кол жазмаларын архивге өткөрдү
Өткөн жума күнү Кыргыз Мамлекеттик архивинде Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл акыны
Сооронбай Жусуев менен жолугушуу салтанаты өттү.

Жолугушуудагы негизги
маселе акындын кол жазмаларын, китептерин, өмүрү, чыгармачылыгы менен байланышкан бардык документтерин Мамлекеттик архивге кабыл алуу эле. Бул демилгени Мамлекеттик архивдин жетекчиси Чолпонбек Абы-кеев көтөргөн. Бир нече жылдардан бери көрүнүктүү коомдук ишмерлер, чыгармачыл залкар таланттар менен мындай максатта иш-чаралар болбой калгандыгы белгилүү. Ошонун айынан кыргыз адабиятындагы кара сөздүн баба дыйканы Түгөлбай Сыдыкбековдун кол жазмалары, документтери архивге толук тапшырылбай, ара жолдо калгандыгы өкүнүчтүү. Негизи тарыхый инсандарды кайсы доордо изилдөө үчүн керек болуп калганда, алар тууралуу иш кагаздар, эмгектери архивде сакталып турулушу өтө баалуу экендиги мыйзам ченемдүү көрүнүш эмеспи.
- Биз үчүн бул күн өтө кубанычтуу күн, себеби көзүү тирүү классик агабыздын Мамлекеттик архивде фондун ачып жатабыз, - деди Чолпонбек Абыкеев. Мамлекет өзүнүн утуру келген жаңы муунуна тарыхый басып өткөн жолду таанытуу үчүн мамлекеттик архивдин мааниси өтө зор. Коомдун өсүшүн дагы архив аркылуу аныктоого болот. Ошон үчүн жеке фонддорду ачуу өтө зарыл. Учурда Мамлекеттик архивде 177 жеке фонддун документтери сакталууда. Сооронбай Жусуевден
кийин Сүйүнбай Эралиевдин, Төлөгөн Касымбековдун жеке фонддорун ачуу пландаштырылган.
Сооронбай Жусуевдин чыгармачылыгы алгач 1943-жылы, согуш мезгилинде Жоомарт Бөкөнбаевдин жолдомосу менен жарык көргөн ырларынан башталат. Негизинен архивге 1981-жылдан берки кол жазмалары, жарык көргөн китептери, котормолору, каттар, телеграммалар, мамлекеттик сыйлыктары, наамдары ж.б. документтери тапшырылды.
Баатыр акын жолугушууда архив жамаатына ыраазылык билдирүү менен, өмүрдөгү кызык окуялардан эскерип, суроолорго жооп берди.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"





  Сандан-санга

Адашкандар
(Экинчи китептен)
(Башталышы гезиттин №10 санында)
Орундукка жөлөнүп алып, Акшоола эми
Ынактын чарчаңкы жүзүнө, түнү менен компьютер тиктеп отуруп киртийген көздөрүнө, ак аралай баштаган саамайына ичи элжирей тиктеди: "Бул жашоодо сенин бар экениң кандай жакшы?!. - деди оюнда. - Сенсиз менин ар бир күнүм азап менен тозок болмок. Мен андай күндүн кайрылышын каалабайм!"
Жубайынын көз албай тиктей бергенинен Ынак да ага кылчайып карап, экөөнүн карек учкундары жуурулуша түштү.
- Чарчапсың, - бошой калган оң колу менен Акшооланын бетинен, чачынан сылады жигит.
- Эс алууга чыкпайсыңбы? - деди анан капысынан эле сунуш киргизип.
- Болбойт! - кесе жооп берди жубайы.
- Эмне үчүн?!
- Жайында эс албадымбы.
- Күзүндө да эс ал!
- Кантип?
- Акысыз отпуска ал.
- Себеби?! - бир эсе макул эместей, бир эсе эркелей, ажыкыс сурады Акшоола.
- Себеби чарчап жүрөсүң. Же мени байкабайт дейсиңби?
- Долбоорум жарактан чыкпайбы.
- Бир нерсе айтсам капа болбойсуңбу? - олуттуу сөзү бардай карады Ынак.
- Айтып көр?
- Бизге сенин ишиң, долбооруң эмес, сен керексиң. Сенин ден соолугуң, маанайың…
- Ишсиз мен ого бетер ооруп калышым мүмкүн.
Акшооланы баары бир көндүрө албасына көзү жеткендей: "Эх, сенин көктүгүң!" - дегендей күрсүнүп койду жигит.
Алардын машинеси "Дасмия" ресторанынын алдына келип токтоду.
- Тарыхый жериңди эми түшүндүм, - деди Акшоола.
- Көптөн бери бул жерде боло элекпиз. Бизди тааныштырган, табыштырган, бактылуу мүнөттөрүбүзгө күбө болгон жер… - деди ресторанга кирип, отуруп жатканда жигит.
- Билем, - деди Акшоола тамаша-чындан, - Анын үстүнө, бул жер менден башкалаларды да эсиңе салат эмеспи…
Бул анын бир топ жылдар мурунку окуялар жөнүндө, Лилия менен Айнура тууралуу айтып жатканы эле. Бирок, буга чейин ортодо бул жөнүндө бир да жолу кеп болгон эмес. Ортолорунда эч нерсе болбогон сыяктуу эле. Ошондон улам го, азыр Ынак да ыңгайсызданып кетти.
"Кызык, - деди оюнда Акшоола оозунда даяр тургансып, капысынан эле айтылып кеткен сөзгө өкүнүп, - Кайдан да келе калды бул сөз?!."
Баарынан кызыгы, чүмбөттүү аялдын элеси да "кылак" этип көз алдына тартыла калып жок болду. "Бул - Лилия же Айнура эмеспи?.." - жагымсыз бир нерсе таап алгандай, Акшооланын өңү бозоро түштү. Ушул суроо кекиртегине кептелип калгандай, тунжурай калды.
- Бүгүн чыны менен эле башкасың? - деди Ынак жубайынын жанагы сөзүнөн да, жакшынакай туруп эле тунжурай түшкөнүнөн улам.
- Эмне эле бүгүн сага башкача көрүнүп калгам? Деги өзүң жакшы элесиңби? - Акшоола аңдабай айтып алган сөзүн да, оюнда турган коркунучтуу божомолду да ушинтип жууп-чайыгысы келди. - Кана, мени карачы?
Күйөөсүнүн көздөрүнө тигилди:
- Көздөрүң айтып жатат го?
- Эмне деп?
- "Күйөөң түнү бою иштей берип, уктаган жокпуз, ошон үчүн башкача көрүнүп жатасың…" деп.
- Уйку кайда качмак эле… - деген Ынак баары бир жубайынын жүрөгүнүн учунда кандайдыр бир жагымсыз нерсе жашынып турганын боолголоп:
- Андан көрө өзүңдүн ишиң кандай? Бүгүн эмне иш кылдың, ошону айтчы? - деди кеп учугун чубап.
- Эртең жаңы долбоорум боюнча биринчи съемкамды тартам.
- Куттуктайм! Мм… Дагы кандай жаңылыктар бар?
- Эч кандай. Бирок… - Акшоола бүгүнкү аял тууралуу айтып жиберчүдөй обдулуп барып, токтоп калды. Анын мүнөзүн беш колдой билген күйөөсү:
- Айт, айта бер? - деди.
- Эмнени айтайын, баягыдай эле бытырап иштедик…- сөзүн буруп кетти жубайы.
- Акшоола, эч нерсе жашырышпайбыз дедик беле?
Ошону моюнга алгандай, ойлонуп калды Акшоола. А бирок ага алиги аял тууралуу айткандан чочулады. "Кокус, Ынакка айтканымды ал билип калсачы?.. Анда эмнеге келгенин, ким экенин айтпай, табышмак ого бетер татаалданат да! Эгерде тек гана келген бирөө болсо мейли эле, "үй-бүлөңө айтпа" дегени кызык болуп жатпайбы! Анын үстүнө буларды башта билген адамдай, сүрөттү колуна алып, теше тиктеп турду го. Андан эмне көрдү, эмне издеди? Телефонумду кайдан алды? Же Ынакка айта берсемби? Жок, күтө турайынчы..."
- Тамагыңыз таттуу болсун, татына айым! - Ынактын бу сөзү аны оюнан баш көтөрттү. Бирок ал андан ары такыган жок. Тескерисинче тамаша айтып, жайдарыланды.
А бирок Акшоола канчалык алаксыйын дегени менен деле: "Алиги аял чын эле?.." - деген суроо көкүрөгөнө кайра эле "тык" этип тура калып жатты.
- Сиз… кокус бирөө-жарымды сүйүп калган эмессизби? - деди Ынак бу саам да ойго батып кеткен аялын тамашалай. Анын эмне себептен антип сураганын түшүнө койгон Акшоола:
- Сүйүп калгам! Сүйгөндө да кандай!.. - деди тамашага тамаша менен жооп берип.
- Ошол бактылуу адам ким болду экен? - адатынча ууртунан күлүмсүрөп, эркелете тиктеди күйөө.
- Албы? Эч кимге окшобогон бирөө!
- Мм… Ошондойбу?
- Ошондой!
- Аныңыздын бою-башы, ырай-бешенеси кандай, түзүк немеби өзү?
- Түзүк болгондо да кандай?! Сулуу десең - сулуу, акылдуу десең - акылдуу, андай адам бирөө гана!
Ынак Кабылович дагы тамашалады:
- Мм… Мага окшош турбайбы анда?..
Акшоола ажарына чыга күлүп жиберди.
(Уландысы бар)
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"




"Манас" нуралык балдарды бооруна кысты
Ош облусунун Алай районуна караштуу Нура айылы былтыркы жер титирөөдөн катуу жапа чегип, оор жоготууларга учураганы жалпыга маалым. Ошол кырсыкта өзгөчө мектеп жашындагы балдар психологиялык жактан оор жараат алышты.
Санта Клаустардын эл аралык фести-
валынын уюштуруучулары болгон өлкөбүздүн Туризм агенттиги ушул жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендердин абалын эске алып, нуралык балдарды да чакырышкан. Учурдан пайдаланып Кыргыз-Түрк "Манас" университети да келечектин болочок ээлерин бооруна кысып, кубануу менен тосуп алды.
Алгач окуучуларга түшкү тамак берилди. Андан соң университеттин Ата-Манас
жыйындар залында аталган окуу жайдын ректору, профессор Сулайман Кайыпов, биринчи проректору, профессор Угур Орал нуралыктардын башына түшкөн кырсыкты кайгыруу менен кабыл алышкандыктарын жана университеттин жалпы жамааты тарабынан чогултулган акчалай каражатты (70 миң сом) Нурадан келген 48 окуучуга жана аларды жетектеп келген жаш мугалим Толгонай Жороевага бөлүштүрүп чакан белектер менен бирге тапшырышты.
Университеттин жетекчилери кандай күнгө туш болсок да билим менен баарын жеңүүгө боло тургандыгын билдиришип, билимдин уясы болгон университет тууралуу маалымат беришти. Андан соң окуучуларга университет тууралуу чакан тасма көрсөтүлдү.
Алымкан ЖАНЧАРОВА,
"Кыргыз Туусунун" практиканты




"Жоронун жоруктары"
Жакында эле орус драма театрында кыргыз эл жазуучусу Мырзабек Той-
баевдин "Жоронун жоруктары" деген спектаклинин бет ачары болуп өттү.
Спектаклде көбүнчө кыргыздын улуттук буюмдары, каада-салты, меймандостугу чагылдырылган. Ошондой эле анда К.Баялиновдун "Ажар" повестинде Ажардын карышкырга жем болгусу келбегендиктен, от жакканы менен Жоронун коркуп от жандырган үндөштүктөр бар экен.
Анда10-класстын окуучусу Жоронун кыял-жоругу, тентектигинин айынан талаада жалгыз калып улуган карышкырлардын үнүнөн коркуп, жанында жарык берер эч нерсеси жок, айласы кетип жерден таш алып от жандырууга аракеттенгени берилген. Ошол убакта жакын жерде тигилген боз үйдөн чоң ата небереси менен чыгып калып, жолдо калган Жорону үйгө киргизишип, курсагын тойгузушат. Ал жерден Жоро кыргыздын улуттук оюндарын үйрөнүп, ат минип, кой карашат. Атасы менен апасынын тилин албаган Жоро бардык ишке жардам берип, элпек болууга үйрөнөт. Бир жумадан соң кайра өз үйүнө кайтып, ата-энесин сүйүнттү.
Кеченин соңунда орус драма театрында көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан актриса Лариса Михайлова каалоо сөз сүйлөп, жакшы тилегин айтты.
Жазгүл БАЙГУТТУЕВА,
Мунара ЖУСУЕВА,
"Кыргыз Туусунун"
практиканттары




Рейд
Бишкектин карызы 255 млн. 695 миң сом
Жакын арада "Түндүк электр" ААКнын Бишкек шаардык энергия сатуу кызматынын адистери
каржы полициясы жана "Кыргыз Туусунун"
кабарчысы менен биргелешип, электр энергияны пайдаланган үчүн дебитордук карызы бар өнөр жай абоненттерин
текшеришти.
Рейд учурунда адегенде
Баку көчөсүнүн Шербаков менен кесилишинде жайгашкан "Бакир" кичи базарына жөнөштү. Бул кичи базар эмес эле, ишке келгенде киши жашоочу имарат болуп чыкты.Бул имараттын кожоюну 15 үй-бүлөдөн турган үй жалдоочуларды (квартирант) киргизип койгон экен. Аталган абоненттин дебитордук карызы 41 миң 487 сом болсо, айып пулу 38миң сомду түзөт. Энергетиктер айтылган абоненттин электр энергиясын өчүрүшкөн, ага болбостон бул абонент башка электромонтер жалдап бир нече жолу электр энергияны кошуп алган. Энергия сатуу кызматынын электриктери таянычтан электр энергиясын өчүрүштү. Бул абонентке акт түзүлүп, өкмөттүк энергетикалык инспекцияга өткөзүлүп берилди. Андан ары рейддин катышуучулары Панфилов көчөсүндө жайгашкан
99 -үйүндөгү "Илек-илек" деген чайканага келишти. Бул чайкананын ачылышына 6 ай гана болуптур. Негизинен бул чайкананын ээси өнөр жай абоненттерине кириши керек эле, бирок бул абонент турмуш-тиричилик абоненти болуп электр энергияга 70 тыйындан акы төлөп жүргөн. Айтылган абоненттин 6 айдан бери электр камсыздандыруу уюму менен контрагы жок, ал эми электр эсептегичи мыйзамдаштырылган эмес экен. "Илек-илек" чайкананын кожоюнуна энергия сатуу кызматына тез арада кыймылсыз мүлккө акысы бар жөнүндө далилдөө документти алып келүүгө эскертүү берилди. Кыймылсыз мүлккө акысы бар тууралуу документти алып келгенден кийин гана, өнөр жай абоненти болуп эсептелип, 6 айдан берки электр энергияга болгон пайдалануусун 1сом 22 тыйындан төлөйт. Андан соң рейд мүчөлөрү Ахунбаев көчөсүнүн Жаштык кесилишиндеги жайгашкан "Чалма" деген өздүк фирмага барышты.Өздүк фирманын дебитордук карызы 16 миң сомду түзөт. Бул абонент 4 жолу өз алдынча электр энергияны кошуп алган. Аталган абоненттин электр эсептегичи индукциялык эсептегич болгондуктан, электр энергия пайдалануу эрежесин бузуп жүргөн, эми бул абонентке электрондук эсептегич койдурганга эскертме берилип, акт түзүлдү. Рейд учурунда электр энергиясын пайдалануунун эрежесин бузган абоненттердин электр жарыгы өчүрүлүп турат. Айтып кетчү нерсе, кечээ күнү Бишкек шаары
боюнча 738 абонент дебитордук карызы боюнча жана электр энергиянын ар кандай эрежесин бузгандыгы үчүн өчүрүлдү.
Айжан ЖАПАРКУЛОВА,
"Кыргыз Туусунун"
практиканты