, 13.02.09 - 2-бет: Президент Курманбек БАКИЕВ:
"Кыргыз элинин маданиятынын, руханий дүйнөсүнүн бөксөрүшүнө жол бербейбиз"
(Башталышы 1-бетте)
Биз он беш жыл бою демократия жөнүндө тынымсыз айтып келдик. А натыйжасында эмне болду? 2005-жылдагы парламентке шайлоолор кандай болгондугун эстеңиздер. Бийлик тарабынан адамдардын тандоосуна ушунчалык кысым көрсөтүлгөндүктөн, бүтүндөй өлкө боюнча элдин нааразылыгы Элдик революцияга өсүп жетти. А ошол мезгилде демократия жөнүндө өтө көп айтылбады беле. Мына ошондуктан, демократия жөнүндө көп айткан жерде ал гүлдөп-өнүкпөйт, демократиянын принциптерин бекемдөө үчүн реалдуу бир нерселер жасалган жерде гүлдөп-өнүгөт. Сиздин айтканыңыз туура, Кайрылууда "демократия" деген сөз болгон жок, бирок Кыргызстанда демократия биздин алыбыз жеткенчелик бар. Бул жөнүндө башкаларга караганда сиздерге жакшы маалым. Айталы, сөз эркиндиги бизде чектен да ашып кеткен. Кыргызстанда өткөрүлгөн эл аралык иш-чаралардын бардык катышуучулары, бизге келип жаткан делегациялардын мүчөлөрү биздин эл кандай жашап жаткандыгынын күбөлөрү болушкан. Сиздер билесиздер, демократиялык мамлекетти адамдар өздөрүн кандай алып жүргөндүгү, канчалык алардын эркин экендиги, алар кантип сүйлөгөндүгү, кантип күлгөндүгү боюнча да аныктаса болот. КМШ мейкиндигинде Кыргызстандагычалык демократия болгон өлкө аз.
5-ТЕЛЕКАНАЛ: - Кыргызстандын негизги бөлүгүн айыл аймагы түзөрү анык. Ал эми айрыкча алыскы жерлерде жаштар калбай баратат. Жаштардын сыртка агымын азайтуу үчүн мамлекет кандай чараларды көрүшү керек деп эсептейсиз?
- Тилекке каршы, акыркы 15-17 жылда жаштардын көбү сыртка чыгып кетти. Азыр анча-мынча кайтып келүү жышаанасы пайда болууда. Мына биз айылдарды компьютер менен камсыз кылуу маселесин чечип бүтүп калдык. Жаңы мектептерде спорт залдары менен кошо компьютердик класстарды ишке берүү маселеси чечилип жатат. Жаштарды да түшүнсө болот. Алар телевизордон Бишкекти көрөт, Европаны, Американы көрөт. Билимге кызыккан, өсүп-өнүгүүнү каалагандар мен биякта эмне кылам, андан көрө
шаарга барып, билимге, кесипке ээ болоюн дейт да. Ошондуктан, өндүрүштү, маданий очокторду жандандыруу, анын ичинде ар бир айыл өкмөтүнө, ар бир айыл мектебине Интернетти жеткирүү аркылуу жаштарды кармап калууга өбөлгө түзүлөр эле.
Мындан төрт-беш жыл мурда райондорго барсаң, стадиондорду чөп басып, сазга айланып кеткенин көрчүбүз. Азыр Алайгабы, Тогуз-Торогобу, кайсы районго барба, стадиондор иретке келтирилип, клубдар ремонттолуп дегендей, аз-аздан болсо да жылыштар көзгө урунат.
"СУПЕР-ИНФО": - Түштүк аймактагы, айталык, Баткен облусунун айрым жерлерине коңшу мамлекеттердин жарандары ээлик кылууда. Бул процесске кантип бөгөт коюуга болот?
- Биздин Кытай жана Казакстан менен чегараларыбыз такталып бүткөн. Өзбекстан жана Тажикстан менен аягына чыга элек. Чегара өтө татаал маселе, ондогон жылдар бою, кээде кылымдап чечилбей жаткан мисалдар бар. Былтыр жайда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен чегаралар такталып бүткүчө эки мамлекет ортосундагы бейтарап жерлерге үй салуудан, өндүрүш иштерин жүргүзүүдөн баш тартууга макулдашканбыз. Коңшу тараптардан өтө эле бизди басып кирип кеткен фактылар жок. Ырас, мурда Баткенде ортомчулар аркылуу жеке үйлөрдү сатып алуу окуялары болгон. Мен ошондо андай көрүнүшкө бөгөт койгонго мамлекетибиздин күчү жетет, керек болсо андай үйлөрдү өкмөтүбүз өзү сатып алсын деп айткам. Азыр андай фактылар токтоду. Биз чегара сүйлөшүүлөрүн улуттук кызыкчылыкка таяп жүргүзүп жатканыбызды баса белгилей кетейин.
"МИР": - Сиздин улутка кайрылууңузда билдирилген акыл-эстүү баланс идеологиясы Кыргызстандын тышкы саясатында кандайча жүзөгө ашырылмакчы?
- Аталыш өзү айтып турат - баланс акыл-эстүү болушу керек. Биз ары-бери чайпалбашыбыз керек. "Бул өлкөлөр менен достошобуз, а булар менен достошпойбуз", - мындай мамиле болбошу керек. Кыргызстан Борбордук Азиянын борборунда турат, биздин аймак улуу Жибек жолунда жайгашкан. Биз бардык өлкөлөр менен кызматташабыз. Эгерде эсиңиздерде болсо, жаңы бийликтин орногонунун алгачкы күндөрүндө эле мен Кыргызстан тышкы саясатта үйүнө кайтуусу керектигин айткам. Мен эмнени эске алдым эле? Мен биздин кошуналар - Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан менен тыгыз байланыштарды жөнгө салуу зарылдыгын айткамын. Башкача айтканда приоритеттер - биздин кошуналар. Ансыз экономикалык өнүгүү, адамдардын, товарлардын жана кызматтардын алмашуулары жөнүндө айтууга мүмкүн эмес. Эгерде бизде Европа менен эң сонун мамилелер түзүлүп, ошол эле учурда кошуналар менен жалпы тил табыша албасак, мен бизде проблемалар көп болот деп ойлойм. Мен мына ушуну эске алгам. Биз улуттук кызыкчылыктардан улам бардыгы менен кызматташабыз. Биз өнүгүшүбүз керек, а муну башка өлкөлөр менен натыйжалуу өнөктөштүктө гана жасоого мүмкүн.
"КОМСОМОЛЬСКАЯ ПРАВДА В КР": - Сиздин, мамлекет башчысы катарында жалпы улуттук макулдашууга жетишүү үчүн оппоненттер менен компромисти издөөгө даярдыгыңыз канчалык кеңири?
- Мен, Президент катарында ар кандай партиянын өкүлдөрү, жадагалса радикалдар менен да кызматташууга даярмын. Оппозиция болушу керек, ансыз убакыттын өтүшү менен бийликтин "көзүн май басып кетиши мүмкүн". Анан ал керек нерсе менен алектенбей калышы мүмкүн. Конструктивдүү саясат - кыймылдатуучу күч. Оппозиция менен кызматташууну каалабаган, андан корккон бийликтин натыйжалуу иштей алышы мүмкүн эмес. Мен эч качан оппозициядан корккон эмесмин жана коркпойм. Өзүм бир убакта аны жетектегендик үчүн гана эмес. Сиздер унутуп калсаңыздар керек, мен өз убагында заводдун директорунан баштап Премьер-министрге чейин бийликте да иштегем. Мына ошондуктан, конструктивдүү позицияны мен колдойм. Акыркы кадрдык өзгөрүүлөр да оппозициянын арасында элге, мамлекетке чынында эле пайда келтирүүнү каалашкан адамдар бар экендиги жөнүндө айтып турат. Биз аларга конкреттүү участокту сунуш кылабыз - ал да иштей бер. Ал эми президент гана болгусу келгендерге мен күтө турууну айтар элем. Убакыт келет. Эгерде эл аларды шайласа - бул анын укугу. Бирок, ага орунду бошотуу үчүн гана аракеттеги президенттин кетишин талап кылгандар менен иштөө оор. Эгерде, оппозиция кемчиликтерди көрсөтсө, конкреттүү маселелер боюнча сунуштарды киргизсе жана чечүүнүн башка варианттарын көрсөтсө, мындай адамдар менен кантип иштешкенге болбосун? Аларды кантип түртүп салууга болот? Учурдан пайдалануу менен мен убагында оппозицияда болушкандар, а азыр болсо аткаруу бийлигинде иштеп жатышкандарды белгилей кетким келет. Алардын өздөрү да сындаган жана кеңештерди берген менен регион же кандайдыр бир башка багыт боюнча реалдуу жоопкерчиликти тартуу таптакыр башка нерсе экендигин моюнга алышууда. Алардын шымаланып натыйжалуу иштөөгө аракеттенип жатышкандыгы үчүн мен аларга ыраазымын.
"ААЛАМ": - Президенттик экинчи мөөнөткө барасызбы? Барсаңыз, негизги атаандашыңыз ким болот, эгер барбасаңыз, сиздин ордуңузду баса турган талапкерлер барбы?
- Ачык суроого ачык жооп бериш керек, барасызбы деп жатасыз - барамын. Барбаймын деп коюп, анан эртең шылтоо таап, кырдаал өзгөрүп кетти, мен барбасам болбойт деп, саясый оюн жүргүзгүм келбейт. Президенттик шайлоого барамын, себеби Конституция ошондой укук берет, мен ошол укугуман пайдаланам. Экинчиден, мына төртүнчү жылга баратат, жасаган иштерибизден жыйынтык чыкпай, саясый стабилдүүлүк болбой, начар жыйынтыктар болгондо кетиш керек окшойт деп ойлонсок болот эле. Мына бир гана 2008-жылы толук саясый туруктуулук болду. Ошондон бери дүйнөдө эмнелер болуп жатат, ошого карабай Кыргызстанда аз-аздан болсо да жылыштар жышааны байкала баштады.
А бирок, мурдагы кезге окшоп, Конституцияга өзгөртүү киргизе салып, жаңы Конституция боюнча дагы беш жыл иштешим керек эле дегендей оюн болбойт. Азыркы Конституцияда эки мөөнөт каралган, ошол боюнча иштейбиз.
Ал эми президенттик кызматка татыктуу азаматтар бар. Бир эмес, бир нечеси бар. Бирок, азыр бирөө-экөөсүнүн атын атасам, калганы таарынып калат, мезгили келгенде аларды көрөбүз.
"24.Kg": - "Ганси" авиабазасын чыгаруу жөнүндө чечим Кыргызстандын Батыш менен мамилелерин буза тургандыгынан чочулабайсызбы? Экинчи суроо - Интернеттен пайдаланасызбы?
- Мен Батыш менен мамилелерибиз бузулбайт деп ойлойм. Менин бул маселе боюнча көз карашым биздин Өкмөттүн позициясынан айырмаланбайт. Биздин жана АКШ менен Европанын ортосунда эч кандай саясый келишпестиктер жок экендигин белгилеп кетким келет. Азыркыга чейин АКШ жана Европа бизди демократияны өнүктүрүү маселелери боюнча да, экономикалык кызматташтык боюнча да толук бойдон колдоп келишкен. Базаны чыгаруу жөнүндө маселени экономикалык курамдагы көз караштан гана кароо зарылдыгын өзгөчө баса белгилегим келет. Үч жыл аралыгында биз макулдашуунун шарттарын кайра кароонун зарылдыгы жөнүндө маселени койгонбуз. Себеби мезгил башка, баалар да андан бери алда канча өзгөрүп кетти. Кыргызстан финансылык кризистен улам белгилүү бир кыйынчылыктарды тартууда. Бирок, убадалардан башка конкреттүү чечим болгон жок. Биз - суверендүү мамлекетпис жана биз менен эсептешүүлөрү керек. Мирослав Ниязов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кеп ижара акысынын көлөмүн 150 млн. долларга чейин көбөйтүү жөнүндө жүргөн. Бирок, ал сөз жүзүндө эле калды. Мен экологиялык жана башка аларды коштогон проблемалар жөнүндө айтпай эле коёюн. Биз өзүбүздүн жаран А.Ивановдун өлтүрүлгөндүгү жөнүндө бир нече жолу айтканбыз. Мен, мамлекет башчысы катарында, жараныбызды өмүрүнө кол салуудан коргой албасам, суверенитет жөнүндө кантип айтууга болсун?! Бул негативдердин бардыгы жылдар бою топтолгон, мына ошондуктан бул чечим - шашылыш эмес. Биз Европа менен ижара акысын көбөйтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жокпуз, себеби негизги контингентти америкалыктар түзүшөт. Мендеги маалыматтар боюнча Европа биздин позицияга түшүнүү менен мамиле жасады. Мына ошондуктан мен биздин АКШ менен да, Европа менен да өз ара мамилелерибиз бузулбайт, себеби саясый планда бизде толук өз ара түшүнүшүү бар деп дагы бир жолу баса белгилегим келет. Ал эми терроризм менен күрөшкө келсек, Кыргызстан мындан ары да бул күрөштүн активдүү жактоочусу болуп калат. Бирок, мен Ооганстанда жүргүзүлүп жаткан иштин формалары менен методдорун өзгөртүү керек деп ойлойм.
Экинчи маселе боюнча. Ооба, мен Интернеттен пайдаланам, мен өзүм электрончумун, мына ошондуктан мага техника темасы, анын ичинде компьютерлер - өтө жакын.
"МСН": - Урматтуу Президент мырза, 2007-жылдын сентябрында Кыргызстанга ЕККУнун конфликттерди болтурбоо
боюнча Борборунун баалоочу тобу келген. Бул ЖККУга катышкан мамлекеттердин кескин терс реакциясын туудурду. Кыргызстан миссия менен кызматташуусун улантабы жана анын сунуштарын аткарабы, же ЖККУ боюнча өнөктөштөр менен конфликтти болтурбоо үчүн кармана туруу акылга сыярлык болор беле?