, 13.02.09 - 18-бет:
  Бардыгы ВИЧ/СПИД жөнүндө

Талгат Субанбаев:
"Сергек, адептүү жашоо бул дарттан алыс кылат"
- Талгат Кафанович, алгач Глобалдык фонд тууралуу бир аз түшүнүк бере кетсеңиз. Глобалдык фонд качан түзүлгөн, анын негизги талаптары кайсылар?
- Глобалдык фонд 2002-жылы БУУнун Генералдык ассамблеясынын атайын сессиясынын чечими менен түзүлгөн. Анын грант алган өлкөлөргө негизги талаптары баарынан мурда көп тармактуу мамиле жана өлкөлүк координациялык механизмдерди түзүү болуп саналат. Бирок Кыргызстан көп тармактуу мамилеге 1997-жылдан тарта эле өткөн, анткени мындай комитет республикабызда иштеп жаткан. Анда ал республикалык ВИЧ/СПИД боюнча көп тармактуу координациялык комитет деп аталчу, ал азыркыга чейин иштейт. Бул дайыма иштөөчү орган, квартал сайын чогулуп турушат. Комитетти вице-премьер министр жетектейт. Ага калктын бардык катмары - министрликтер, эл аралык уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдардын, билим берүү мекемелеринин, диний уюмдардын өкүлдөрү кирет. Маселен, Кыргызстандын мусулмандарынын диний өкүлчүлүгү бул жаатта активдүү иштеп, жакшы жардам берүүдө.
- Кыргызстанда ВИЧ/СПИД боюнча программа кайсы мезгилден бери ишке ашырылып келатат?
- Глобалдык фонддун грантын биздин республика биринчи жолу 2003-жылдын августунда алган. Анын негизги алуучусу республикалык "СПИД" бирикмеси болуп эсептелет. Бирок программа расмий түрдө 2004-жылдын мартынан тарта ишке ашырыла баштаган. Алынган каражаттар - экинчи раунддагы грант болуп саналат. Глобалдык фонд жыл сайын финансылоого конкурс жарыялайт, алар раунддар деп аталат, андыктан биз алган биринчи грант экинчи раунддун гранты, ал 2009-жылдын 28-февралында аяктайт.
Биринчи грант 17 млн. АКШ долларын түзүп, бүгүнкү күнү 16,5 млн. доллары пайдаланылды. 2009- жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан утуп алган жетинчи раунддун гранты ишке ашырыла баштайт. Анын негизги алуучусу дале республикалык "СПИД" бирикмеси болуп саналат. Финансылоонун суммасы - 28 млн. АКШ доллары, ал 5 жылга эсептелген. Өткөн жылы майда Москвада 2 миңден ашык киши катышкан ВИЧ/СПИД маселесине арналган эл аралык жыйын өткөн. Анын жүрүшүндө республикалык "СПИД" бирикмеси менен Глобалдык фонддун ортосунда жетинчи раунддун грантынын алкагында каражат бөлүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
- Глобалдык фонд кайсы программалар боюнча иштейт жана кандай багыттар тандалып алынды эле?
- Гранттын багыттарынын алкагында орчундуу иштер аткарылууда. Биринчиси - ВИЧ/СПИДге каршы аракеттенүү программасын саясый жана коомдук колдоону камсыз кылуу, экинчиси- ВИЧ/СПИДге карата жаштардын аялуулугун төмөндөтүүгө жетишүү, үчүнчүсү - ВИЧ-инфекциясынын калктын аялуу тобунун арасында таралышын чектөө, буларга баңги затын ийне аркылуу сайынгандар, коммерциялык секстин кызматкерлери, эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер жана абактагылар кирет. Жогоруда аталган топтордо шприцтерди алмаштырып берүү, метадон терапиясы менен алмаштыруу программалары иштеп, кабардар кылуу, түшүнүгүн арттыруу иштери алып барылууда. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде биринчи жолу түрмөлөрдө шприцтерди алмаштыруу программасын киргизди. Ал эми пенитенциардык тутумда метадон менен алмаштыруу терапиясы боюнча пилоттук программа ишке ашырылып жатат. Программа Өкмөт тарабынан толугу менен саясый колдоого ээ болууда, так ушунун натыйжасында республикабызда жүзөгө ашырылып жаткан көп программалар ийгиликке жетише алды деп айтар элем. Биздин Өкмөт бул багытта абдан прогрессивдүүлүгүн айгинеледи.
Төртүнчү багыт - донор канынын коопсуздугун камсыз кылуу. Глобалдык фонддун грантынын аркасында донор канына карантинди киргизүү мүмкүнчүлүгү пайда болду, бул канды кийин пайдаланууда коопсуздугун бир топ камсыз кылат. Кан куюу станциясында 200 миң АКШ доллары турган бир жарым тонналык муздаткыч орнотулду. Ал канды 80 градуска чейинки муздак температурада кармай алат. Жетинчи раунддун грантынын алкагында так эле ушундай муздаткычтар Ош жана Жалал-Абадга орнотулат.
Бешинчиси - ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдарды медициналык жана социалдык жактан колдоону камсыз кылуу, бул антиретровирустук терапия жана коштогон ооруларды дарылоону каржылоого кетет. Ошондой эле энеден балага вирустун өтүүсүн алдын-алуу программасын жүзөгө ашырууга сарпталат. Эгерде ушундай алдын-алуу дарылоонун толук курсун өткөрө алсак, анда жугуу коркунучу 50%дан 0,2%га чейин төмөндөйт.
ВИЧке мандемдүү энеден төрөлгөн балдарга бул вирус эне сүтү аркылуу берилбес үчүн ал балдар бир жашка чыкканга чейин эне сүтүнө жакын жасалма сүт менен камсыз кылуу программасы иштейт.
15тен 25 жашка чейинки жаштардын аялуу келген тобу менен да такай максаттуу иш алып барып жатабыз. Адатта ушул курагында алар алгачкы жыныстык байланышка, а балким баңги заттар аралашуулары мүмкүн. Эгерде жаштар 25 жашка чыкканга чейин ушундай заттарды оозго алып көрүшпөсө, анда андан ары азгырылып кете турган коркунуч аз.
Көчө балдары менен да иш-
тешебиз. Республикалык "СПИД" бирикмеси жүргүзгөн иштерден сырткары кан борбору, наркология борбору ишке ашырган субдолбоорлорду каржылайбыз, ошол эле кезде өкмөттүк эмес уюмдар көп сандаган программаларды ишке ашырууда. Анткени аялуу топтор менен аралашып, арасына кирип кетүү өтө кыйын болгондуктан, бул жерде негизги ишти өкмөттүк эмес уюмдар жүргүзүшөт.
Кыргызстан Борбордук Азия регионунда гана эмес, КМШ өлкөлөрүндө да ВИЧ/СПИД жаатындагы проблемаларга көп тармактуу мамиле кылуу жана анын таралышын ооздуктоо багытында ишке ашырылып жаткан программалар боюнча лидер болуп саналат. Глобалдык фонддун каражаты аркылуу улуттук деңгээлде ишке ашырылган программаларга өтүүгө, алардын аймактарды камтышын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү, анын үстүнө алган каражатыбыз буга жетет.
- Ишке ашырылып жаткан программаларды финансылоонун негизги принциптери жөнүндө айта кетсеңиз?
- Глобалдык фонддун финансылоосунун негизги принциби түпкүлүгү "натыйжага жетишкен каржылоо" болуп саналат. Башкача айтканда каржылоо өлкө тарабынан берилген суроо-талаптардын негизинде ишке ашырылат. Ар кварталда грант боюнча Женевага отчет берип турабыз. "Квартал+квартал" принциби боюнча акчаны ар жарым жылда алабыз. Жаңы грант боюнча биринчи эки жылга 11 млн. 895 миң АКШ доллары суммасына макулдашууга кол коюлган. Аны улантуу жөнүндө чечим биз эки жылда кандай иштегенибизге, б.а. бул гранттын тышкы бааланышынын натыйжасына жараша болот, 2004-жылдагы грант дагы ушундай болгон, анда баалоодон ийгиликтүү өтүп, башка өлкөлөргө караганда бөлүнгөн каражаттын бир тыйынын да жоготкон эмеспиз.
Глобалдык фонддун грантынын аркасында өлкөбүздө азыр антиретровирус дарылоосу оорулуулар үчүн жеткиликтүү, ал Кыргызстанда 2005-жылдан бери колдонулуп келүүдө. Антиретровирус дары-дармектердин аркасында СПИД өлүм алып келе турган оорунун түрүнөн өнөкөт ооруга айланып отурат, б.а. андан адам өлбөй турган оору болуп калганын так түшүнүү керек. Антиретровирустук дары-дармектер бар болсо, адам узак жылдар бою кадимкидей өмүр сүрө берет. Жападан жалгыз шарт - оорулуу ушундай дары-дармектерди күн сайын ичиши керек.
- Каражаттар кандай принциптер менен бөлүштүрүлөт жана кимдерге артыкчылык берилет?
- Кыргызстан оорунун борбордоштурулган стадиясында турат, ал башкы стадиясына жете элек. Андыктан каражаттын негизги бөлүгү калктын аялуу тобунда алдын-алуу иштерин жүргүзүүгө багытталган. Эпидемиялык кырдаал бул ооруну жуктуруп алгандардын 70 пайызы баңгизаттарын ийне аркылуу сайынгандар экенин көрсөткөн. Кесепетти төмөндөтүү программасы оорунун аялуу топтордон калктын калың катмарына таркап кетишинин алдын-алууга багытталган. Эгерде ийне аркылуу баңгизатын сайынгандардын арасында бир эле оорулуу адам болсо, анда ошол шпирицти пайдалангандардын баарына жугат. Ушундай чөйрөдө аталган жугуштуу ооруну токтотпосо геометриялык прогресс менен жайылат. ВИЧ-инфекциясы СПИД стадиясына өткөнчө бул ооруну жуктуруп алганын ал адам билбей жүрө бериши мүмкүн.
Албетте, ушул ооруга накта даба боло турган дарыны ойлоп тапканда гана кырдаал кескин өзгөрүшү мүмкүн. Жыл сайын 2000-3000ге жакын дарылардын түрлөрүн сынап көрүүгө сунуш кылышат, алардын 200-300ү гана биринчи этаптан өтүп, үчүнчүсүнө бирөө-экөө гана жетет. Бирок өлкөдө антиретровирус дары-дармектердин болгону бул ооруну дарылоодогу чоң жылыш, анын натыйжасында СПИД өлүмгө алып барган оорудан өнөкөт ооруга өткөнүн дагы бир ирет белгилеп кетейин.
Экинчи раунддун алкагына эмгек мигранттары камтылган эмес, жаңы гранттын алкагында бул жаатта иш алып барылмакчы. Анткени Россияда деле бул оору бир кыйла коркунучтуу экени жашы-руун эмес, ар кыл маалыматтар
боюнча жарым миллиондон миллионго чейин адамдар чалдыккан, а биздин эмгек мигранттарыбыздын басымдуусу дал ушул Россияда эмгектенишүүдө.
- Талгат Кафанович, ишке ашырылып жаткан программаларга мониторинг жүргүзүлүп турабы? Эгер жүргүзүлсө, бул милдетти ким аркалайт?
- Албетте, жүргүзүлүп турат. Бизде Глобалдык фонд тарабынан ички жана тышкы мониторинг жүргүзүлөт. Республикада фонддун жергиликтүү агенти иштейт. Ал эч кимге көз каранды эмес, Глобалдык фонддон түз каржыланат. Акыркы 5 жылда "Прайсвотерхаускуперс" компаниясы ушундай ишти аркалап келди. 2009-жылдын январынан тарта "Кроунэйжентс" компаниясы агент болуп саналат. Биз берген отчёт кылдат текшерилип, эсеп-кысап салыштырылып, ар бир сарпталган цент текшерилет. Финансылык мониторингден сырткары программалык индикаторлорго көз салынат. Биз ЮНГАС, Евросидисине такай отчёт беребиз, программалар, финансы боюнча жыл сайын көз карандасыз аудиттен өтөбүз. Биз кийинки отурумубузда мониторингдин улуттук тутумун карамакчыбыз. Мындай система ишти жакшыртууга, маселелерди аныктоого жана тез чечим кабыл алууга багытталган.
- ВИЧ-инфекциясына чалдыккандарга карата кийинки кезде адамдардын мамилесинде өзгөрүү болдубу, дегеле ушул жаатта Глобалдык фонд кандай иш алып барат?
- Азырынча түшүнүүчүлүк мамиле жетишсиз. Бул багытта арбын нерсе жасалды, бирок алдыда да көп иш аткаруу керек, анткени ВИЧке чалдыккан адамдарга текебер мамиле жана басмырлоо проблемасы дагы эле бар. Биз кырдаалды өзгөртүү үчүн мектеп партасынан тарта маалымат берүү программаларын ишке ашыра баштадык. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан республикалык "СПИД" бирикмеси менен бирдикте жана Глобалдык фонддун колдоосу менен "Ден соолук маданияты" окуу программасы иштелип чыккан. Азыр бул сабак факультатив түрүндө окутулуп жатат жана аны милдеттүү түрдө окутуу пландаштырылууда. Кесиптик-техникалык билим берүү тутумунда ВИЧ/СПИД компоненти менен "Сергек жашоо" 20 сааттык курсу өтүлүүдө.
- Бүгүнкү күнү биздин жарандарыбыз ВИЧ/СПИДди ар бир адам жуктуруп алуу коркунучу бар экенин түшүнүп калышты деп айтууга болобу?
- Мен калк арасында ушул оорунун коркунучун түшүнгөн жана билгендер али да аз деп ойлойм. Андыктан ушул багытта иштешибиз керек. Албетте, аялуу жана өзгөчө аялуу топтор бар экенин унутпайлы. Баарынан мурда сергек, адептүү жашоого өтүү керек, ошондо гана жуктуруп алуу коркунучу кыйла төмөн болот.
- Глобалдык фонддун мындан аркы иш-пландары тууралуу да кабарлай кетсеңиз?
- Баарынан мурда программаны кеңейтүү зарыл. Жетинчи раунддун гранты азыркы программаларды колдоого, аларды региондорго кеңейтүүгө, кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Жаңы гранттын алкагында " Саламаттык сактоо тутумун чыңдоо" багытында чоң иш колго алынмакчы. Үстүбүздөгү жылдын июну башталганга чейин тогузунчу раундга билдирме берүүнү пландаштыруудабыз. Анда инфекциялык көзөмөл, ошондой эле медициналык дарылоонун коопсуздугу маселелери киргизилмекчи.